БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Химия — различия между версиями

Строка 9: Строка 9:

{{menu|col=#2b555f|h=[[KR:Химия: Химия эмнелерди окута тургандыгы|Химия эмнелерди
окута тургандыгы]]|imp=!important|im=Chm1.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[Химия: Алгачкы  химиялык түшүнүктɵр|Алгачкы  химиялык
түшүнүктɵр]]|imp=!important|im=Chm1.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[KR:Химия: Периодический закон и система|Периодический закон
и система]]|imp=!important|im=Chm5.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[Химия: Мезгилдик закон жана мезгилдик система|Мезгилдик закон жана
мезгилдик система]]|imp=!important|im=Chm5.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[KR:Химия: Атомдун түзүлүшү|Атомдун түзүлүшү]]|imp=!important|im=Chm10.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[Химия: Атомдун түзүлүшү|Атомдун түзүлүшү]]|imp=!important|im=Chm10.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[KR:Химия: Сандык катышынын|Сандык катышынын]]|imp=!important|im=Chm2.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[Химия: Сандык катыштар|Сандык катыштар]]|imp=!important|im=Chm2.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[KR:Химия: Химиялык реакцияларга|Химиялык реакцияларга]]|imp=!important|im=Chm3.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[Химия: Химиялык реакция|Химиялык реакция]]|imp=!important|im=Chm7.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[KR:Химия: Химические связи|Химические связи]]|imp=!important|im=Chm11.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[Химия: Химиялык байланыштар|Химиялык байланыштар]]|imp=!important|im=Chm11.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[KR:Химия: Классы неорганических соединений|Классы неорганических соединений]]|imp=!important|im=Chm4.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[Химия: Органикалык эмес бирикмелердин  класстары|Органикалык эмес
бирикмелердин  класстары]]|imp=!important|im=Chm4.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[KR:Химия: Электролитическая диссоциация|Электролитическая диссоциация]]|imp=!important|im=Chm12.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[Химия: Электролиттик диссоциация|Электролиттик диссоциация]]|imp=!important|im=Chm12.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[KR:Химия: Окислительно-восстановительные реакции|Окислительно-восстановительные реакции]]|imp=!important|im=Chm7.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[Химия: Кычкылдануу–калыбына келүү реакциялары|Кычкылдануу–калыбына
келүү реакциялары]]|imp=!important|im=Chm3.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[KR:Химия: Металлдардын химиясы|Металлдардын химиясы]]|imp=!important|im=Chm8.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[Химия: Металлдар|Металлдар]]|imp=!important|im=Chm8.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[KR:Химия: Металл эместердин химиясын|Металл эместердин химиясын]]|imp=!important|im=Chm9.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[Химия: Металл эместер|Металл эместер]]|imp=!important|im=Chm9.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[KR:Химия: Органикалык бирикмелерге кыскача токтолуп|Органикалык бирикмелерге
кыскача токтолуп]]|imp=!important|im=Chm13.png}}

{{menu|col=#2b555f|h=[[Химия: Органикалык заттардын ажайып дүйнɵсү|Органикалык заттардын
ажайып дүйнɵсү]]|imp=!important|im=Chm13.png}}

'''Биринчи бөлүмдө''' химия эмнелерди окута тургандыгы жөнүндө көп маалыматтар берилген. Анда таза заттар жана аралашмалар, аларды бөлүүнүн жолдору тууралуу да жазылган. Силер химиялык элементтер жөнүндө, алардын жөнөкөй жана татаал заттарды түзөөрүн да билсеңер болот.

'''Биринчи бөлүмдө''' химия эмнелерди окута тургандыгы жөнүндө көп маалыматтар берилген. Анда таза заттар жана аралашмалар, аларды бөлүүнүн жолдору тууралуу да жазылган. Силер химиялык элементтер жөнүндө, алардын жөнөкөй жана татаал заттарды түзөөрүн да билсеңер болот.

Версия 08:23, 5 февраля 2018

Химия дүйнөсүндө силерди эмнелер күтүп турат?

Биз жашап турган планета өзүнүн кооздугу, сырдуулугу, өзгөчөлүгү менен башкалардан айрымаланып турат. Ал эми анын кооздугун жана сырдуу жактарын көрө билүү үчүн белгилүү бир илимди өздөштүрүү керек. Мына ошондой илимдердин бири-химия илими болуп саналат. Ал бизди курчап турган заттар жана алардын айлануулары жөнүндө окутат. Химиялык айлануулар жансыз жаратылышта гана эмес, адамдын организминде да тынбай жүрүп турат.

Демек, «Химия» предметинин баракчаларынан жаратылыштагы, күндөлүк турмуштагы ал тургай космос мейкиндигиндеги заттар жөнүндө да маалымат ала аласыңар! Эми бөлүмдөргө кайрылалы!

Vid.jpg

Биринчи бөлүмдө химия эмнелерди окута тургандыгы жөнүндө көп маалыматтар берилген. Анда таза заттар жана аралашмалар, аларды бөлүүнүн жолдору тууралуу да жазылган. Силер химиялык элементтер жөнүндө, алардын жөнөкөй жана татаал заттарды түзөөрүн да билсеңер болот.

Д.И.Менделеевдин урматына аталган мезгилдик закон жөнүндөгү маалыматтар экинчи бөлүмдү түзөт. Бул бөлүмдөн силер химиялык элементтердин түстүү таблицасы менен иштегенди үйрөнөсүңөр .

Атомдун, молекуланын жана заттардын түзүлүшү жана элементтердин системада эмне себептен белгилүү бир ирээтте жайгаша тургандыгы үчүнчү бөлүмдө айтылат.

Төртүнчү бөлүм химиянын сандык катышынын негизги закондору менен тааныштырат. Мында силер тигил же бул химиялык реакциялар үчүн канчалык өлчөмдөгү заттардын керектелээрин аныктай аласыңар.

Бешинчи бөлүм химиялык реакцияларга жана алардын түрлөрүнө арналган.

Алтынчы бөлүмдөн эмне себептен кээ бир заттардын өз ара аракеттенишээрин, ал эми башкаларынын химиялык реакцияга кирбей тургандыгын түшүнө аласыңар. Заттардын түзүлүшүн билүү менен химиялык реакциядан кийин алардын касиеттеринин өзгөргөндүгү менен таанышасыңар.

Жетинчи бөлүмдө органикалык эмес заттардын классификациясы жөнүндө маалымат аласыңар. Кандай заттар жөнөкөй жана татаал заттар болуп саналат? Эмне үчүн кислоталар жана негиздер бир топко киришет? Туздардын кандай түрлөрү бар? ж.б. ушул сыяктуу суроолорго жооп таба аласыңар.

Сегизинчи бөлүмдө «Эмне үчүн суу суюк абалында болот?», «Эритмелерде заттар кандай өзгөрөт?», «Эмне үчүн буюмдарды сода менен жууйбуз?», «Уксус кислотасы эмне үчүн кычкыл?», «Клубника жана анардын тагын кантип кетирсек болот?» ж.б. дагы ушул сыяктуу суроолорго жооп ала аласыңар.

Тогузунчу бөлүмдөн жер шарында болуп жаткан ар түрдүү кубулуштар жөнүндө билесиңер. Мисалы, кычкылдануу-калыбына келүү реакциялары. Бул маалыматтарды өздөштүрүү менен биздин айланабызда болуп жаткан көптөгөн өзгөрүүлөрдү түшүнө аласыңар.

Ал эми онунчу «Металлдардын химиясы» бөлүмүнөн жана 11-бөлүм «Металл эместердин химиясын» окуу менен окумуштуулардын кызыктуу ачылыштары жана изилдөөлөрү менен таанышсаңар болот.

Он экинчи бөлүмдө органикалык бирикмелерге кыскача токтолуп кетебиз. Силер өзүңөр үчүн органикалык химиянын кайталангыс жана табышмактуу дүйнөсүн ача аласыңар.

Mad scientist.gif

Анда, алга кеттик ! Ар бир бөлүм менен таанышууда силер ЗАТТАР дүйнөсүндөгү кызыктуу окуяларга күбө болосуңар!

Белгилүү химиктер

Химия ɵз алдынча илим катары XVI–XVII кылымдарда таанылгандан кийин бир катар илимий ачылыштар ɵзгɵрүүлɵргɵ, ɵнɵр жайлардын ɵнүгүшүнɵ жана буржуазиялык коомдун пайда болушуна алып келген. Бирок, химияда физикадан айрымаланып, сандык эсептɵɵлɵр аз болгондуктан, «химия илими сандык эсептɵɵ илимиби же таануунун башка түрүбү», деген талаштар болуп турган.

Химия ɵз алдынча илим катары Роберт Бойль тарабынан негизделген Основоположник химии как самостоятельной науки Роберт Бойль.
Химия ɵз алдынча илим катары Роберт Бойль тарабынан негизделген Основоположник химии как самостоятельной науки Роберт Бойль.

1661–жылы Роберт Бойль «Химик–скептик» деген эмгегин жазган, анда ал ар түрдүү заттардын касиеттеринин ар кандай болушу, алардын ар башка бɵлүкчɵлɵрдɵн (корпускулалардан) тургандыгына байланыштуу деп түшүндүргɵн. Ван Гельмонт күйүү процессин изилдеп, «газ» деген түшүнүктү киргизүү менен кɵмүр кычкыл газын ачкан. 1672–жылы Бойль металлдарды ысытканда, алардын массасынын чоңойгондугун байкаган жана аны ал « жалындын чоң бɵлүкчɵлɵрү» каптады деп түшүндүргɵн.