Кыргыз адабияты: Каармандар дүйнөсүнө сүңгүп — различия между версиями
Msu06 (обсуждение | вклад) |
Msu06 (обсуждение | вклад) |

Строка 255: | Строка 255: | ||

{{left|[[Файл:Toktogul-komuz.jpg|thumb|250px|Токтогул Сатылганов]]| Токтогул Сатылганов}} | {{left|[[Файл:Toktogul-komuz.jpg|thumb|250px|Токтогул Сатылганов]]| Токтогул Сатылганов}} | ||
− | + | '''Дүнүйө''' | |
+ | Бул дүнүйө бекерсиң

+ | Бир күнү өтүп кетерсиң,

+ | Опосу жок дүйнөнүн

+ | Түбүне ким жетерсиң?

+ | Келериңде дүнүйө,

+ | Толукшуп чыккан айдайсың,

+ | Кетериңде дүнүйө,

+ | Суу жүрбөгөн сайдайсың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Асмандагы күндөйсүң,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Кайгылуу көңүл кирдейсиң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Өзөнгө бүткөн талдайсың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Өлүмдөн бетер алдайсың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Мөмөлүү дарак шактайсың,

+ | Кетериңде дүнүйө,

+ | Суу жетпеген кактайсың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Алмач өркөч лөктөйсүң,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Тулпар минсең жетпейсиң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Аргымак минип ойнойсуң,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Айланып учкан торгойсуң.

+ | Келериңде дүнүйө,

+ | Адырдан соккон желдейсиң,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Кол жетпес аска белдейсиң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Ай менен күндөй жарыксың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Таманы түшкөн чарыксың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Кош тегирмен ноодойсуң,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Көз жетпес бийик зоодойсуң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Алтын жагоо куштайсың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Кышкы чилде, муздайсың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Алтын така тулпарсың,

+ | Кетериңде дүнүйө,

+ | Артынан кууса жеткирбес,

+ | Айланып учкан шумкарсың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Урууда күлүк дулдулсуң,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Уясын бузган булбулсуң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Ташкын дайра селдейсиң.

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Карматпас бороон желдейсиң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Алтын тутка түркүксүң,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Туурдан учкан бүркүтсүң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Кебелбес эрдин мүлкүсүң.

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Керүүдөн качкан түлкүсүң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Байгеден чыккан аттайсың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Мөмөсү түшкөн шактайсың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Көңүлүң курсант болорсуң,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Көк шумкар алган коёнсуң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Курбулуу тоодо уларсың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Куйругун жанчкан жылансың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Көк болот шамшар-канжарсың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Көксөө болгон чалдайсың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Жоо качырган эрдейсиң,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Кейиген менен келбейсиң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Кериде жайык конушсуң,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Капкагы сынган комузсуң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Чытырман калың токойсуң,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Жыртылган тери чокойсуң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Ак үйгө салган айнексиң,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Туткасы сынган чайнексиң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Ала кар жаткан бийиксиң,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Мергенден качкан кийиксиң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Көкөлөп өскөн чынарсың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Шамалдан качкан тумансың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Толкуган көлдө шардайсың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Томугу түшкөн тайдайсың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Жыйырма беш жаштайсың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Жыдыган кара чачтайсың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Караңгы тамда чыраксың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Карышкыр жеген улаксың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Айчыгы алтын туудайсың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Соолгон кудук суудайсың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Булутсуз тийген күндөйсүң,

+ | Жанаша чыгып ыргалган

+ | Жазгы талдай бүрдөйсүң.

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Булут баскан түндөйсүң,

+ | Карарып алса көңүлүң,

+ | Кармаса, колго кирбейсиң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Түнкүсүн жарык айдайсың,

+ | Адамдын көөнүн сергиткен

+ | Жашыл гүлдүү жайдайсың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Кайрылып карап койбогон

+ | Кайыры жок байдайсың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Жайкалган ыраң чөптөйсүң,

+ | Жашылданып буруксуп,

+ | Туш-туш жакка көктөйсүң.

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Эшиктен төргө өтпөйсүң,

+ | Жардылыкка таянып,

+ | Жакыныңды өрттөйсүң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Бир туугандан ынаксың.

+ | Караңгыда жарк эткен,

+ | Кавхар, жакут чыраксың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Душманымдан ырааксың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Жаз бүрдөгөн терексиң,

+ | Жагалдантып көңүлдү

+ | Жаш, карыга керексиң.

+ | Кетериңде, дүңүйө,

+ | Түбү түшкөн челексиң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Бүр алган кырчын талдайсың,

+ | Таттылыгың тамшантып,

+ | Шекер менен балдайсың,

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Азыткыдай алдайсың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Жасалгалуу үйдөйсүң.

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Жакыныңды сүйбөйсүң.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | Ташып чыккан булаксың

+ | Кетериңде, дүнүйө,

+ | Желсиз өчкөн чыраксың.

+ | Келериңде, дүнүйө,

+ | От жакпай оргуп кайнайсың,

+ | Күн тийгендей жаркырап,

+ | Күлө багып жайнайсың.

+ | Дүнүйө чиркин ушундай,

+ | Колуңдан качкан кушундай.

Версия 17:49, 25 января 2018
Адабий каармандардын калтырган издери
Кээ бир чыгармаларды жаратууда авторлор чыныгы турмуштагы реалдуу адамдардын өмүр жолун өз чыгармасына негиз кылып алат. Кээде ал адамдын атын өзгөртөт, кээде өзгөртпөйт. Кыргыз акындарынын гениалдуу ырлары эл оозунда кеңири ырдалып, элдин чыныгы сүйүүсүнө арзыгандыгынын бирден бир себеби да – ал чыгарманын каарманы – элден чыккан адамдар экендигинде. Алымканды даңктаган улуу ырдын жаралышына Токтогулдун махабаты себеп болсо, Барпынын сүйүү лирикасы уккандарды Мөлмөл кызга азыркыга кезге чейин суктандырат.
Барпы Алыкулов «Мөлмөлүм»
Беттин көркү нур менен,
Белдии көркү нур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм
Белгилүү болот ыр менен.
Кедейликтин дартынан
Кейип жаным өксүдүм.
Тосо албады кедейлик
Ашыглыктын өткөнүн.
Каармандын сырлары
Асан Кайгынын чыгармачылык өнөрканасын, акындык өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган ырлар кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринде аз да болсо сакталып калган (Айрым ырлары 1912-жылы Оренбургда чыккан жыйнакка кирген). Кыргыз фольклорундагы маалымат боюнча, Асан Кайгы XIV – XV кылымдардын аралыгында, Алтын Ордонун ханы Жаныбектин мезгилинде жашаган.
Кантти экен?
Бир жылдары ак жайдын күнү калың мөндүр түшүп, кара жаан көнөктөп төгүп, борошого айланып, каз, өрдөк каркылдап уча албай, мал жер тээп оттой албай, жер бетин муз каптап, суу тоңуп, жут болуп, мал-жандан түгөл кол жууп калуу коркунучу туулат. Ошондо Асан Кайгынын кайгырып айтканы:
Куйругу жок, жалы жок,
Кумда туулуп, чөлдө өскөн,
Кулан байкуш кантти экен?
Чымчып алар жүнү жок,
Чыңырарга үнү жок,
Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен?
Асан Кайгы бардык жандыктарды аяп ырдаган ыры жөнүндө
“Асан Кайгы - көчмөндөрдүн философу” Чыгарманын каарманы – дүнүйө болгонун Токтогулдун “Дүнүйө” деген ырынан окуп көрөлү.
Азыркы мезгилде оптимисттик реквием болуп эсептелген “Дүнүйө” деген ырын Токтогул туташ антитеза ыкмасы менен ырдаган. Ыр саптарындагы келериңде-кетериңде деген карама-каршы түшүнүктөрдүн көркөмдүк констекстинде бул гениалдуу ыр туташ антитезага айланган.
Акын келгендеги дүнүйөнү ай менен күнгө, мөмөлүү шакка, аргымакка, кушка, дайрага салыштырса, кеткендеги дүнүйөнү суусуз сайга, таманы түшкөн чарыкка, кыш чилдеге салыштырат.
Дүнүйө
Бул дүнүйө бекерсиң
Бир күнү өтүп кетерсиң,
Опосу жок дүйнөнүн
Түбүне ким жетерсиң?
Келериңде дүнүйө,
Толукшуп чыккан айдайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жүрбөгөн сайдайсың.