БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

География: Атмосфера — различия между версиями

м (изменено)
м (7)
Строка 115: Строка 115:
  
 
<gallery>
 
<gallery>
Виды облаков.mp4|<div style="color:blue; text-align:center">Булуттардын түрлөрү</div>
+
Виды облаков.mp4|Булуттардын түрлөрү
Виды осадков.jpg|<div style="color:blue; text-align:center">Жаан чачындын түрлөрү</div>
+
Виды осадков.jpg|Жаан чачындын түрлөрү
Факторы образования атмосферных осадков.jpg|<div style="color:blue; text-align:center">Атмосфералык жаан-чачынды пайда кылуучу факторлор</div>
+
Факторы образования атмосферных осадков.jpg|Атмосфералык жаан-чачынды пайда кылуучу факторлор
Как образуется иней, роса, дождь и снег.mp4|<div style="color:blue; text-align:center">Кыроо , жаан,  шүүдүрүм  жана  кар кантип пайда болот</div>
+
Как образуется иней, роса, дождь и снег.mp4|Кыроо , жаан,  шүүдүрүм  жана  кар кантип пайда болот
 
</gallery>
 
</gallery>
  

Версия 10:26, 1 августа 2018

Атмосферанын түзүлүшү

Миңдеген жылдар аралыгында адамдар ойлошкон, атмосфера же аба, - бирдиктүү гана жөнөкөй зат. Азыр белгилүү, ал татаал газдардын жана чаңдардын аралашмасы. Бул барактардан силер биз билебиз атмосфера кандай пайда болгон жана кандай түзүлгөн? Жер канча жылуулукту, жарыкты алат? Күн желелери жана мираж эмнеден пайда болот? Булут катип пайда болот алар кандай болушат? Эмне үчүн аба жылат, циклон, бороон, добул пайда болот? Эмне үчүн Күн, аба ,суу миңдеген ар кандай жолдор менен байланышып, аба ырайын түзөт, ал так ошондой болуп кайраэч качан кайталанбайт, бирок бир нече окшоштуктары болот? Метеорологдор аба ырайын кантип тузүшөт жана азыркы күндө компьютер, Жердин жасалма спутниги кандай жардам берет?

Атмосфера кантип пайда болду?

Биринчи атмосфера
Биринчи атмосфера


Биздин планетада алгачкы мезгилде эч кандай атмосфера болгон эмес. Биринчилерден Жерде көп аракеттеги жанар тоолор болгон, алар суу бууларын, чаңдарды жана газдарды чачкан.Сууктануунун натыйжасында газдар конденсацияланып, атмосферада суу пайда болгон, ношөрлөгөн жаандар жаай баштаган. Кийин Жерде океан жана биосфера пайда болду, атмосферанын пайда болушу суу менен газдын алмашуусунан, өсүмдүк жана жаныбарлардын продуктыларынын таралышынан уланган. Өзүнүн узак өнүгүү жолунда 3-4 миллиард жыл аралыгында атмосфера өзүнүн курамын жана касиетин бир нече жолу өзгөрткөн.


Атмосфера эмнеден турат жана кандай түзүлгөн?

Аба биздин планетаны салыштырмалуу жука катмар менен курчап турат. Жерди курчап турган газ катмары атмосфера деп аталат (грек тилинен: : «атмос» - буу, «сфайра» - сфера). Ал газдардын аралашмасынан турат (аба), суу буулары жана чаңдар (аэрозолдор).

Абанын курамы


Азот – атмосферадагы эң кеңири таралган газ. Атмосферадагы азот ар түрдүү азоттук кошулмалардын (белок, нуклеин кислотасы ж.б.) булагы болот, аатмосферадагы кычкылтекти суюлтуп кычкылдануу процесстерин, демек биологиялык процесстердин ылдамдыгын жөнгө салат.

Кычкылтек – эң активдүү, жаратылыштагы ролу өтө зор. Ал жаныбарлардын дем алуусу үчүн , ар түрдүү кычкылдануу процесстери үчүн керектелет.

Метерологдордун көз карашы боюнча атмосферанын эң маанилүү бөлүгү. Көлөмү боюнча болгону 0,03%, анын өзгөрүүсү Жердин аба ырайын жана климатын түп тамырынан бери өзгөртөт.

Атмосферанын бийиктеген сайын температурасынын өзгөрүшү, абада жүрүп жаткан процесстердин өзгөчөлүктөрү, ярустардын калыңдыктары боюнча тропосфера, стратосфера, мезосфера, ионосфера( термосфера) жана экзосферага катмарларынан турат. Негизги катмарлардын аралыгында катмарлар:тропопауза, стратопауза, мезопауза, аларда температуралар багыты боюнча жогорулайт же төмөндөйт. Бул өзгөрүүлөр кийинки катмарга өтүүнү билдирет.

  • Атмосферанын катмарларынын графиги
    Атмосферанын катмарларынын графиги
  • Атмосферанын катмарларынын графиги
    Атмосферанын катмарларынын графиги


  • Атмосферанын катмарлары
    Атмосферанын катмарлары
  • Уюлдук жаркыроо
    Уюлдук жаркыроо


Жер канча жарык жана жылуулук алат?

Распределение солнечной радиации между Землей и атмосферой


Күн радиациясы (нуру) деп жер бетине түшүүчү күндүн материясы менен энергиясынын жыйындысын айтабыз. Күн радиациясы атмосфера аркылуу өткөндө кыйла өзгөрүүлөгө дуушар болот, абанын суу бууларынын бөлүкчөлөрү, чаңдар күн нурларын чачыратып жиберишет ошол үчүн күндүз күн нуру түз тийбеген жерлер да жарык болуп турат. 30% жакын күн нурлары атмосферада жер бетинде ара тарапка чачырайт. Бул чачыраган радиация . Атмосферадан өтүп жер бетине жеткен күндүн жарык нурларын түз радиация деп аташат, күндөн жер бетине атмосфера чачыраткан радиация да келип түшөт.Ал чачыранды радиация. Экөө биригип жер бетине келип түшүүчү бардык радиацияны – суммардык радиация түзөт.

Зависимость количества отраженной радиации от свойств подстилающей поверхности


Күндүн жылуулугун жер бети бонча бөлүнүшүн суммардык күн радиациясынын саны көрсөтөт. Суммардык радиациянын саны күн нурунун жер бетине келип түшкөн бурчуна, күндүн узактыгына, булуттуулука жана атмосферанын тунуктугуна көз каранды. Эң көп сандагы күн радиациясын (220-230ккал /см2) тропикалык кеңдиктер алат. Экватордук алкактар өтө булуттуу болгондуктан андан азыраак (180-190ккал/см2) алышат. Тропикалык кеңдиктерден уюлдарды көздөй суммардык радиациянын саны төмөндөп отуруп Арктиканын аралдарында жайында 60ккал/см2 түзөт.

Жер бетине келип түшкөн радиация касиети боюнча ар түрдүү нерселерге келип тиет жана ар түрдүү өлчөмдө сиңирилет жана ал сиңирилген радиация деп аталат. Сиңирилбеген бөлүгү кайра чагылдырылат. Чагылдырылган радиациянын ошол жерге келип түшкөн радиацияга болгон катышы ошол нерсенин альбедосу деп аталат, кургактыкта альбедо жер бетинин түсүнө жараша болот.

Атмосфера Күндөн алган жылуулука караганда, жер бетинен көбүрөөк жылуулук алат, ошондуктан тропосферада температура бийиктиктеген сайын төмөндөйт. Абанын температурсы сутканын жана жыл ичинде өзгөрүлүп турат. Сутканын аралыгында эң төмөнкү температура Күн чыккандан кийин байкалат, эң жогорку температура - түштөн кийин байкалат. Экватордон уюлдарды көздөй температура төмөндөйт. Кургактыкта океанга караганда дайым жогору болот. Таблицада параллелдердин орточо жылдык температурасы көрсөтүлгөн: а) аба массаларынын жылуулуктарды алып келиши жана жер бетинин бирдей эместиги эсепке алынган эмес жана б) бул таасирлерди эске алуу менен, ушул эки белгилер боюнча эки чечим чыгарууга болот:

  • Аба агымдары жылуулукту алып келбесе экватордо мындан дагы ысык болмок, уюлдарда мындан да муздак болмок.
  • Түштүк жарым шар түндүк жарым шарга караганда суук, анын негизги себеби Түштүк уюл муз кар менен капталып жатат.
Абанын орточо жылдык температурасы
Абанын орточо жылдык температурасы


Атмосферанын басымы

Абанын жылынып жана муздашынан аралашып анын басымы жер бети боюнча өзгөрүлөт. Аба көп болгон жерде атмосфералык басым жогору ал эми аба жылып кеткен жакта басым төмөндөйт. Атмосфера жер бетин орточо күч менен басат.1,033 г салмак менен басат1 см2 жерди. Атмосфералык басым сымап түркүкчөсүнүн мм бийиктиги же болбосо миллибар (1 мб = 0,75 мм. р. С) белгиленет. Бийиктеген сайын басым төмөндөйт. Тропосферанын төмөнкү катмарында 1км бийиктикте 1 мм. р. с төмөндөйт. Ар бир 10 м бийиктеген сайын төмөндөп турат.

  • Изменение атмосферного давления с высотой
  • Приборы для измерения атмосферного давления


Атмосфералык басымды өлчөй турган аспаптар: сымаптуу барометр, барометр-анероид жана азыркы цифралык барометр.

Цифралуу барометр


Атмосферадагы суу

Атмосферадагы суу кайдан келет?

Атмосферада суу молекула буусу, тамчы жана майда кристаллдар түрүндө кездешет. Абадагы суу буусунун бирден – бир булагы – бул жер бетинен суунун бууланышы болот. Сууну океандар, көлдөр, дарыялар эле буулантышпастан, ал мөңгүлөрдөн, кардан, топурактан, өсүмдүктөрдөн ж.б. бууланат. Андан кийин атмосферадагы буу, конденсацияланып сууга айланат.

Буулануу-конденсация-жаан
Буулануу-конденсация-жаан


Абада суу буусу анын нымдуулук көрсөткүчү менен мүнөздөлөт. Эгерде абадагы бууну эсептесек бир моментте, ал 1м3 абадагы нымдын санын грамм менен көрсөтөт (же басымдын бирдиги-сымап түтүкчөсүнүн мм менен көрсөтүлгөн бийиктиги же миллибар менен). Абадагы буунун болушунун таралган мүнөзү салыштырмалуу нымдуулук. Салыштырмалуу нымдуулук – абанын нымга каныгуу даражасы.Ал абадагы суу бууларынын (чыныгы серпилгичтигин) ошол эле температурадагы абаны каныктыруу үчүн керек болгон суу бууларына (максималдуу серпилгичтигине) болгон катышы катары процент менен көрсөтүлөт.

  • Салыштырмалуу нымдуулук
    Салыштырмалуу нымдуулук
  • Абадагы ара кандай температурадагы суу буулары
    Абадагы ара кандай температурадагы суу буулары


Абанын нымдуулугун атайын аспаптардын жардамы менен өлчөйт. Абанын салыштырмалуу нымдуулугун өлчөгөн аспап

Абанын салыштырмалуу нымдуулугун өлчөгөн аспап
Абанын салыштырмалуу нымдуулугун өлчөгөн аспап


Атмосферадагы буулар эмнеге айланат?

Кыймылдаган булут
Кыймылдаган булут


Атмосферага суу буулары жер бетинин буулануу процесси аркылуу келет. Буулануу температурадан, буулануучу суудан жана абанын салыштырмалуу нымдуулугунан көз каранды. Каныккан абада эгерде температура жогорулабаса суу бууларын ала албайт.


Жаан-чачындарды өлчөөчү аспап ушундай көрүнөт. Жаан өлчөгүч деп аталат, илимий жактан аталышы пллювиометр. Алар цилиндр чакасы, атайын аныкталган агым боюнча чакадагы жаан өлчөгүч стаканга келип түшөт. Катуу жаан-чачындар(кар, мөндүр) алдын ала эритилет. Ал эми кардын калыңдыгын эсептеш үчүн атайын кар өлчөгүч сызгыч колдонулат.

  • Жаан өлчөгүч
    Жаан өлчөгүч
  • Кар өлчөгүч сызгыч
    Кар өлчөгүч сызгыч


Абанын кыймылы

Эмне үчүн шамал болот жана шамалдардын розасы деген эмне?

Аба тынымсыз кыймылда болуп турат: ал жогору көтөрүлөт ( жогорулаган кыймыл) жана төмөн түшөт (ылдыйлаган кыймылы), горизонталдык багытта которулат (шамал). Шамал бир нече белги менен мүнөздөлөт.

Шамалдарга мүнөздөмө
Шамалдарга мүнөздөмө


Шамалдын ылдамдыгы шамал өлчөгүч менен өлчөнөт (чынылуу анемометр) – өлчөгүч аспап кайчылаштырылып чыны бекитилет – жарым шар, ал кичине жел болсо эле айлана берет, катуу шамалда тез айланат. Аспаптын борборунан айлануунун эсеби берилип турат.

Кеңири белгилүү болгон чынылуу анемометр. Шамалдын ылдамдыгы канчалык жогору болсо, ошончолук бат айланат.
Анемометр
Анемометр


Флюгердин түзүлүш схемасы


Аэродромдо жана көпүрөнүн жанында шамалдын багытын жана күчүн сызыктуу болотнайдан жасалган чаар конус сыяктуу оозу ачык баштыкча шамалды көрсөткүч алыстан шамалдын багытын көрсөтөт.
Шамалды көрсөткүч
Шамалды көрсөткүч


Шамал өлчөгүчтүн жанына флюгерди орноштурат. Шамалдын ылдамдыгы ар кайсы предметтерге таасири боюнча болжол менен байкоо жана балл менен өлчөнөт. Алгач адамдар шамалдын ылдамдыгын м/сек же км/с, менен өлчөшкөн, ал ошол максат үчүн Бофорт шкаласын колдонушкан. Бофорт шкаласы 12 баллдан турат: 0 балл- штиль, 4 балл- мелүүн шамал, 6 балл-күчтүү шамал, 10 балл-өтө күчтүү шамал (шторм), 12 балл-ураган анын ылдамдыгы 117км/с жетет.

  • Шкала Бофорта
  • Сэр Френсис Бофорт


Жүргүзүлгөн байкоонун негизинде анын багыты боюнча диаграмма түзөт, ал “шамалдын розасы” деп аталат. Эмне үчүн жана кандай ойлонулган “ШАМАЛДЫН РОЗАСЫ»

Шамалдын розасы


Шамалдар кандай болот?

Шамал дайыма жогорку атмосфералык басымдагы областан төмөнкү атмосфералык басымдуу областы карай согот. Басымдардын ортосундагы айырмачылык чоң болсо ошончолук катуу шамал болот. Шамалдардын үч түрү бар: жалпы атмосфералык циркуляциянын бөлүгү болгон (туруктуу жана мезгилдүү), жергиликтүү шамал жана циклон, антициклондор. Шамалдын багыты атмосфералык басымдын таралышына жана Жердин айлануусуна көз каранды . Схемада туруктуу шамалдардын багыты көрсөтүлгөн: пассаттар (30 кеңдиктен экваторду карай), батыш мелүүн алкактарда субтропикалык максимумдардан мелүүн алкактардын жеңил басымдуу областарын көздөй которулган аба агымдары түндүк жарым шарда оңго бурулуп, түштүк жарым шарда солго бурулуп батыш шамалдардын зонасын пайда кылат. Материктер менен океандардын чек арасында бул схема бузулат. Бул жерде мезгилдүү шамалдар – муссондор пайда болот, негизги багытын кышка, кыштан жайга карата каршыга өзгөрүп турат.

  • Туруктуу шамал
    Туруктуу шамал
  • Пассаттардын картасы
    Пассаттардын картасы
  • Муссондордун түзүлүшү
    Муссондордун түзүлүшү


Жергиликтүү шартка байланыштуу(рельеф, өсүмдүк, көлмөлөргө) карата ар кандай жергиликтүү шамалдар болот. Аларга:

Шамалдын түрлөрү


Деңиздин же көлдүн жээгинде күндүз суу бетинен кургактыкка, түнкүсүн кургактыктан сууну көздөй соккон бриз шамалдары пайда болот. Тоолордо капчыгайларда жана өрөөндөрдө шамал күндүз ылдыйдан жогору өрдөп соксо, түнкүсүн тескерисинче жогортон ылдый карай (желаргы) согот. Өрөөндө (керимсел) тоодон ылдый соккон кургак жана жылуу шамал, тоонун бир тарабында анын экинчи капталына салыштырганда басым төмөн болгондо пайда болот. Бора – суук жана үзүп-жулуп соккон катуу шамал.

Суулардын жээктеринде (дениз, көл, дарыя, суу сактагыч) анча күчтүү эмес, ылдамдыгы 1-5м/с – бриз шамалдары болот.
Бриз
Бриз


Тоолуу райондордо күндүз өрөөндөн тоону көздөй өрөөндүү шамал, түнкүсүн – тоо капталдарынан ылдый согот.
Тоо – өрөөндүү шамал
Тоо – өрөөндүү шамал


Циклон жана антициклон

Тропосферада туруктуу ар кандай өлчөмдөгү куюндар, майда(«чаңдуу”) ири өлчөмдөгү циклон жана антициклондор пайда болот

  • Циклон
  • Антициклон


Циклон, Антициклондун схемасы
Циклон, Антициклондун схемасы


Аба ырайы жана климат

Аба ырайын эмне аныктайт?

Биз билебиз, Жерде ар түрдүү жыл мезгилдери, ар кандай климаттагы областар бар. Белгилүү жерде өзүнчө бир моментте атмосферада булуттар пайда болуп же булуттар жок болуп, шамал, жаан, мөндүр, кар, ысык, суук болушу мүмкүн. Тропосферанын бул аймактагы ошол моменттеги учуру аба ырайы деп аталат.

Аба-ырайы


Аба ырайы өзгөрүлмөлүүлүгү, көп түрдүүлүгү жана кайталанмалуулугу менен өзгөчөлөнөт. Жердин айрым территорияларында , жыл бою туруктуу бир эле аба ырайы кайталанып турат. Мисалы: экватордо жыл бою ысык катуу жаан-чачындуу аба ырайы болот, мелүүн кеңдиктерде ар кайсы жыл мезгилинде аба ырайы өзгөрүлүп турат. Аба ырайын эмне аныктайт? Аба ырайынын түзүүчүсү Күн, аба жана суу, аба ырайын түзгөн элементтер:температура, басым, нымдуулук, аба ырайынын ар түрдүүлүгүнө алып келет.

Адам жаратылыштык чөйрөдө аба ырайынын кубулуштары менен кезигет (шамал, жаан, кар), убакыт өткөн сайын коркунучтуу кубулуштар адамдын ден соолугуна жана жашоосуна таасир этүүдө. Аба ырайынын коркунучтуу кубулуштары деген эмне?

Метеорологические и агрометеорологические опасные явления



Аба ырайын кантип алдын ала айтат?

Байыркы убакта адамдар аба ырайын жергиликтүү белгилер менен алдын ала айтышкан. Температуранын өзгөрүшүн, булуттуулукту, булуттун түрлөрүн, шамалдын багытын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн абалын карап аныкташкан. Азыркы убакта аба ырайын аныкташ үчүн жергиликтүү белгилер жана элдик жөрөлгөлөр жардам берет. Элдик жөрөлгөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн илимдин өнүгүшү менен метерология илими тастыктап жатат. Азыр аба ырайына жаңы техникалардын жардамы менен метеорологиялык станцияларында дүйнөнүн бардык региондорунда – кургактыкта гана эмес океандарда атайын кемелерде байкоолор жүргүзүлөт. Метеорологияда жердин үстүнкү бетинен, атмосферанын жогорку катмарларынан шар-зонддору, метеоспутниктер менен байкоолорду жүргүзүүдө.

Дүйнөнүн миңдеген метеорологиялык станциялары максималдуу так аба ырайын аныкташ үчүн иштешет.
Метеостанция
Метеостанция


Метеозондду – метеорологияда гелий же суутек менен толтурушат ага метеоөлчөгүчтөрдү, радиобергичтерди бекитип абага учурат.
Метеозонд
Метеозонд


  • Метеорологиялык спутник
    Метеорологиялык спутник
  • Жаңы япониялык метеорологиялык спутник
    Жаңы япониялык метеорологиялык спутник


Спутниктер аба ырайына байкоо жүргүзүп, Жерге күн түн дебей метеоролгиялык маалыматтарды берип турат.

Андан кийин байкоолор гидрометеорологиялык борборлорго берилет. Ал жерден маалыматтара иштетилип чыгат, аба ырайы боюнча маалыматтар синоптикалык карталарга түшүрүлөт. Картада атмосфералык басым, фронттор, абанын температурасы, шамалдын багыты жана ылдамдыгы, булуттуулук жана жаан-чачын көрсөтүлөт. Атмосфералык басымдын бөлүнүшү циклон жана антициклондун абалына таасир этет.

Синоптикалык карта
Синоптикалык карта


Ушул сыяктуу синоптикалык карталарда аба ырайы түзүлөт. Дүйнө жүзү боюнча жалпы шарттуу белги колдонулат.

Атмосфералык процесстердин закон ченемдүүлүгүнүн негизинде аба ырайы прогноздолот. Аба ырайын так айтуу өтө татаал анткени дайыма өзгөрүүгө дуушар болуп турат. Айтылгандардын 87-89% үч күндүн ичинде туура келиши мүмкүн. Эң так маалыматты атайын берилген аба ырайы, мисалы, авиациялык.


Аба ырайына эмне таасир этет?

Жыл бою жана сутканын аралыгындагы күн жылуулугунун санынын өзгөрүшү, аба массаларынын кыймылы жана бири бирине таасир этиши, атмосфералык фронттор, циклон жана антициклон аба ырайын өзгөртөт ага таасир этет. Аба массалары температурасы, нымдуулугу,чаңдуулугу, басымы менен айырмаланат. Атмосфералык циркуляция аба массаларын аралаштырат, атмосфералык фронтторду пайда кылат. Алардын эң негизги касиети – температура (муздак же жылуу аба). Ушуга жараша кайсы аба активдүү, кайсы тараптан фронтко аралашат, ал жылуу же муздак деп аталат.

  • Жылуу фронт
    Жылуу фронт
  • Жылуу фронт
    Жылуу фронт


Жылуу фронт жылуу абанын келишин билдирет, акырындык менен муздак абага кысылат. Ал жылуулукту, түрмөктөшкөн булуттар жаандарды алып келет.

  • Муздак фронт
    Муздак фронт
  • Муздак фронт
    Муздак фронт


Муздак фронт, тескерисинче,муздак абанын келишин билдирет, жылуу абаны тез кысат. Ал суукту алып келет. Анын келиши шамал, чагылган, куюн менен коштолот. Жаан фронттун сызыгы өткөндөн кийин жаайт.

Атмосфералык фронттордун пайда болушуна мелүүн кеңдиктерде циклондор пайда болуп ыңгайлуу шарт түзүлөт.Циклондордо жылуу жана муздак абалары жолугат, төмөнкү атмосфералык басымдын борборун көздөй багыт алат. Антициклондо атмосфералык фронттордун түзүлүшүнө шарт жок.

Циклон ачык эмес аба ырайын түзөт, жаан-чачын менен коштолот.
Циклон схемасы
Циклон схемасы


Антициклон тескерисинче ачык, күнөстүү аба ырайын түзөт.
Антициклондун схемасы
Антициклондун схемасы


Климат деген эмне?

Климат — аба ырайынын Жердин тигил же бул аймагындагы көп жылдык режими; ал географиялык шарттарга байланыштуу болот. Климаттын негизги мүнөздөмөлөрүн күн радиациясы, аба массаларынын циркуляциялары, жер бетинин (кургактыктын, деңиздин) түзүлүшүн аныктайт. “Климат” термини илимий айланууга 2200 жыл мурун байыркы грек астроному Гиппарх негиздеген грек тилинен “кыйшаюу”(«klimatos») дегенди билдирет. Окумуштуу жер бетинин күн нуруна жантаюусу деген мааниде, анын негизги себеби төмөнкү жана жогорку кеңдиктердин аба ырайынын айырмачылыгы эсептелген. Кийинчерээк климатты Жердин белгилүү районундагы атмосферанын ортоңку абалы катары мүнөздөп, 30-40 жылга чейин өзгөрүлбөйт деген жыйынтыка келишкен.

Климатка эмне таасир этет?

Климат аба ырайы сыяктуу эле күн радиациясынын санына, аба массаларынын алмашылышына, атмосфералык фронко, циклон, антициклон жана жер бетин каптап жатышына көз каранды. Климаттын негизги көрсөткүчү: абанын температурасы(орточо жылдык, январдагы жана июлдагы), пайда болгон шамалдар, жылдага орточо жаан-чачындын саны. Климаттык көрсөткүчтөр түшүрүлгөн карта, климаттык карта деп аталат.

  • Климат түзүүүчү факторлору
    Климат түзүүүчү факторлору
  • Дүйнөнүн климаттык алкактары жана областары
    Дүйнөнүн климаттык алкактары жана областары


Климаттык карталар климаттык алкактарга жана областарга бөлүүнүн негизи жылуулук алкактар жана аба массаларынын пайда болушу негиз болот.

Аба массалары пайда болгон жерине байланыштуу төрт типке бөлүнөт. Ички негизги(зоналык) аба массасы, континенталдык(материктик) жана океандык(деңиздик), материкте же Океандын үстүндө пайда болот. Пайда болушу боюнча арктикалык, антарктикалык, мелүүн кеңдиктердин (уюлдук), тропиктик жана экватордук болуп бөлүнөт.

Аба массалары


Жети негизги климаттык алкака бөлүнөт: экватордук, эки тропикалык, эки мелүүн, эки уюлдук (арктикалык жана антарктикалык). Негизгилердин аралыгында өткөөл климаттык алкактар жайгашкан: эки субэкватордук, эки субтропикалык жана эки уюлдух. Алар аба массаларынын алмашылышы менен айырмаланат: кышында негизги алкактын аба массалары басымдуулук кылат, коңшу уюлдук жактардан, жайында – экватор тараптан келет. Жердин климаттык алкактары



Сөздүк

Абсолюттук нымдуулук – 1м3 абадагы суу буусунун (г менен) өлчөмү
Альбедо – жер бетинин күн нурун чагылдыруу жөндөмдүүлүгү
Анемометр – шамалдын ылдамдыгын өлчөөчү аспап.
Антициклон – борборунда басымы эң жогору багытталган атмосферадагы басымы жогору область.
Атмосфера – Жердин аба катмары.
Атмосфералык фронт – атмосфералык касиеттери ар түрдүү болгон эки аба массасынын (жылуу, муздак) ортосундагы тропосферадагы кууш (ондогон км) өткөөл зоналар.
Аэрозолдор – абада катуу же суюктук түрүндө тең салмактанып калкып жүргөн майда заттар, чаң.
Барометр ( грек. «baros» - оордук жана «matreo» - өлчөө) – атмосферанын басымын өлчөөчү аспап.
Барометр-анероид ( грек. aneros – «суюктугу жок») – ичинде серпилгичтүү метал кутунун деформациясынын өлчөмүнө жараша атмосфера басымын көрсөтүүчү аспап. Атмосфера басымы өзгөргөндө куту кысылат же кеңийт, ал эми кутунун көлөмүнүн өзгөрүшүнө жараша шкала боюнча жылган жебе басымды көрсөтөт. Градуирлүү басымдын бирдиги (кПа же мм сым. Шк).
Бриз – суткасына багытын эки жолу өзгөрткөн жээк шамалдары.
Нымдуулук – абада суу буусунун өлчөмү.
Аба массалары – тропосферадагы чоң көлөмдөгү абанын, салыштырмалуу бирдей касиеттерге ээ болгон бир өңчөй бөлүктөрү.
Абанын басымы – атмосферанын жер бетине жана абадагы бардык нерселерге басымы.
Буулануу – суунун суюк абалдан газ түрүнө(бууга) өтүү процесси.
Климат — аба ырайынын Жердин бул же тигил аймагындагы көп жылдык режими; географиялык шарттарга байланыштуу болот.
Климаттык алкак – күндөн жылуулукту алышы, ошондой эле атмосферанын жалпы айланышынын өзгөчөлүгү боюнча бири биринен жер бетинин кеңдик же субкеңдик багытындагы тилкелери.
Конденсация – абадагы суу буусунун абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу суу тамчыларына же катуу түргө айланышы.
Муссондор – багыты жылына 1 жолу карама каршы өзгөрүлүп турган туруктуу сезондук шамалдар.
Атмосферадагы озон – стратосферадагы (10-50 км бийиктикте) озондун(О3) концентрациясы көп топтолгон катмар 20-25 км бийиктеги озон катмарында анын тыгыздыгы Жер бетиндегиге караганда 10 эсе жогору. Бул катмар жер бетиндеги тирүү организмдерди күндүн кыска толкундуу ультра кызгылт көк радиациясынын зыяндуу таасиринен сактайт.
Салыштырмалуу нымдуулук – абадагы суу буусунун серпилгичтигинен (е) ошол температурадагы каныккан буунун серпилгичтигине (Е) болгон катышы.
Пассатар – океандардын тропик кеңдиктеринде жыл бою туруктуу соккон шамалдар. Алар түндүк жарым шарда көбүнчө түндүк – чыгыштан, түштүк жарым шарда түштүк – чыгыштан согот.
Плювиометр (латын. pluvium – жаан жана грек. metreo - өлчөйм) – түшкөн жаан-чачындын өлчөмүн ченөөчү аспап.
Аба ырайы – белгилүү жерде белгилүү убакыттагы тропосферанын абалы.
Рефракция – күн нурунун атмосфера катмарынан өтүүдөгү сынуусу, бирдей эмес тыгыздыка ээ.
Шамалдын розасы – ошол жердеги шамалдын режимин мүнөздөгөн диаграмма, көп бурчтук сыяктуу көрүнөт.
Сымап барометри – атмосфера басымын өлчөөдөгү негизги аспап, ичине сымап куюлган жана шкалаларга бөлүнгөн айнек түтүкчөсү. Шкаладан сымаптын деңгээли боюнча абанын басымы канча экенин билүүгө болот.
Синоптикалык карта – кенен территориядагы метеорологиянын байкоолору түшүрүлгөн карта.
Флюгер – шамалдын багытын өлчөөчү аспап.
Циклон – борборунда аба басымы төмөн болгон ири масштабдагы атмосфералык кыймыл.


Пайдалуу шилтелмелер



Адабияттары

Туман кайдан келет? Эмне үчүн самолет ак жол калтырат?
Тест: "Аба ырайы жана климат"

1 Атмосферанын абалын белгилүү жерде белгилүү убакытта мүнөздөгөн түшүнүк:

Аба ырайы
Атмосфера
Аба масссы
Климат

2 Аба ырайынын элементтери кайсы вариантта туура берилген:

Булуттуулук, басым, нымдуулук
Температура, басым, нымдуулук
Температура, шамал, атмосфералык жаан-чачын
Басым, шамал, нымдуулук

3 Аба ырайына кайсы карта колдонулат?

Климаттык
Синоптикалык
Физикалык
Тектоникалык

4 Ар кандай касиеттеги аба массаларынын өз ара аракеттенүү зонасы.

Циклон
Антициклон
Трансформация
Атмосфералык фронт

5 Экватордук аба массасы.

Суук жана кургак
Нымдуу жана суук
Жылуу жана нымдуу
Кургак жана жылуу

6 Төрт жыл мезгили даана байкалган кеңдик:

Тропикалык
Экватордук
Мелүүн
Арктикалык

7 Ал суукту алып келет, анын келиши шамалдын күчөшү менен коштолот, айрым убактарда чагылгандуу, куюндуу болот.

Циклон
Антициклон
Жылуу фронт
Муздак фронт