Дүйнөлүк адабият: Мен окурманмын — различия между версиями
Admine2 (обсуждение | вклад) (→Пайдалуу шилтемелер) |
Admine2 (обсуждение | вклад) |
||
Строка 1: | Строка 1: | ||
{{Якорь|Начало}} | {{Якорь|Начало}} | ||
<div class="row mir-bg"><div class="maintext large-8 medium-7 columns"><!-- Page Content --> | <div class="row mir-bg"><div class="maintext large-8 medium-7 columns"><!-- Page Content --> | ||
− | {{left-p|[[Файл: | + | {{left-p|[[Файл:Nesterov.jpg|200px|Сүрөтчү М. В. Нестеров]]}} |
''<span class="resettext firstcharacter">К</span>өркөм адабиятты окуунун эмне зарылчылыгы бар? Бул суроого ар кимдин жообу бар экени шексиз. Илимпоздор ар бирибиздин келечегибиз китеп окуу менен тыгыз байланышта деп эсептешет. Кантип? Чыгармада түшүнүксүз, бейтааныш нерселер толтура да? Эмне себептен улуу немец акыны Иоганн Вольфганг Гете 80 жашка чыгып да, чындап окуганды өздөштүргөн жокмун деп айткан?'' | ''<span class="resettext firstcharacter">К</span>өркөм адабиятты окуунун эмне зарылчылыгы бар? Бул суроого ар кимдин жообу бар экени шексиз. Илимпоздор ар бирибиздин келечегибиз китеп окуу менен тыгыз байланышта деп эсептешет. Кантип? Чыгармада түшүнүксүз, бейтааныш нерселер толтура да? Эмне себептен улуу немец акыны Иоганн Вольфганг Гете 80 жашка чыгып да, чындап окуганды өздөштүргөн жокмун деп айткан?'' | ||
Строка 11: | Строка 11: | ||
==Окурман деген ким?== | ==Окурман деген ким?== | ||
− | {{left-p|[[Файл: | + | {{left-p|[[Файл:Zenkina.jpg|200px|Сүрөтчү Даниэл Зекин]]}} |
<div class="textblock">'''''Окурман — китеп окуган, чыгарма окуу менен алектенген адам.''<br> | <div class="textblock">'''''Окурман — китеп окуган, чыгарма окуу менен алектенген адам.''<br> | ||
<small>(С.И. Ожеговдун сөздүгү боюнча)</small>''</div> | <small>(С.И. Ожеговдун сөздүгү боюнча)</small>''</div> |
Версия 15:48, 5 сентября 2018
Көркөм адабиятты окуунун эмне зарылчылыгы бар? Бул суроого ар кимдин жообу бар экени шексиз. Илимпоздор ар бирибиздин келечегибиз китеп окуу менен тыгыз байланышта деп эсептешет. Кантип? Чыгармада түшүнүксүз, бейтааныш нерселер толтура да? Эмне себептен улуу немец акыны Иоганн Вольфганг Гете 80 жашка чыгып да, чындап окуганды өздөштүргөн жокмун деп айткан?
Азыркы мезгилде адамдар чындап эле абдан көп окушат.Эсепсиз кабарлар, жаңылыктар, Интернеттеги сүйүктүү блогдор…Бирок китепти эч нерсе алмаштыра албайт. Так мына ушул китеп окуу адамды өнүктүрөт, башка эч бир жол-ыкма китептей жардам бере албайт. Китеп окуу – улгайган кезде да жандуу эс-акылды сактап калуунун универсалдуу ыкмасы болуп саналат. Сөздү ойдогу образдарга которуу когнитивдүү функцияларга таасирин тийгизет. Окуп жаткан учурда сөз байлыгың кеңейип, эске тутууң жакшырып, өзүң да кызыктуу баяндамачыга айланасың.
Содержание
- 1 Окурман деген ким?
- 2 Кантип туура окуу керек
- 3 Китеп эмнеден турат
- 4 Китептин арасына салынуучу тасма. Аны кантип жасоого болот?
- 5 Копьютерден китеп окуу тууралуу
- 6 Ойлонуп окуу
- 7 Окуунун стратегиялары
- 8 Эс-тутум картасы
- 9 Интеллект–карта
- 10 Алтын текче
- 11 Таасирлер, ой жүгүртүү, эссе
- 12 Көркөм окуу деген эмне?
- 13 Ыр кантип окулат
- 14 Көркөм окуунун өз ара байланыштагы үч компоненти
- 15 Ыр эмне үчүн окулат
- 16 Көркөм окууну катыра окугандардан үйрөнөбүз
- 17 Дикциянын тактыгы
- 18 Глоссарий
- 19 Библиография
- 20 Пайдалуу шилтемелер
Окурман деген ким?
(С.И. Ожеговдун сөздүгү боюнча)
Китепти ар бир сабаттуу адамга түшүнүктүү деп ойлойбуз … Тилекке каршы андай эмес. Эмне себептен?
Себеби чыныгы окурман өзүнүн көңүлүн төшөп, өзүнүн бүткүл жан дүйнөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, ал китепти түшүнүү үчүн зарыл болгон рухий байлыгын багыттай алат. Чыныгы окуу басылып чыккан сөздөрдү аң сезим аркылуу өткөрүү эмес, ал кунт коюп көңүл төшөөнү, автордун үнүн чындап укусу келген каалоону талап кылат. Бир гана акыл жана курулай элестетүү окуу үчүн жетишсиз. Жүрөк менен сезип-туюп, жүрөктөн кабыл алуу керек.
Белгилүү жазуучу Владимир Набоков АКШда окутуучу болуп иштеп жүргөн учурунда студенттерине чыныгы окурманды аныктоо үчүн тест сунуштачу экен — окурманга он аныктама берип, алардын ичинен «чыныгы окурманды» тандап алуусун тапшырчу.
Сунушталган аныктамалардан өзүңөргө туура келгенин тандап алгыла.
Аныктамалар болжол менен төмөнкүдөй болгон:
- Окурман – бул китеп сүйүүчүлөр коомунун мүчөсү.
- Окурман өзүн адабий чыгарманын каарманына салыштырат.
- Окурман социалдык-экономикалык аспектиге көңүл топтоосу зарыл.
- Окурман окуялары жана диалогдору бар чыгарманы жакшы көрөт.
- Окурман адегенде экрандан көрүп, анан барып китеп менен таанышат.
- Окурман жаңы баштаган автор болушу керек.
- Окурмандын элестетүүсү өнүккөн болуш керек.
- Окурманга эске тутуу керек.
- Окурмандын сөз байлыгы бай болушу зарыл.
- Окурман искусствону сүйүшү керек.
Адабиятка таланттуу жазуучулар сыяктуу, таланттуу окурмандар да керек. Чыныгы образ, чыныгы окуяларды, чыныгы сөздү издеп өзүнүн бүткүл жан дүйнөсүн толгонткон учурда так мына ушул таланттуу, сезгич, чыгармачылык кыялдануулары бар окурмандарго автор таянат. С. Я. Маршак
Окуу – бул али эч нерсе эмес. Эмнени, кантип окуу – башкы иш мына ушул. К. Д. Ушинский
Кантип туура окуу керек
Кантип туура окуу керектиги тууралуу кеңеш: «Окуганды иш жүзүндө колдонгула!». Антпесе баары текке кетет.
Китеп эмнеден турат
Чыныгы окурман китеп эмнеден турарлыгын, курамы кандай экендигин, ал эмне жөнүндө экендигин биле алат. Ал көптөгөн китептердин арасынан керектүүсүн, кызыктуусун тандап алууну билет. Керектүүнү жаңылбай кантип туура тандап алууга болот?
Көрсө, жөпжөнөкөй экен. Китеп өзү тууралуу өзү бардыгын айтып бере алат. Ал үчүн китептин элементтери менен таанышуу керек (же анын курамдык бөлүктөрү менен), ал бизге тиги же бул китеп эмне тууралуу айтып бере тургандыгын, кызыктуу же кызыксыз экендигин алдын ала билип алабыз.
«Маалыматтык маданият сабагы» видеосу
Видео китептин түзүмү жана анын ар бир элементинин кызматы жөнүндө айтып берет.
Китептин арасына салынуучу тасма. Аны кантип жасоого болот?
Китеп үчүн жөнөкөй жана ыңгайлуу тасма. Оригами япон тилиндеги «Ору» – сөзү которгондо «бүктөө» жана «ками» – «кагаз» деген сөздөн келип чыкканын билесизби?
Жаңы маалымат технологиялары китептин өнүгүшүнө таасирин тийгизди. Электрондук китептер: окуу китептери, маалымдамалар, энциклопедиялар. Электрондук китеп — электрондук түрдө берилген тексттик маалыматты чагылдырууга арналган компакттуу планшеттик компьютердик куралдардын жалпы аталышы.
Копьютерден китеп окуу тууралуу
Компьютер жана «Интернет» тармактарынын жардамы менен үйдө олтуруп алып эле көптөгөн китептер менен таанышууга болот. Ар бир эле адамдын үйүндө бай китепканасы жок же көп сандагы китептерди сатып алууга мүмкүнчүлүгү болбойт. Китепканага барууга дайыма эле убакыт табыла бербейт же баргың келбей калган учурлар болот.Ысык чай, таттууларды же башка тамактарды коюп алып окуса да болот. Бирок, китепти кол менен кармап окуу эрежеси бар, б.а. көп китептер айрыкча жаңылары жабылып калат же барактары жылып кетет. Бул жагынан компьютер бир топ ыңгайлуу, б.а. эки кол бош болот, башка баракка өтүш үчүн мезгил-мезгили менен гана басып коёсун.
Интернет азыр бардыгыбызга эле жетикиликтүү болуп калды, мунун дагы бир артыкчылыгы бар. Тексттен жаңы сөздөр көп жолугат, мындай сөздөрдү сөздүктөн издеп отурбай, жөн гана – Googleду ачып, анын маанисин бат эле таап алсаң болот.
Көп учурда китептен жазып алгың келген, кооз, канаттуу сөздөрдү жолуктурууга болот. Ушул максатта жаккан цитаталарды окшуп ала турган тексттик файл бар. Бул сүйлөмдөрдү жазып алуу үчүн дептер, калем сап издеп отурбай – тексттик файлды ачып, ал жакка көчүрүп коёсун. Компьютерде отуруп окуган окурмандар эң ыңгайлуу программа катары AlReaderди эсептешет (расмий сайт: http://alreader.kms.ru/)
Ойлонуп окуу
Китеп окуунун маңызы, аны жөн гана окуп коюуда эмес, ойлонуп, китептин идеясын түшүнүп окууда жатат. Ойлонуп окуу – бул өнүктүрө турган эң маанилүү көндүм. Эмне себептен:
- Бул биз эмне үчүн китеп окуй турганбызды түшүнүүгө жардам берет.
- Сынчыл ойломду, карым-катыш жана түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө түрткү берет.
- Жогорку окуу жайларындагы окутууда башкы аналитикалык курал катары эсептелет.
- Маалымат толтура азыркы дүйнөдө жашап кетүүгө жардам берет.
Белгилүү маданияттаануучу Д.С. Лихачев жазат: «Ар бир адам өзүнүн интеллектуалдык өнүгүүсүнө (мен баса белгилейм – милдеттүү) кам көрүүсү керек. Бул анын өзү жашаган коомдун астында, өзүнүн астында милдети. Интеллектуалдык (бирок, албетте, жалгыз эмес) өнүгүүнүн негизги ыкмасы – окуу». Аны психолог Б. М. Теплов колдойт: «Көркөм чыгарманы түшүнүү – бардыгынан мурда аны сезип, эмоционалдык жактан туюп, ошонун негизинде анын үстүнөн ой жүгүртүү».
Электрондук китептин иштеп чыгуучусу Amazon Kindle Джейсон Меркоски белгилейт:
«Окуунун эки түрү бар: үстүртөн жана терең. Сиз кандай контент колдонгонуңузга карабастан, сиз аны өздөштүргүңүз келсе, тереңдеп, маңызына сүңгүп, улам андан ары тереңдеп окуш керек. Биз маалыматты аң сезим үчүн зыяндуу азыкка айландырбашыбыз керек. Китептер виртуалдык чындык эмес, бул жөнөкөй курал, бирок ал мээнин бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну талап кылат». Ойлонуп окуу тууралуу анча чоң эмес «даймонд» форматында адабий чыгарма жазууга болот.
Ойлонуп окуунун куралдары
Адабият боюнча предметтик стандарттарда ойлонуп окуу менен байланышкан бир катар билгичтиктер талап кылынат жана окуучулар төмөнкүлөрдү аткарышсааларга жетишүүгө болот:
- текст боюнча суроо берет жана аларга жооп берет;
- чыгармадагы көркөм сөз каражаттарын, поэтикалык образдарды кабыл алат жана алардын чыгармадагы ролун аныктайт;
- өзүнүн пикирин тест аркылуу ырастайт;
- чыгарманын темасын жана негиги маңызын аныктайт;
- тексттеги «образдуу» сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, моралдык-этикалык жана баа берүүчү лексиканы бөлүп көрсөтөт жана алардын маанисин түшүндүрөт;
- ар кайсы чыгармалардын каармандарын салыштырат;
- окуган чыгарманы сүрөттөлгөн окуялар, өзүнүн тажрыйбасындагы каармандар, башка чыгармалар менен байланыштырат;
Бул билгичтиктер иштелип чыгышы үчүн атайын окуу боюнча стратегияларды колдонуу зарыл. Окуунун стратегияларын колдонуу текст менен иштөө, окугандары тууралуу ой жүгүртүү билгичтиктерин калыптандырат; чыгарманын мазмунун түшүнүп, талдоого алуу, окуу материалы менен иштөө ыкмаларына жардам берүүчү процедураларды ишке киргизет.
Окуунун стратегиялары
Суроолор дарагы
Сизге текст жана автор менен диалог түзүүгө, тереңдетип окуу үчүн суроолорду жазууга жана чыгарманы түшүнүүгө жардам берет.
Түшүнүүгө биринчи кадам – бул тексттеги түшүнүксүз нерселерди бөлүп көрсөтүү жана аны суроо түрүндө жазуу. Ойлонуу менен адам сурайт жана жооп берет. Түшүнүүнүн эң мыкты ыкмасы – бул өз алдынча текстке суроолорду коюу. «Туура окуу» – демек, өзүнө жана каармандарга жөнөкөй, бирок маанилүү суроолорду бере билүү. «Эмне үчүн ал ушундай жасады? Мен ошондой кыла алат белем?» Эгер ушундай болсо, анда сиз чыныгы окурман катары калыптанган болосуз.
Жөнөкөй суроолорду. Аларды өйдөкү бутактарга жайгаштыруу керек тексттен даяр түрдө табууга болот, алар окуган маалыматты таап, кайра айтып берүүнү гана талап кылат (символ). Жоопту тексттен издегиле.
Аналитикалык суроолор (сөңгөктү узата жайгаштыруу керек): бул суролор ар түрдүү байланыштарды тактайт: себеп жана натыйжа, окшоштук жана айырмачылык, мезгилдик байланыштар жана карама-каршылык. Бул суроолор түшүнүксүз (түшүндүрүүгө оор), таң калыштуу, бир тараптуу түшүндүрүүгө болбой турган, окуялар, каармандар, алардын жорук-жосундары тууралуу маалымат жетишпегендей ж.б. суроолор. Эмне себептен?...Кантип?....Эмне үчүн?... Жоопторду пикир туудуруучу ойлордон жана саптардын арасынан издегиле.
Терең суроолор (тамырына жайгаштыруу керек): баа берүү, жалпылоо, жеке кабыл алуу, башка чыгармалар менен байланыш, жеке тажрыйба, реалдуу жашоо боюнча берилген суроолор. Бул суроолор текстти тереңдеп түшүнүүгө арналган суроолор. Жоопту өзүң, өзүңүн турмуштук тажрыйбаң менен байланыштыргыла Кантип байланышат?...Кандай баалуулуктар?...Сиз үчүн эмне маанилүү?... Менин тажрыйбамда эмне бар? Башка чыгармаларда эмне болду?
«Ооба» же «жок» деп жеңил жооп берүүгө боло турган суроолор бар, бирок бир тараптуу жооп берүүгө болбой турган суроолор кездешет. Бир тараптуу жооп берүүгө боло турган суроолорду (жөнөкөй суроолор), жана ачык-айкын жооп берүүгө мүмкүн болбой турган суроолорду (көйгөйлүү суроолор) айырмалап алуу зарыл.
Көйгөйлүү суроолор – бул бир тараптуу жооп берүүгө болбой турган, көйгөйлүү суроолор.
Ар кандай суроолорду коюу сизге окуган чыгарманын үстүндө ойлонууга, чыгарманы түшүнүүгө үйрөтөт. Сиз берген көркөм чыгарманын тексти боюнча суроолор мугалим үчүн сиздин текстке канчалык сүңгүп киргендигиңизди, аны талдай билүүңүздү, көйгөйлөрдү көрө алгандыгыңызды, жазучунун терең ойлорун, анын баалуулуктарын таап чыга билүүңүздү аныктоочу диагностикалоо ыкмасы болуп саналат.
Эгер сизге ойлонуп окуу зарыл болсо, анда бул 10 суроо жардам берет.
Экилтик күндөлүк
Бул стратегия автор менен диалог курууга жардам берет: тексттен таасрилүү, кызыктуу жана талаштууларын тандап алуу; суроо берүү, автордун ойлоруна пикирлерди жазуу, аны менен талашып-тартышуу же анын идеяларын өзүнүн ой жүгүртүүлөрү менен колдоо, аны өзүнүн тажрыйбалары менен салыштыруу. Бул чыгарманы, автордун ойлорун талдоого даярдык, мындан тышкары алгачкы иштелмелери, келечекте жазыла турган эссеге байланыштуу ойлорун чиймелөө.
Кластер жана ойлордун картасы (интеллект-карта)
Бул өзөктүү түшүнүктөрдү, чыгарманы ар тараптуу чагылдыруу үчүн графикалык уюштуруу: каармандар, сюжет, композиция, көркөм кептин өзгөчөлүгү, баалуулуктар. Булар тема боюнча оозеки презентация же жазуу иштери үчүн негиз болуп берет. Бул графикалык уюштургучтар окуп жаткан учурда тема боюнча аңгеме түзүү, чыгарманын каарманына мүнөздөмө берүү, чыгармага карата жеке мамилени билдирүүгө жардам берет.
Кластер түзүүнүн кадамдары:
- Борборго өзөк сөздөрдү жазгыла. Теманы айлананын ичине жазгыла.
- Өзөк сөздөрдөн жебе-нур сызып, тиги же бул түшүнүктүн маанилик талаасын көрсөткүлө. Түшүнүктөрдү, ассоциацияларды, идеяларды ж.б. өзөк сөздөр жазылган айланага-спутниктерге жазгыла.
- Жазуу процессинде түшүнүктөрдүн ортосун байланыштыргыла.
Эс-тутум картасы
Эс-тутум картасы – түшүнүктөрдүн ортосундагы байланыштарды (себеп-натыйжа, маанилик, ассоциативдик) чагылдырган маалыматтарды сүрөттөөчү графикалык түрдөгү технология.
Интеллект–карта
Мисалдар
Алтын текче
Капталган кара мукаба үн-сөзсүз,
Михаил Светлов
Барактар түпкө кирип, бекемирээк кучакташып,
Китеп кыймылсыз.
Адамдын жылуу колун көздөй култ коюуга умтулат.
Окулуп аягына чыга элек аңгемени ыргытып,
Кожоюн чыгып, ачкычты илди.
Бүгүн ал акыркы элүү тыйынын Зоро баатыр менен бир саамга жолугуу үчүн сарптады.
Ал үчүнчү орундун мыктысына, жеке
Ага гана арналган отургучка,
Тыюу салынган бактагы жалбырактарды тытмалап,
Зоро келинчекти кантип уурдай турганын көрүү үчүн отурду.
Он эки сержант жана он капрал
Аны курчап турушат, бирок беткап качып чыгат,
Мына ат үстүндө зоокалар менен сызып баратат.
Элге такалардан чыккан чаң чачылат.
Мына асканын уркуйган жеринде.
Эр жүрөк Зоро душман менен бет келди.
Анткени менен байкуш китеп?
Ушундай муштумдан чыккан катуу соккуну көргөзө алмак беле?
Алтын текче – бул сүйүктүү китептер коюла турган текче. «Алтын текче» метафорасын жазуучу Ю. Олеша ойлоп тапкан. Ал адам улам-улам кайрылып тура турган, сүйүктүү китептер жайгашкан орунду атаган. Бул китептер «ушундай жазылган, аларды кечигип, чоңоюп калган учурда окусаңыз, анда сиз үчүн тартуулануучу ырахатты эч качан ала албайсыз – улам чоңойгон сайын анын бардыгы учуп кете берет». Ар бир китепке олуттуу караган адамдын жылдардын өтүшү менен өзүнүн «алтын текчеси» пайда болот. Ал балким болгону тогуз-он китеп болоттур, бирок татыктуу китептер! (А. Крестинский)
Чоңдордун жана балдардын сүйүктүү китептери
Улуу Британиянын жана Американын белгилүү жазуучулары «Жазуучулар өздөрүнүн сүйүктүү китептерин тандашат» деген шарттуу аталыштагы сурамжылоого катышышкан. 125 катышуучунун арасында төмөнкүлөр болгон: Норман Мейлер (Norman Mailer), Стивен Кинг (Stephen King), Энн Патчетт (Ann Patchett), Жонатан Франзен (Jonathan Franzen) жана Жойс Кэрол Оутс (Joyce Carol Oates). Жалпысынан жазуучуларга 544 чыгарма сунушталган.
Топтолгон упайларга жараша бардык мезгилдердин 10 улуу жазуучусу аныкталган:
- Лев Толстой – 327
- Уильям Шекспир – 293
- Джеймс Джойс – 194
- Владимир Набоков – 190
- Федор Достоевский – 177
- Уильям Фолкнер – 173
- Чарльз Диккенс – 168
- Антон Чехов – 165
- Гюстав Флобер – 163
- Джейн Остин – 161
Өспүрүмгө эмнелерди окуп берүүгө болот?
Таасирлер, ой жүгүртүү, эссе
Июнь Ли, кытай тектүү америкалык жазуучу
…Окугандан кийин өзүмдү сезген китеп, таң калыштуусу орус китеби болчу, аны мен Кытайда жашаган учурумда окугам, — Иван Тургеневдин кытай тилине которулган «Прозадагы ырлары» …Он эки жашымда мына ушул чыныгы адабият экендигин түшүндүм: кийинчерээк мен туш болгон нерселердин бардыгын Тургенев ойготкон болчу. Прозадагы ырларды кытай тилинде эстеп калып, үзүндүлөрдү айта алчумун, бир аз мурда бул чыгарманы англис тилинде окуп чыктым, Тургенев тартуулаган сезимдерди кайра баштан өткөрүүгө туура келди. Сенин жашооңдогу эң мыкты жазуучулар – булар сенден эч убакта, чоңоюп, башка адамга айланып калган учурда да кетпейт. Жашоодо бир гана жолу жолугуп калып, жакын досторуңан кабар алып тургансып, дайыма кайрыла бересиң.
А. Крестинский
(«Алтын текчедеги» китеп (О Ю.Олешанын «Үч толмоч» романы тууралуу))
Эсимде, эжем мага китепти берип жатып, кабагын бүркөп, абдан олуттуу көз карашы менен бул кандай баалулук экендигин баса көрсөткөндөй болгон … Мен китепти кандайдыр бир таң калыштуу толкундануу менен окуп чыккам. Эки сезим мени бийлеп алган: тезирээк андан ары эмне боло тургандыгын билүү жана ырахаттануунун дагы узагыраак созулушун каалоо. Эсимде, китептеги бир учур мени абдан чочутуп койду. Суок Просперону бошотом деп жапайы айбандарды багуучу жайга келгенде, ал жерден карышкырга окшош, адам кейпинен айрылган коркунучтуу жандыкты көрөт. Бул Трех Толстяковдун буйругу менен эчактан бери камакта жаткан илимпоз Туб болчу. Мен бул китеп менен чоңойдум. Аны менен өмүрүмдүн өтө көп кызыктуу бөлүгүн өткөрдүм, ал менин бир бөлүгүм, каармандары – биротоло жакын адамдарым болуп калды. Чыныгы искусство адамды бай жана бактылуу кылат. Мына жомокту эле алалычы – ал мага канчалаган кубанычтарды алып келди! Менин «алтын текчемде» Олешанын жомогу турат.
М. Цветаева («Менин Пушкиним» китебинен)
…Мен Онегинге эмес, Онегинге жана Татьянага ашык болдуп калдым (а балким Татьянага бир аз көбүрөөк), экөөнү тең бирге, сүйүүгө… Алар олтур-ба-ган отургуч, жазмыш экен. Мен ошондо да, ошондон кийин да эч сүйгөн жокмун, өбүшүп аткан учурда, дайыма – ажырашкан учурда да. … Эгер мен кийин өмүр бою биринчи болуп жазсам, биринчи болуп колуму сунсам… анда бир гана менин күндөрүмдүн таңында китептеги шам алдында турган, уйпаланган, көкүрөгүнөн ылдай коё берген чачтары, менин көз алдымдагы Татьяна – өзүнүкүн жасады. Эгер мен кийин кетип аткандарга (дайыма - кетишчү) колуму сунмак турсун, кайрылып карап да койбосом, анын себеби, ошондо бакта Татьяна айкелдей катып турган… Эр жүрөктүүлүктүн сабагы. Сынбастыктын сабагы. Ишенимдин сабагы. Тагдыр сабагы. Жалгыздык сабагы. Кайсы элдерде ушундай – сүйүү каарманы бар: эр жүрөк жана татыктуу, сүйүп – баш ийбеген, алдын ала көрө алган – сүйө билген!.
Надя Рушева аттуу жаш сүрөтчүнүн чыгармачылыгы тууралуу талашып-тартышып, азыркыга чейин айтып келе жатышат. Ал болгону 17 жыл жашап, искусстводо өз изин калтырып кетти. Ал көп окуп, таасирлерин кагазга түшүргөн: «Мен аларды алдын ала көрө алам…, А.С. Пушкиндин «Евгений Онегин» аттуу романынын каарманы Татьяна Ларина, Рушеванын сүйүктүү каармандары болуп калды. Анын образына сүрөтчү көп кайрылган: Татьянаны бала менен тарткан; сүйгөнүнө кат жазып аткан кызды; балда жаркылдаган айымды. Жаш сүрөтчүнүн сүйүктүү темаларынын бири Байыркы Грециянын мифтеринин жана искусствосунун каармандары болгон. Рушеванын коллекциясын сактоочу Лидия Карнаухованын айтуусу боюнча: «Эллада анын чыгармачылыгынын таза, жаркын булагы болчу. Байыркы Грециянын искусствосу аркылуу ал адам жана жаныбарлардын пропорцияларынын гармониясын, жагымдуу линиянын жеңилдигин өздөштүргөн». Надя Рушеванын китепканасында Антуан де Сент-Экзюперинин «Кичинекей принц» аттуу китеби бар болчу. Сүрөтчү каармандарды өзү кандай көрсө, ошондой кылып тарткан. Башкы каарман арык, көздөрү чоң, тикирейе караган көз карашы бар эле. Ал эми Түлкү окурмандардын астына биринчи ирет адам кейпинде чыккан. Надя Рушева «Кичинекей принц» боюнча бардыгы болуп 30 сүрөт тарткан.
Көркөм окуу деген эмне?
Көркөм окуу, демек - К.С. Станиславскийдин айтканы боюнча, «сөз менен аракет кылуу» б.а. угуучуга өзүнүн эрки менен таасир этүү (үн, интонация, кептин темпи), текстти ал кандай көрсө, же кандай мамиле жасаса, башкаларды ошондой көрүүгө мажбурлоо. Прозаны (тамсилдерди, аңгемелерди, жомокторду, мифтерди) жана ырларды окуунун айырмачылыктары бар . Жомок, миф, аңгеме, тамсилдерди кантип окуш керек?. Ар бир жанр окуп жатканда көңүл бөлө турган белгилүү бир нюанстарга ээ. Бул аткаруучуга ар бир чыгарма үчүн интонациялык варианттарды издөөгө жардам берет..
Жанр жана кырааты менен окуунун өзгөчөлүктөрү
Жомоктор
Мисалдар
«Али-Баба жана кырк каракчы» жомогу
Өлгөн ханыша жана жети баатыр жөнүндө жомок. А. С. Пушкиндин жомоктору
Тамсилдер
Мисалдар
Театр жана кино актеру Алексей Николаевич Грибов И.А. Крыловдун «Күзгу жана маймыл» тамсилин окуйт
Григорий Сиятвинда читает басню Ивана Андреевича Крылова «Две собаки»
Ыр кантип окулат
«Гүлдөрдүн кооздугу жашыл жалбырактар менен ачылган сыяктуу, ырлар чебер окуганда гана өзүнүн күчүнө кирет», – деп айткан индия акыны Рабиндранат Тагор. Прозалык чыгарманы окуган учурда да, лирикалык ырларды окуган учурда да тек гана сөздү айтып коюу жетишсиз. “Лирика” деген аталыштын өзү поэтикалык чыгармалар адегенде лиранын коштоосунда аткарылгандыгын эске салат. Поэтикалык эргүүнүн символу сыйкырдуу канаттуу ат Пегас болуп саналат. Анын ата-энелери деңиз кудайы Посейдон менен горгона Медуза болгон. Ат шамалдай тез учкан. Тоодо жашаган. Такасы менен жерди бир тээп Гиппокрендин («Аттын булагы») булагын чыгарат, анын суусу акындарга эргүү берет. Мына ошондуктан «Пегасты токунуу» – эргиген ырларды жазуу, дагы кенен маанисинде – акын болуу.
Дүйнөлүк маданиятта Пегас – бул эргүүнүн символу жана бардык чыгармачыл адамдардын колдоочусу. Поэтикалык чыгармаларды жаратууу менен аларды көркөм аткаруу да чыгармачылык процесс болуп саналат. Көркөм окуу көркөм триаданын жардамы менен ишке ашат: окуу техникасы, окуу логикасы жана эмоционалдык-образдык көркөмдүк. Кептеги көркөмдүүлүктүн башкы каражаты – чыгарманын интонациясы. Интонация текстти аңдоодон, автордун оюн, ниетин түшүнүүдөн жана каармандарга, алардын жорук-жосундарына, окуяларга карата аң сезимдүү мамиледен кийин келип чыгат.
Көркөм окуунун өз ара байланыштагы үч компоненти
- Кеп техникасы. Үн менен иштөө, үндү башкара билүү (акырын-катуу, тез-жай), дикция, тыбыш, сөз, фразаларды так жана туура айтуу (бул кеп техникасы жана орфоэпиялык сабаттуулук).
- Кеп логикасы. Логикалык тактык – бул логикалык басым жана логикалык тынымдарды коюу. Ырларда ыргакты сактоо үчүн тынымды саптардын аягына коёт, маанини берүү жана логикалык басым үчүн ортосуна коюлат. Логикалык басым түйүндүү маанини алып жүрүүчү сөзгө коюлат.
- Логикалык тыным – сөздү үн менен бөлүү, сөзгө үн менен басым жасоо.
- Эмоционалдык-образдык көркөмдүүлүк – маанайды, сезимдерин, автордун ойлорун: бул жерде – ойго батуу, бул жерде – кубаныч, суктануу, куштарлануу, кайгыны берүү ж.б.
Ыр эмне үчүн окулат
Ыр деген эмне?
Биздин жүрөгүбүздүн кагышынын музыкасы?
Биздин акылыбыздын сырдуу обонубу?
Акыл жана кыялдын бийиби?
Ыр, сен эмнесиң?
Сен – суктануусуң! Сен – жарк эткен нурсуң!
Көз ирмемге ачылган түбөлүктүүлүпү?
Сырдуу дүйнө менен ачылыштын биригүүсүбү …
– Ооба! – Ыр макул болот!
– Мына ушунун бардыгы
Менмин – мен экендигим шексиз! Мен – эргүүмүн!
Мен жарк эткен нурмун!
Мен Кайталангыс кайталануумун.
Бирок, угулуп-угулбастан кошумчалайт.
Балким, мен курулай эле көтөрүп айтып аткандырмын.
Мен – болгону маңызсыз калжыракмын.
Эгер менин окурманым жок болсо.
Сен эргип, нурланып,
Сен менин окурманымсың, жан дүйнөңү талант аралаган.
Сен көкүрөктөгү жүрөгүмдөн да керектүүсүң.
Күтөм. Кел.
Ырлар биздин жан дүйнөбүздү бакубаттантып эл тим бобостон, мээбизди да өнүктүрөт. Ливерпуль университетинин изилдөчүлөрү (Улуу Британия), В. Шекспир, У. Вордсворт, Том Стернз Элиоттун жана башка англис поэзиясынын каймактарынын чыгармаларын окуган адамдарга байкоо салуу эксперимент жүргүзүүчүлөр алардын мээси кандай иштей турганын талдоого алышкан. Көрсө, поэзияны окуган учурда нейрондор ар бир сөзгө көңүл бурат экен. Айрыкча мээ өзгөчө поэтикалык саптарга таасирленет экен.
Жогорку поэзия илимпоздор таап чыккандай мээнин ашыкча козголуусун пайда кылат. Кадыреес эмес сөздү же сүйлөмдүн үстүндө иштөө менен мээ баштапкы абалына кайтып келбестен, кандайдыр бир кошумча импульсту сактап, ал андан ары окууга түртөт.
Көркөм окууну катыра окугандардан үйрөнөбүз
Чыгарма китептин барактарынан сахнага кадам ташташы үчүн, анын үстүнөн иштөө зарыл, аны сезүү керек. Бул чыгармачылык – ырды эл астында окуу – балким, кызыгуу болушу мүмкүн. Ырды мыкты окугандарды укканда ал эмне тууралуу сүйлөп атканын көрүп тургандай болосуң, мурда тааныш чыгарманы жаңыдан түшүнөсүң, аткаруучунун маанайына сүңгүп киресиң. Ыр окугандардын видео жазууларын көрүп, адиожазууларды угуп чыгарманы туура интонациялык боёк менен окууну үйрөнүүгө болот.
-
Алексей Лямин. Редьярд Киплинг. «Сотый» -
Елизавета Бугулова – «Аттарга жакшы мамиле», В. Маяковский Синяя птица 2016
Александр Водяной. Р. Стивенсон. «Вересковый мёд» (пер. С. Маршака). Диафильм-
Николай Цискаридзе. Редьярд Киплинг. «Эгер» (С. Маршак которгон)
Көркөм окуган жаштарга кеңеш
Байыркы грек Орфейиндей кооз сүйлөгөн акындар сөздөрү менен өзүнө тартып, кудайындай сыйынууга мажбурлашкан. Азыр да так, кооз сүйлөй алган адамдар бизнесте чоң ийгиликтерге жетишип, айланасындагылардын ишенимдерине кире алышат. Ошондуктан өзүңдүн кебиң, сүйлөө жөндөмүңдүн үстүндө иштөө керек. Эгер ырды кантип көркөм окууга боло тургандыгын билгиң келес, анда төмөндө берилген кеңештерге назарыңарды бургула.
«Кандай гана кызыктуу чыгарма! Сен абдан сонун окудуң!», – деп көркөм окуган адамга айтыш үчүн бир катар сунуштарды эске алуу зарыл.
- Ырдын авторун жана аталышын айтууну унутпагыла.
- Ырдын мазмунун жана ырдагы маанайды түшүнүүгө аракеттенгиле.
- Тыныш белгилерине көңүл бургула..
- Ырдын ар бир сабында түйүндүү сөз же сүйлөмдү аныктагыла.
- Кайсы жерде жана кандай тыным сактала турганын ойлонгула.
- Унутпагыла: сиз эмнени окуп атканыңызды да, кантип окуп атканыңызды да угушат.
Дикциянын тактыгы
Наталья Козелкова, Оrator Clubдын окутуучусу, тренер коммуникация жана үндү тарбиялоо боюнча машыктыруучу, диктор жана телеалыпбаруучу дикцияны кантип жакшыртуу жана оңдоону көрсөтөт. Педагогдун үлгүлүү кеби, практикалык кеңештери, мисалдар, көнүгүүлөр аркылуу өткөн мастер-класстарынан улам ал белгилүү болгон.
Глоссарий
- Лихачёв Дми́трий Серге́евич (1906-1999) — филолог, культуролог, искусствотаанучу. Ишмердүүлүгүнүн бардык жылдарында маданияттын жигердүү сакчысы, адеп-ахлактын, руханияттын пропагандалоочусу болгон.
- Патетикалык [тэ]. Жалындуу, толкунданган, пафостуу. Патетикалык тон. Патетикалык кеп. Патетикалык симфония.
- Проза — кара сөз, көркөм кептин бир түрү, ыр түрүндө эмес айтылуучу кеп.
- Рекуненко Валентин Васильевич – – украиндик сүрөтчү, жомоктордун сюжетине сүрөт тартат.
- Триллер (от англ. thrill — нерв дирилдөөсү, толкундануу), окуялуу фильмдин өзгөчө тиби, анын максаты – көрүүчүлөргө коркуу, толкундануу жаратуу..
- Классика (латын тилинен classicus – үлгү, биринчи класстагы) – улуттук жана дүйнөлүк маданият үчүн мааниси зор, белгилүү жана жалпыга таанылган адабият жана искусство чыгармалары.
- Нарратив (англ. narrative – аңгеме, повесть). Маанилүү окуяларды сүрөттөө жолу менен фактыларды берүү.
- Фэнтези – негизинде мифологиялык жана жомоктук мотивдер жаткан көркөм чыгармалардын жанры. Илимий фантастикадан айырмаланып, дүйнөнү жана каармандардын мүмкүнчүлүктөрүн рационалдык көз караштан түшүндүрүүгө аракеттенбейт.
Библиография
- Элиот. Дж. Мировая литература в инфографике. – СПб: Питер, 2017. – 160 с.
- Бьюзен Т. и Б. Супермышление. – Минск: ООО «Попурри», 2003. – 304 с.
- Граник Г.Г., Борисенко Н.А. Понимание текста на уроках русского языка и литературы. Журнал «Русский язык» №23/2007. Дата посещения 13.11.2017. http://rus.1september.ru/article.php?ID=200702304
- Кучма А. О чтении книг за компьютером. Сайт To Tell The Truth. //http://gimrock.blogspot.ru/2012/03/blog-post_15.html. Дата публикации 15 марта 2012 г. Дата посещения 13.11.2017.
- Любопытные факты о книгах. Сайт SOFTMIXER. Сетевой журнал. Доступно: //http://www.softmixer.com/2014/04/blog-post_14.html Дата посещения 29.10.2017.
- Методика выразительного чтения. – М.: Просвещение, 1977. – 176 с.
- Пеннак Д. Как роман: Эссе / Пер. с фр. Н.Шаховской. — М.: Самокат, 2005. — 190 с.
- Художник Михаил Нестеров. Картины. Сайт: http://www.liveinternet.ru/users/5219213/post286420286//
- Я – сыщик. Читаем и вчитываемся. Сайт iTrex. Languageservices//Доступно: https://itrex.ru/news/ya-syshchik/
Пайдалуу шилтемелер
Четкость дикции: Сайт «Ютуб» [Электрондук ресурс] // URL: https://youtu.be/heEHPmRDKGE Наталья Козелкова, преподаватель Orator Club, тренер по коммуникации и постановке голоса, диктор и телеведущая. Образцовая речь педагога, практические советы с примерами и упражнениями сделали её мастер-классы популярными. Другие уроки педагога можно посмотреть и скачать для использования, перейдя по ссылке.
Читаем книги на компьютере: Сайт: «To Tell The Truth» [Электрондук ресурс] // URL: .// http://gimrock.blogspot.ru/2012/03/blog-post_15.html.
КНИЖНЫЕ ПОЛКИ #1: МОИ САМЫЕ ЛЮБИМЫЕ КНИГИ: Сайт «Ютуб» [Электрондук ресурс] // URL: https://youtu.be/GVpQuAV4hmc
Моя Домашняя Библиотека II Любимые книги x Anthony Uly: Сайт «Ютуб» [Электрондук ресурс] // URL: - https://www.youtube.com/watch?v=IvWl1Tj_9F0
1) Окубай койгонго укуктуусуз;
2) Кызыксыз жерлерин таштап, секирип кетүүгө укуктуусуз;
3) Эгер китеп жакпаса аягына чейин окубай коюуга укуктуу!;
4) Бир китепти канча кааласа, ошончо кайра-кайра окуганга укуктуу!;
5) Колуна тийгенди окуганга укуктуу;
6) «Башы чыкпай» окуганга укуктуусуз;
7) Жер тандабай окуганга укуктуу;
8) Үн чыгарып окуганга укуктуу;
9) Каалаган жерден баштап окуганга укуктуу (сиз китепти аягынан баштап окусаңыз да болот).;
10) Окуганыңыз тууралуу үн катпай коюуга укуктуусуз;
11) Өзүңүздүн ойлоруңуз жана таасирлериңизди бөлүшө аласыз; Башкысы – окугандан ырахат ала билүү.
(Д. Пеннак «Роман сыяктуу». – М.: Самокат, 2005)
1. Китеп көп болсо
Киришүүдөн мурда көп китепти үйүп алуудан өткөн жаман нерсе жок. Жакшысы бир-эки китеп сатып алып, каалоо пайда болгондо дагы кызыктуусун таап окуган оңдуу. Китеп «үймөгү» канчалык чоң болсо, чыгынып киришүү кыйын болот.
2. Алдын ала таанышуу
Китепти сатып же жүктөп алуудан мурун,эринбестен ал эмне жөнүндө экендигин, анын автору ким экендигине кызыгыңыз. Прагматик болуңуз: жөн гана жашабагыла, өмүр абдан кыска.
3. Таанышуу – 50 барак.
Билесиздерби, илимпоздор адамдар таанышкан алгачкы 15-30 секундда адамдар кийинки өз ара мамилелери кандай боло тургандыгын бейаң түрүндө чечишет. Ошол сыяктуу адам менен китептин ортосунда да болот: алгачкы он барак китепти андан ары улантуу керекпи, же кереги жокпу көрүнөт.
4. Калемсапты колдонгула
Белгилеп жазып, цитаталардын астын сызгыла, мына ошондо сиз чындап китептен ырахат аласыз. Китепти «өзүмдүк» кылыңыз – аны менчиктеп алыңыз.
5. Күн сайын 20 – 50 барактан
Эгер китеп окуганга күн сайын бир сааттан сарптасаңыз, бир айда үч-төрт китеп окуп коёсуз! Ал эми бир жылда 50 китеп окуганга жетишесеңиз болот!
6. Ар кандай жанрда
Бир гана нерсеге токтоп калбаңыз – китептен тажабастан, таанууңузду кеңейтесиз. Ар тараптуу өнүкөн адам менен аңгемелешүү жагымдуу.
7. Окуганды талкуулоо
Мыйзамченемдүүлүк жашайт: биз окуганыбызды башка адамга берүү/түшүндүрүү менен өзүбүз жакшылап түшүнөбүз. Билимиңиздерди досторуңар менен бөлүшкүлө, китеп тууралуу айтып бергиле. Өзүңөрдүн блогуңарды ачып, рецензия, пикирлериңер менен бөлүшкүлө.
Эфиопияда бир нече жыл мурун Пушкинге эстелик тургузушкан. Кооз мармар постаментте «Биздин акынга» деген сөздөр чегип жазылган.
1. Интеллекти өнүктүрүү
Китеп окугандардын интеллекти окубагандардыкына караганда орто эсеп менен 10% га жогору.
2. Элестетүүнүн өнүгүшү
Китептер биздин фантазиябызды бай жана ар тараптуу кылат.
3. Кругозордун кеңейиши
Китеп окуу менен биз ар түрдүү маданияттар, кийим-кече, турмуш тиричилик тууралуу билебиз; адам психологиясынын дүйнөсүнө сүңгүп киребиз.
4. Эске тутууну машыктыруу
Китеп окуу менен биз каармандардын аттарын, окуя өткөн жерлерди, каармандардын ортосундагы өз ара мамилелерди билебиз.
5. Креативдүү ойлоно билүү..
Китеп окуган адамдар, көп учурда креативдүү ойлонуп жана аракеттенишет
6. Стресс менен күрөшүү
Окуу адамды башка дүйнөгө алып барат. Биз каармандардын тагдырлары, алардын жорук-жосундары жана чечимдеринин үстүндө ой жүгүртөбүз. Бул бизди күнүмдүк көйгөйлөрдөн алаксытат.
7. Сулуулукту байкай билүү
Окуу менен биз кунт коё билүү, чыдамдуу, кылдат боло алабыз. Бул күнүмдүк жашоодо кооздукту байкай билүү, кубанууга негиз таба билүүгө жардам берет.
Окуу залы. Китепканачыга жогорку класстын окуучусу кайрылат:
– Сизде көркөм адабият барбы?
– Бар.
– Классика барбы?
– Бар.
– Анда классикадан эмнелер бар экендигин санап чыгыңызчы, антпесе эмне тапшырма бергенин унутуп калыпмын!
Тизмеге биз жаш гана жазуучуларды киргиздик. Мында «жаш» сөзү ВОЗ формулировкасында колдонулат, башкача айтканда, бул 44ке чейинки адамдар.