БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

География: Океандар — различия между версиями

(Новая страница: «{{Якорь|Начало}} <div class="row geo-bg"><div class="maintext large-8 medium-7 columns"><!-- Page Content --> == Океандар == <div class="row">…»)
 
Строка 1: Строка 1:
 
{{Якорь|Начало}}
 
{{Якорь|Начало}}
 
<div class="row geo-bg"><div class="maintext large-8 medium-7 columns"><!-- Page Content -->
 
<div class="row geo-bg"><div class="maintext large-8 medium-7 columns"><!-- Page Content -->
 
== Океандар ==
 
 
<div class="row">
 
<div class="row">
 
<div class="large-12 large-centered columns">
 
<div class="large-12 large-centered columns">

Версия 15:12, 14 июля 2018

Силер Дүйнөлүк океан-алардын гидросферанын негизги бөлүгүн түзөөрүн, үзгүлтүксүз бирок Жерди толук каптабагандыгы, материктерди жана аралдарды курчап тургандыгы, жалпы туздуулугу менен өзгөчөлөнгөндүгү менен таанышасыңар. Океандар жөнүндө, изилдөө тарыхы,жаратылыш ресурстары аларды пайдалануу боюнча ресурстар берилген.

Океандардын космостон көрүнүшү
Океандардын космостон көрүнүшү


Континенттер жана чоң архипелагдар дүйнөлүк океандарды төрт негизги бөлүккө бөлөт:

  • Атлантика океаны
    Атлантика океаны
  • Инд океаны
    Инд океаны


  • Тынч океаны
    Тынч океаны
  • Түндүк Муз океаны
    Түндүк Муз океаны


Айрым убактарда Түштүк океанга бөлүп жүрүшөт

Түштүк океаны


Географиялык абалы жана изилдөө тарыхы

Биринчилерден болуп океандарды изилдөөчүлөр деңиз сүзүүчүлөрү болгон. Улуу географиялык ачылыштардын эпохасында материктердин жээк көрүнүштөрүн, океандарды жана аралдарды билишкен. Фернан Магелландын ( 1510 – 1780) жана Джеймс Куктун (1768—1780) саякаты европалыктарга чоң суу аймагын , аларды курчаган материктерди, материктердин көрүнүшүн элестетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Дүйнөнүн биринчи картасы түзүлгөн. ХVII жана ХVIII кылымдарда материктердин жээктери такталган, дүйнөнүн картасы азыркы абалды алган.

Ошого карабастан океандардын тереңдиктери анча изилденген эмес. ХVII кылымдын орто ченинде нидерландиялык географ Бернхард Варен суу мейкиндигине “Дүйнөлүк океан” деген терминди колдонууну сунуштаган.

Христофор Колумбдун Американы ачышы
Христофор Колумбдун Американы ачышы


22 декабрда 1872 жылы англиялык порт Портсмуттан “Челенджер” аттуу жабдылган парустуу кемеси биринчи океанологиялык экспедицияга чыккан.

Дүйнөлүк океандын азыркы концепциясын ХХ кылымда россиялык географ, океанограф, картограф Юлий Михайлович Шокальский (1856-1940) түзгөн. Ал биринчилерден болуп “Дүйнөлүк океан” деген түшүнүктү илимге киргизген, бардык океандар дүйнөлүк океандын бөлүгү деп эсептеген.

Океандын таманынын рельефин гидрологиялык илимий изилдөө
Океандын таманынын рельефин гидрологиялык илимий изилдөө


ХХ кылымдын экинчи жарымында интенсивдүү океандардын тереңдиктерин изилдөө башталган. Эхолокациялык методдун негизинде океандардын тереңдиктеринин так картасы түзүлгөн. Геофизикалык жана геологиялык изилдөөлөр 1960 жылдары тектоникалык плиталардын теориясынын негизинде – азыркы геологиялык теория боюнча литосфералардын кыймылы аныкталган. Океандардын кыртышын аныктоо үчүн эл аралык океандын түбүн бургулоо программасы негизделген. Программанын жыйынтыгы теорияны бекиткен.



Океандардын жаратылышы

Океандын жаратылышы слайд шоу



Дүйнөлүк океандын бетинин орточо жылдык температурасы

Жалпы физико – географиялык маалымат:

  • Орточо температура: 5 °C;
  • Орточо басым: 20 МПа;
  • Орточо жыштыгы: 1,024 г/см³;
  • Орточо тереңдиги: 3711 м;
  • Жалпы массасы: 1,4·1021 кг;
  • Жалпы көлөмү: 1370 млн км³;
  • pH: 8,1±0,2.

Океандардын эң терең жери Мариан кобулу, Тынч океанда Түндүк Мариан аралдарына жакын жайгашкан. Эң терең жери— 11 022 м. Ал 1951 ж. британдык суу астындагы «Челленджер II» кемеси менен изилденген, алардын аты менен ойдуңдун терең жери «Бездна Челленджера» деп аталган.


Дүйнөлүк океандын суусу

Дүйнөлүк океандын суусу Жердин гидросферасынын негизин түзүп – океаносфера деп аталат. Океандын суусуна 96 % (1338 млн км³) жердин суусу туура келет. Океанга куйган таза суунун көлөмү 0,5 миллион м3дан ашпайт.

Дүйнөлүк океандын суу чогултуучу картасы
Дүйнөлүк океандын суу чогултуучу картасы


Рельеф таманы

Көрүнүп тургандай Дүйнөлүк океандын таманынын бардык жери тегиз эмес, мисалы, Инди океанынын түндүгү – 100 метрге төмөн, ал эми Тынч океандын батышы – 70 метрге көтөрүлгөн.

Көпчүлүк бөлүгүндө абиссальдык түздүктөр таралган. Алардын орточо тереңдиги – 5км. Ортоңку бөлүгүндө сызыктуу көтөрүлүү 1-2км - ортоңку-океандык кыркалар, бирдиктүү системаны түзөт. Кыркалар трансформдук жаракалар менен бөлүнгөн жана бири бирине перпендикулярдуу жаткан дөңсөөлөр бар.

Климат

Океан Жердин климатынын түзүлүшүндө чоң роль ойнойт. Күн нурунун таасиринен суу бууланып континенттерге жетет, ошону менен ар кандай формадагы атмосфералык жаан-чачынды алып барат. Суу көп өлчөмдөгү жылуулукту алат дагы кургактыка караганда жай муздайт. Ошондуктан океанга жакын райондордо суткалык жана мезгилдик температуранын термелиши анча чоң эмес.

Өсүмдүктөр дүйнөсү

  • Моллюскалар
    Моллюскалар
  • Голожабералык моллюска
    Голожабералык моллюска


Кургактыктагы өсүмдүктөр сыяктуу эле океан флорага өтө бай жана ар түрдүү. Биомассанын көпчүлүк бөлүгү Тынч океанга туура келет (50% ге жакыны). Көпчүлүк өсүмдүктөрү тропикалык жана субтропикалык алкактын Австралия жана Азия жээктеринде.

Жаныбарлар дүйнөсү

Деңиз ажыдаары
Деңиз ажыдаары


Океандардын жаныбарлар дүйнөсү жакшы изилдене элек, 20% дагы изилденген эмес. Азыркы күндө биологдор 1,5 млн. жаныбарлардын түрлөрүн классификациялаган. Эксперттердин баалосу боюнча дагы 25 млн. түрлөр изилдене элек.



Дүйнөлүк океандын ресурсу жана аны пайдалануу

Дүйнөлүк океанда ири өлчөмдөгү биологиялык, химиялык, минералдык жана энергетикалык ресуртарынын запасы бар. Биологиялык ресурстарынан башкасы дээрлик колдонулбайт.

Деңиз суулары – жашоонун өнүгүшүнүн эң ыңгайлуу шарты. Адамдын канынын курамы деңиз суусунун курамына жакыныраак. Дүйнөлүк океандын суусунда ар түрдүү деңиз организмдери жашайт. Алар жыл сайын чоң өлчөмдөгү биологиялык продукцияларды берет.

  • Животный мир океанов
  • Животный мир океанов
Океандын жаныбарлар дүйнөсү


Фитопланктон – бул зоопланктондун тамагы. Биомассасы анча чоң эмес бирок жыл сайын жаңыланып турат. Фитопланктондун жылдык продукциясы өтө чоң өлчөмдө. Зоопланктон – балыктардын жана киттердин негизги тамагы. Анын продукциясы дагы чоң. Адамзат үчүн сууда эркин сүзгөн организмдер маанилүү, мисалы нектон. Нектондун жылдык продукциясы 0,2 млрд. т, же 200 млн.т. Балык жана башка организмдер же адамдарга пайдалуулар 50% , же болбосо 100 млн.т. Деңиз балыктарын уулоо жылына 70-75 млн. т. Алардын 80-85% балыктарга туура келет.

Акырындык менен балык уулоочу флоттордун көбөйүшү менен айрым баалуу балыктардын саны азайууда, айрымдары промыселдик маанисин жоготууда.

  • Нефтини казып алуу
    Нефтини казып алуу
  • Дүйнөлүк океандын булганышы
    ЗДүйнөлүк океандын булганышы


Дүйнөлүк океан адамга көптөгөн продукцияларды берет. Азыркы убакта балыктарды уулоо менен балыктардын көпчүлүгүн жоготуп алуу коркунучунда турат. Эгерде ушундай жол менен балык уулоону уланта турган болсок кылымдык запастардын жок болуп кетиши толук ыктымал. Бул келечекте адам баласы деңиз продуктылары менен камсыз боло албай калат дегенди билдирет. Андан сырткары дагы бир фактор Дүйнөлүк океандын – булганышы. Океан сууларынын таза сакталышы жана биологиялык ресурстары келечектин эң маанилүү глобалдык көйгөйлөрүнөн.



Пайдалуу шилтелмелер


Сөздүк

Атланти́ка океа́ны — океандардан өлчөмү жана тереңдиги боюнча Тынч океандан кийин экинчи орунда, түндүктө Гренландия жана Исландия аралдарынын аралыгында , чыгышында Европа жана Африка, батышында Түндүк Америка менен Түштүк Америка, түштүктө Антарктиданын аралыгында жайгашкан. Аянты деңиздери менен - 91,6 млн км2, орточо тереңдиги– 3332 м, эң терең жери – 8742 м.
Инди океа́ны — аянты жана тереңдиги эң кичине океан. Түндүк жарым шарда Евразия менен Түндүк Американын аралыгында жайгашкан. Океандын аянты 14,75 млн км², суусунунн көлөмү— 18,07 млн км³. Орточо тереңдиги— 1225 м, эң терең жери— 5527 м.
Мариа́н кобулу (жеМариа́нская ойдуңу) —Тынч океандын батышындагы океандык кобул. Дүйнө жүзүнө эң тереңдиги менен белгилүү . Мариан аралдарынын жанында жайгашкан.
Түндүк Муз океа́ны — аянты жана тереңдиги эң кичине океан. Түндүк жарым шарда Евразия менен Түндүк Американын аралыгында жайгашкан. Океандын аянты 14,75 млн км², суусунунн көлөмү— 18,07 млн км³. Орточо тереңдиги— 1225 м, эң терең жери— 5527 м Гренландия деңизинде.
Ти́хий океа́н - эң чоң жана терең океан. Батышында Евразия, Африка жана Австралия ,чыгышында Түндүк Америка,Түштүк Америка, түштүгүндө Антарктиданын аралыгында жайгашкан. Аянты деңиздери менен - 178,6млн км2, орточо тереңдиги - 3984 м, эң терең жери – 11 022 м, .


Адабияттары


Экспедиции и открытия

  • За тайнами Нептуна / Науч. ред. и послесл. А. А. Аксёнова. — М.: Мысль, 1976. — 399 с. — (XX век: Путешествия. Открытия. Исследования).

Океанология

  • Вегенер А. Происхождение континентов и океанов / Пер. с нем. П. Г. Каминского под ред. П. Н. Кропоткина. — Л.: Наука, 1984. — 285 с.
  • Степанов В. Н. Океаносфера. — М.: Мысль, 1983. — 270 с.
  • Шамраев Ю. И., Шишкина Л. А. Океанология. — Л.: Гидрометеоиздат, 1980. — 382 с.
  • Гусев А. М. Основы океанологии. — М.: Изд-во МГУ, 1983. — 246 с.
  • Гусев А. М. Антарктида. Океан и атмосфера. — М.: Просвещение, 1983. — 151 с.
  • Перрен Ж., Клуазо Ж. Океаны / Пер. с фр. — М.: Летний сад, 2011. — 320 с., ил., 400 экз., ISBN 978-5-98856-126-2

Ресурсы

  • Моисеев П. А. Биологические ресурсы Мирового океана. — 2-е изд. — М.: Агропромиздат, 1989. — 366 с. — ISBN 5-10-000265-4.
  • Захаров Л. А. Введение в промысловую океанологию. — Калининград, 1998. — 83 с.

Общая информация

  • Географический энциклопедический словарь / Гл. ред. А. Ф. Трешников. — 2-е изд., доп. — М.: Советская энциклопедия, 1989. — 591 с.




Чоң Тоскоол рифи

Укмуштуу узун, Австралиянын түштүк чыгышын жээктей 2500 кмге созулуп жатат, Чоң Тоскоол рифи – дүйнөдөгү эң чоң экосистема, аны космостон көрүүгө болот.

Интересные факты 1.jpg
Чоң Тоскоол рифи
Роколл

Рокколанын чокусунда - асканын диаметри 30 м, океандан Великобританиянын жээгине чейин 46 км аралыкта - аны тапкандан бери анын чокусуна 20дай адам гана көтөрүлгөн.

Интересные факты картинка 2.jpg
Роколл
Кораблдердин кыйрашында эң негизги коркунуч таза суунун жоктугу.

Организмде суунун жоктугу айтып бүткүс абалга алып келет. Бирок Ален Бомбар далилдеген,туздуу сууну аз өлчөмдө ичип турууга болот.Негизгиси-туздуу сууну беш күндөн ашык катары менен ичүүгө болбойт.Бирок эң жакшы туруктуу эмес булак-бул атмосфералык жаан-чачын.

Викторина "Океандар"

1 Кайсы океан эң терең болуп эсептелет?

Атлантика
Тынч
Инди

2 Түндүк Муз океаны дагы кандай аталат?

Антарктикалык
Уюлдук
Арктикалык

3 Байыркы океан кандай аталат, анын негизинде Каспий жана Арал деңиздери пайда болгон?

Банда
Пангея
Тетис

4 Кайсы океан юридикалык жактан аныкталган эмес?

Түштүк
Чыгыш
Түндүк муз

5 Кайсы деңизди байыркы деп атаган «Германиялык океан»?

Баренц
Балтика
Түндүк