Кыргыз адабияты: Мен окурманмын — различия между версиями
Msu06 (обсуждение | вклад) |
Msu06 (обсуждение | вклад) |

Строка 81: | Строка 81: | ||
{{center|'''Танабай Бакасов'''}}
| {{center|'''Танабай Бакасов'''}}

Ч.Айтматовдун «Гүлсарат» повестинин башкы каарманы. Идеяга чын дилинен берилген, ак жүрөк, түз, эмгекчил адамдын символу катары эл арасында кенен айтылып келет.
| Ч.Айтматовдун «Гүлсарат» повестинин башкы каарманы. Идеяга чын дилинен берилген, ак жүрөк, түз, эмгекчил адамдын символу катары эл арасында кенен айтылып келет.

− | Танабайдын тагдыры анын жоргосу Гүлсарынын тагдыры менен өтө тыгыз бирдикте сүрөттөлгөн. Адам жана жылкынын тагдыры биринен бирине айкалышып, көп учурларда Танабайдын өмүр баяны Гүлсарынын “өмүр баяны” аркылуу проекцияланып берилет. | + | Танабайдын тагдыры анын жоргосу Гүлсарынын тагдыры менен өтө тыгыз бирдикте сүрөттөлгөн. Адам жана жылкынын тагдыры биринен бирине айкалышып, көп учурларда Танабайдын өмүр баяны Гүлсарынын “өмүр баяны” аркылуу проекцияланып берилет.

+ | [https://www.youtube.com/watch?v=Fy5RvGksDKE Видео Гулсарат] | ||

{{center|[[файл:Sultanmurat.jpg|270px]]}} | {{center|[[файл:Sultanmurat.jpg|270px]]}} |
Версия 17:06, 24 декабря 2017
Окурман деген ким?
Чын-чынына келгенде, адам баласына анын адам катары калыптануусуна таасир берген китептер саналуу гана болот, ошондой эле жашоонун оор кезеңдеринде жөлөк, таяныч издеп аз гана китептерге кайрылабыз. Айрым аалымдардын айтуусуна караганда, адам бүт өмүр бою топтогон, анын жашоосунда керек болгон баардык билимди болгону 2-3 гана китептен таап алса болот экен. Бирок ар бир адам үчүн кайсы китептер так ошол 2-3 китеп болоорун аныкташ оор. Өмүрдөгү ошол 3 китепти табыш үчүн нечендеген китептерди окуп чыгууга туура келет. Анан калса, ар бир адамдын өзүнүн 3 китеби болот эмеспи.
Мына ошондуктан бул бөлүмдө кантип таланттуу окурман катары калыптанууга болот? деген суроого жооп издемекчибиз.
Китеп деген эмне?
Китеп (ар. – жазма) – 1) көлөмдүү басылма; 2) маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ. Алгачкы китепти байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалардан китептер түзүлгөн. Так мына ушул ылай тактачаларда Гилгамеш баатырдын эрдиги баяндалган. “Гилгамеш” “Манас” сыяктуу эпикалык дастан болуп саналат.
Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип, китеп жазышкан. Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып таптап, бири-бирине улаштырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташкан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты катары Байыркы Греция менен Римде да дээрлик 2 миң жыл пайдаланылган.
БИЛЕСИЗБИ?
Эң алгачкы кыргыз китеби 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын "Кыса-и-Зилзала" деген китеби болгон. Китепте 1909-жылы Чүй өрөөнүндөгү катуу жер титирөө тууралуу айтылган. Акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катнашы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган. Китепти алгачкы кыргыз "Алиппесин" жазган окумуштуу жана коомдук ишмер, кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев демилгеге алып, баш сөзүн өзү жазып жарыкка чыгарган.
Окурман – бул ким?
Орустун белгилүү жазуучусу В.Набоков Америкалык студенттерге дарс окуп жүргөн учурунда бир күнү дарстын текстин унутуп калтырып коёт. Абалдан чыгуу үчүн студенттерине «чыныгы окурман деген ким?» деген суроого аныктама берүү идеясын сунуштайт. Жазуучунун студенттери төмөнкүдөй аныктамаларды беришет:
1. Окурман – китеп сүйүүчүлөр коомунун мүчөсү.
2. Окурман өзүн адабий чыгарманын каарманы менен салыштырат.
3. Окурман оюн социалдык-экономикалык аспектке топтоштурганы жакшы.
4. Окурман окуялар жана диалогдор көбүрөөк орун алган чыгармаларды жактырат.
5. Окурман чыгарманын экрандаштырылган варианты менен таанышып, андан кийин гана китеп менен таанышат.
6. Окурман чыгармачылыкты жаңы баштаган автор болуш керек.
7. Окурмандын элестетүүлөрү жогору өнүксө абдан жакшы.
Ойлонуп окуган окурмандын өзгөчөлүгү
Ойлонуп окуган окурман | Үстүртөн окуган окурман |

Кайра-кайра окуйт | Бир жолу окуйт |
Бүт дитин текстке бөлөт | Ою башка жакта |
Суроо берет | Таанышуу менен гана чектелет |
Тексттин өзгөчөлүгүнө көңүл бурат | Синтаксисттик өзгөчөлүгүнө көңүл бурбайт |
Түпкү маңызын издейт | Үстүртөн окуйт |
Кыргыз адабиятында атагы аңызга айланган каармандар бар. Алар тууралуу ар кандай уламыштар орун алып, окурман сүйүктүү каарманын турмушта жашаган, болгон адам катары кабыл алгысы келет. Алардын айрымдары турмушта жашап, тарыхый прототиптери бар. Ал эми айрымдары көркөм образ катары турмуш чындыгы менен көркөм чындыктын айкалышынан жаралган.
Ч.Айтматовдун «Гүлсарат» повестинин башкы каарманы. Идеяга чын дилинен берилген, ак жүрөк, түз, эмгекчил адамдын символу катары эл арасында кенен айтылып келет.
Танабайдын тагдыры анын жоргосу Гүлсарынын тагдыры менен өтө тыгыз бирдикте сүрөттөлгөн. Адам жана жылкынын тагдыры биринен бирине айкалышып, көп учурларда Танабайдын өмүр баяны Гүлсарынын “өмүр баяны” аркылуу проекцияланып берилет.
Видео Гулсарат
«Ууурулардын алыс кеткен дүбүртү акырындап өчүп баратканын солуктаган Султанмурат жерге кулагын төшөп угуп жатты. Дүбүрт уламдан улам жердин туюк тереңинен араң угулуп, анан биротоло өчтү да, кара жер тынчып жатып калды.
Мына ошондо Султанмурат кыңкыстап ордунан турду, үн сала муңкана ыйлап, кайра артына темселей басты. Сооронор алы да, айласы да жок, же бул каран түн түшкөн Аксайда аны сооротор жан жок…» «Эрте келген турналар»
«Баланын кубанар жөнү бар эле. Бу жолку ууга чыгыш да аны аңчылыкка оозандырышка болгон атайы тушоо кести сапар. Ошол үчүн Кириск чулдуктун балапанынан бетер эки жагын эелеңдей карап, көргөнүнө көзү тойбой, кызыгы артып, чыдамы чыйпылыктап келатат…Аны ойлоп Кириск ич толкунун билдирбеске тырышып келатат. Ага болбой кара тору өңү албырып, ич толкуну билинип калып жатты. Баарынан да көзү жайнайт… Алдыда чоң деңиз, алдыда чоң уу жатканына кантип толкундабасын!» «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт»