География — различия между версиями
Msu02 (обсуждение | вклад) м (3) |
Msu02 (обсуждение | вклад) м (4) |
||
Строка 16: | Строка 16: | ||
<li>{{menu|col=#419276|h=Кыргызстан|imp=|[[KR:Кыргыз_Республикасы|Кыргыз Республикасы]]|[[KR:Кыргыз_Республикасынын_жаратылышы|Кыргыз Республикасынын жаратылышы]]|[[KR:Кыргыз_Республикасынын_калкы|Кыргыз Республикасынын калкы]]|[[KR:Кыргыз_Республикасынын_чарбасы|Кыргыз Республикасынын чарбасы]]|im=Geom3.png}}</li> | <li>{{menu|col=#419276|h=Кыргызстан|imp=|[[KR:Кыргыз_Республикасы|Кыргыз Республикасы]]|[[KR:Кыргыз_Республикасынын_жаратылышы|Кыргыз Республикасынын жаратылышы]]|[[KR:Кыргыз_Республикасынын_калкы|Кыргыз Республикасынын калкы]]|[[KR:Кыргыз_Республикасынын_чарбасы|Кыргыз Республикасынын чарбасы]]|im=Geom3.png}}</li> | ||
</ul> | </ul> | ||
− | {{right|[[Файл: | + | {{right|[[Файл:Географиялык кубулуш.jpg|thumb|350px|Географиялык кубулуш]]}} |
'''Биринчи бөлүмдө''' силер Жердин геосфералары жѳнүндѳ, анын табигый комплекстеринин ѳз ара аракеттенүүсү жѳнүндѳ маалыматтарды табасыңар, ѳзүңѳрдүн топографиялык жана картографиялык кондүмүңѳрдү жакшыртасыңар. Видеолор, схемалар, сүрөттөр Жердин кантип пайда болгондугун, өзгөрүшүн, тоо тектеринин түзүлүшүн, андагы процесстерди, абадагы кубулуштарды, суулардын саякатын жана жандуу жаратылыштын таралышын жакындан көрүүгѳ жардам берет. | '''Биринчи бөлүмдө''' силер Жердин геосфералары жѳнүндѳ, анын табигый комплекстеринин ѳз ара аракеттенүүсү жѳнүндѳ маалыматтарды табасыңар, ѳзүңѳрдүн топографиялык жана картографиялык кондүмүңѳрдү жакшыртасыңар. Видеолор, схемалар, сүрөттөр Жердин кантип пайда болгондугун, өзгөрүшүн, тоо тектеринин түзүлүшүн, андагы процесстерди, абадагы кубулуштарды, суулардын саякатын жана жандуу жаратылыштын таралышын жакындан көрүүгѳ жардам берет. | ||
Версия 08:38, 26 июня 2018
География барактарынан
Ал эми географиячы? ... Географиясыз дүйнөнүн көрүнүшү толук болмок эмес. География гана жашоонун мейкиндиктик ар турдүүлүгү жана адамдын ишмердүүлүгү, анын географиялык чөйрөдөгү ролу жѳнүндѳ түшүнүк берет. Жер толугу менен картага «түшүрүлүп» баяндалганына карабастан, анда дагы эле сырлар бар!
Биздин предметтик бет силерге биз менен бирге дүйнө жүзү боюнча саякатка чыгууну, биздин планета мезгил жана мейкиндикте кантип жана эмне үчүн ѳзгѳрүлѳт, жаратылышта бардыгы бири - бири менен ѳз ара тыгыз байланышта жана бири - бирине көз каранды экендигин билүүнү, географиялык тапшырмаларды жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү үйрөнүүнү сунуштайт.
Жердин жаратылышы
Материктер жана океандар
Кыргызстан
Биринчи бөлүмдө силер Жердин геосфералары жѳнүндѳ, анын табигый комплекстеринин ѳз ара аракеттенүүсү жѳнүндѳ маалыматтарды табасыңар, ѳзүңѳрдүн топографиялык жана картографиялык кондүмүңѳрдү жакшыртасыңар. Видеолор, схемалар, сүрөттөр Жердин кантип пайда болгондугун, өзгөрүшүн, тоо тектеринин түзүлүшүн, андагы процесстерди, абадагы кубулуштарды, суулардын саякатын жана жандуу жаратылыштын таралышын жакындан көрүүгѳ жардам берет.
Тоо кантип пайда болот жана Жердин рельефи (бети) кантип калыптанат? Эмне үчүн жер титирөөлѳр болуп жана жанар тоолор атырылат? Дүйнөлүк суу айлануу кантип жүрөт? Океан суусу кандай касиеттерге ээ? Суунун энергиясын кантип пайдаланса болот? Океанда эмнелер жашайт? Климат жана аба-ырайы деген эмне? Аба- ырайын алдын ала кантип аныктайт? Жер шарында канча адам отурукташкан? Ушул суроолордун бардыгы биринчи бөлүмдө каралган.
Материктерге жана океандарга арналган экинчи бөлүмгѳ саякаттоо менен алар качан жана ким тарабынан ачылганын, алардын ар биринин ѳзгѳчѳлүгү кандай экендигин билесиңер: кандай элдер жашашат, кайсы мамлекеттер жайгашкан жана алардын коомдук -саясий айырмачылыктары кандай?
Кантип адамдын жаратылышка кийлигишүүсүнүн жагымсыз натыйжаларынын алдын алууга жана жол бербөөгө болот?
Бул негизги суроолор, алардын жообун силер менен бирге издейбиз.
Үчүнчү бөлүм мекенибиз - Кыргыз Республикасынын жаратылышынын көп түрдүүлүгүнѳ жана байлыгына, калктын чарбалык жашоо-тиричилигинин ѳзгѳчѳлүгүнѳ арналган.
Кыргызстандын физикалык жана экономикалык географиясы боюнча картосхемалар, сүрөттөр, таблицалар, видеофильмдер биздин республиканын жаратылышынын ѳзгѳчѳлүктѳрү, баа жеткис кен байлыктары, өнөр - жайы, айыл - чарбасы жана транспортунун ѳнүгүүсү жана ѳзгѳрүшү, географиялык чөйрөнү түзгѳн адамдардын эмгектери жѳнүндѳ айтып беришет.
Жаратылыш ресурстары кантип пайдаланылат, ички жана сырткы экономикалык байланыштар кантип ишке ашырылат? Республикада райондор боюнча кандай айырмачылыктар бар? Республиканын экономикасы кайсы багытта өнүгүп жатат? Кандай табигый жана чарбалык көйгөйлөр бар? Кыргызстан деген аталыштагы планетанын уникалдуу жана кайталангыс бурчун кантип сактоо керек?
Биздин үчүнчү бөлүк ушулар тууралуу.
Анда! ГЕОГРАФИЯнын укмуштуу жана кызыктуу дүйнөсүнѳ кош келиңиздер!
Жок, бул мааниси жок тамгалар эмес! Кана бул сөздөрдү айтып көргүлө, ага караганда жаңылмачтарды жеңилирээк айтасыңар. Же болбосо, Таумата-факатангиханга-коауау-о-тама-теа-турипука-капикимаунга-хорону-купокаинуфенуаки-танатаху – (маори Taumatawhakatangihangakoauauotamateaturipukakapikimaungahoronukupokaiwhenuakitanatahu кыскача – Тауматафакатангихангакоауауотаматеапокаинуфенуакитанатаху) — бул болгону Жаңы Зеландияда жайгашкан, 305 метр бийиктиктеги дөбө. Айтканга ыңгайлуу болcун үчүн жергиликтүү маори калкы тарабынан бул аталыш Таумата деп дайыма кыскартылып айтылат. Ушул сөздүн жакындатылган котормосу мындай угулат: «Таматеа деген чоң тизе эркек, тоого тырмышып чыгып, аларды жутуп койгон жер жегич катары белгилүү, ал дөбөнүн чокусунда өзүнүн сүйгөнү үчүн флейтада ойногон». Бул дөбөнүн 105 сөздөн турган аты дагы бар.
Мындай узун аталышты жергиликтүү маори уруулары пайдаланышканын жергиликтүү элдер айтып жүрөт. Бул билдирүүгө карабастан, жаңы зеландия географиялык коому дѳбѳнүн болгону 57 тамгадан турган аталышынын кыска вариантына токтолушту.