|
|
Көркөм чыгарманын каармандары менен жакындан таанышкан учурда алардын ички сезимдери, толгонуулары, карама-каршылыктарына туш болобуз. Бул «бейтааныш тааныштардын» ички дүйнөсүн ачып берген жазуучунун чеберчилигине таң калабыз. Көркөм чыгарманы окугандан кийин каармандардын ар бири биздин турмушубуздан орун алып, коштоп жүрөт. Биздин турмуштук ар кандай кырдаалдарда аларга кайра-кайра кайрыла турганыбыздын сыры эмнеде деген суроого жооп табууга бул бөлүмдө аракет кылабыз.
|
Адабий каармандардын калтырган издери
Кээ бир чыгармаларды жаратууда авторлор чыныгы турмуштагы реалдуу адамдардын өмүр жолун өз чыгармасына негиз кылып алат. Кээде ал адамдын атын өзгөртөт, кээде өзгөртпөйт. Кыргыз акындарынын гениалдуу ырлары эл оозунда кеңири ырдалып, элдин чыныгы сүйүүсүнө арзыгандыгынын бирден бир себеби да – ал чыгарманын каарманы – элден чыккан адамдар экендигинде. Алымканды даңктаган улуу ырдын жаралышына Токтогулдун махабаты себеп болсо, Барпынын сүйүү лирикасы уккандарды Мөлмөл кызга азыркыга кезге чейин суктандырат.
Барпы Алыкулов «Мөлмөлүм»
Беттин көркү нур менен,
Белдии көркү нур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм
Белгилүү болот ыр менен.
Кедейликтин дартынан
Кейип жаным өксүдүм.
Тосо албады кедейлик
Ашыглыктын өткөнүн.
Жарыя айтпай бул ишти
Канбайт окшойт көкшүнүм.
Ышкыдар болдум, Мөлмөлүм,
Коркосуңбу убалдан?
Сени кошпой Барпы акын
Чыга алабы кумардан!
Эки илабиң – кызыл гүл
Ачылгандай, Мөлмөлүм,
Бир карасаң – жүрөккө от
Чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың – Маргалаң
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың – баланын
Тилегиндей, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн.
Серпилишиң – чынардын
Чырпыгындай, Мөлмөлүм.
Ыргалышың – майдан тал
Кырчынындай, Мөлмөлүм.
Түшүндүрөм канткенде
Чын сырымды-ай, Мөлмөлүм.
Өтүмдүүсүң – Өзгөндүн
Күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың – зергердии
Күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң – жоргонун
Жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Оозуңдагы отуз тиш
Күрүчтөн кынап тизгендей.
Жакын келсең болбойбу,
Жат экен деп сезгенбей?
Айталбай сырым өтөмбү
Же, пайитин таап кез келбей?
Күйдүм, Мөлмөл, аппагым,
Ааламдан ссндей таппадым.
Ойлоп-ойлоп күнү-түн:
- Мөлмөлүм! – деп какшадым.
Ышкысы күчтүү жаштыкты
Ыксыз жакка чачпагын.
Башымды берем тартууга
Кедей деп менден качпагын.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам;
Чыгалбай жатып ошондо
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа
Ак маржан болуп тагылсам.
Жаңыдан түптөп бездеген,
Жаш улан колун кезгеген
Жанаша бүткөн алмаңдын
Бирөөн бер деп жалынсам.
Угар белең үнүмдү?
Алар белең тилимди?
Сооротор белең баладай
Санааркап жүргөн дилимди?
Бетиме түшсө жамалың,
Ашыглык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан
Алтын иймек сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан
Сенин, бөдөнө тумшук мамагың.
Көйнөгүңдөн көнчөгүң,
Куп жарашып чөнтөгүң.
Көп уланды күйгүзгөн,
Көйнөккө өзүн сүйгүзгөн
Сенин, көгүчкөн тумшук эмчегиң.
Көкнаари болуп калдым бейм,
Көңүлүмдөн кетпедиң.
Айдап-айдап мал бербей,
Айры өркөчтүү нар бербей;
Сүрүп-сүрүп мал бербей,
Сүйрү өркөчтүү нар бербей,
Тартууга берсем өзүмдү
Алар белең, Мөлмөлүм?
Ашыглыкка бир дабаа
Табар белең, Мөлмөлүм?
Же, мал бербей, өзүн берет деп,
Өлөсө кимге керек деп,
Чанар белең, Мөлмөлүм?
Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартинан
Тышым жалын, ичим чок.
Маңдайга жазган ушубу?..
Чечалбадым мен ойлоп.
Бирок да мунун баарына
Карабайт экен көңүл шок:
Миң азапка кайылмын
Көрүнүп койсоң бир жолу
Булуттан чыккан айга окшоп.
Бир мен эмес канчалар
Көз артып жүрөт өзүңө.
Баян кылып өтөйүн
Кулак салсаң сөзүмө:
Кедейи бар, малдуу бар,
Чабалы бар, алдуу бар.
Кедейинде – жүрөк бар,
Чабалында – тилек бар.
Малдуусунда – зордук бар,
Алдуусунда – кордук бар.
Ыктыяр сенде, бизде ыклас
Акылдуу жансың ылгап ал!
Каармандын сырлары
Адабий чыгарманын каармандары – адамдар эле эмес, жаныбарлар, буюмдар, кубулуштар, түшүнүктөр болушу мүмкүн. Кыргыз адабиятындагы каармандары ар түрдүү жандыктар болгон чыгармалардын бирин окуп чыгалы.
Асан Кайгынын чыгармачылык өнөрканасын, акындык өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган ырлар кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринде аз да болсо сакталып калган (Айрым ырлары 1912-жылы Оренбургда чыккан жыйнакка кирген). Кыргыз фольклорундагы маалымат боюнча, Асан Кайгы XIV – XV кылымдардын аралыгында, Алтын Ордонун ханы Жаныбектин мезгилинде жашаган.
Кантти экен?
Бир жылдары ак жайдын күнү калың мөндүр түшүп, кара жаан көнөктөп төгүп, борошого айланып, каз, өрдөк каркылдап уча албай, мал жер тээп оттой албай, жер бетин муз каптап, суу тоңуп, жут болуп, мал-жандан түгөл кол жууп калуу коркунучу туулат. Ошондо Асан Кайгынын кайгырып айтканы:
Куйругу жок, жалы жок,
Кумда туулуп, чөлдө өскөн,
Кулан байкуш кантти экен?
Чымчып алар жүнү жок,
Чыңырарга үнү жок,
Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен?
Кылган камы жок,
Алган даны жок,
Баккан малы жок,
Мал багарга алы жок,
Көзү башын көгөртүп,
Көгөн байкуш кантти экен?
Таразасын көтөрүп,
Тарбаңдаган шор тумшук
Ташбака байкуш кантти экен?
Жатарга жайы жок,
Жан багарга алы жок,
Чымын байкуш кантти экен?
Боору жерге жабышып,
Баса албаган балчактап,
Бака байкуш кантти экен?
Кирерге эшиги жок,
Корголор тешиги жок,
Коңуз байкуш кантти экен?
Оргон-жыйган чөбү жок,
Эчтемеге эби жок,
Доңуз байкуш кантти экен?
Бороон-чапкын күч алды,
Суунун бетин муз чалды,
Балык байкуш кантти экен?
Көргүлүктү көргөн чыгар,
Суу түбүндө өлгөн чыгар.
Жайлоодо жабуу албаган,
Арык байкуш кантти экен?
Баш калкалар үйү жок,
Пааналаган жери жок,
Курт-кумурска кантти экен?
А дүйнөнү көргөн чыгар,
Куурап баары өлгөн чыгар.
Боюн сууда жашырып жүргөн,
Жаян байкуш кантти экен?
Колун алып бооруна
Конолго издеп корголоп,
Коркуп жүргөн элеңдеп,
Коён байкуш кантти экен?
Уясын кар баскан чыгар,
Шору таштай каткан чыгар,
Муздап карга жаткан чыгар,
Чымчык байкуш кантти экен?
Ээси жок багарга
Элик байкуш кантти экен?
Жерге-сууга жукпай жүргөн,
Жейрен байкуш кантти экен?
Бөрү мунун душманы эле
Бөкөн байкуш кантти экен?
Кара таштан жай алган,
Таштан башка үйү жок,
Үй оокаттын бири жок,
Кийик байкуш кантти экен?
Суук түшүп, кыш болду.
Суулар тоңуп муз болду,
Каз, өрдөктөн канча өлдү экен?
Канаттарын каккылап,
Каркыра байкуш кантти экен?
Оокат кыларга эри жок,
Отун аларга эби жок,
Чапаны жыртык, жеңи жок,
Жесир байкуш кантти экен?
Алдейлерге эне жок,
Асырарга ата жок,
Жетим байкуш кантти экен?
Түн ичинде кыз издеп,
Улан байкуш кантти экен?
Айдай бети тытынып,
Жубан байкуш кантти экен?
Өйдө чыкса белим деп,
Ылдай түшсө тизем деп,
Токтото албай өз боюн
Кары байкуш кантти экен?
Жармач эле малы жок,
Жамынарга жабуу жок,
Актап ичер таруу жок,
Алкынып чыгар алы жок,
Жарды байкуш кантти экен?
Балдары үшүп бүжүрөп,
Же ичерге тамагы жок,
Жагарга отуну жок,
Бутуна киер өтүгү жок,
Заманасы куурулуп,
Тозок отун көргөн чыгар,
Толгонуп ыйлап жүргөн чыгар.
Асан Кайгы бардык жандыктарды аяп ырдаган ыры жөнүндө
“Асан Кайгы - көчмөндөрдүн философу” Чыгарманын каарманы – дүнүйө болгонун Токтогулдун “Дүнүйө” деген ырынан окуп көрөлү.