Кыргыз адабияты — различия между версиями
Admine2 (обсуждение | вклад) |
Admine2 (обсуждение | вклад) |

Строка 13: | Строка 13: | ||

{{menu|col=#523367|h=[[:KR:Кыргыз адабияты: Жазуучунун өнөрканасы|Жазуучунун өнөрканасы]]|imp=!important|im=Mirm3.png}}

{{menu|col=#523367|h=[[:KR:Кыргыз адабияты: Жазуучунун өнөрканасы|Жазуучунун өнөрканасы]]|imp=!important|im=Mirm3.png}}

{{menu|col=#523367|h=[[:KR:Кыргыз адабияты: Мен окурманмын|Мен окурманмын]]|imp=!important|im=Mirm4.png}}

{{menu|col=#523367|h=[[:KR:Кыргыз адабияты: Мен окурманмын|Мен окурманмын]]|imp=!important|im=Mirm4.png}}

{{menu|col=#523367|h=[[:KR:Кыргыз адабияты: | + |
{{menu|col=#523367|h=[[:KR:Кыргыз адабияты: Мен жазуучумун|Мен жазуучумун]]|imp=!important|im=Mirm5.png}}

Версия 10:18, 3 февраля 2018
Содержание
Адабият дүйнөсүндө сизди эмнелер күтөт?
Мультимедиялык билим берүү ресурсунун жардамы менен кыргыз адабияты тууралуу түшүнүгүбүз байып, тереңдей турганына ишенебиз.
Адабият галереясына саякат «Көркөм сөз» деген эмне?! Анын адам турмушуна таасирин тийгизген кудурети эмнеде?! Жашоону кооздукка бөлөп, эчен түрлүү сезимдерди жаратып, бирде кайгыртса, бирде кубанткан, келечекке шыктандырып кайрат-күч берген көркөм сөздүн күчү тууралуу кенен билгибиз келсе бул бөлүм жардамга келет. Ар бир автор жараткан көркөм дүйнөнү аралап, андагы каармандарга аралашып саякат жасоону кааласак кыргыз адабиятынын ааламына баш багалы!
Каармандар дүйнөсүнө сүңгүп Көркөм чыгарманын каармандары менен жакындан таанышкан учурда алардын ички сезимдери, толгонуулары, карама-каршылыктарына туш болобуз. Бул «бейтааныш тааныштардын» ички дүйнөсүн ачып берген жазуучунун чеберчилигине таң калабыз. Көркөм чыгарманы окугандан кийин каармандардын ар бири биздин турмушубуздан орун алып, коштоп жүрөт. Биздин турмуштук ар кандай кырдаалдарда аларга кайра-кайра кайрыла турганыбыздын сыры эмнеде деген суроого жооп табууга бул бөлүмдө аракет кылабыз.
Жазуучунун өнөрканасы Акын, жазуучу деген ким? Көркөм чыгарма кантип жаралат? Каармандардын образын ачууда же, табиятты укмуштуудай келиштире сүрөттөөдө жазуучу сөздү кайдан табат? Кандай сөздөрдү пайдаланат? Чебер жазуучу болуу үчүн эмне зарыл? Мына ушул өңдүү табышмактуу көптөгөн суроолорго жооп табуу үчүн ушул бөлүмгө кайрылсак, балким жооп аларбыз…
Окурман Китеп окуу менен өзүбүздүн жана өзгөнүн дилин ачабыз. Окуган китептин маани-маңызын жеткире түшүнө алуу – дил ачуу менен барабар. Кантип окугандын баарын түшүнсө болот? Окуп түшүнүү – бул өнөрбү, жөндөмбү же жөн гана кунт коюп окуубу? Анан калса, ар бир окурман чыгармадан өзүнүн гана дүйнөсүн ачат эмеспи. Ал эми биздин окурмандык жөндөм-шыгыбыз кандай болду экен? Дегеле көркөм чыгарма окуунун канчалык зарылдыгы бар?
Менин жазуучулук өнөрүм Көркөм чыгарманы окуу менен ажайып дүйнөгө кабылабыз. Ошол көркөм дүйнөнү жаратуу талыкпаган эмгекти, чымырканган изденүү, толгонууну талап кылат. Чыгармачылыктын түгөнбөгөн машакатын чыгарманын айрым үлгүлөрүн өзүбүз жазган учурда байкайбыз. Чыгармачылык иштин түрлөрүн кантип жазууга болот, анын ыкмалары, талаптары кандай боло турганын ушул бөлүм аркылуу билсек болот.
Аларды бүт дүйнө тааныйт
Кыргыз элинин улуу рухий дөөлөтү "Манас" эпосу улуттун басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган эпикалык чыгармасы. Кыргыз элинин дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Эпос өзүнө укмуштуудай терең ойду, кызыктуу мазмунду камтып, көлөмү да абдан чоң.
"Манас" эпопеясында 40 чородон тарта эсептегенде, бери дегенде эле 600дөн ашуун
каарман катышат. Эң көп образ Сагымбай Орозбаковдун вариантында айтылат. Албетте, башкы
каармандар Манас, Бакай, Чыйырды, Каныкей, Алмамбет, Жакып, Кошой, Айчүрөк, Күлчоро, терс
каармандардан Коңурбай, Нескара, Канчоро, Жолой ушинтип кете берет. Ал эми жер-суу аттары
800гө чукул. Дүйнөлүк адабияттагы ири чыгармалардын бири — Лев Толстойдун "Согуш жана
тынчтык" роман-эпопеясында 500дөн ашуун каарман катышат.
Эпос менен таанышкан сайын улам бир сырлары чыга берет. Эмне үчүн «Көкөтөйдүн ашы көп чырдын башы» болду экен? «Чоң казатты» уккан адамдын бардыгы эмне үчүн ыйлабай коё албайт? Манастын кырк чоросунан ажырап, жеңилип калышынын себеби эмнеде? деген суроолорго жооп табуу чынында эле кызыктуу…
Эпос "Манас" - это прежде всего несравненное, непревзойденное художественное творение, созданное эстетическим гением кыргызского народа на почве и на основании реальных событий, фактов, героических личностей, и которое от века в век, от сказителя к сказителю отшлифовывалось, отчеканивалось, очищалось, избавлялось от лишнего груза, от чужеродных тел, поглощая в себя все новые и новые, органически необходимые компоненты-новообразования, и, наконец достигло сегодняшних недосягаемых высот своего совершенства. Ч. Айтматов