География: Кыргыз Республикасынын чарбасы — различия между версиями
Msu02 (обсуждение | вклад) м (5) |
Msu02 (обсуждение | вклад) м (изменено) |
||
Строка 7: | Строка 7: | ||
''</div> | ''</div> | ||
</div> | </div> | ||
− | Кыргыз Республикасы– индустриалдык агрардык мамлекет. 1991 жылдан баштап Кыргыз Республикиасынын экономикасы рыноктук кайра куруу жолуна түштү. Менчиктештирүү толугу менен ишке киргизилди. | + | Кыргыз Республикасы– индустриалдык агрардык мамлекет. 1991 - жылдан баштап Кыргыз Республикиасынын экономикасы рыноктук кайра куруу жолуна түштү. Менчиктештирүү толугу менен ишке киргизилди. 1995 - жылы, өндүрүштүн 60% , 53 миң өндүрүш мечиктештирилген. 1990 - жылдан бери өндүрүлгөн продукциянын 90% жеке менчик өндүрүштөр өндүргөн. |
<ul class="large-block-grid-3 small-block-grid-2"> | <ul class="large-block-grid-3 small-block-grid-2"> |
Версия 16:58, 31 июля 2018
Чектелген жаратылыштык, эмгектик, капиталдык ресурстадры максималдуу колдонуу менен минималдык чыгымга, эффективдүү чарбалык иштерди жүргүүзүгө жетишүү. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында өндүрүштүн төмөндөөсүн толук токтотуу, экономикалык туруктуу стабилдүүлүккө жетишүү менен калктын жашоо турмуш деңгээлин көтөрүү турат.
Кыргыз Республикасы– индустриалдык агрардык мамлекет. 1991 - жылдан баштап Кыргыз Республикиасынын экономикасы рыноктук кайра куруу жолуна түштү. Менчиктештирүү толугу менен ишке киргизилди. 1995 - жылы, өндүрүштүн 60% , 53 миң өндүрүш мечиктештирилген. 1990 - жылдан бери өндүрүлгөн продукциянын 90% жеке менчик өндүрүштөр өндүргөн.
- Кыргыз Республикасынын өнөр жайы
- Азыркы Кыргыз Республикасынын өнөр жай өндүрүштөрүнүн структурасы
- Кыргызс Республикасындагы өнөр жайлардын өлчөмү
Айыл чарбасы – Кыргыз Республикасынын экономикасынын алдыңкы тармагы. Бул тармакта эмгекке жарамдуу калктын көпчүлүк бөлүгү эмгектенет. Дыйкан жана фермердик чарбалар айыл чарбасынын өнүгүшүнө шарт түздү.
Айыл чарбасы 3 тармакка бөлүнөт: дыйканчылык, мал чарбасы жана суу чарбасы.
- Ири мүйүздүү мал жана канаттуулар боюнча үч алдыңкы регион
- Өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн дүң продукциясы боюнча үч алдыңкы регион(млн сом)
Транспорт. Тоолуу рельефке байланыштуу темир жол жана куур(түтүк) транспорту чектелген. Темир жолдун узундугу 370км ге жакын. Алар көңшулаш мамлекеттердин темир жолдорунун уландысы,түндүктө Казакстандан Бишкекке чейин андын ары Ысык-Көлдүн түндүк-батышындагы Балыкчыга чейин, Өзбекстандан Фергана өрөөнүнүн чыгышынан Ош жана Жалал-Абадка чейин жетет.
Негизги транспорттун түрү – автомобиль. Автомобиль жолунун узундугу – 40 миң км ге жетет. Бишкек менен (аэропорт “Манас”) жана областык борборлор менен аба байланышы бар. Кыргыз Республикасынын территориясы аркылуу куур түтүгү өтөт Бухара – Ташкент – Бишкек – Алма-Ата жана Майлы-Сай – Жалал-Абад – Кара-Суу – Ош.
Содержание
Кыргыз Республикасынын административдик областарынын экономикасы
Бишкек экономикалык жана социалдык жактары боюнча башка областарга салыштырмалуу жогорку деңгээлде. Шаарда өнүккөн тармактар: өнөр жай,транспорт, байланыш, калкты курулуш менен камсыз кылуу , социалдык багыттагы-соода, илим, маданият, саламаттык сактоо жана башка тармактар.
Баткен областынын экономикасы Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк комплексинде өзгөчө орунду ээлейт. Бул областын өнөр жайлык потенциалынын сейректигине карабастан Кадамжайда сурьма; (Кызыл-Кыяда жана Сүлүктүдө көмүр), айыл чарбасында (өрүк, тамеки, эт, жумуртка жана сүт азыктары), туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.
Чүй областы Кыргыз Республикасында негизги орунду ээлейт. Бул жерде сейрек кездешүүчү элементтерден иптрий групадагылары, кабельдик буюмдар, сооданын жана коомдук тамак-аш жабдуулары, курулуш материалдары, акиташ, терезе айнектери, шифер, цемент, картон, килем буюмдары,бут-кийимдер, кум-шекер, спирт ичимдиктери, жүндү биринчи иштетүү иштери жакшы жолго коюлган. Өнөр жайдын негизги тармактары : жеңил,түстүү металлургия, машина куруу жана металлиштетүү, курулуш материалдарды чыгаруу.
Нарын областы республика боюнча экономикасы өнүүгүсү, социалдык инфраструктурасы жакшы жолго коюлган эмес. Акыркы жылдары рыноктук экономикалык мамиленин негизинде өнөр жай, тейлөө тармактары ар кандай формадагы менчик формаларына өткөн. Областын территориясы 1991жылы Президенттин указы боюнча Эркин экономикалык зона катары аныкталган(ЭЭЗ). ЭЭЗ 54 биргелешкен ар кандай багыттагы чарбалык өндүрүштөр катталган.
Ысык-Көл областы. Региондун негизги экономикалык көрсөткүчүндө айыл чарбасы, анча чоң эмес өндүрүштүк тармактар жана туристерди жайында жана кышында эс алуу кызыкчылыктарын тейлөө жакшы жолго коюлган. Жагымдуу климаттык шарттары малдарды жайлоолордо багууга шарт түзөт. Мал чарбасы кайра иштетүүгө сүт жана эт азыктарын берет. Айыл чарбасында мөмө жемиштерди өстүрүү кеңири таралган.
Башка региондорго салыштырмалуу Ош облусунун экономикалык өнүгүү деңгээли жогору. Ар бир адамга туура келүүчү жалпы республикалык көрсөткүчү боюнча орточо деп мүнөздөлөт. Республиканын социалдык жана экономикалык реформасынын негизинде структуралык кайра түзүүлөр социалдык сектордо көп укладдуу жеке менчиктин формалары түзүлдү.
Жалал-Абад областында мурун интенсивдүү нефть, газ, таш көмүр (Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр), жана жарым металл рудалары казылып алынчу. Экономикага электрэнергетика чоң салым кошот. Нарын дарыясындагы: Токтогул СГС, Курпсай СГС, Таш-Көмүр СГС, Үчкоргон СГС. Адистешкен тармактары: дан өсүмдүктөрү, пахта, тамеки, жүзүмчүлүк, багбанчылык, мал чарбасында (кой, эчки, уй, жылкы), жибекчилик; тоо капталдар-кайрак жерлер. Тоолордо эң негизги тармак- койлорду багуу.
Талас областынын экономикасы жаратылыштык-климаттык ыңгайлуулуктун неигзинде –айыл чарбасы, мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Калк мал багуу(кой, уй, жылкы), дыйканчылык(дан өсүмдүктөрү, тамеки, картошка, жашылча жемиш, кант кызылча, май берүүчү өсүмдүктөрдү өстүрүү) менен кесиптенишет.
Тышкы экономикалык байланыштар
Тышкы соода байланышын Кыргыз Республикасы өзгөчө Орто Азия жана алыскы чет өлкөлөр менен жүргүзөт.
Тышкы сооданын айланышы 2000 ж. 1 млрд долл. США. түзгөн. Тышкы соода сальдосу тышкы соода операциясында терс көрсөткүчтү берет.
Экспортко 500 млн долл. туура келет. Акыркы жылдары анын стрыктуралык тармагы өзгөрдү. Тышкы сооданы жүргүзүүдө алтынды экспортоочу операция түзөт. Түстүү металлургияны тышка чыгарууга 40% туура келет. Экспорттук экинчи маанидеги тармак — электроэнергетика. Акыркы жылдары электрэнергиянын жалпы көлөмү азайууда. Акырындык менен айыл чарбалык продукциялардын экспорту азайууда, айрыкча мал чарбасы боюнча. Жарымкристалдык кремнийди чет өлкөлөргө сатуу жакшы жолго коюлууда.
Импорттук сатып алуунун көлөмү ар кайсы жылдары ар түрдүү. Термелүү 300 млндон 900 млн доллардын айланасында жүрөт. Импортто (25%) отун-энергетикалык комплекс түзөт. Экинчи орунда тамак-аш өнөр жайынын продукциялары(дан азыктары,өсүмдүк майы, иштеле элек кант). Машина куруу, химия өнөр жайынын айрым тактарынын продукциялары, кийимдердин керектелүүчү буюмдары жана башка кеңири керектелүүчү товарлар сатылып алынат.
Экспорт-импорттун регионалдык өзгөчөлүгү акырындык менен өнүккөн мамлекеттерди карай жана Кытайга жылууда. Коңшу малекеттерден отунга болгон көз карандылыктан КМШ өлкөлөрү менен болгон тышкы соода байланыштары жогору: импорттоо— 53,7%, экспорттоо— 41,1%. Бул бирден бир Биримдиктеги көрсөткүч. Кыргыз Республикасы Россия, Казакстан, Тажикстан, Белорусия мамлекеттери менен бажы биримдигинде. Кыргыз республикасынын башкы экспортерлору (24,0% импорт) болуп саналат. Экинчи орунда негизги экспортер Өзбекстан -13,4%. Андан кийин Казакстан-10,3%, АКШ-9,7%, Турция-4.8%, Германия-4,5%.
Сөздүк
- Импорт (от лат. importo –ташып кирүү, алып келүү, грекче. ἐμπορια ион. ἐμπορίη ἥ – товар, соода (мүмкүнчүлүк,сырткы), соода боюнча жол жүрүү) — товар жеткирүү, жумуш, тейлөө, интеллектуалдык коомдук иштин жыйынтыгы ж.б. мамлекеттин бажы аймагындагы чек арадан милдетсиз кайра кайтуучу чыгаруу.
- Тышкы экономикалык байланыш - мамлекеттердин чарбалык байланышы, анын негизинде эл аралык эмгекти бөлүштүрүү турат. Негизинен мамлекеттер аралык товар жана тейлөө, финансы жана эмгек ресурстарын, технологияны, башкаруу тажрыйбаларын жана илимий маалыматтык агымын камтыйт.
- Чарба - экономикада чарба бардык өндүрүштүк каражаттардын жыйындысы, адамдардын керектөөсүн камсыз кылууга багытталат. Айыл чарба, Пландуу чарба, Эл чарбасы, Натуралдык чарба, Товардык чарба, Үй чарбасы.
- Экономика – бул “адамдын нормалдуу тиричилик аракети жөнүндөгү окуу”
- Экономикалык өсүү – бул мамлекеттин чарбалык иш аракетинин көрсөткүчү, экономикалык көз карандысыздыктын гаранты.
- Экспорт (от лат. exporto – алып чыгуу) товарды чек арадан чыгаруу, чет өлкөгө сатылган, чет өлкөгө сатуу үчүн даярдалган же чет өлкөдө иштетүүгө даярдалган. Экспортко транзиттик товар ташуу же чет өлкөдөн келген товарды башка үчүнчү мамлекетке сатууга чыгаруу(реэкспорт).
Пайдалуу шилтелмелер
Адабияттары
- Экономика Киргизии http://www.retailkyrgyzstan.com/retail-kyrgyzstan/kyrgyz-economy.htm
- Киргизия // Канцелярия конфискации — Киргизы. — М. : Большая Российская энциклопедия, 2009. — С. 750. — (Большая российская энциклопедия : [в 35 т.] / гл. ред. Ю. С. Осипов ; 2004—, т. 13). — ISBN 978-5-85270-344-6 https://bigenc.ru/geography/text/2065934
- Национальный статистический комитет Кыргызской Республики. // URL: http://www.stat.kg/ru/
- Ритейл Кыргызстан: Экономика Киргизии. Любовь Ивасенко специально для проекта. // URL: http://www.retailkyrgyzstan.com/retail-kyrgyzstan/kyrgyz-economy.htm
1. Энергетика. Таза киреше энергетическалык компанияда бир жылда 5,8 миллиард сом. Учурунда, 2015 жылы терең «минуста» — дээрлик 10 миллиард зыян тартуу болгон.
2. Профессиональдык, илимий жана техникалык иш алып барууда. Киреше мурункуга караганда 3,4 миллиард сомго жогорулаган. Жылдан мурун — минус 4,7 миллиард.
3. Соода бизнесмендерге алып келген 784 миллион сом. Мурунку жылы 2,6 миллиард чыгымга учураган.
4. Курулуш. Курулуштун ээлери 2015 жылы(чыгым — 1,4 миллиард сом), 620 миллионго иштеген.
5. Кайра иштетүүчү өндүрүш— 592 миллион сом киреше тапкан мурунку жылы 5,5 миллиард чыгымга учураган.
Эң чыгымдуу болуп ресторандык бизнес (минус 55 миллион) жана маалыматтык сферадагы өндүрүштөр (28 миллион) болгон.
- Негизги кадамдар: Киреше жана чыгашаны туура бөлүштүргүлө. Эч качан экинчиси биринчиден ашпаш керек. Ашыкчалыктан баш тарткыла. Эң керектүүлөрдү гана сатып алгыла, акчаңарды шамалга ыргытпагыла
- Кредиттен баш тарткыла. Азыркы убакта кредит-бул кырыз чуңкуру, анткени үй бүлө жылдап карыздан кутула албайт.
- Сапаттуу продукцияны сатып алгыла. Француздар бекеринен айткан эмес” Биз анча бай эмеспиз, арзанды сатып алууга”.
- Сатып алууңарды пландаштыргыла, товардын сапатын окугула, интернеттен тааныштардан сураштыргыла. Ошон үчүн план-дневник уюштургула, алдыдагы сатып алууларды жазып туруш үчүн.