English — различия между версиями
Msu04 (обсуждение | вклад) (Новая страница: «{{Якорь|Начало}} <div class="row en-bg"><div class="maintext large-8 medium-7 columns"> <!-- Page Content --> <!--<div class=""> {{center|Файл:L…») |
Msu04 (обсуждение | вклад) |
||
Строка 9: | Строка 9: | ||
''Бул суроого силердин жооп ар түрдүү болушу мүмкүн, бирок ошого карабастан сунушталып жаткан «Англис тили» предметине арналган баракча - силер үчүн! Шекспирдин, Джобстун, Симпсондордун тилинде окугула, үйрѳнгүлѳ, ѳркүндѳткүлѳ! Мыктылыкка чек жок, ошондуктан бул керемет тилде маалымат алсаңар, мүмкүнчүлүгүңѳр кеңейет, баарлашууда, жашоодо ишеним пайда болот!'' </div> | ''Бул суроого силердин жооп ар түрдүү болушу мүмкүн, бирок ошого карабастан сунушталып жаткан «Англис тили» предметине арналган баракча - силер үчүн! Шекспирдин, Джобстун, Симпсондордун тилинде окугула, үйрѳнгүлѳ, ѳркүндѳткүлѳ! Мыктылыкка чек жок, ошондуктан бул керемет тилде маалымат алсаңар, мүмкүнчүлүгүңѳр кеңейет, баарлашууда, жашоодо ишеним пайда болот!'' </div> | ||
− | {{center|[[Файл: | + | {{center|[[Файл:BB_Engl_KG.mp4|600px|start=1]]}} |
<br clear=all /> | <br clear=all /> |
Версия 08:51, 23 мая 2018
Биздин предметтик баракча жашоонун бардык тармактарын камтыган 12 сүйлѳшүү темаларын сунуштайт. Алар:
«VOCABULARY». бул тема түшүнүктүү, жѳнѳкѳй сѳздүк менен тааныштырат. Анын милдети - сүрѳттѳр аркылуу жаңы сѳздѳрдү тез эстеп калууга жардам берүү.
«VIDEO and AUDIO». силер уккан текстти түшүнүүдѳ ѳзүңѳрдүн билимиңерди текшергиңер келеби? Анда аудио-текстти уккула жана ага тапшырмаларды аткаргыла: Америкалык жана Улуу Британиялык курдаштарыңардын жашоосунан кыскача сюжеттерди кѳргүлѳ, кызыктуу формада жаңы грамматикалык эрежелер менен таанышкыла, англис тилинде популярдуу ырларды уккула, мультфильмдерди жана сериалдарды кѳргүлѳ.
«GRAMMAR». бул тема таблицалардын жана салыштыруулардын жардамы менен англис тилинин грамматикасынын татаалдыгын чечмелѳѳгѳ жардам берет. Эң татаал грамматикалык конструкциялар жеткиликтүү жана жѳнѳкѳй түшүндүрүлѳт. Айтмакчы ушул темадан силер ѳзүңѳрдүн билимиңерди ар түрдүү деңгээлдеги тексттердин жардамы менен баалай аласыңар, ѳзүңѳрдүн жыйынтыктарыңарды талдап жана татаал материалды үйрѳнүүгѳ ѳтѳ аласыңар.
«TOP PHRASE» - жашоонун бардык учурунда жардамга келет жана силердин суроолорго жооп берет: Сүйлѳшүү кѳндүмдѳрүн кантип ѳнүктүрүү керек? Ар түрдүү кырдаалдарда англис тилинде кантип баарлашуу керек? Керектүү маалыматты алуу үчүн кантип туура суроо бериш керек? Тигил же бул суроого кантип жакшы жооп берүү керек?
«INTERESTING FACTS» теманын ѳзү эле айтып тургандай, бул жерде жаратылыш, илим, маданият, спорт жѳнүндѳ ар түрдүү жана эң кызыктуу фактылар сунуш кылынат.
«LIFEHAСKER» англис тилин ѳздѳштүрүүдѳ жеңил жана эркин сүйлѳѳгѳ жана ѳзүнүн билимин ѳркүндѳтүүгѳ пайдалуу кеңештерди берет.