БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

География — различия между версиями

м (1)
Строка 11: Строка 11:
 
'''Биздин предметтик бет силерге биз менен бирге дүйнө жүзү боюнча саякатка чыгууну, биздин планета мезгил жана мейкиндикте кантип жана эмне үчүн ѳзгѳрүлѳт,  жаратылышта бардыгы бири - бири менен ѳз ара тыгыз байланышта жана бири - бирине көз каранды экендигин билүүнү, географиялык тапшырмаларды жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү үйрөнүүнү сунуштайт.'''
 
'''Биздин предметтик бет силерге биз менен бирге дүйнө жүзү боюнча саякатка чыгууну, биздин планета мезгил жана мейкиндикте кантип жана эмне үчүн ѳзгѳрүлѳт,  жаратылышта бардыгы бири - бири менен ѳз ара тыгыз байланышта жана бири - бирине көз каранды экендигин билүүнү, географиялык тапшырмаларды жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү үйрөнүүнү сунуштайт.'''
  
<ul class="small-block-grid-2 medium-block-grid-2 large-block-grid-3">
+
 
<li>{{menu|col=#419276|h=Жердин жаратылышы|imp=|[[KR:Жер|Жер]]|[[KR:План_жана_карта|План жана карта]]|[[KR:Литосфера|Литосфера]]|[[KR:Гидросфера|Гидросфера]]|[[KR:Атмосфера|Атмосфера]]|[[KR:Географиялык_кабык_жана_биосфера|Географиялык кабык жана биосфера]]|im=Geom1.png}}</li>
 
<li>{{menu|col=#419276|h=Материктер жана океандар|imp=|[[KR:Африка|Африка]]|[[KR:Австралия|Австралия]]|[[KR:Антарктида|Антарктида]]|[[KR:Түштүк_Америка|Түштүк Америка]]|[[KR:Түндүк_Америка|Түндүк Америка]]|[[KR:Евразия|Евразия]]|[[KR:Океандар|Океандар]]|im=Geom2.png}}</li>
 
<li>{{menu|col=#419276|h=Кыргызстан|imp=|[[KR:Кыргыз_Республикасы|Кыргыз Республикасы]]|[[KR:Кыргыз_Республикасынын_жаратылышы|Кыргыз Республикасынын жаратылышы]]|[[KR:Кыргыз_Республикасынын_калкы|Кыргыз Республикасынын калкы]]|[[KR:Кыргыз_Республикасынын_чарбасы|Кыргыз Республикасынын чарбасы]]|im=Geom3.png}}</li>
 
</ul>
 
 
{{right|[[Файл:Географиялык кубулуш.jpg|thumb|350px|Географиялык кубулуш]]}}
 
{{right|[[Файл:Географиялык кубулуш.jpg|thumb|350px|Географиялык кубулуш]]}}
 
'''Биринчи бөлүмдө''' силер Жердин геосфералары жѳнүндѳ, анын табигый комплекстеринин ѳз ара аракеттенүүсү жѳнүндѳ маалыматтарды табасыңар,  ѳзүңѳрдүн топографиялык жана картографиялык көндүмүңѳрдү жакшыртасыңар. Видеолор, схемалар, сүрөттөр Жердин кантип пайда болгондугун, өзгөрүшүн, тоо тектеринин түзүлүшүн, андагы процесстерди, абадагы кубулуштарды, суулардын саякатын жана жандуу жаратылыштын таралышын жакындан көрүүгѳ жардам берет.
 
'''Биринчи бөлүмдө''' силер Жердин геосфералары жѳнүндѳ, анын табигый комплекстеринин ѳз ара аракеттенүүсү жѳнүндѳ маалыматтарды табасыңар,  ѳзүңѳрдүн топографиялык жана картографиялык көндүмүңѳрдү жакшыртасыңар. Видеолор, схемалар, сүрөттөр Жердин кантип пайда болгондугун, өзгөрүшүн, тоо тектеринин түзүлүшүн, андагы процесстерди, абадагы кубулуштарды, суулардын саякатын жана жандуу жаратылыштын таралышын жакындан көрүүгѳ жардам берет.

Версия 15:27, 14 июля 2018

География барактарынан

Жер - Күн системасындагы жашоого мүмкүн болгон жалгыз материк. Космостон укмуштуудай кооз көрүнөт. Адамдар анын табышмактарын ачуу үчүн көп нерселерди жасады. Физика, астрономия, биология, химия сыяктуу илимдер биздин көз карашыбызда дүйнөнүн табигый илимий көрүнүшүн калыптандырат.


Ал эми географиячы? ... Географиясыз дүйнөнүн көрүнүшү толук болмок эмес. География гана жашоонун мейкиндиктик ар турдүүлүгү жана адамдын ишмердүүлүгү, анын географиялык чөйрөдөгү ролу жѳнүндѳ түшүнүк берет. Жер толугу менен картага «түшүрүлүп» баяндалганына карабастан, анда дагы эле сырлар бар!


Биздин предметтик бет силерге биз менен бирге дүйнө жүзү боюнча саякатка чыгууну, биздин планета мезгил жана мейкиндикте кантип жана эмне үчүн ѳзгѳрүлѳт, жаратылышта бардыгы бири - бири менен ѳз ара тыгыз байланышта жана бири - бирине көз каранды экендигин билүүнү, географиялык тапшырмаларды жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү үйрөнүүнү сунуштайт.


Географиялык кубулуш

Биринчи бөлүмдө силер Жердин геосфералары жѳнүндѳ, анын табигый комплекстеринин ѳз ара аракеттенүүсү жѳнүндѳ маалыматтарды табасыңар, ѳзүңѳрдүн топографиялык жана картографиялык көндүмүңѳрдү жакшыртасыңар. Видеолор, схемалар, сүрөттөр Жердин кантип пайда болгондугун, өзгөрүшүн, тоо тектеринин түзүлүшүн, андагы процесстерди, абадагы кубулуштарды, суулардын саякатын жана жандуу жаратылыштын таралышын жакындан көрүүгѳ жардам берет.

Тоо кантип пайда болот жана Жердин рельефи (бети) кантип калыптанат? Эмне үчүн жер титирөөлѳр болуп жана жанар тоолор атырылат? Дүйнөлүк суу айлануу кантип жүрөт? Океан суусу кандай касиеттерге ээ? Суунун энергиясын кантип пайдаланса болот? Океанда эмнелер жашайт? Климат жана аба-ырайы деген эмне? Аба- ырайын алдын ала кантип аныктайт? Жер шарында канча адам отурукташкан? Ушул суроолордун бардыгы биринчи бөлүмдө каралган.

Материктерге жана океандарга арналган экинчи бөлүмгѳ саякаттоо менен алар качан жана ким тарабынан ачылганын, алардын ар биринин ѳзгѳчѳлүгү кандай экендигин билесиңер: кандай элдер жашашат, кайсы мамлекеттер жайгашкан жана алардын коомдук -саясий айырмачылыктары кандай?

Кантип адамдын жаратылышка кийлигишүүсүнүн жагымсыз натыйжаларынын алдын алууга жана жол бербөөгө болот?

Бул негизги суроолор, алардын жообун силер менен бирге издейбиз.

Картинка 3.jpg

Үчүнчү бөлүм мекенибиз - Кыргыз Республикасынын жаратылышынын көп түрдүүлүгүнѳ жана байлыгына, калктын чарбалык жашоо-тиричилигинин ѳзгѳчѳлүгүнѳ арналган.

Кыргызстандын физикалык жана экономикалык географиясы боюнча картосхемалар, сүрөттөр, таблицалар, видеофильмдер биздин республиканын жаратылышынын ѳзгѳчѳлүктѳрү, баа жеткис кен байлыктары, өнөр - жайы, айыл - чарбасы жана транспортунун ѳнүгүүсү жана ѳзгѳрүшү, географиялык чөйрөнү түзгѳн адамдардын эмгектери жѳнүндѳ айтып беришет.

Жаратылыш ресурстары кантип пайдаланылат, ички жана сырткы экономикалык байланыштар кантип ишке ашырылат? Республикада райондор боюнча кандай айырмачылыктар бар? Республиканын экономикасы кайсы багытта өнүгүп жатат? Кандай табигый жана чарбалык көйгөйлөр бар? Кыргызстан деген аталыштагы планетанын уникалдуу жана кайталангыс бурчун кантип сактоо керек?

Биздин үчүнчү бөлүк ушулар тууралуу.

Анда! ГЕОГРАФИЯнын укмуштуу жана кызыктуу дүйнөсүнѳ кош келиңиздер!

Буларды билген кызык
Таумата-факатангиханга-коауау-о-таматеа-турипука-капикимаунга-хорону-купокаифенуаки-танатаху — деген эмне жана кайда жайгашкан?

Жок, бул мааниси жок тамгалар эмес! Кана бул сөздөрдү айтып көргүлө, ага караганда жаңылмачтарды жеңилирээк айтасыңар. Же болбосо, Тау­­ма­­та-­ф­а­­ка­­та­н­ги­­ха­н­га-­­ко­ау­­ау-­о-­та­­ма-­­те­а-­­ту­­ри­­пу­­ка-­­ка­­пи­­ки­­ма­у­н­га-­­хо­­ро­­ну-­­ку­­по­­ка­и­ну­­фе­­­ну­­а­ки-­­та­­на­­та­­ху – (маори Tau­ma­ta­wha­ka­tan­gi­han­ga­ko­au­au­ota­ma­tea­tu­ri­pu­ka­ka­pi­ki­ma­un­ga­ho­ro­nu­ku­po­ka­iwhe­nu­aki­ta­na­ta­hu кыскача – Тау­ма­та­фа­ка­тан­ги­хан­га­ко­ау­ау­ота­ма­теа­по­каи­ну­фе­­­ну­­аки­та­на­та­ху) — бул болгону Жаңы Зеландияда жайгашкан, 305 метр бийиктиктеги дөбө. Айтканга ыңгайлуу болcун үчүн жергиликтүү маори калкы тарабынан бул аталыш Таумата деп дайыма кыскартылып айтылат. Holmt.jpg Ушул сөздүн жакындатылган котормосу мындай угулат: «Таматеа деген чоң тизе эркек, тоого тырмышып чыгып, аларды жутуп койгон жер жегич катары белгилүү, ал дөбөнүн чокусунда өзүнүн сүйгөнү үчүн флейтада ойногон». Бул дөбөнүн 105 сөздөн турган аты дагы бар.

Мындай узун аталышты жергиликтүү маори уруулары пайдаланышканын жергиликтүү элдер айтып жүрөт. Бул билдирүүгө карабастан, жаңы зеландия географиялык коому дѳбѳнүн болгону 57 тамгадан турган аталышынын кыска вариантына токтолушту.