Кыргыз адабияты: Мен жазуучумун — различия между версиями
Msu06 (обсуждение | вклад) |
Msu06 (обсуждение | вклад) м |

Строка 78: | Строка 78: | ||
{{left|[[file:Menjazuuchumun16.jpg|250px|left|]]}} | {{left|[[file:Menjazuuchumun16.jpg|250px|left|]]}} | ||
Практикасыз теория пайдасыз, теориясыз практика да болбогон кеп. Эгер жазуучулук чеберчиликке ээ болгуңар келсе адабий компетентүүлүктү көтөрүүгө туура келет. Дагы тактап айтсак адабият теориясы тууралуу маалымат болуш керек. | Практикасыз теория пайдасыз, теориясыз практика да болбогон кеп. Эгер жазуучулук чеберчиликке ээ болгуңар келсе адабий компетентүүлүктү көтөрүүгө туура келет. Дагы тактап айтсак адабият теориясы тууралуу маалымат болуш керек. | ||

Бул кызыктуу!

+ | {{center|[[file:Menjazuuchu kyzyk.jpg|start=2|250px|link=]]}} | ||
+ | {{center|'''Кыргыздын биринчи жазмасы'''}}

+ | Кыргыздардын байыркы жазуусу болгон. Орхон-Энесай алфавиттик руна сымал жазмасы түрк-моңгол тилдүү элдердин ичиндеги тарыхта чечмеленген эң байыркы жазма маданияты.

+ | Бул жазма салты 6–12-кылымдарга таандык. Анын Энесайдагы варианты кыргыздарга таандык болгон. Кыргыз руна жазмасы негизинен эпитафиялык балбал таштарда сакталып келет. Руна сымал кыргыз жазмасынын эстеликтери негизинен Энесай чөлкөмүндө (Хакас-Минусин ойдуңу, Тува, Тоолуу Алтай, Краснояр крайы), Таласта, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. 38 тамгадан турган алфавит ошол мезгилдеги кыргыз тилинин керектөөлөрүн канааттандырган. Атактуу түркологдор В. В.Радлов, В. Томсен, С.Е.Малов, тарыхчы С.В.Киселев жана башкалар бул руна сымал жазуулар кыргыздарга таандык экендигин эбак далилдешкен.

+ | {{center|[[file:Menjazuuchu kyzyk1.jpg|start=2|250px|link=]]}} | ||

Версия 17:26, 7 декабря 2017
Өнөрлүүнүн кеңештерин угабыз
Биз жан дүйнөбүздү катуу таасирленткен окуяларга кабылган учурда жазгыбыз келет. Анткени башкалардын да жан дүйнөсүн козгогубуз келип, жаза баштайбыз. Жазуучулук өнөрдө – эргүү, илхам башкы нерсе. Сиз көркөм чыгарма, сценарий же бизнес үчүн текст жазасызбы, баары бир жазууга туура келет.
Өзүбүздүн күч-кубатыбызды, убактыбызды туура башкарып, сынга туруштук берип, жазуучулук мансапка жеткибиз келеби? Жазуучулар кайдан чыгат? Алар тубаса жазуучу болуп төрөлөбү же адабият институттарынан даярдалып чыгышабы? Кантип жазуучу болсо болот? Талант кошо төрөлөт, ал эми жазуучу болуп калыптанат. Жан үрөп, тынбастан эмгектенип, изденип отуруп жазуучу болот. Бирок супсак, узун-узун тексттерди жазууну жактырбайбыз. Эркин чабыттап, кооздукту тартуулаган сөздү, ойду колдойбуз. Турмушта жазуучулук өнөрдү аркалабастан, башка кесипте иштесең да очерк, макала, интервью, эссе, сценарий, сереп, отчет, баяндама ж.б. жазууга туура келет.
Мыкты жаза билүү абдан керек!
Эгер убактыңды так пландаштыра билбесең кайдан жазмак элең? Ар бир күнү отуруп иштөө керек. Эрк жетпей жалкоолукка алдыруу, өзүнө ишенбөө алдыдагы ак баракты апапак боюнча калтырат. Талантты курчутуп, таптап турбаса ташыркайт.
Эмне кылуу керек?
План түзүш керек. Ишти бүтүрө турган мөөнөттү белгилеп алуу зарыл. Эргүү бул – тартиптин жемиши. Мыкты жазуучулардын көпчүлүгү күн сайын бир убакытта иштешкен. Тема боюнча жазылбай атса, тема боюнча эмне үчүн жазалбай атканыңы жаз, жаза бер!
Андан ары эмне кылуу керек?
- Билимди өркүндөтүп, тереңдетүү
- Көркөм чыгармаларды көп окуу
- Жазуучулук таланты менен аты чыккан адамдар менен маектешүү
- Жазуучулук менен алектенип жаткандар менен баарлашуу
- Калган убакыттын бардыгын жазууга жумшап: аба ырайы, өзүңдүн
кыялдарың, досторуң … эң башкысы жазууну унутпай уланта бер!
Кызыктуу жазыш үчүн кызыктуу жашаш керек!
«Адатта, дүйнөлүк тажрыйбага кайрылып көргөндө, кара сөз, анын ичинде роман жазгандар мамлекеттик же коомдук иштерге катышпай, үй оокаты менен убарагерчилик чекпей, ашка-тойго, жыйын-сыйынга көп барбай, ээн үйдө отуруп алып эле өзү менен өзү болуп жаза берет. Ал эми биздин Казат Акматов андай болбоду, өмүр бою мамлекеттик жана коомдук иштерде иштеп, болгондо да андай иштердин кайнаган жеринде отуруп, бирок жазууга да, башкалардын жазганын окууга да убакыт таба алды». А.Муратов.Улуттук адабияттын деңгээлин көтөргөн Казат Акматов// Заман Кыргызстан 19.11.2012.
Практикасыз теория пайдасыз, теориясыз практика да болбогон кеп. Эгер жазуучулук чеберчиликке ээ болгуңар келсе адабий компетентүүлүктү көтөрүүгө туура келет. Дагы тактап айтсак адабият теориясы тууралуу маалымат болуш керек.
Кыргыздардын байыркы жазуусу болгон. Орхон-Энесай алфавиттик руна сымал жазмасы түрк-моңгол тилдүү элдердин ичиндеги тарыхта чечмеленген эң байыркы жазма маданияты.
Бул жазма салты 6–12-кылымдарга таандык. Анын Энесайдагы варианты кыргыздарга таандык болгон. Кыргыз руна жазмасы негизинен эпитафиялык балбал таштарда сакталып келет. Руна сымал кыргыз жазмасынын эстеликтери негизинен Энесай чөлкөмүндө (Хакас-Минусин ойдуңу, Тува, Тоолуу Алтай, Краснояр крайы), Таласта, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. 38 тамгадан турган алфавит ошол мезгилдеги кыргыз тилинин керектөөлөрүн канааттандырган. Атактуу түркологдор В. В.Радлов, В. Томсен, С.Е.Малов, тарыхчы С.В.Киселев жана башкалар бул руна сымал жазуулар кыргыздарга таандык экендигин эбак далилдешкен.