Кыргыз адабияты: Каармандар дүйнөсүнө сүңгүп — различия между версиями
Msu06 (обсуждение | вклад) |
Msu06 (обсуждение | вклад) |

Строка 147: | Строка 147: | ||
==Каармандын сырлары== | ==Каармандын сырлары== | ||

Адабий чыгарманын каармандары – адамдар эле эмес, жаныбарлар, буюмдар, кубулуштар, түшүнүктөр болушу мүмкүн. Кыргыз адабиятындагы каармандары ар түрдүү жандыктар болгон чыгармалардын бирин окуп чыгалы.

Адабий чыгарманын каармандары – адамдар эле эмес, жаныбарлар, буюмдар, кубулуштар, түшүнүктөр болушу мүмкүн. Кыргыз адабиятындагы каармандары ар түрдүү жандыктар болгон чыгармалардын бирин окуп чыгалы.

− | + | {{right|[[file:Asan Kaigy.jpg|300px|]]}} | |
+ | '''Асан Кайгынын''' чыгармачылык өнөрканасын, акындык өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган ырлар кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринде аз да болсо сакталып калган (Айрым ырлары 1912-жылы Оренбургда чыккан жыйнакка кирген). Кыргыз фольклорундагы маалымат боюнча, Асан Кайгы XIV – XV кылымдардын аралыгында, Алтын Ордонун ханы Жаныбектин мезгилинде жашаган.

+ | '''Кантти экен?'''

+ | Бир жылдары ак жайдын күнү калың мөндүр түшүп, кара жаан көнөктөп төгүп, борошого айланып, каз, өрдөк каркылдап уча албай, мал жер тээп оттой албай, жер бетин муз каптап, суу тоңуп, жут болуп, мал-жандан түгөл кол жууп калуу коркунучу туулат. Ошондо Асан Кайгынын кайгырып айтканы:

+ | Куйругу жок, жалы жок,

+ | Кумда туулуп, чөлдө өскөн,

+ | Кулан байкуш кантти экен?

+ | Чымчып алар жүнү жок,

+ | Чыңырарга үнү жок,

+ | Боорунда буту жок,

+ | Жылан байкуш кантти экен?

+ | Кылган камы жок,

+ | Алган даны жок,

+ | Баккан малы жок,

+ | Мал багарга алы жок,

+ | Көзү башын көгөртүп,

+ | Көгөн байкуш кантти экен?

+ | Таразасын көтөрүп,

+ | Тарбаңдаган шор тумшук

+ | Ташбака байкуш кантти экен?

+ | Жатарга жайы жок,

+ | Жан багарга алы жок,

+ | Чымын байкуш кантти экен?

+ | Боору жерге жабышып,

+ | Баса албаган балчактап,

+ | Бака байкуш кантти экен?

+ | Кирерге эшиги жок,

+ | Корголор тешиги жок,

+ | Коңуз байкуш кантти экен?

+ | Оргон-жыйган чөбү жок,

+ | Эчтемеге эби жок,

+ | Доңуз байкуш кантти экен?

+ | Бороон-чапкын күч алды,

+ | Суунун бетин муз чалды,

+ | Балык байкуш кантти экен?

+ | Көргүлүктү көргөн чыгар,

+ | Суу түбүндө өлгөн чыгар.

+ | Жайлоодо жабуу албаган,

+ | Арык байкуш кантти экен?

+ | Баш калкалар үйү жок,

+ | Пааналаган жери жок,

+ | Курт-кумурска кантти экен?

+ | А дүйнөнү көргөн чыгар,

+ | Куурап баары өлгөн чыгар.

+ | Боюн сууда жашырып жүргөн,

+ | Жаян байкуш кантти экен?

+ | Колун алып бооруна

+ | Конолго издеп корголоп,

+ | Коркуп жүргөн элеңдеп,

+ | Коён байкуш кантти экен?

+ | Уясын кар баскан чыгар,

+ | Шору таштай каткан чыгар,

+ | Муздап карга жаткан чыгар,

+ | Чымчык байкуш кантти экен?

+ | Ээси жок багарга

+ | Элик байкуш кантти экен?

+ | Жерге-сууга жукпай жүргөн,

+ | Жейрен байкуш кантти экен?

+ | Бөрү мунун душманы эле

+ | Бөкөн байкуш кантти экен?

+ | Кара таштан жай алган,

+ | Таштан башка үйү жок,

+ | Үй оокаттын бири жок,

+ | Кийик байкуш кантти экен?

+ | Суук түшүп, кыш болду.

+ | Суулар тоңуп муз болду,

+ | Каз, өрдөктөн канча өлдү экен?

+ | Канаттарын каккылап,

+ | Каркыра байкуш кантти экен?

+ | Оокат кыларга эри жок,

+ | Отун аларга эби жок,

+ | Чапаны жыртык, жеңи жок,

+ | Жесир байкуш кантти экен?

+ | Алдейлерге эне жок,

+ | Асырарга ата жок,

+ | Жетим байкуш кантти экен?

+ | Түн ичинде кыз издеп,

+ | Улан байкуш кантти экен?

+ | Айдай бети тытынып,

+ | Жубан байкуш кантти экен?

+ | Өйдө чыкса белим деп,

+ | Ылдай түшсө тизем деп,

+ | Токтото албай өз боюн

+ | Кары байкуш кантти экен?

+ | Жармач эле малы жок,

+ | Жамынарга жабуу жок,

+ | Актап ичер таруу жок,

+ | Алкынып чыгар алы жок,

+ | Жарды байкуш кантти экен?

+ | Балдары үшүп бүжүрөп,

+ | Же ичерге тамагы жок,

+ | Жагарга отуну жок,

+ | Бутуна киер өтүгү жок,

+ | Заманасы куурулуп,

+ | Тозок отун көргөн чыгар,

+ | Толгонуп ыйлап жүргөн чыгар.

Версия 17:13, 24 января 2018
Адабий каармандардын калтырган издери
Кээ бир чыгармаларды жаратууда авторлор чыныгы турмуштагы реалдуу адамдардын өмүр жолун өз чыгармасына негиз кылып алат. Кээде ал адамдын атын өзгөртөт, кээде өзгөртпөйт. Кыргыз акындарынын гениалдуу ырлары эл оозунда кеңири ырдалып, элдин чыныгы сүйүүсүнө арзыгандыгынын бирден бир себеби да – ал чыгарманын каарманы – элден чыккан адамдар экендигинде. Алымканды даңктаган улуу ырдын жаралышына Токтогулдун махабаты себеп болсо, Барпынын сүйүү лирикасы уккандарды Мөлмөл кызга азыркыга кезге чейин суктандырат.
Барпы Алыкулов «Мөлмөлүм»
Беттин көркү нур менен,
Белдии көркү нур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм
Белгилүү болот ыр менен.
Кедейликтин дартынан
Кейип жаным өксүдүм.
Тосо албады кедейлик
Ашыглыктын өткөнүн.
Каармандын сырлары
Асан Кайгынын чыгармачылык өнөрканасын, акындык өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган ырлар кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринде аз да болсо сакталып калган (Айрым ырлары 1912-жылы Оренбургда чыккан жыйнакка кирген). Кыргыз фольклорундагы маалымат боюнча, Асан Кайгы XIV – XV кылымдардын аралыгында, Алтын Ордонун ханы Жаныбектин мезгилинде жашаган.
Кантти экен?
Бир жылдары ак жайдын күнү калың мөндүр түшүп, кара жаан көнөктөп төгүп, борошого айланып, каз, өрдөк каркылдап уча албай, мал жер тээп оттой албай, жер бетин муз каптап, суу тоңуп, жут болуп, мал-жандан түгөл кол жууп калуу коркунучу туулат. Ошондо Асан Кайгынын кайгырып айтканы:
Куйругу жок, жалы жок,
Кумда туулуп, чөлдө өскөн,
Кулан байкуш кантти экен?
Чымчып алар жүнү жок,
Чыңырарга үнү жок,
Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен?