География: Кыргыз Республикасынын калкы — различия между версиями
Msu02 (обсуждение | вклад) м (Население Кыргызстана kg8 kartinki) |
Msu02 (обсуждение | вклад) м (Население Кыргызстана kg9 -videoru) |
||
Строка 42: | Строка 42: | ||
Кыргыз Республикасынын территориясында калк бирдей жайгашкан эмес. Калктын орточо жыштыгы км² – 24 адам (1.1.1999). Бул республиканын тоолуу рельефи менен түшүндүрүлѳт. 80% калк деңиз денгээлинен 1 500 метр бийиктикте жашашат, ал Кыргыз Республикасынын аянтынын 15% на жакынын түзөт. Буга Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүнүн чет жакалары кирет. Бул жерлердин айрымдарында калктын орточо жыштыгы км² 100—150 адамга чейин жетет. Себеби өнөр жай өндүрүштөрдүн 10% Чүй өрөөнүндө (Бишкек, Токмок, Кара-Балта) жайгашкан, анда калктын 30% жашайт. Республиканын Ош облусунун территориясында калк жыш отурукташкан. Бул жерде калк ѳнүккѳн райондордо топтолгон. | Кыргыз Республикасынын территориясында калк бирдей жайгашкан эмес. Калктын орточо жыштыгы км² – 24 адам (1.1.1999). Бул республиканын тоолуу рельефи менен түшүндүрүлѳт. 80% калк деңиз денгээлинен 1 500 метр бийиктикте жашашат, ал Кыргыз Республикасынын аянтынын 15% на жакынын түзөт. Буга Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүнүн чет жакалары кирет. Бул жерлердин айрымдарында калктын орточо жыштыгы км² 100—150 адамга чейин жетет. Себеби өнөр жай өндүрүштөрдүн 10% Чүй өрөөнүндө (Бишкек, Токмок, Кара-Балта) жайгашкан, анда калктын 30% жашайт. Республиканын Ош облусунун территориясында калк жыш отурукташкан. Бул жерде калк ѳнүккѳн райондордо топтолгон. | ||
− | |||
− | |||
− | |||
− | |||
Тѳмѳнкү жыштыкта отурукташкан калкы бар райондорго: Нарын, Жумгал, Кочкор, Алай, Чаткал, Суусамыр, Ат-Башы жана башкалар. | Тѳмѳнкү жыштыкта отурукташкан калкы бар райондорго: Нарын, Жумгал, Кочкор, Алай, Чаткал, Суусамыр, Ат-Башы жана башкалар. |
Версия 06:53, 24 сентября 2018
Содержание
Жалпы маалымат
Кыргызстан калкынын саны боюнча КМШ боюнча ѳнѳктѳштѳр арасында сегизинчи орунду ээлейт, бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө 111орунда турат.
2009 - жылдагы каттоонун маалыматтары боюнча калктын саны 5 362 793 жашоочуну түздү (1999 - жылга караганда 540 миңге (11,2 %) көп). 2009 - жылы шаардын калкынын саны 1 828 200 адамды түзгөн (34,1 %). 2010 - жылдын башындагы абал боюнча ѳлкѳнүн калкынын саны 5 418 300 адамды, анын ичинен 1 846 800 шаардыктарды (34,1 %), алардын жарымына жакынын Бишкектин калкын түзгөн (84 6500 адам, 2010 - жыл).
Кыргыз Республикасы – көп улуттуу мамлекет, анын территориясында 80 ар түрдүү элдердин жана улуттардын ѳкүлдѳрү жашашат. Кыргыз Республикасынан тышкары 900 миңден кѳбүрѳѳк этникалык кыргыздар жашашат.
Кыргыз Республикасынын калкы
2017-жылы Кыргыз Республикасынын калкынын саны 101 518 адамга кѳбѳйѳт жана жылдын аягында 6 191 377 адамды түзѳт. Калктын табигый кѳбѳйүшү жакшы болот жана 125 877 адамды түзѳт. Жыл ичинде болжол менен 165 035 бала тѳрѳлѳт жана 39 158 адам каза болот. Эгерде сырткы миграциянын деңгээли мурунку жылдын деңгээлинде калса, анда миграциялык себептердин натыйжасында калктын саны - 24 359 адамга өзгөрөт. Башкача айтканда, ѳлкѳнү таштаган (эмигранттар) адамдардын жалпыланган саны узак убакытка жашоо максаты менен ѳлкѳгѳ келген (иммигранттар) адамдардын санынан үстѳмдүк кылат.
2017 - жылдагы Кыргыз Республикасынын калкынын санынын ѳзгѳрүү динамикасы.
Төмөндө 2017 - жыл үчүн эсептелген Кыргыз Республикасынын калкынын санынын өзгөрүү коэффициенти берилген:
- Төрөлүү: орточо бир күндө 452 бала (18.84 саат)
- Өлүү: орточо бир күндө 107 адам (4.47 саат)
- Калктын миграциялык өсүшү: орточо бир күндө - 67 адам (- 2.78 саат)
2017 - жылы Кыргыз Республикасынын калкынын өсүү ылдамдыгы бир күндө 278 адам болот.
Кыргыз Республикасында тѳрѳлгѳндѳн (эки жыныс үчүн) баштап өмүрүнүн орточо узактыгы 70 жаш.
Бул дүйнөдѳгү ѳмүрүнүн күтүлүүчү узактыгынан төмөн, алар 71 жашка жакынкы деңгээлде (экономикалык жана социалдык суроолору боюнча БУУ департаментинин эл калк бѳлүмүнүн маалыматтары боюнча).
Тѳрѳлгѳндѳн эркектердин күтүлүүчү орточо жашынын узактыгы - 66 жаш (жыл).
Тѳрѳлгѳндѳн аялдардын күтүлүүчү орточо жашынын узактыгы - 74,2 жаш (жыл).
Кыргыз Республикасынын калкынын жайгашышы
Кыргыз Республикасынын территориясында калк бирдей жайгашкан эмес. Калктын орточо жыштыгы км² – 24 адам (1.1.1999). Бул республиканын тоолуу рельефи менен түшүндүрүлѳт. 80% калк деңиз денгээлинен 1 500 метр бийиктикте жашашат, ал Кыргыз Республикасынын аянтынын 15% на жакынын түзөт. Буга Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүнүн чет жакалары кирет. Бул жерлердин айрымдарында калктын орточо жыштыгы км² 100—150 адамга чейин жетет. Себеби өнөр жай өндүрүштөрдүн 10% Чүй өрөөнүндө (Бишкек, Токмок, Кара-Балта) жайгашкан, анда калктын 30% жашайт. Республиканын Ош облусунун территориясында калк жыш отурукташкан. Бул жерде калк ѳнүккѳн райондордо топтолгон.
Тѳмѳнкү жыштыкта отурукташкан калкы бар райондорго: Нарын, Жумгал, Кочкор, Алай, Чаткал, Суусамыр, Ат-Башы жана башкалар.
2000 - жылдын 1 - январында 1 км² туура келген: 22,5 - Баткен областында, 5,8 - Нарын областында, 9,9 - Ысык-Көл областында, 18,2 - Талас областында, 25 - Жалал-Абад областында, 40,3 - Ош областында, 37,4 адам - Чүй областында.
Революцияга чейин Кыргыз Республикасынын калкы көчмѳн болгондугуна байланыштуу отурукташкан калктын саны кѳп эмес болгон. Ушул учурда Кыргыз Республикасында болгону 6 шаар болгон (Бишкек, Токмок, Каракол, Жалал - Абад, Ош, Өзгөн). Убакыт ѳткѳндѳн кийин жашоо шарттары түп тамырынан ѳзгѳрүп, калк отурукташып, айылдар пайда боло баштады. Кыргыз Республикасында 7 область, 22 шаар, 29 шаар тибиндеги чоң айылдар бар.
Кыргыз Республикасында шаар калкынын саны интенсивдүү көбөйүшүнө карабастан калктын көбүрөөк бѳлүгүн айылдыктар түзѳт. Бардык аймактардагы шаар калкы бирдей темп менен көбөйүүдө, бирок өндүрүштөр иштебегендиктен, пайдалуу кен казуу жерлери иштелбегендиктен миграция процесси күч алууда, ушунун эсебинен шаар калкынын саны кыскара баштады. Шаар калкынын саны үстѳмдүк кылган аймактарга: Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл областары кирет. Кыргыз Республикасынын айылдык калкы бир калыпта ѳсүүдѳ.
Эмгек ресурстары
Эмгек ресурстары коомдун башкы жана ѳндүрүштүк күчү катары ѳндүрүштүн маанилүү фактору болуп каралат, аны рационалдуу пайдалануу айыл - чарба ѳндүрүшүнүн деңгээлин жогорулатууну камсыз кылат. Ѳндүрүштүк ресурстарды пайдалануунун экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууга таасир эткен бирден бир негизги шарттар болуп адамдык фактор эсептелинет. Жалпы сарпталууда анын ролунун кѳтѳрүлүшү эмгек ресурстарынын жаңы сапаттуу ѳзгѳчѳлүктѳрү менен түшүндүрүлѳт.
Эмгек ресурстары – ѳлкѳнүн калкынын бөлүгү, ал денелик ѳнүгүүсү, алган билими, кесиптик - квалификациялык деңгээли боюнча коомдук пайдалуу ишмердүүлүк менен алектенүүгѳ жѳндѳмдүү. Эмгек ресурстарына иштегендер дагы жана потенциалдык жумушчулар дагы кирет.
Эмгек ресурстары экономикалык “жумушчу күчүнүн жыйындысы” жана “калк” категорияларынын аралыгында ортодогу абалды ээлеген категория катары каралат. Сандык мамиледе эмгек ресурстарынын курамына курагына карабастан коомдук чарбанын тармактарында жана жеке эмгек ишмердүүлүгүндѳ иштеген эмгекке жарамдуу калктын бардыгы кирет. Алардын курамына эмгекке катышууга жѳндѳмдүү, бирок үйдѳгү жана ѳздүк жумуш чарбасында алектенген, ѳндүрүштѳн сырткары окуган, аскер кызматындагы эмгеке жѳндѳмдүү курактагы адамдар киргизилет.
Кыргыз Республикасынын калкынын саны – 5,552 млн. адам экономикалык активдүү калк - 2,456 млн. адам, иштеген адамдардын саны- 2,243 млн. адам (1 - таблица).
Таблица 1. КР эмгекке жарамдуу, активдүү жана иштеген калкынын саны
2004 | 2005 | 2006 | 2007 | 2008 | 2009 | 2010 | |
---|---|---|---|---|---|---|---|
Бардык эмгек ресурстары, миң адам | 2945,0 | 3007,0 | 3059,8 | 3089,7 | 3131,2 | 3223,8 | 3347,1 |
Экономикалык активдүү калк, миң адам | 2176,9 | 2230,1 | 2285,0 | 2343,8 | 2379,9 | 2420,1 | 2456 |
Экономикада алектенген, миң адам | 1991,2 | 2077,1 | 2096,1 | 2152,7 | 2184,0 | 2216,4 | 2243,7 |
в % | Текст ячейки | Текст ячейки | Текст ячейки | Текст ячейки | Текст ячейки | Текст ячейки | Текст ячейки |
Бардык эмгек ресурстары | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 |
Экономикалык активдүү калк | 73,9 | 74,1 | 74,6 | 75,8 | 76,0 | 75,0 | 73,4 |
Экономикада иштеген | 63,8 | 64,3 | 68,5 | 69,6 | 69,5 | 68,7 | 67,1 |
Сөздүк
- Демография - (грек. demos - элдер жана grapho - жазам), калктын келип чыгуу мыйзам ченемдүүлүктѳрү, анын мүнѳзүнүн социалдык - экономикалык, жаратылыштык шарттарынан, миграциядан, санын, аймактык жайгашуусун жана калктын курамын, ушул ѳзгѳрүүлѳрдүн себептерин жана натыйжаларын изилдѳѳдѳн кѳз карандылыгы жѳнүндѳ илим. Демография термини биринчи жолу 1855 - жылы француз окумуштуусу А.Гийярдын “Адамдын статистикасынын элементтери же салыштырмалуу демография» китебинин аталышында келтирилген.
- Демографиядагы калк (отурукташкан калк) - Жер шарында (Жердеги калк) же конкреттүү территориянын - континенттин, ѳлкѳнүн, дубандын чегинде ж.б. жашаган элдердин жыйындысы.
- Калктын табигый өсүшү (ТӨ) - тѳрѳлгѳндѳрдүн ѳлгѳндѳрдѳн кѳп болушу, башкача айтканда белгилүү бир убакыт ичинде төрөлгөндөрдүн саны менен өлгөндөрдүн саны ортосундагы айырмачылык; калктын санынын ѳсүүсүнүн негизи.
- Калктын курактык - жыныстык курамы (түзүлүшү) – курак жана жыныс боюнча калкты түзгѳн адамдардын бөлүнүшү. Эркектер менен аялдардын курактык топторунун мамилелештигин мүнөздөйт. Курак боюнча топтоштуруу жана жалпы баа берүү үчүн бир жылдык жана беш жылдык, сейрек он жылдык аралык пайдаланат.
- Калктын жыштыгы - территориянын 1 км² туура келген калктын саны. Калктын жыштыгын эсептөөдө адам жашабаган, ири суу мейкиндиктери алынып салат. Калктын жалпы жыштыгынан сырткары айылдык жана шаардык кал үчүн жыштыктын кээ бир кѳрсѳткүчтѳрү пайдаланат.
- Эмгек ресурстары - ѳлкѳнүн калкынын бөлүгү, ал денелик ѳнүгүүсү, алган билими, кесиптик - квалификациялык деңгээли боюнча коомдук пайдалуу ишмердүүлүк менен алектенүүгѳ жѳндѳмдүү.
Пайдалуу шилтелмелер
Адабияттар:
- Джунушалиев Д.Д. Демографические изменения немецкого населения в суверенном Кыргызстане // Вестник Кыргызско-Российского славянского университета. - 2013. - Т. 13. - № 6. - С. 18
- Василевский М.Г., Айсаева Ш.Ю., Шаназаров А.С. Демографическая структура и соотношение числа мужчин и женщин на территории Кыргызстана // Наука, новые технологии и инновации. - 2014. - № 2. - С. 72
- Василевский М.Г., Айсаева Ш.Ю., Шаназаров А.С. Демографическая структура и соотношение числа мужчин и женщин на территории Кыргызстана // Наука, новые технологии и инновации. - 2014. - № 2. - С. 73
Мүнѳт сайын Жердин калкы 154 адамга кѳбѳйѳт. Бүгүнкү күндѳ дүйнөлүк демографиялык "жарылуунун" борбору - бул Африка. Суммардык төрөлүүнүн эң жогорку коэффициенти африкалык Нигерия (6,62) ѳлкѳсүндѳ, ал эми эң тѳмѳнкү Азия мамлекети Сингапурда (0,82).
Келгиле, тоолордо кыймылдаганда кандай коркунучтар кездешерин билип алалы:
- Зор таштарды жана таштарды эч качан ылдый ыргытпагыла. Тѳмѳндѳгү сиздин досторуңуз үчүн эң кичинекей таш дагы өлүмгө алып келиши мүмкүн.
- Таяныч катары жыгылган бактарды кармабагыла, анткени алар силердин салмагыңарды кармай албай калат.
- Тоолордон секирүү - жакшы ой эмес. Мындай жерде түшүү орду абдан кичинекей жана ылдый кулап кетүү чоң ыктымалы бар.
- Демографиялык саясат деп аталат: ..... '(Торөлүүгө таасир этүүчү чара)
- Эмиграция – бул ..... '(Өз өлкөсүнөн чет өлкөгө кетсе)
- Иммиграция – бул ...... '(Чет өлкөдөн келсе)
- Элдин маданиятын, келип чыгышын окуткан илим ..... '(Этнология)
- Урбанизация – бул..... '(шаардын калкынын санынын өсүшү)
- Агломерация – бул ..... '(Калктын шаар четтеринде топтолушу)
- Шаардык агломерациялардын биригиши..... '(Мегалополистер)
- Планетадагы чоң расалык топтор ..... '(3)
- Калктын кыймылын жана санын изилдеген илим ..... '(Демография)
- КР эң чоң шаар ..... '(Бишкек)