Дүйнөлүк адабият: Каармандар дүйнөсүнө сүңгүп — различия между версиями
Admine2 (обсуждение | вклад) (→Бибилиография:) |
Admine2 (обсуждение | вклад) (→Ойдон чыгарылган каармандар) |
||
Строка 209: | Строка 209: | ||
</li> | </li> | ||
<li> | <li> | ||
− | [[Файл: | + | [[Файл:HobbitKG.jpg|450px|]] |
</li> | </li> | ||
</ul> | </ul> |
Версия 10:15, 5 сентября 2018
Адабий каарман деп көркөм чыгармадагы сюжеттин өнүгүшүндөгү негизги, өзүнө өзгөчө көңул бурдурган борбордук персонаждар аталат. |
Кичинебизден тартып биз эр жүрөк жоокерлер, баатыр адамдар, берилген, коркпос жаныбарлар тууралуу аңгемелерди угабыз, окуйбуз. Биздин түшүнүгүбүздө баатыр – бул эр жүрөк, кайратман кайсы мүнөттө болбосун жардамга кол суна турган адам. Аларга суктанып, мактап,алар тууралу узун жомок кеп кылышат... көпчүлүктүн түшүнүгүндө баатыр деген ушундай болот. Катардагы карапайым адамдар үчүн алар бийиктикте тургансыйт. Чындап эле ушундайбы? Жакшылап үңүлсөк баатырлардын насили – катардагы эле адамдар. Аларды башкалардан айырмалап турган жалгыз өзгөчөлүгү аладын жашоодогу максаты. Дал ушул сыяктуу көптөгөн адабий каармандар үчүн ал максат – элге кызмат кылуу.
Содержание
Адабий каармандар жана алардын прототиптери
Адабий каармандар автор тарабынан ойдон чыгарылат. Дээрлик дайыма …Кээде алар турмушта жашаган учурлар да кездешет. Прототип – бул образды жаратууга негиз болгон так тарыхый же авторго замандаш инсан …
Персонаждан адабий мүнөзгө жана түбөлүк образга карай
«Лирикалык персонаж» деп айтылбайт – «лирикалык каарман» гана бар.
Образ – кеңири түшүнүк, адабият жана искусстводогу образ – чындыкты чагылдыруунун ыкмасы, көркөм жалпылоонун жыйынтыгы: таияттын образы, мекендин образы, шаардын образы, адабий каармандын образы, автордун образы (автордук кепти шарттуу алып жүрүүчү, жазуучунун өзү эмес, анткени чыгармачыл элестетүүнүн түшүмү). Образ – бул адамга мүнөздүү өзгөчөлүктү көркөм жалпылоо, жеке каармандын мүнөзүнүн белгилери. .
Түбөлүктүү образ
“Түбөлүк образ” деп качандыр бир убакта автор тарабынан же фольклордо жаралган каарман аталат. Ал ушунчалык өзгөчө болгондуктан бир нече жылдар, доорлор өткөндөн кийин да башка авторлор анын негизинде өздөрүнүн каармандарын жаратышат, кээде башка ысым ыйгарып коюшат. Мына ушундай каармандарга: жел тегирмен менен алышкан Дон Кихот, элдик балладалардын каарманы Робин Гуд, даанышман жана делбе чалыш Кожо Насирдин жана башка көптөгөн каармандар кирет.
Ар түрдүү каармандар
Мифтердин каармандары
Байыркы грек мифологиясында «баатырлар» деп аталган персонаждардын классы бар.
Баатырлар – кудайдын жана кадыресе адамдардын балдары (же алардын тукумдары).
Баатырлар кудайлардан ажал жетип өлө турганы менен айырмаланган. Баатырлар өзгөчө, адаттан тыш кайрат-күчкө, чыгармачыл шык-жөндөмгө ээ болушкан, бирок өлбөс болушкан эмес. Баатырлар адамдардын жашоосуна тартип жана адилеттик орнотушуп, жерде кудайлардын эркин аткарышкан. Ата-энеси кудай болгондуктан алар мүмкүн болгон баатырдыктын баарын жасашкан. Баатырлар бийик орунга коюлуп, алар тууралуу уламыштар муундан муунга өткөн.
Байыркы грек мифтеринин каармандары Ахилл, Геракл, Одиссей, Персей, Прометей, Тесей, Ясон, Гектор, Беллерофонт, Орфей, Пелоп, Фороней, Эней.
Драмалык чыгармалардын каармандары
Драмалык чыгармаларда (пьесаларда) баяндоочулук, автордун түшүндүрмөлөрү орун албайт, каармандардын мүнөзү, алардын кеби, жүрүм-туруму жана аракеттери аркылуу ачылып берилет.
Драмадагы диалог – окуянын жана конфликттин өнүгүүсүнүн негизги каражаты, мүнөздү чагылдыруунун негизги ыкмасы. Ал аркылуу каармандын ички жана тышкы жашоосу ачылып берилет: алардын көз караштары, кызыкчылыктары, турмуштук позициясы, сезимдери жана толгонуулары.
Драмалык чыгармаларга төмөнкүлөр кирет: “Кемпай” (Д.И. Фонвизин), “Дворянчылыктагы мещан” (Жан-Батист Мольер), “Ромео жана Жульетта” (У. Шекспир), “Акылдан азап” (А.С. Грибоедов) ж.б.
Адаттан тыш каармандар
Чыгарманын каармандары жалаң гана адамдар эле боло бербейт. Көп учурда башкы каармандар жаныбарлар, балыктар, чымчыктар, ал тургай башка планетанын келгиндери болушат ….Бирок көп учурда китептерде биз адамдарга жакын, берилген жандыктарды кездештиребиз – ит. Анын берилгендиги, ак пейилдүүлүгү, адамга кызмат кылууга жан үрөгөндүгү окурманды кайдыгер калтырбайт. Адаттан тыш каармандардын кызыктуу тагдыры тууралуу мына ушул баракта берилген китептерден тааныша аласыз.
Аталган чыгармалардан үзүндүлөрдү көркөм окууну уккула
Рассказ Каштанка
Аудиокнига
Сокращённый вариант повести "Белый Клык"
Автор: Джек Лондон
Музыка: Карло Рустикелли
Читает: Александр Водяной
Выпуск: 1969 г.
Ойдон чыгарылган каармандар
Корутунду
Мына ушунтип, адабий каармандар адамдар, жаныбарлар, мифологиялык жана фантастикалык жандыктар, жансыз предметтер, тарыхый инсандар жана бүтүндөй бир эл болушу мүмкүн. Ошентсе да, адабий каармандар ким болбосун аларды бир нерсе бириктирип турат: алар адамга таандык сапаттардын, жана аракеттердин жалпыланышы болуп саналат. Башкысы, сиз татыктуу каарманды үлгү тутканды билиңиз. Андай каармандар адабиятта толтура!
Адабий каармандын мүнөздөмөсү
Каармандын тышкы кейпи
- Портрети: каарманды башкалардан айырмалап турган келбети, жүзү, дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү.
- Кийимин да, тиги же бул мүнөздүн сапаттарын чагылдырат.
- Сөзү. Каармандын сөздөрү анын тышкы кейпинен кем эмес, каарманды мүнөздөп берет.
- Курак, айрым кыймыл-аракеттерди аныктоочу чоң мүмкүнчүлүккө ээ.
- Алектенген иши, коомго аралашуусунун деңгээли, коомдогу ордун көрсөтөт.
- Өмүр тарыхы. Каарманга тарыхый тактыкты берген маалыматтар: ата-энеси, ал жашаган өлкө, анын бала чагы, өспүрүм курагы
Каармандын ички абалы-кейпи
- Этикалык ишенимдери жана дүйнө таанымы, багыт алган баалуулуктары.
- Анын ар тараптуу ички жан дүйнөсүн чагылдырган ишенимдери жана ой жүгүртүүлөрү
- Каармандын руханий дүйнөсүндөгү орун алгандыгын аныктоочу ишеним (анын жоктугу).
- Жүрүм-туруму жана сүйлөгөн сөздөрү.
Каармандын мүнөзү бул анын сүрөттөлүшү. Мүнөз түзүүдөгү автордун милдети – ыраатташтыруу, каарман тууралуу маалыматты жалпылаштыруу жана корутунду чыгаруу.
Негизги адабий багыттар
Адабий каармандардын музейлери
Самсон Вырин, мистер Шерлок Холмс, Аяз кыз жана Кичинекей принцти эмне байланыштырып турат? Жооп: мына ушул каармандардын бардыгынын музейлери бар. Ойдон чыгарылган каарман, аны түзүүчүсү үчүн бул абдан зор сыймык. Себеби адабий каармандын музейи – анын эң мыкты далили. Авторго жалпы элдин урматы, анын талантынын айныксыз тастыкталышы.
Корутунду
Ушуну менен эле адабий каармандардын музейлери чектелип калбайт. Мисалы, Бельгиядагы Тиль Уленшпигелдин, Финляндиядагы Муми-троллдордун*, Швейцариядагы Вильгельм Тель, Канададагы Том байкенин музейи ….мына ушунтип ойдон чыгаруу чындыкка, ал эми миф тарыхка айланат.
Баса, сиздин оюңузча дагы кайсы адабий каармандар музей түзүүгө татыктуу?
Каармандар экранда
Китептер көңүл эргитип, дем берип, элесетүүнү-кыялданууну өнүктүрөт. Окурман өз алдынча башкы каарманды, анын кабатырланууларын кандай ойлогонуна жараша сүрөтүн тартат. Эч кандай ортомчу болбойт. Сиз өзүңүз гана автордун жазгандарын ачыктап, башыңызда сүрөтүн тартасыз. Окуу – кызыктуу жана дүйнөнү таанытат. Кино тасма көрүү өтө кызыктуу жана өзүнө тартып алат. Сапаты мыкты кино тасма жакшы китепке барабар, адамдардын рухий өнүгүүсүнө түрткү берет. Бүт жан дүйнөң менен толгонткон өзүңдүн каарманыңы кинотасмадан, басылмалардан да табууга болот.
Адабий чыгармалардын негизинде тартылган көркөм кино тасмаларды көрүңүз. Каармандарды тааный алат бекенсиз? Сиз кандай элестетттиңиз эле? Көрүнбөс адам, Робинзон Крузо, Печорин жана Онегинди ушундай элестеттиңиз беле?
Глоссарий
- Денис Иванович Фонвизин — “Кемпай” аттуу биринчи социалдык-саясий комедиянын атвору, чыгармада коомдун кемчиликтери ашкереленет.
- Алтын дүрбөлөңү (англ. gold rush) — жаңы ачылган кендердеги уюшулбаган массалык алтын казып алуу.
- Лирикалык каарман — лирикалык чыгармадагы каармандын образы, автордун дүйнө кабылдоосун чагылдыруучу кабатырлануу, сезим жана ойлор.
- Муми Троллдор — фин жазуучусу Туве Янссон жазган китептердин серияларынын борбордук каармандары.
- При́квел — окуянын мезгили чыгарма жазылганга чейин болуп өтүп, анын ички хронологиясы мурда болуп өткөн китеп, кинотасма же компьютердик оюн.
- Робин Гуд (англ. Robin Hood) — орто кылымдардагы англис элинин элдик балладаларындагы белгилүү каарман, токой каракчыларынын жол баштоочусу.
- Сиквел – продолжение книги, романа или кинофильма, создаваемое в связи с успехом произведения литературы или кинематографии.
- Фабула — адабий чыгарманын негизин түзгөн окуялардын ирети.
- Эдуард Николаевич Успенский — советтик, орус жазуучусу, сценарист, балдар китептеринин автору. Ал ойлонуп чыгарган белгилүү каармандардын ичинде – Крокодил Гена жана Чебурашка, Матроскин мышык, Фёдор байке, почточу Печкин, Шарик ит ж.б..
Пайдалуу шилтемелер
Видео
- Отрывок из х/ф «Человек – невидимка». Киноконцерн «Мосфильм». 1984 https://www.youtube.com/watch?v=K3CSWhXOB6kё
- Отрывок из х/ф «Робинзон Крузо». Киностудия «Одесса». 1972 https://www.youtube.com/watch?v=TihIJTZBXUY
- Отрывок из телесериала «Герой нашего времени». 2006. Режиссер А. Котт https://www.youtube.com/watch?v=QG7Q5W_N2QU
- Отрывок из х/ф «Евгений Онегин». Великобритания, США. Кинокомпания «7 Arts International Baby Productions» 1999 https://www.youtube.com/watch?v=6_kyjggnwLU
- Кара кулак, бозгуч Шер («Белый Бим Черное ухо») https://www.youtube.com/watch?v=YX5zgpxi7nE
- Каштан https://www.youtube.com/watch?v=w33YEJtGFXs
- Туздуу (Ф. Кнорреники боюнча) https://www.youtube.com/watch?v=HzQkxyYbAXQ
Аудиокитептер
- Ак азуу https://www.youtube.com/watch?v=cbwYLsgDye4
- Каштан https://www.youtube.com/watch?v=Ghw5Yz44hKE
- Моби Дик, же Ак Кит https://www.youtube.com/watch?v=nRL1TtD2TFs
Бибилиография:
- Элиот. Дж. Мировая литература в инфографике. – СПб: Питер, 2017. – 160 с.
- Персонаж в литературном произведении: Сайт «Studwood.ru» [Электронный ресурс] // URL: https://studwood.ru/1349279/literatura/ponyatie_literaturnogo_haraktera_harakter (дата обращения: 20.11.2017)
- Персонаж в литературном произведении: сайт «Studwood.ru» [Электронный ресурс] // URL: https://studwood.ru/1349279/literatura/ponyatie_literaturnogo_haraktera_harakter (Дата обращения: 27.02.2018)
- Литературный герой и персонаж. Образы и характеры: Сайт «Проза.ру» [Электронный ресурс] // URL: http://www.proza.ru/2013/12/17/1652 (Дата обращения: 27.02.2018)
- Статья “Книга и кино-друзья или соперники?”: Сайт “Любовь Орлова”. [Электронный ресурс] // URL: http://www.lubov-orlova.ru/articles/kniga-i-kino-druzya-ili-soperniki.html (Дата обращения: 27.02.2018)
- Почему принцессу Черногории назвали Алтынай — история ее имени: Сайт «Ру.Спутник.кг» [Электронный ресурс] // URL: https://ru.sputnik.kg/society/20170621/1033941872/kak-altynaj-stala-princessoj-chernogorii-udivitelnaya-istoriya-odnogo-imeni.htmlSputmik Кыргызстан/ Kyrgyz ; https://ru.sputnik.kg/society/20170621/1033941872/kak-altynaj-stala-princessoj-chernogorii-udivitelnaya-istoriya-odnogo-imeni.htmlSputmik Кыргызстан/ Kyrgyz (Дата обращения: 27.02.2018)
- Книги известных литературных писателей: Сайт «Миртесен.ру» [Электронный ресурс] // URL: http://knigi.mirtesen.ru/blog/43580457844/11-samyih-izvestnyih-literaturnyih-personazhey-zhivotnyih (Дата обращения: 27.02.2018)
- Великие русские сказочники: Сайт «Moia Russia» [Электронный ресурс] // URL: https://moiarussia.ru/velikie-russkie-skazochniki/ , https://moiarussia.ru/muzei-literaturnyh-personazhej-v-rossii/ (Дата обращения: 27.02.2018)
- Топ 10:музеи литературных героев: Сайт «Liveinternet» [Электронный ресурс] // URL: http://www.liveinternet.ru/users/fox-cub77/post213999127 (Дата обращения: 27.02.2018)
Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин каарманы Алтынайдын урматына Черногориянын принцессасы Алтинай деп аталган. Черногориялык мураскер принц Никола II Петрович орусиялык басылмалардын бирине берген маегинде, улуу кыргыз жауучусу Чынгыз Айтматовдун повестинин негизинде тартылган Андрон Кончаловскийдин «Биринчи мугалим» аттуу кинотасмасын көргөндөн кийин өзүнүн кызына Алтынай деген ысымды тандаганын айткан.
- Эмне себептен М.Ю. Лермонтов өзүнүн романын «Биздин замандын каарманы» деп атаган?
- М.Ю. Лермонтовдун «Биздин замандын каарманы» чыгармасынын каармандарын салыштыргыла: Печорин жана Грушницкий. Бөлүмдүн материалын колдонуп, ар бирин мүнөздөгүлө.
- Классицизм: «Кемпай»
- Сентиментализм: «Байкуш Лиза»
- Романтизм: «Мцыри»
- Реализм: «Бекетчи»