География: План жана карта — различия между версиями
Admine2 (обсуждение | вклад) (→Адабияттары) |
Admine2 (обсуждение | вклад) |
(не показаны 4 промежуточные версии 2 участников) | |||
Строка 3: | Строка 3: | ||
− | ''Географиялык карта – адамзаттын | + | ''Географиялык карта – адамзаттын укмуштуудай чыгармачылыгы. Ал курчаган дүйнѳнү кайра куруунун жана таанып билүүнүн мыкты каражатынын кызматын аткарат. Андан инженерлер жана изилдөөчүлөр, геологдор жана агрономдор, окумуштуулар жана аскер кызматкерлери жана ар ким өзүнүн суроосуна керектүү жоопту таба алышат.'' |
− | Карта биздин жашообузга кеңири кирди. Карта | + | Карта биздин жашообузга кеңири кирди. Карта ѳлкѳ ичиндеги жана эл аралык аренада дагы окуялардын сереби, аба - ырайы үчүн дайыма телеберүүлөрдө кѳрсѳтүлѳт. Географияны жана тарыхты картасы жок кантип үйрөнөт? |
− | + | Силерге карталар жөнүндө маалыматтар сунушталынып жатат. Алардан силер картографиялык сүрѳттѳрдүн түрлѳрү менен таанышасыңар, кандай карталар болот жана алар кантип белгиленген, кантип түзүшѳт жана кайда пайдаланыларын билесиңер. Картография – бул чийүүлѳр, схемалар, сүрѳттѳр, фотосүрѳттѳр, алардын жардамы менен силер кээ бир турмуштук жана окуу маселелерин чечүүнү үйрѳнѳсүңѳр. Мисалы: План жана картанын айырмачылыктарынын салыштырмалуу мүнөздөмөсүн кантип түзүү керек? Масштаб менен кантип колдонсо болот жана географиялык координаттарды кантип санаса болот? Жерлерде багытты кантип алабыз? ж.б. | |
Строка 13: | Строка 13: | ||
'''Картографиялык чыгармалар''' | '''Картографиялык чыгармалар''' | ||
− | + | Пландар, карталар, глобустар, атластар – булардын бардыгы картографиялык чыгармалар болуп эсептелет, алар Жердин бетин же анын бөлүктөрүн кѳрсѳтүшѳт, форма, кѳлѳм жана объекттердин ѳз ара жайгашуусу жѳнүндѳ түшүнүк беришет. | |
{{center|[[file: plan mestnosti kg.mp4|500px|Жер бетинин планы]]}} | {{center|[[file: plan mestnosti kg.mp4|500px|Жер бетинин планы]]}} | ||
Строка 19: | Строка 19: | ||
− | Жердин бети тегиз эмес. | + | Жердин бети тегиз эмес. Жер бетинин кайсы аянтчасы бийик, ал эми кайсынысы төмөн экендигин кагаздан кантип көрсөтсө болот? Ал үчүн бийиктиктин узунун жана чуңкурдун тереңдигин ченеш керек. |
{{center|[[file: zemnaia_poverhnost kg.mp4|500px|Жер бетинин тегиз эместиги]]}} | {{center|[[file: zemnaia_poverhnost kg.mp4|500px|Жер бетинин тегиз эместиги]]}} | ||
Строка 25: | Строка 25: | ||
− | '''Карта''' – | + | '''Карта''' – бул чыныгы болмуштун үлгүсү (модели). Ал ар түрдүү жаратылыштык жана социалдык - экономикалык объекттердин, кубулуштардын жайгашуусун, касиетин жана байланышын көрсөтөт. Карталарды түзүү үчүн ар кандай булактарды пайдаланышат: талааларда түшүрүлгөн сүрөттөрдүн, аэро жана космостук сүрөттөрдүн жыйынтыктары, статистикалык жана адабияттык маалыматтар. |
− | {{center|[[file: | + | {{center|[[file: Vid Zemli iz kosmosa reka Okavango.jpg|500px|Жердин космостон көрүнүшү, Окаванго дарыясы]]}} |
Жердин космостон | + |
Жердин космостон көрүнүшү, Окаванго дарыясы
− | + | Космостон тартылган сүрѳттѳрдүн негизинде картографиялык чыгармалардын жаңы түрлѳрүн – космостук сүрөт карталарды түзүүдѳ. | |
− | {{center|[[file: | + | {{center|[[file: Kosmofotokarta.jpg|500px|Космосүрөткарта]]}} |
Космо сүрөт карта
Космо сүрөт карта
− | Окуу процессинде, жашоодо көп | + | Окуу процессинде, кийинчерээк жашоодо дагы адамдар карталардын чоң көп түрдүүлүгү менен жолугушат. Маалымат алууга аларды туура колдонуу үчүн алардын эмнеге колдонорун жана негизги ѳзгѳчѳлүктѳрүн билүү зарыл. |
− | {{center|[[file: | + | {{center|[[file:PlanKartaGeo.jpg|500px|Географиялык карталардын түрлөрү]]}} |
Географиялык карталардын түрлөрү
Географиялык карталардын түрлөрү
− | + | Бардык карталардын географиялык маалыматтардын башка булактарынан башкы айырмаланган ѳзгѳчѳлүгү болуп анын белгилениши эсептелинет. Белгилердин жана ар түрдүү сүрѳттүү каражаттардын жардамы менен аймактын, объектин, жаратылыш кубулушунун картографиялык образы түзүлөт. | |
== Масштаб == | == Масштаб == | ||
''Масштаб деген эмне?'' | ''Масштаб деген эмне?'' | ||
− | '''Масштаб''' - чиймедеги, пландагы же картадагы | + | '''Масштаб''' - чиймедеги, пландагы же картадагы кесиндинин узундугу жердин чыныгы узундугуна карата ылайык келиши. |
− | Масштаб көрсөтөт | + | Масштаб картага түшүрүлгѳн ар бир сызык канча жолу анын жердеги чыныгы кѳлѳмүнѳ жараша кичирейтилгенин көрсөтөт. |
− | + | Бардык эле кичирейтилген сүрѳттүн масштабы барбы? Албетте, жок. Сүрѳт сапаттуу болсо дагы, сүрөткө масштаб туура келбейт. Бардык учурда - сүрѳтчү тартып жаткан сүрѳтүн бузушу мүмкүн, ал эми масштабдын аныктамасынан улам биз сүрѳттүн ар бир (!) сызыгы реалдуу предметке карата окшош кичирейтилгенин кѳрѳ алабыз. Ошондуктан, масштабдагы сүрѳт эң аз дегенде (минимум) өлчөгүч аспаптар (жок дегенде сызыктар) менен, эң кѳп (максимум) дегенде - эсептегич техникаларды пайдалануу менен аткарылышы мүмкүн. | |
{{center|[[file: mashtab kg.mp4|500px| Масштаб]]}} | {{center|[[file: mashtab kg.mp4|500px| Масштаб]]}} | ||
Строка 60: | Строка 61: | ||
− | '''Масштаб боюнча | + | '''Масштаб боюнча карталардын түрлѳрү''' |
− | Масштабына жараша | + | Масштабына жараша карталар тѳмѳнкүдѳй болушат: |
− | * | + | * белгилик (маркировка) тизменин элементи; |
− | * | + | * майда масштабдуу (дүйнөнүн же материктердин карталары – алардын масштабы 1:1000 000 майда); |
− | * | + | * орто масштабдуу (ѳлкѳлѳрдүн, ири аралдардын карталары – 1:100 000 ден 1: 1000 000 чейин); |
− | * | + | * ири масштабдуу (кичине ѳлкѳлѳрдүн, областтардын, шаарлардын карталары – 1:100 000 ден азыраак). |
− | ''''' | + | '''''Эсиңерден чыгарбагыла:''' масштабы канчалык ири болсо, ошончолук картага азыраак жайгашат. Анткени масштаб – бул бөлчѳк, ал эми бѳлчѳктүн бѳлүүчүсү канчалык аз болсо, ошончолук ал ири болот.'' |
− | {{center|[[file: | + | {{center|[[file: Masshtaby boyuncha kartalardyn ajyrmasy.jpg|500px| Масштабы боюнча карталардын айырмасы]]}} |
− | == | + | == Багыт алуу. Компас. == |
'''Жылдыз, Күн жана Ай боюнча.''' | '''Жылдыз, Күн жана Ай боюнча.''' | ||
− | Мурунку | + | Мурунку кезде эле адамдар жаңы жерлерди ачуу үчүн саякатка чыгууда Күн, Ай, жылдыздар аларга ишеничтүү жол көрсөткүч кызматын аткарышкан. Алар боюнча ѳзүлѳрүнүн кемелерин кайсы багытта алып жүрүшү керектигин аныкташкан. |
− | + | «Багыт алуу» деген сѳз латын oriens сөзүнөн келип чыккан, которгондо «чыгыш» деген маанини түшүндүрөт. Алгачкы мезгилдерден баштап чыгыш урматтаган тарап болгон: чыгыштан Жердеги жашоонун булагы – Күн чыккан, ошондуктан чыгышка сыйынышкан, ѳзүлѳрүнүн үйлөрүнүн терезелерин жана эшиктерин чыгышка каратышкан. | |
− | + | Түндүк, түштүк, чыгыш, батыш – бул горизонттун тараптары. Багыт алуу – бул өзүңдүн турган ордуңду горизонттун тараптарына ылайык аныктоо билгичтиги. Ар түрдүү ыкмалар менен жерлерге багыт алса болот: күн, жылдыз боюнча, компастын жардамы менен, жергиликтүү предметтерди курчагандардын кээ бир ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча, башкача айтканда жергиликтүү белги боюнча. | |
+ | Эң баш тартпаган асмандагы “компас” – бул Күн, ал чак түштө түштүктө болору белгилүү. Ал боюнча бардык убактагы горизонттун тараптарын билүүгө болот. | ||
− | + | {{center|[[file: orientirovanie_po_solncu kg.mp4|500px|Күн боюнча багыт алуу]]}} | |
Күн боюнча багыт алуу
+ | Кѳптѳгѳн жылдыздары менен түнкү асманга кѳз салуу менен биз адашпай Чоң Жетиген жылдызын таба алабыз, ал абдан чоң чөмүчтү элестетет. Бул жылдыздардын арасында саякатчылар жол көрсөткөн жылдыз деп атаган – Уюлдук жылдыз жайгашкан. | ||
− | + | Ѳзүнүн турган жерин жана кыймылынын багытын тагыраак аныктоо үчүн адамдар атайын жабык '''компасты''' ойлоп табышты, анын жардамы менен '''азимутту''' аныкташат. | |
− | {{center|[[file: | + | {{center|[[file: Azimut_i_orientirovanie_na_mestnosti kg.mp4|500px|Жерге багыт алуу жана азимут ]]}} |
Жерге багыт алуу жана азимут
− | == Градустук | + | == Градустук торчо жана географиялык координаттар == |
− | + | Глобусту Жердин кичирейтилген модели деп айтышат. Чындыгында, анда бардык материктер, океандар жана деңиздер жер шарындагы алардын абалы менен толук окшоштугу кѳрсѳтүлгѳн. Глобуста бардык географиялык пункттардын так абалын кантип кѳрсѳтүштү, ага кантип жетишишти? Албетте, географиялык координаттардын жардамы менен аныкташкан. Градустук торчо жана географиялык координаталар картадан жана глобустан Жер бетинин каалаган чекитин табууга мүмкүнчүлүк берет. | |
{{center|[[file: geograficheskie_koordinati kg.mp4|500px|Географиялык координаттарды аныктоо]]}} | {{center|[[file: geograficheskie_koordinati kg.mp4|500px|Географиялык координаттарды аныктоо]]}} | ||
Строка 109: | Строка 106: | ||
− | Жер шарынын ар кайсы жери | + | Ар кандай меридиандарда жайгашкан Жер шарынын ар кайсы жери бир эле убакта күндүн ар түрдүү убактысын кѳрсѳтѳт. Мисалы, Бишкекте күндүзгү 15:00, Ташкентте 14:00, ал эми Москвада эртең мененки саат 10:00. Эмне үчүн ушундай? |
− | {{center|[[file: Chasovie poiasa kg.mp4|500px| | + | {{center|[[file: Chasovie poiasa kg.mp4|500px|Алкактар убактылары]]}} |
Алкактар убактылары
== Сөздүк == | == Сөздүк == | ||
− | :{{bib|'''Абсолюттук бийиктик''' – деңиз деңгээлинен жер бетиндеги белгилүү бир чекитке чейинки вертикаль боюнча аралык (КМШ өлкөлөрүндө | + | :{{bib|'''Абсолюттук бийиктик''' – деңиз деңгээлинен жер бетиндеги белгилүү бир чекитке чейинки вертикаль боюнча аралык (КМШ өлкөлөрүндө – Балтика деңизинен деңгээлинен). }} |
− | :{{bib|'''Азимут''' – | + | :{{bib|'''Азимут''' – сааттын жебеси боюнча эсептелген кандайдыр бир предметтин багытынын жана түндүк багытынын ортосундагы бурч. Анын чоңдугу Түндүк чекитинен чыгышты көздөй саат жебесинин багыты боюнча 0 градустан 360 чейин өлчөнөт. }} |
− | :{{bib|'''Атластар''' – | + | :{{bib|'''Атластар''' – бирдиктүү программа боюнча түзүлгөн карталардын системалык бүтүндүк жыйнагы. }} |
− | :{{bib|''' | + | :{{bib|'''Аэрофотосүрөт''' – учактын же башка учуучу аппарат менен алынган жер бетинин фотосүрөтү.}} |
− | :{{bib|'''Географиялык координат (кеңдик жана узундук)''' – | + | :{{bib|'''Багыт алуу''' – өзүнүн турган ордун горизонттун тараптарына карата компастын, картанын же аэросүрөттүн жардамы менен аныктоо билгичтиги.}} |
− | :{{bib|'''Глобус''' – Жердин, Айдын, планеталардын, ошондой эле асман сферасынын картографиялык маалыматтар түшүрүлгөн шар өңдүү модели. }} | + | :{{bib|'''Географиялык координат''' '''(кеңдик жана узундук)''' – жер бетинин чекитинин ордун аныктоочу бурчтук чоңдуктар.}} |
− | :{{bib|''' | + | :{{bib|'''Глобус''' – Жердин, Айдын, планеталардын, ошондой эле асман сферасынын картографиялык маалыматтар түшүрүлгөн кѳлѳмдүү шар өңдүү модели. }} |
− | :{{bib|'''Градустук тор''' – географиялык | + | :{{bib|'''Горизонталь (изогипстин)''' – картадагы бирдей бийиктиктин сызыгы, рельефтин формаларын жыйынтыктап көрсөтүүчү жер бетинин бийиктиктеринин сызыктары.}} |
− | :{{bib|'''Дешифрирлөө''' – | + | :{{bib|'''Горизонт сызыгы''' – түз жерлерде көзгө көрүнгөн айлананын (көрүнгөн горизонт) асман менен “тийишкен” сызыгы. Горизонтту чектеген элестетилген сызык. }} |
− | :{{bib|'''Изосызыктар ийри сызыктар: изобара''' – бирдей | + | :{{bib|'''Градустук тор''' – географиялык картадагы (глобустагы) меридиандар жана жарыш сызыктардын тору. }} |
− | :{{bib|'''Карта''' – Жердин | + | :{{bib|'''Дешифрирлөө''' – аэрофото сүрөттөрдѳ кѳрсѳтүлгѳн ар түрдүү географиялык объектерди таануу, ажыратып билүү, алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн аныктоо, шарттуу белгилер боюнча алардын касиеттерин түшүндүрүү жолу менен аймакты изилдөө методу. }} |
− | :{{bib|'''Картосхема''' – | + | :{{bib|'''Жалпы географиялык карта''' – жердин негизги элементтерин – рельеф, дарыялар, көлдөр, өсүмдүктөр, калктуу пункттар, жолдор, чек аралар, ж.б. болжолдуу бирдей толуктукта көрсөткѳн карта. }} |
− | :{{bib|''' | + | :{{bib|'''Жердин планы''' – шарттуу белгилерде жана Жердин ийрилигин эске албаган жердин аянттарынын ири масштабдагы картографиялык сүрѳтү. }} |
+ | :{{bib|'''Жогорулоо''' – жердин чекиттеринин бийиктиктеринин айырмасы.}} | ||
+ | :{{bib|'''Изосызыктар''' - ийри сызыктар: '''изобара''' – бирдей басымдагы, '''изобата''' – бирдей тереңдиктеги, '''изогипс''' – бирдей бийиктиктеги, '''изотерма''' – бирдей температурадагы. }} | ||
+ | :{{bib|'''Карта''' – Жердин кичирейтилген, жалпыланган шарттуу - белгиленген сүрөтү. }} | ||
+ | :{{bib|'''Картосхема''' – мазмунунун элементтери жөнөкөйлөтүлгѳн, жалпыланган сүрѳтү менен карта. }} | ||
+ | :{{bib|'''Карталар үчүн шарттуу белгилер (картографиялык шарттуу белгилер)''' – ар түрдүү объекттерди белгилѳѳ жана алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлѳрү.}} | ||
:{{bib|'''Картанын масштабы''' – картада алымы бир деген санды, ал эми бөлүмү жер бетинин аралыктары канча эсеге кичирейтилип берилгендигин көрсөткөн бөлчөк. }} | :{{bib|'''Картанын масштабы''' – картада алымы бир деген санды, ал эми бөлүмү жер бетинин аралыктары канча эсеге кичирейтилип берилгендигин көрсөткөн бөлчөк. }} | ||
− | :{{bib|''' | + | :{{bib|'''Космостук сүрѳт''' - космостук учуучу аппараттан алынган Жердин же башка асман телолорунун сүрѳтү. }} |
− | :{{bib|''' | + | :{{bib|'''Космостук сүрѳт картасы''' – жер бетинин фотосүрѳттүк жана белгиленген карталык сүрѳтүн аралаштырган картографиялык чыгарма.}} |
− | :{{bib|''' | + | :{{bib|'''Меридиан''' – Жердин айлануу огу аркылуу өткөн жер бетин тегиздик менен бѳлгѳн сызык.}} |
− | :{{bib|''' | + | :{{bib|'''Параллель''' – экватор тегиздигине параллелдүү болгон жер шарынын бетинин тегиздик менен кесилиш сызыгы. }} |
− | + | :{{bib|'''Тематикалык карта''' – карта, анын негизги мазмуну конкреттүү тема менен аныкталат.}} | |
− | :{{bib|'''Тематикалык карта''' – | ||
− | == Пайдалуу шилтелмелер == | + | == Пайдалуу шилтелмелер: == |
{{bib|[http://geography7.wikidot.com/imaging-of-earth Изображение поверхности Земли]}} | {{bib|[http://geography7.wikidot.com/imaging-of-earth Изображение поверхности Земли]}} | ||
{{bib|[https://www.booksite.ru/fulltext/1/001/008/025/013.htm Дешифрирование]}} | {{bib|[https://www.booksite.ru/fulltext/1/001/008/025/013.htm Дешифрирование]}} | ||
Строка 148: | Строка 147: | ||
− | == | + | == Адабияттар: == |
* {{bib|Дешифрирование https://www.booksite.ru/fulltext/1/001/008/025/013.htm}} | * {{bib|Дешифрирование https://www.booksite.ru/fulltext/1/001/008/025/013.htm}} | ||
* {{bib|Куприн А.М. Занимательная картография: Кн. Для учащихся 6 – 8 кл. сред. шк. – М.: Просвещение 1989.}} | * {{bib|Куприн А.М. Занимательная картография: Кн. Для учащихся 6 – 8 кл. сред. шк. – М.: Просвещение 1989.}} | ||
Строка 165: | Строка 164: | ||
Чөптөн жана таштан жасалган дүйнөнүн картасы
Строка 175: | Строка 174: | ||
Саат боюнча | + |
Саат боюнча багыт алуу
− | {{center|[[file: Orientirovanie po chasam kg.mp4|250px| Саат боюнча | + | {{center|[[file: Orientirovanie po chasam kg.mp4|250px| Саат боюнча багыт алуу]]}} |
Строка 183: | Строка 182: | ||
Масштабга маселе
− | {{center|[[file: | + | {{center|[[file: Masele.jpg|250px| Маселе]]}} |
Строка 191: | Строка 190: | ||
Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз
Текущая версия на 08:03, 22 октября 2018
Географиялык карта – адамзаттын укмуштуудай чыгармачылыгы. Ал курчаган дүйнѳнү кайра куруунун жана таанып билүүнүн мыкты каражатынын кызматын аткарат. Андан инженерлер жана изилдөөчүлөр, геологдор жана агрономдор, окумуштуулар жана аскер кызматкерлери жана ар ким өзүнүн суроосуна керектүү жоопту таба алышат.
Карта биздин жашообузга кеңири кирди. Карта ѳлкѳ ичиндеги жана эл аралык аренада дагы окуялардын сереби, аба - ырайы үчүн дайыма телеберүүлөрдө кѳрсѳтүлѳт. Географияны жана тарыхты картасы жок кантип үйрөнөт? Силерге карталар жөнүндө маалыматтар сунушталынып жатат. Алардан силер картографиялык сүрѳттѳрдүн түрлѳрү менен таанышасыңар, кандай карталар болот жана алар кантип белгиленген, кантип түзүшѳт жана кайда пайдаланыларын билесиңер. Картография – бул чийүүлѳр, схемалар, сүрѳттѳр, фотосүрѳттѳр, алардын жардамы менен силер кээ бир турмуштук жана окуу маселелерин чечүүнү үйрѳнѳсүңѳр. Мисалы: План жана картанын айырмачылыктарынын салыштырмалуу мүнөздөмөсүн кантип түзүү керек? Масштаб менен кантип колдонсо болот жана географиялык координаттарды кантип санаса болот? Жерлерде багытты кантип алабыз? ж.б.
Содержание
План, карта, глобус, шарттуу белгилер
Картографиялык чыгармалар
Пландар, карталар, глобустар, атластар – булардын бардыгы картографиялык чыгармалар болуп эсептелет, алар Жердин бетин же анын бөлүктөрүн кѳрсѳтүшѳт, форма, кѳлѳм жана объекттердин ѳз ара жайгашуусу жѳнүндѳ түшүнүк беришет.
Жердин бети тегиз эмес. Жер бетинин кайсы аянтчасы бийик, ал эми кайсынысы төмөн экендигин кагаздан кантип көрсөтсө болот? Ал үчүн бийиктиктин узунун жана чуңкурдун тереңдигин ченеш керек.
Карта – бул чыныгы болмуштун үлгүсү (модели). Ал ар түрдүү жаратылыштык жана социалдык - экономикалык объекттердин, кубулуштардын жайгашуусун, касиетин жана байланышын көрсөтөт. Карталарды түзүү үчүн ар кандай булактарды пайдаланышат: талааларда түшүрүлгөн сүрөттөрдүн, аэро жана космостук сүрөттөрдүн жыйынтыктары, статистикалык жана адабияттык маалыматтар.
Космостон тартылган сүрѳттѳрдүн негизинде картографиялык чыгармалардын жаңы түрлѳрүн – космостук сүрөт карталарды түзүүдѳ.
Окуу процессинде, кийинчерээк жашоодо дагы адамдар карталардын чоң көп түрдүүлүгү менен жолугушат. Маалымат алууга аларды туура колдонуу үчүн алардын эмнеге колдонорун жана негизги ѳзгѳчѳлүктѳрүн билүү зарыл.
Бардык карталардын географиялык маалыматтардын башка булактарынан башкы айырмаланган ѳзгѳчѳлүгү болуп анын белгилениши эсептелинет. Белгилердин жана ар түрдүү сүрѳттүү каражаттардын жардамы менен аймактын, объектин, жаратылыш кубулушунун картографиялык образы түзүлөт.
Масштаб
Масштаб деген эмне?
Масштаб - чиймедеги, пландагы же картадагы кесиндинин узундугу жердин чыныгы узундугуна карата ылайык келиши.
Масштаб картага түшүрүлгѳн ар бир сызык канча жолу анын жердеги чыныгы кѳлѳмүнѳ жараша кичирейтилгенин көрсөтөт.
Бардык эле кичирейтилген сүрѳттүн масштабы барбы? Албетте, жок. Сүрѳт сапаттуу болсо дагы, сүрөткө масштаб туура келбейт. Бардык учурда - сүрѳтчү тартып жаткан сүрѳтүн бузушу мүмкүн, ал эми масштабдын аныктамасынан улам биз сүрѳттүн ар бир (!) сызыгы реалдуу предметке карата окшош кичирейтилгенин кѳрѳ алабыз. Ошондуктан, масштабдагы сүрѳт эң аз дегенде (минимум) өлчөгүч аспаптар (жок дегенде сызыктар) менен, эң кѳп (максимум) дегенде - эсептегич техникаларды пайдалануу менен аткарылышы мүмкүн.
Масштаб боюнча карталардын түрлѳрү
Масштабына жараша карталар тѳмѳнкүдѳй болушат:
- белгилик (маркировка) тизменин элементи;
- майда масштабдуу (дүйнөнүн же материктердин карталары – алардын масштабы 1:1000 000 майда);
- орто масштабдуу (ѳлкѳлѳрдүн, ири аралдардын карталары – 1:100 000 ден 1: 1000 000 чейин);
- ири масштабдуу (кичине ѳлкѳлѳрдүн, областтардын, шаарлардын карталары – 1:100 000 ден азыраак).
Эсиңерден чыгарбагыла: масштабы канчалык ири болсо, ошончолук картага азыраак жайгашат. Анткени масштаб – бул бөлчѳк, ал эми бѳлчѳктүн бѳлүүчүсү канчалык аз болсо, ошончолук ал ири болот.
Багыт алуу. Компас.
Жылдыз, Күн жана Ай боюнча.
Мурунку кезде эле адамдар жаңы жерлерди ачуу үчүн саякатка чыгууда Күн, Ай, жылдыздар аларга ишеничтүү жол көрсөткүч кызматын аткарышкан. Алар боюнча ѳзүлѳрүнүн кемелерин кайсы багытта алып жүрүшү керектигин аныкташкан.
«Багыт алуу» деген сѳз латын oriens сөзүнөн келип чыккан, которгондо «чыгыш» деген маанини түшүндүрөт. Алгачкы мезгилдерден баштап чыгыш урматтаган тарап болгон: чыгыштан Жердеги жашоонун булагы – Күн чыккан, ошондуктан чыгышка сыйынышкан, ѳзүлѳрүнүн үйлөрүнүн терезелерин жана эшиктерин чыгышка каратышкан.
Түндүк, түштүк, чыгыш, батыш – бул горизонттун тараптары. Багыт алуу – бул өзүңдүн турган ордуңду горизонттун тараптарына ылайык аныктоо билгичтиги. Ар түрдүү ыкмалар менен жерлерге багыт алса болот: күн, жылдыз боюнча, компастын жардамы менен, жергиликтүү предметтерди курчагандардын кээ бир ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча, башкача айтканда жергиликтүү белги боюнча.
Эң баш тартпаган асмандагы “компас” – бул Күн, ал чак түштө түштүктө болору белгилүү. Ал боюнча бардык убактагы горизонттун тараптарын билүүгө болот.
Кѳптѳгѳн жылдыздары менен түнкү асманга кѳз салуу менен биз адашпай Чоң Жетиген жылдызын таба алабыз, ал абдан чоң чөмүчтү элестетет. Бул жылдыздардын арасында саякатчылар жол көрсөткөн жылдыз деп атаган – Уюлдук жылдыз жайгашкан.
Ѳзүнүн турган жерин жана кыймылынын багытын тагыраак аныктоо үчүн адамдар атайын жабык компасты ойлоп табышты, анын жардамы менен азимутту аныкташат.
Градустук торчо жана географиялык координаттар
Глобусту Жердин кичирейтилген модели деп айтышат. Чындыгында, анда бардык материктер, океандар жана деңиздер жер шарындагы алардын абалы менен толук окшоштугу кѳрсѳтүлгѳн. Глобуста бардык географиялык пункттардын так абалын кантип кѳрсѳтүштү, ага кантип жетишишти? Албетте, географиялык координаттардын жардамы менен аныкташкан. Градустук торчо жана географиялык координаталар картадан жана глобустан Жер бетинин каалаган чекитин табууга мүмкүнчүлүк берет.
Ар кандай меридиандарда жайгашкан Жер шарынын ар кайсы жери бир эле убакта күндүн ар түрдүү убактысын кѳрсѳтѳт. Мисалы, Бишкекте күндүзгү 15:00, Ташкентте 14:00, ал эми Москвада эртең мененки саат 10:00. Эмне үчүн ушундай?
Сөздүк
- Абсолюттук бийиктик – деңиз деңгээлинен жер бетиндеги белгилүү бир чекитке чейинки вертикаль боюнча аралык (КМШ өлкөлөрүндө – Балтика деңизинен деңгээлинен).
- Азимут – сааттын жебеси боюнча эсептелген кандайдыр бир предметтин багытынын жана түндүк багытынын ортосундагы бурч. Анын чоңдугу Түндүк чекитинен чыгышты көздөй саат жебесинин багыты боюнча 0 градустан 360 чейин өлчөнөт.
- Атластар – бирдиктүү программа боюнча түзүлгөн карталардын системалык бүтүндүк жыйнагы.
- Аэрофотосүрөт – учактын же башка учуучу аппарат менен алынган жер бетинин фотосүрөтү.
- Багыт алуу – өзүнүн турган ордун горизонттун тараптарына карата компастын, картанын же аэросүрөттүн жардамы менен аныктоо билгичтиги.
- Географиялык координат (кеңдик жана узундук) – жер бетинин чекитинин ордун аныктоочу бурчтук чоңдуктар.
- Глобус – Жердин, Айдын, планеталардын, ошондой эле асман сферасынын картографиялык маалыматтар түшүрүлгөн кѳлѳмдүү шар өңдүү модели.
- Горизонталь (изогипстин) – картадагы бирдей бийиктиктин сызыгы, рельефтин формаларын жыйынтыктап көрсөтүүчү жер бетинин бийиктиктеринин сызыктары.
- Горизонт сызыгы – түз жерлерде көзгө көрүнгөн айлананын (көрүнгөн горизонт) асман менен “тийишкен” сызыгы. Горизонтту чектеген элестетилген сызык.
- Градустук тор – географиялык картадагы (глобустагы) меридиандар жана жарыш сызыктардын тору.
- Дешифрирлөө – аэрофото сүрөттөрдѳ кѳрсѳтүлгѳн ар түрдүү географиялык объектерди таануу, ажыратып билүү, алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн аныктоо, шарттуу белгилер боюнча алардын касиеттерин түшүндүрүү жолу менен аймакты изилдөө методу.
- Жалпы географиялык карта – жердин негизги элементтерин – рельеф, дарыялар, көлдөр, өсүмдүктөр, калктуу пункттар, жолдор, чек аралар, ж.б. болжолдуу бирдей толуктукта көрсөткѳн карта.
- Жердин планы – шарттуу белгилерде жана Жердин ийрилигин эске албаган жердин аянттарынын ири масштабдагы картографиялык сүрѳтү.
- Жогорулоо – жердин чекиттеринин бийиктиктеринин айырмасы.
- Изосызыктар - ийри сызыктар: изобара – бирдей басымдагы, изобата – бирдей тереңдиктеги, изогипс – бирдей бийиктиктеги, изотерма – бирдей температурадагы.
- Карта – Жердин кичирейтилген, жалпыланган шарттуу - белгиленген сүрөтү.
- Картосхема – мазмунунун элементтери жөнөкөйлөтүлгѳн, жалпыланган сүрѳтү менен карта.
- Карталар үчүн шарттуу белгилер (картографиялык шарттуу белгилер) – ар түрдүү объекттерди белгилѳѳ жана алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлѳрү.
- Картанын масштабы – картада алымы бир деген санды, ал эми бөлүмү жер бетинин аралыктары канча эсеге кичирейтилип берилгендигин көрсөткөн бөлчөк.
- Космостук сүрѳт - космостук учуучу аппараттан алынган Жердин же башка асман телолорунун сүрѳтү.
- Космостук сүрѳт картасы – жер бетинин фотосүрѳттүк жана белгиленген карталык сүрѳтүн аралаштырган картографиялык чыгарма.
- Меридиан – Жердин айлануу огу аркылуу өткөн жер бетин тегиздик менен бѳлгѳн сызык.
- Параллель – экватор тегиздигине параллелдүү болгон жер шарынын бетинин тегиздик менен кесилиш сызыгы.
- Тематикалык карта – карта, анын негизги мазмуну конкреттүү тема менен аныкталат.
Пайдалуу шилтелмелер:
Адабияттар:
- Дешифрирование https://www.booksite.ru/fulltext/1/001/008/025/013.htm
- Куприн А.М. Занимательная картография: Кн. Для учащихся 6 – 8 кл. сред. шк. – М.: Просвещение 1989.
- Куприн А.М. Лик Земли: – М.: Недра, 1991 (научно-популярная библиотека школьника).
- Методическое пособие для учителя «Картографическая лаборатория» http://files.school-collection.edu.ru/dlrstore/162621d5-86fd-4343-8c98-ca5ace18f2b5/Metoda.htm
- Сайт Geography7 http://geography7.wikidot.com/start
- Сайт для учителей https://kopilkaurokov.ru/
- Топография http://www.topogis.ru/test/test_in.php