БИЛИМ БУЛАГЫ
KR
Химия: Электролиттик диссоциация — различия между версиями
(Новая страница: «{{lang|Химия: Электролитическая диссоциация}}»)
Строка 1: Строка 1:
{{Якорь|Начало}}
[[#Электролиттер жана  электролит эместер|Электролиттер жана  электролит эместер]] [[#Ион алмашуу реакциясы|Ион алмашуу реакциясы]] [[#Суунун иондук туундусу. Эритменин pH кɵрсɵткүчү|Суунун иондук туундусу. Эритменин pH кɵрсɵткүчү]] [[#Туздардын гидролизи|Туздардын гидролизи]] [[#Буферные растворы|Буферные растворы]]
== Электролиттер жана  электролит эместер ==
Кээ бир заттардын эриген же балкыган абалда  электр тогун ɵткɵрɵ тургандыгы, ал эми  башкалары ушундай эле шартта электр тогун  ɵткɵрбɵй тургандыгы белгилүү. Муну биз жɵнɵкɵй эле куралдын жардамы менен байкасак болот.
{{left-p|[[file:Apparat ch.png|200px|class=show-for-large-up|Эритмелердин электр ɵткɵргүчтүгүн аныктоочу курал]]}}
{{center|[[file:Apparat ch.png|300px|class=hide-for-large-up|Эритмелердин электр ɵткɵргүчтүгүн аныктоочу курал]]}}
Ал  электр  тогу  менен  байланыштырылган кɵмүр электроддорунан турат. Чынжырга токтун бар же жок экендигин кɵрсɵтүүчү электр лампочкасы да туташтырылган. Эгерде электродду канттын эритмесине салсак, анда лампочка күйбɵйт. Ал эми электродду натрий хлоридинин эритмесине салсак, ал жарык болуп күйɵт. Эритмелери же балкыган эритиндилери электр тогунун  таасири астында иондорго ажыраган заттар электролиттер деп аталат. Эритмелери электр тогунун таасири астында  иондорго ажырабаган заттар электролит эместер деп аталат. Электролиттерге кислоталар, негиздер жана бардык туздар кирет, ал эми электролит эместерге  кɵпчүлүк органикалык заттар кирет.
== Электролиттик  диссоциация  теориясы ==
Электролиттердин  эритмелеринин ɵзгɵчɵлүгүн  түшүндүрүү  максатында, 1887-жылы швед окумуштуусу С. Аррениус  электролиттик диссоциация теориясын сунуш кылган.  Кийинчерээк бул теория атомдордун түзүлүшү жана химиялык байланыштар жɵнүндɵгү окуунун негизинде, окумуштуулар  тарабынан  ɵнүктүрүлгɵн.  Бул теориянын учурдагы  мазмууну  тɵмɵнкү үч жободо берилген:
{{right-p|[[file:DissociationNaCl.png|400px|class=show-for-large-up|Электролитическая диссоциация раствора хлорида натрия]]}}
'''1.''' Электролиттер сууда эригенде иондорго-оң жана терс ионго ажырашат (диссоциацияланат). Иондор атомго караганда туруктуу болгон электрондук абалда болушат.
{{center|[[file:DissociationNaCl.png|400px|class=hide-for-large-up|Электролитическая диссоциация раствора хлорида натрия]]}}
Алар бир эле атомдон турушу мүмкүн, бул- жɵнɵкɵй иондор (Na+, Mg2+, Аl3+ и т.д.)болушат. Же болбосо, бир нече атомдон турушу мүмкүн, бул – татаал иондор (NО3–, SO42– , РО43– ж.б.).
'''2.'''  Электр тогунун таасири астында иондор багыттуу кыймылга келишет: оң заряддалган иондор катодго тартылат, терс заряддалган иондор анодго тартылат. Ошондуктан, оң заряддалган иондор-катиондор деп, терс заряддалган иондор–аниондор деп аталат. Иондордун багыттуу кыймылы алардын карама–каршы заряддалган электроддорго тартылуусунан келип чыгат.
{{center-p|[[Файл:Хаотическое движение ионов.jpg|425px|Иондордун баш аламан кыймылы]]}}
{{center-p|[[Файл:Направленное движение ионов.jpg|425px|Иондордун багытттуу кыймылы]]}}
{{right-p|[[file:DissociationMgNo3.png|300px|class=show-for-large-up|Процесс диссоциации на примере нитрата магния]]}}
'''3.''' '''Диссоциация''' – кайталанма процесс: молекулалардын иондорго ажырашы '''''(диссоциация)''''' менен катар эле иондордун биригүүсү '''''(ассоциация)''''' жүрүп турат. Ошондуктан, электролиттик  диссоциациянын теңдемесинде барабардыктын ордуна  карама–каршы багытталган жебелер (стрелка) жазылат. Мисалы:
{{center|[[file:DissociationMgNo3.png|300px|class=hide-for-large-up|Процесс диссоциации на примере нитрата магния]]}}
== Диссоциациянын  механизми ==
Электролиттик  диссоциациянын механизмин карап кɵрɵлү. '''Иондук байланыш менен байланышкан заттар жеңил диссоциацияланат, себеби, бул заттар иондордон турат.''' Алар эригенде, суунун диполу оң жана терс заряддалган иондордун  айланасына багыт алат. Иондор менен суунун диполунун ортосунда тартылуу күчү пайда болот. Жыйынтыгында, иондордун ортосундагы байланыш начарлайт  да, иондор кристаллдан эритмеге ɵтүшɵт.
{{center-p|[[Файл:Механизм диссоциации.png|450px|Механизм электролитической диссоциации (растворение в воде)]]}}
== Кислоталардын, негиздердин жана туздардын диссоциациясы ==
Электролиттик  диссоциация  теориясынын негизинде кислоталарга, негиздерге жана туздарга аныктама берилип, касиеттери белгиленет.
Кислоталар – диссоциация учурунда катиондор катары  суутектин иондору  ажырап бɵлүнгɵн  электролиттер
{{center|H3РO4 {{ArrowLR}} 3H+  + РO43–  –  фосфат иону}}
Кɵп негиздүү кислоталардын диссоциациясы  биринчи  баскычта жакшы жүрɵт, экинчи баскычта азыраак, ал эми үчүнчүдɵ бир аз гана жүрɵт. Ошондуктан, фосфор кислотасы диссоциацияланганда, H3РO4  молекуласынан башка иондорго да ажырайт (акырындык саны менен азаят).
{| class="mw-datatable" style="margin-left: auto; margin-right: auto;"
|H3РO4 {{ArrowLR}} H+  + Н2РO4¯
|дигидрофосфат иону; (биринчи баскыч)
|H2РO4– {{ArrowLR}} H+  + НРO42–
|гидрофосфат иону; (экинчи баскыч)
|РO42– {{ArrowLR}} H+  + РO43–
|фосфат иону; (үчүнчү баскыч)
Негиздер – диссоциацияланганда аниондор катарында гидроксид иондору гана ажырап бɵлүнгɵн электролиттер. Мисалы: KOH =  K + OH
== Диссоциация  даражасы ==
{{left-p|[[Файл:Степень диссоциации.png|class=show-for-large-up|150px|Степень диссоциации]]}}
Электролиттик диссоциация – кайталанма процесс болгондуктан, электролиттердин эритмесинде иондордон сырткары молекулалар да болот. Ошондуктан, электролиттердин эритмеси диссоциация даражасы менен мүнɵздɵлɵт (грек тамгасы альфа '''α''' менен белгиленет.). Диссоциация даражасы – бул иондорго ажыраган молекулардын санынын Ni молекуланын жалпы санына N болгон катышына барабар:
{{center|[[Файл:Степень диссоциации.png|class=hide-for-large-up|150px|Диссоциация даражасы]]}}
Электролиттердин диссоциация даражасы пайыздар менен туюнтулат. Эгерде '''α = 0 болсо''', анда диссоциациянын болбогондугун билдирет, '''α = 1''' же 100% болсо, анда электролит иондорго толугу менен ажырайт. Эгер '''α = 20% болсо''', анда берилген электролиттин 100 молекуласынын 20 гана иондорго ажырагандыгын билдирет.
{{center|[[Файл:Electrolits1.png|500px|Сильные электролиты]]}}
{{center|[[Файл:Electrolits2.png|500px|Слабые электролиты]]}}
{{center|[[Файл:Acid dissociation.png|500px|Степень диссоциации некоторых кислот в водных растворах при 18 градусах по цельсию]]}}
Ар түрдүү электролиттердин диссоциация даражасы да ар башка болот. Тажрыйба кɵргɵзгɵндɵй, диссиоциация даражасы электролиттердин концентрациясынан жана температурадан кɵз каранды болот.
== Ион алмашуу реакциясы ==
Электролиттик диссоциация теориясына ылайык, электролиттердин ортосунда жүргɵн бардык реакциялар иондук реакция болуп саналат. Алар иондук реакция деп, ал эми бул реакциялардын теңдемелери иондук теңдеме деп аталат. Алар молекулалык түрдɵ жазылган реакцияларга караганда жɵнɵкɵйүрɵɵк болушат.
Иондук теңдемени түзгөн учурда тɵмɵнкүлɵрдү билүү керек: *аз диссоциациялануучу зат (суу), *начар эриген заттар (чɵкмɵ түрүндɵ чɵккɵн заттар), *газ абалындагы заттар молекулалык түрдɵ жазылат
{{right-p|[[Файл:Реакции.png|400px|class=show-for-large-up|Пример реакций с выделением веществ]]}}
Теңдемени жазганда, формуланын жанына {{Arrowdown}} белгиси коюлса, анда бул заттын чɵкмɵ түрүндɵ чɵккɵнүн билдирет. Ал эми {{ArrowUp}} белги заттын газ абалында бɵлүнүп чыккандыгын билдирет.
{{center|[[Файл:Реакции.png|400px|class=hide-for-large-up|Пример реакций с выделением веществ]]}}
Күчтүү электролиттер толугу менен диссоциациялангандыктан, ион түрүндɵ жазылат. Теңдеменин сол жагындагы заряддардын суммасы оң жактагы заряддардын суммасына барабар болушу керек. Бул жоболорду бышыктоо үчүн мисалды карап кɵрɵлү.
Мисалы:
{{center|[[Файл:ExempleIO.png|600px|Пример реакции ионного обмена]]}}
{{center|[[Файл:IOinfo.png|600px|Реакции ионного обмена]]}}
== Суунун иондук туундусу. Эритменин pH кɵрсɵткүчү ==
Суунун молекуласынын концентрациясынын диссоциация даражасы тɵмɵнкү маанини кɵрсɵтүү менен турактуу чоңдук (1000 г/л)/(18 г/моль) = 55,56 моль/л. болуп саналат.
20 – 25 °C суунун диссоциация константасы 1,8•10−16 моль/л. барабар болот. Суу начар электролит (амфолит) болгондуктан, анын диссоциясынын константасын–суунун диссоциацияланышын жазып кɵрɵлү.
'''K•[H2O] = [H+] [OH–''']
Кɵрсɵткүчтү белгилейбиз K•[H2O] = Kв = 1,8·10−16 моль/л·55,56 моль/л = 10−14моль2/л2 = [H+]·[OH−] (25 °C температурада).
{{center-p|[[Файл:Sreda.png|400px|Концентрации ионов. PH раствора]]}}
Протондордун концентрациясынын жана гидроксид ионунун кɵрсɵткүчүнɵ барабар болгон Kз константасы суунун иондук кɵрсɵткүчү деп аталат. Ал таза сууга гана эмес, ал түгүл заттардын суюлтулган эритмелери үчүн да турактуу болуп саналат. Температуранын жогорулашы менен суунун диссоциациясы жогорулайт, ошондуктан, Kз, дагы жогорулайт, температуранын тɵмɵндɵшү менен ал тɵмɵндɵйт. Суу диссоциацияланганда, ар бир суутектин оң ионуна Н+ бир гидроксиддин терс иону туура келет, ошондуктан, таза сууда булардын концентрациясы: [Н+] = [ОН–] бирдей болот.
== Туздардын гидролизи (суунун ажырашы) ==
'''Туздардын гидролизи – бул туздар менен суунун ортосундагы алмашуу реакциялары.Туз эритмеде диссоциацияланганда, анын иондору суунун молекуласы менен аракеттенишет.'''
Туздун катиондору суунун OH– иону менен ал эми аниондору Н+ иону менен биригет.
Гидролиздин жыйынтыгында, диссоциацияланбаган, начарыраак, бирок, гидролизденген тузга караганда туруктуу болгон электролит алынат. Гидролиз гидролизге учураган туз начар кислотадан же начар негизден пайда болгон учурда ишке ашат Гидролиз – бул нейтралдашуу процессине карама–каршы жүргɵн процесс.
{{center|Cu(OH)2+H2SO4 [[file:ArrowNG.png|50px]] CuSO4+2H2O}}
Гидролиз суюлтулган эритмелерде ылдам жана аягына чейин жүрɵт.
Диссоциация даражасына карата бардык кислоталар жана эрүүчү негиздер (щелочтор) күчтүү жана начар болуп, экиге бɵлүнүшɵт.
Күчтүү кислоталар: HClO4, HClO3, H2SO4, HNO3, HI, HBr, HCl.
Күчтүү негиздер (щелочтор): CsOH, RbOH, KOH, NaOH, LiOH, Ba(OH)2, Sr(OH)2, Ca(OH)2.
1) Күчтүү кислотадан жана күчтүү негизден пайда болгон туздар гидролизге учурабайт. Сууда эригенде алар толугу менен оң заряддалган катиондорго жана терс заряддалган аниондорго диссоциацияланат.
2) Күчтүү кислотадан жана начар негизден пайда болгон туздар кычкыл чɵйрɵнү '''рН≤7''' пайда кылуу менен гидролизденет.
'''''I баскыч:'''''
CuCl2+HOH{{Arrowleft}}Cu(OH)Cl+HCl
Cu2+ + 2Cl– + HOH{{Arrowleft}}CuOH+ + Cl– + H+ + Cl–
Cu2++HOH{{Arrowleft}}CuOH+ + H+
'''(рН < 7)'''
'''''II баскыч'''''
Cu(OH)Cl + HOH {{Arrowleft}} Cu(OH)2{{Arrowdown}} + HCl
CuOH+ + Cl– + HOH {{Arrowleft}} Cu(OH)2{{Arrowdown}} + H+ + Cl–
CuOH+ + HOH {{Arrowleft}} Cu(OH)2{{Arrowdown}} +H+
'''(pH ≤ 7) – кислая среда'''
3) Күчтүү негизден жана начар кислотадан пайда болгон туздар щелочтуу чɵйрɵнү  '''рН≥7''' пайда кылуу менен гидролизденет.
'''''I баскыч'''''
K2S + HOH {{Arrowleft}} KHS + KOH
2K+ + S2– + HOH {{Arrowleft}} K+ + HS– + K+ + OH–
S2–  +HOH {{Arrowleft}} HS– + OH–
'''(рН > 7)'''
'''''II баскыч'''''
KHS + HOH {{Arrowleft}} H2S{{ArrowUp}} + KOH
K+ + HS– + HOH {{Arrowleft}} H2S{{ArrowUp}} + K+ + OH–
HS– + HOH {{Arrowleft}} H2S{{ArrowUp}} + OH–
'''(pH ≥ 7) – щелочтуу чɵйрɵ'''
4) Начар кислотадан жана начар негизден пайда болгон туздар, эгер туз эрүүчү туз болсо гана, гидролизденет. Адатта мындай туздар:
* сууда эрибейт
* эриткенде ажырап кетет
(NH4)2S + 2HOH {{Arrowleft}} 2NH3↑   2H2O
2NH4OH + H2S{{ArrowUp}}
2NH4+ + S2– {{Arrowleft}} 2NH3{{ArrowUp}} + H2S{{ArrowUp}}
* Гидролизге учураганда, начар негиз жана начар кислота пайда болот.
CH3COONH4 + HOH {{Arrowleft}} CH3COOH + NH4OH
CH3COO– + NH4+ + HOH {{Arrowleft}} CH3COOH + NH4OH
Уксус кислотасынын диссоциация константасы CH3COOH = 1,8·10-5 барабар болот, ал эми аммоний гидроксидинин диссоциация константасы да NH4OH = 1,8·10-5 барабар болот. Б.а. бул заттардын сандык кɵрсɵткүчтɵрүнүн бири–бирине барабар болгондугу, аммоний ацетаты гидролизденгенде нейтралдуу чɵйрɵнүн алынгандыгын кɵрсɵтɵт.
((Химиктер адатта туздарды жытынан аныкташат (цианиддерден башкасын). Аммоний ацетаты уксус кислотасындай жыттанат, ошондуктан, бул туздун кычкылдуулугунун тɵмɵн экендиги айтылып жүрɵт.)
Ошондой эле кɵпкɵ чейин сактаганда, газ абалындагы зат катары аммиактын учмалыгын да белгилɵɵгɵ болот.
'''Туздардын гидролизи баскыч менен жүрүшү мүмкүн. Баскычтардын саны туздун курамындагы металлдын же кислота калдыгынын валенттүүлүгүнɵ барабар болот.'''
''' 1–Мисал'''
''I баскыч:''
Na3PO4 + HOH {{Arrowleft}} Na2HPO4 + NaOH
3Na+ + PO43– + HOH {{Arrowleft}} 2Na+ + HPO42– + Na+ + OH–
PO43– + HOH {{Arrowleft}} HPO42– + OH–
''II баскыч''
Na2HPO4 + HOH {{Arrowleft}} NaH2PO4 + NaOH
2Na+ + HPO42–+HOH {{Arrowleft}} Na+ + H2PO4– + Na+
+ OH–
HPO42– + HOH {{Arrowleft}} H2PO4– + OH–
''III баскыч''  Реакция жүрбɵйт,себеби, НРО4 – начар электролит болуп саналат.
'''2–Мисал'''
''I баскыч''
Al2(SO4)3 + 2HOH {{Arrowleft}} 2Al(OH)SO4+H2SO4
2Al3+ + 3SO42– + 2HOH {{Arrowleft}} 2AlOH2+ + 2SO42– + 2H+ + SO42–
2Al3+ + 2HOH {{Arrowleft}} 2AlOH2+ + 2H+
''II баскыч''
2Al(OH)SO4 + 2HOH {{Arrowleft}} [Al(OH)2]2SO4 + H2SO4
2AlOH2+ + 2SO42– + 2HOH {{Arrowleft}} 2Al(OH)2+ + SO42– + 2H+ + SO42–
2AlOH2+ + 2HOH {{Arrowleft}} 2Al(OH)2+ + 2H+
''III баскыч''
[Al(OH)2]2SO4 + 2HOH {{Arrowleft}} 2Al(OH)3{{Arrowdown}} + H2SO4
2Al(OH)2+ + SO42– + 2HOH {{Arrowleft}} 2Al(OH)3{{Arrowdown}} + 2H+ + SO42–
2Al(OH)2+ + 2HOH {{Arrowleft}} 2Al(OH)3{{Arrowdown}} + 2H+
''III баскычта реакция жүрбɵйт, себеби алынган зат кайра баштапкы заттарга ажырап, суутектин иондорунун ɵзүнчɵ топтолуусуна алып келет. Бирок, эритмени суюлтуу жана температураны жогорулатуу менен гидролиздин жүрүшүн күчɵтүүгɵ болот. Ошондуктан, гидролиз III баскычта да жүрүшү мүмкүн.''
Ошентип, туздар эрүүчү болсо,алар күчтүү жана начар компоненттерден (катион же анион) пайда болсо, анда гидролизденет. Туздун курамында щелочтон алынган күчтүү катион болсо, гидролизден кийин щелочтуу чɵйрɵ түзүлɵт. Эгерде туз күчтүү кислотадан жана начар негизден пайда болсо, анда күчтүү анион гидролизден кийин кычкыл чɵйрɵнүн түзүлүшүнɵ алып келет. Б.а. «Ким күчтүү болсо, ошонуку туура!» деген эреже сакталат.
Туздардын эригичтүүлүгүнүн ɵзгɵртүлгɵн таблицасы, гидролизден кийинки '''рН''' чɵйрɵнү аныктоого багытталган.
{{Dissociation}}
Бул таблицадагы тузду гидролиздин натыйжасы аркылуу сүрɵттɵп жазууга болот.
'''Эгерде туз таблицада тɵмɵнкү түстɵр менен белгиленсе, анда:'''
мындай туз диссоциацияланат жана гидролизге учурабайт.
гидролизденет, кычкыл чɵйрɵ түзүлɵт, '''рН <7''' болот.
гидролизден кийин щелочтук чɵйрɵ түзүлɵт, мында суутектик кɵрсɵткүчтүн '''рН''' мааниси '''7 ден чоң болот'''.
анализдɵɵнү талап кылат: туз бул сектордогу башка туздардай эле эрибейт же сууда эригенде ажырап кетет. Туз эрүүчү болсо, анда гидролиздин натыйжасында, нейтралдуу чɵйрɵ '''рН=7,0''' түзүлɵт.
== Буфердик эритмелер ==
Буфердик системанын болушу менен кандын ж.б. суюктуктардын курамынын туруктуулугун сактоого организм жɵндɵмдүү болот. Кычкылдуулугу жана щелочтуулугу ар түрдүү болгон кɵптɵгɵн заттар организмге сырттан кирет жана анда иштелип чыгат, бирок, H+ жана OH– иондорунун концентрациясын ɵзгɵртүү менен кан үчүн туруктуу '''(pH = 7,37 – 7,44)''' чɵйрɵ сакталат.
Бул кɵрсɵткүчтɵрдүн тɵмɵндɵшү же жогорулашы ɵлүмгɵ алып келет. Буфердик эритмелер деп, бир аз ɵлчɵмдɵ кислотаны же щелочту кошсо, суюлтса да суутектик кɵрсɵткүчү '''рН''' ɵзгɵрбɵй, турактуу болгон эритмелерди айтабыз. Буфердик системалар начар негизден жана күчтүү кислотадан пайда болгон же начар кислотадан жана күчтүү негиздерден пайда болгон туздардан турат.
{{center|[[file:Классификация буферных систем.png|600px|Классификация буферных систем]]}}
'''Мисалы:'''    NH4OH  +  NH4Cl  '''''pH = 9,2'''''  '''же'''  CH3COOH + CH3COONa  '''''pH=4,7'''''
Кислотаны кошуу менен суутектин иондору, ал эми щелочту кошуу менен гидроксид иондору менен байланышат, эритменин чɵйрɵсү '''pH''' бир аз гана ɵзгɵрɵт. Буфердик эритмелердеги чɵйрɵ '''рН''' буфердик ченем (емкость) аркылуу жɵнгɵ салынат.
Буфердик ченем деп, эритменин чɵйрɵсүн рН 1ге чейин тɵмɵндɵтүү үчүн, 1 л буфердик эритмеге кошулган кислотанын же щелочтун молунун санын айтабыз.
Организмдин ар бир клеткасында ички чɵйрɵнүн туруктуулугун сактаган ар түрдүү буфердик система иштейт.
== Гидролиздин мааниси жана колдонулушу ==
Туздардын суу менен болгон алмашуу реакциясы жаратылышта кеңири таралган.
{{right-p|[[file:Малахит.png|350px|class=show-for-large-up|Минерал малахит – продукт гидролиза природных карбонатов.]]}}
Гидролиз кубулушу жер катмарынын химиялык кайрадан ɵзгɵрүүсү үчүн чоң роль ойнойт. Жер катмарындагы кɵптɵгɵн минералдар – металлдардын сульфиддери сууда начар эрийт, бирок, суу менен акырындап аракеттенише баштайт. Мындай процесстер Жердин үстүндɵ да жүрүп турат, бирок, жердин терең катмарында, жогорку температурада өтө кубаттуу жүрɵт. Жыйынтыгында, вулкан учурунда, жердин үстүнɵ абдан кɵп ɵлчɵмдɵ күкүртүү суутек бɵлүнүп чыгат. Ал эми силикат тоо тектери акырындап, гидроксиддерге, андан соң металлдардын оксидине айлана баштайт. Жыйынтыгында, минералдардын гидролизи– алюмосиликаттар пайда болуп, тоо тектери бузула баштайт.
{{center|[[file:Малахит.png|350px|class=hide-for-large-up|Минерал малахит – продукт гидролиза природных карбонатов.]]}}
Бизге белгилүү болгон малахит '''(Cu2(OH)2CO2)''' – табийгый карбонаттардын гидролизинен пайда болгон.
Дүйнɵлүк океанда туздар суу менен кубаттуу аракеттенишет. Дарыялар менен агып чыккан кальцийдин жана магнийдин гидрокарбонаттары деңиз сууларына кошулуп, аларда начар шелочтук чɵйрɵнү түзɵт. Жээктеги суулардын мына ушундай начар щелочтук чɵйрɵсүндɵ рН 9га барабар болот, ошондуктан, деңиз ɵсүмдүктɵрүндɵ фотосинтез кубаттуу жүрɵт жана деңиз жаныбарлары да ылдам чоңоюшат. Сүт эмүүчүлɵрдүн, анын ичинен адамдын канындагы рН бирдейлигин билүү менен силер, Жердеги жаныбарлар дүйнɵсүнүн биримдиги жɵнүндɵ жыйынтык чыгара аласыңар.
Гидролиз мунайчыларды бир топ түйшүккɵ салды. Бизге белгилүү болгондой, нефтте суунун жана кɵптɵгɵн туздардын аралашмасы, ɵзгɵчɵ кальцийдин жана магнийдин хлориди кɵп болот. Нефтини кайра иштеткен учурда, аны 250 oС ысытканда хлориддер суунун буусу менен кубаттуу аракеттенишет. Бɵлүнүп чыккан газ абалындагы хлордуу суутек жабдуулар жасалган металл менен реакцияга кирип, аны бузат, бул нефть продуктыларынын баасынын жогорулашына алып келет. Бирок, гидролиздин пайдасын да айтпай коюуга болбойт. Мисалы, алюминий сульфатынын суу менен аракеттенишинен пайда болгон алюминий гидроксидинин чɵкмɵсү кылымдардан бери боёк катары колдонулуп келе жатат. Кездемеге сиңирилгенден кийин алюминий гидроксиди боёкторду жеңил адсорбциялайт жана жууса да кетпеген боёктордун катмарын пайда кылат. Бул жол менен кездемени боёочу сапаттуу боёктор алынат. Ушул эле процесс ичүүчү сууну жана ɵнɵр жай калдыктарын тазалоодо да колдонулат. Алюминийдин гидроксидинин кɵпшɵк, аморфтуу чɵкмɵсүн топуракта тоголоктошот да, аларды адсорбциялоо менен зыяндуу, уу заттарды чɵктүрүп, бɵлүп алышат. Ушундай эле жол менен табият суулары алюминийдин бирикмелеринен турган чопо менен тазаланат.
Натрийдин карбонатынын жана натрийдин фосфатынын Na2CO3, Na3PO4 туздарынын гидролизи сууну тазалоо жана аны жумшартуу үчүн колдонулат.
Топурактын кычкылдуулугун азайтуу максатында акиташтоо да гидролиздɵɵ реакциясына негизделген:
CO32-+HOH{{ArrowLR}}HCO3-+OH+
Гидролиз аркылуу ɵнɵр жайында азык–түлүк эмес чийки заттардан ''(жыгач, пахтанын кабыгы, күн карама шакелдери, саман)'' бир катар баалуу продуктылар: '''этил спирти, белковые дрожж, глюкоза, кургак муз''' иштелип чыгат.
== Пайдалуу шилтемелер ==
{{bib|Канал [https://www.youtube.com/channel/UCjAmQ-4NL3UZX0W_nmjn4_w '''Thoisoi'''] на YouTube где вы сможете увидеть необычные эксперименты и узнать еще больше о химических элементах}}
==Глоссарий==
:{{bib|'''Аквакомплекстер''' – суунун молекуласынын курамына кирген комплекстер же кристаллогидраттар}}
:{{bib|'''Буфер, буферная система''' ''(англ. buffer, от buff – смягчать удар)'' – растворы с определённой устойчивой концентрацией водородных или гидроксид-ионов.}}
== Библиография ==
* {{bib|Химическая энциклопедия, ред. И.Л. Кнунянц, Изд. «Советская энциклопедия»,  1-5 т., М., 1988 г.}}
* {{bib|Справочник по растворимости. - Т.1, Кн.1. - М.-Л.: ИАН СССР, 1961. – С. 244}}
* {{bib|Ефимов А.И. и др. Свойства неорганических соединений. Справочник. - Л.: Химия, 1983. – С. 140-141}}
* {{bib|Волков, А.И., Жарский, И.М. Большой химический справочник / А.И. Волков, И.М. Жарский. - Мн.: Современная школа, 2005. - 608 с ISBN 985-6751-04-7.}}
Белгилүү химиктер
{{center-p|[[file:88a.jpg|400px|Сванте Август Аррениус]]}}
Швед физик–химиги Сванте Август Аррениус Упсаладан алыс эмес жердеги Вейк имениесинде туулган.
Аррениус ар түрдүү типтеги эритмелер аркылуу электр тогунун ɵтүшүн изилдеген. Ал кээ бир заттардын молекулалары сууда эригенде диссоциациялана тургандыгын, б.а. эки же андан кɵп бɵлүкчɵлɵргɵ–иондорго ажырай тургандыгын божомолдогон. «Бирок, ар бир бүтүн молекула электронейтралдуу болсо да, анын бɵлүкчɵлɵрү бир аз электр зарядына ээ болот, ал бɵлүкчɵнүн жаратылышына карата, же оң, же терс болушу мүмкүн. Мисалы, натрий хлоридин (туз) сууда эриткенде, ал '''оң заряддалган натрийдин атомуна жана терс заряддалган хлордун атомуна ажырайт.''' Бул заряддалган атомдор, молекуланын активдүү курамдык бɵлүгү катары эритмелерде гана пайда болот жана электр тогунун ɵтүщү үчүн шарт түзɵт. Электр тогу ɵз кезегинде активдүү курамдык бɵлүктɵрдү карама–каршы заряддалган электроддорго багыттайт».
1884–ж. Аррениус Упсаль Университетинде докторлук диссертациясын жактаганда, мына ушул гипотезалар менен чыккан. Ал мезгилде кɵптɵгɵн окумуштуулар эритмеде карама–каршы заряддалган бɵлүкчɵлɵрдүн болооруна ишенишкен эмес. Ошондуктан, факультет кеңеши диссертацияны ɵз деңгээлинде баалаган эмес.
1903–ж. гана Аррениуска «химия илимин ɵнүктүрүүдɵ анын электролиттик диссоциация теориясынын ɵзгɵчɵ маанисин таануу максатында»Нобель сыйлыгы ыйгарылган.Швеция королевствосунун илимдер академиясынын атынан чыккан X.Р.Тернеблад Аррениустун иондор теориясы «математика менен жакындашып», электрохимиянын ɵнүгүшүнɵ жол салгандыгын баса кɵрсɵткɵн. «Аррениустун теориясынын маанилүү натыйжаларынын бири, химия боюнча биринчи Нобель сыйлыгын алган Вант–Гоффтун эмгегин жыйынтыктагандыгы болуп саналат», – деген Тернеблад.
Сода жана анын колдонулушу
{{center|'''Машина–автоматта сода менен кур жууганга болобу?'''}}
Кир жуучу машинада сода менен кантип кир жууйбуз? Ал үчүн барабандын ɵзүнɵ жарым стакан сода салып, кадимки режимде жууш керек. Эгерде кир буюмдар кɵп болсо, анда содадан бир стакан салуу керек. Ал эми ага дагы бир стакан ак уксустун эритмесин кошсок, соданын эффективдүүлүгү андан да жогорулайт.
{{center|[[file:Stirka-belya-1.jpg|400px|Можно ли стирать содой в машинке-автомат?]]}}
'''Сода менен тактарды кетирүү'''
Тактарды сода менен кетирүүчү бир нече ыкмаларды сунуш кылабыз:
*Такты кетирүү үчүн, сода пастасын даярдап алалы: бир чоң кашык соданы сууга аралаштырабыз. Суунун ордуна суутектин ɵтɵ кычкылын же уксусту колдонсо да болот. Алынган пастаны кир такка сүрүп, 15 мүнɵттɵн кийин жууп салабыз. Эгерде так кетпесе, процедураны кайталайбыз. Так абдан терең болсо,анда тиш щетка менен сүрүп кетирсек болот. Бирок, сода пастасын ɵтɵ назик, жука кездемелерге колдонууга болбойт;
*Соданы буюмдарды кургак жол менен тазалоого да колдонууга болот. Ал үчүн соданы кир тактын үстүнɵ жука кылып себелɵɵ керек( электи колдонсо ыңгайлуу болот), анан пакетке аба киргизбей ороп, 2 саатка коёбуз. Андан кийин кийимди кагып, 40 мүнɵт эшикке жайып коюу керек;
*Жагымсыз жытты кетирүү үчүн соданы таза носкиге салып, оозун байлап койгула. Андан кийин аны кийим салынган пакетке салып туруп, аба киргизбей кургак, салкын жерге түнү менен коюп койсо болот. Эртең менен пакетти ачып, соданы кийимден кагып түшүргүлɵ.Андан соң кийимди бир нече саатка чейин эшикке күнгɵ жайып койгула. Эгерде жыт кетпесе, процедураны кайталагыла;
*Килемдин бетиндеги же дасторкондогу такты соданы уксус менен ɵчүрүп алып, тазалоо керек. Ал үчүн адегенде соданы кир такка себелейбиз, андан соң чүпүрɵктү уксус менен нымдап туруп, ортосунан четти кɵздɵй такты сүрɵбүз. Бул процедураны бир нече жолу кайталап, аягында таза суу менен чайкап коёбуз.
'''Сода менен агартуу'''
Кирди сода менен жууп жана агартууга болобу? Ооба, ал үчүн соданы нашатыр спирти менен аралаштыруу керек. 5 литр таза сууга 5 кашык сода жана 2 кашык нашатыр спиртин кошуу керек. Алынган эритмеге ак түстүү кирлерди 2–3 саатка чейин чылап койгула. Андан кийин гана жуугула. Эгерде чылагандан кийин кирлерди ушул эритмеге кайнатсак, алардын саргыч түсү кетет.
'''Кальцийлештирген сода менен кантип кир жууганга болот?'''
{{center|[[file:Soda-stirka.jpg|400px|Как стирать кальцинированной содой?]]}}
Соданын экинчи түрү–кальцийлештирилген сода, тамак–аш содасына караганда бир канча эффективдүү. Аны турмуш–тиричилик химия бɵлүмдɵрүнɵн сатып алууга болот. Кальцийлештирген соданын колдонулушу:
*Кир жуугуч машинанын тетиктеринен кеберди( накип) жана аны туура эмес пайдалануудан пайда болгон жагымсыз жытты кетирүү үчүн колдонулат. Ал үчүн соданы бирдей ɵлчɵмдɵ суу менен аралаштырып, аралашма менен барабанды жана кир жуугуч каражат салынуучу лотокко салып, 30 мүнɵттɵн кийин чүпүрɵк менен сүрүп коюу керек. Андан кийин автомат машинага кир салбай туруп, «тез жууган» режимде иштеткиле;
*Сууну жакшы жумшартат. Ал үчүн кир жуугуч порошокко 2 чоң кашык сода кошулат (суунун катуулугу жогору болсо, 5 кашыкка чейин кошуу керек). Суунун температурасы 50 градустан тɵмɵн болбошу керек, бул кебердин болушунун да алдын алат. Бирок, жибек жана жүн кийимдерди мындай аралашма менен жууганга болбойт;
*Кирлерди чылап коюу үчүн 3 чоң кашык соданы 40 градуска чейин жылытылган 10 литр сууга кошкула. Эритмеге кийимдерди салып, чылап койгула. 2–3 сааттан кийин жуусаңар болот;
*Ашканадагы майлыктарды таза жууш үчүн тɵмɵнкү эрежени колдонсок болот: бир ууч соданы майдаланган (теркада) кир самын менен аралаштырып, эмаль чаканын жарымынан суу куюп туруп, салып койгула. Самын эригенден кийин, сууга майлыктарды салып, жай отко 20 мүнɵт кайнаткыла. Андан кийин машинада кадимкидей жууп койгула;
*Майлыктагы майдын тактарын кетирүү үчүн соданы ɵсүмдүк майы, агартуучу каражат жана порошок менен аралаштыруу керек. Ар бир ингредиенттен 3 чоң кашыктан алып, чакадагы кайнак сууга салгыла да кир кол арчыгычтарды, майлыктарды салып койгула. Алар суу муздаганча чыланып турсун. Түнү бою калтырып коюуга да болот. Андан соң аларды таза, жылуу сууга чайкагыла да, машинкада жууп койгула.
'''Сода кошулган универсалдык тазалоочу каражат'''
{{center|[[file:Soda-dlya-stirki-i-mytya.jpg|400px|Универсальное чистящее средство с содой]]}}
Идиш–аяктарды жууш үчүн жана сантехниканы тазалоо үчүн каражаттарды ɵзүбүз даярдап алсак да болот. Ал үчүн тɵмɵнкүлɵр керек:
*теркадан ɵткɵрүлгɵн «детское» самыны,
*1 стакан сууну кошуп, аралаштырабыз да,
*дагы бир стакан сууну куюп,250 грамм соданы акырындык менен кошобуз,
*кайрадан аралаштырабыз.
Мындай паста менен акиташты да кетирүүгɵ болот.
'''Сода кошулган башка тазалоочу каражаттар'''
Соданы пайдалануу менен тɵмɵнкүлɵрдү даярдасак болот:
*идиш–аяк жуугуч аралашма;
*кир кетирүүчү гель;
*ваннаны тазалоочу каражат.
Идиш–аяктарды жуучу гелди даярдоо үчүн кир самын (25 грамм), 100 грамм тамак–аш содасы, жарым литр ысык суу, 4 кашык глицерин, бир кашык арак же суюлтулган спиртти даярдап алгыла. Кир самынды теркадан ɵткɵрүп, бир аз суу куйгула да кичине толкундуу мешке (микроволновая печ) койгула. Эритмени аралаштырып, калган сууну акырындык менен куйгула. Самын эригенден кийин муздаткыла да, ага глицеринди, аракты кошуп, аралаштыргыла. Пайда болгон кɵбүктɵрдү башка идишке куюп алып, пайдалана бергиле.
Кир кетирүүчү гелди даярдоо үчүн 1 литр суу, 50 грамм теркадан ɵткɵрүлгɵн кир самын жана 45 грамм кальцийлештирилген сода керектелет. Кайнап жаткан сууга майдаланган самынды салып, жакшылап аралаштыргыла. Андан кийин аралашмага соданы кошуп койгула. 5 килограмм кир кийимдерди жууганга 2 чоң кашык гелди барабанга куюп, кир жуусаңар болот.
Ваннаны тазалоочу каражатты даярдоо үчүн аралашмага жарым стакан сода, суюк самын жана 5 тамчы розмариндин же лаванданын майы кошулат. Соданы самын менен аралаштырып, майды кошкула. Аралашма кургап кетпеши үчүн ага бир чай кашык глицерин кошуп, идиштин оозун бекем жаап коюу керек.
{{center|'''Мына ошентип, кийимдерди сода менен жууганга болобу деген суроого: ооба болот деп жооп беребиз.Соданы пайдалануу менен ар түрдүү тактарды жеңил эле кетиребиз жана ар кандай кымбат каражаттарды сатып албай, акчаны экономдосок да болот экен.'''}}
Суу дүйнɵсү
Бүт дүйнɵ жүзүндɵ 22 мартта '''Суу ресурстарынын күнү''' белгиленет. Бул майрам Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын чечими менен, жалпы адамзатка айлана– чɵйрɵгɵ жана коомдун ɵнүгүшү үчүн суу ресурстарынын маанилүүлүгүн эстетүү максатында белгиленген.
Азыркы мезгилде биздин планетанын территориясынын 70% суудан турат. Бирок, бул суунун 1% гана ичүүгɵ болот. Жыл ɵткɵн сайын суу ресурстарынын проблемалары күчɵɵдɵ. Акыркы 50 жылда гана суу менен байланышкан 507 чыр–чатак болуп, анын 21 согушка алып келген. Суу – планетадагы эң жɵнɵкɵй зат. Бирок, ошол эле учурда сууда, бизге белгисиз болгон табышмактар да бар. Окумуштуулар азыркыга чейин сууну изилдеп, кызыктуу кɵп фактыларды табышууда.
{{center-p|[[file:Voda-ch.jpg|300px|Водный мир]]}}
'''Силер билесиңерби'''
'''эң таза суунун Финляндияда экендигин?'''
ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, эң таза суу Финляндияда экен. Алар 122 ɵлкɵнүн табийгый таза сууларын изилдеген. Ал эми дүйнɵ жүзү боюнча 1 млрд адамдын таза сууну колдонууга мүмкүнчүлүгү таптакыр жок экен.
'''муз ысык суудан тез алынабы?'''
Эгерде логикалык жактан ойлоп кɵрсɵк, муз албетте, муздак суудан алынат. Ысык суу биринчи муздашы, анан тоңушу керек, ал эми муздак сууну ошол замат эле тоңдурабыз.Бирок, тажрыйбаларда кɵрсɵткɵндɵй, ысык суу музга тез айланат экен.
Эмне үчүн ысык суунун муздак сууга караганда тез тоңо тургандыгынын себеби, азыркыга чейин белгисиз. Балким, себеби муздатууда, буулантууда, муздун пайда болушунда эмес, суюлтулган газдардын ысык жана муздак сууга тийгизген таасириндедир.
{{center-p|[[file:Lednik ch.jpg|300px|Ледники в океане]]}}
'''суунун ɵтɵ катуу тоңо тургандыгын? '''
Суунун 0 градуста тоңуп, 100 градуста кайнай тургандыгы физика курсунан бардыгына белгилүү. Бирок, кээ бир суулардын андан да тɵмɵнкү температурада гана тоңо тургандыгы айтылып жүрɵт. Мындай касиетке аралашмасы жок эң таза суу ээ болот. 0 градуска чейин муздатса да, мындай суу суюк абалда калат. Белгилүү бир тɵмɵнкү температурада гана суу музга айланат же кайнайт экен.
'''суунун 3 кɵп агрегаттык абалы бар экендигин?'''
Суунун үч агрегаттык абалда: суюк, катуу жана газ абалда болоору бардыгыбызга белгилүү. Бирок, окумуштуулар суунун 5 суюк абалы жана 14 тоңгон катуу абалы бар экендигин белгилешкен.
Эгерде тоңгон таза сууну дагы муздата берсек эмне болот? Сууда укмуштуудай айлануулар башталат. Цельсий шкаласы боюнча минус 120 градуста суу ɵтɵ илээшкек, созулгуч болсо, ал эми минус 135 градуста суу '''айнектей''' абалга келет. «Айнек»суу – бул кристаллдык түзүлүшкɵ ээ эмес, айнектей катуу зат.
Ар түрдүү кар бүртүкчɵлɵрү
'''Эл аралык классификация боюнча кардын түрлɵрү'''
© А. К. Дюнин, В царстве снега, Издательство «Наука», Новосибирск, 1983
[[Image:Sn1.jpg|Пластинки]]
'''Пластинки'''
Самые простые из снежинок — плоские шестиугольные призмы.
[[Image:Sn2.jpg|Звезды]]
'''Звезды'''
Как и пластинки, звезды обычно плоские и тонкие, с шестью лучами.
[[Image:Sn3.jpg|Столбики]]
'''Столбики'''
Полые внутри, могут иметь форму карандаша.
[[Image:Sn4.jpg|Иглы]]
'''Иглы'''
Длинные и тонкие кристаллы, иногда состоят из нескольких веточек.
[[Image:Sn5.jpg|Пространственные дендриты]]
'''Пространственные дендриты'''
Объемные снежинки, образуются при срастании нескольких кристаллов.
[[Image:Sn6.jpg|Увенчанные столбики]]
'''Увенчанные столбики'''
Образуются в случае, если столбики попадают в иные условия, и кристаллы меняют направление роста.
[[Image:Sn7.jpg|Неправильные кристаллы]]
'''Неправильные кристаллы'''
Самый распространенный тип. Образуется при повреждении снежинки.
© Kichigin | Shutterstock.com
{{lang|Химия: Электролитическая диссоциация}}
{{lang|Химия: Электролитическая диссоциация}}
Версия 15:08, 3 мая 2018
Содержание
[убрать
https://bb.edu.gov.kg/index.php?diff=15690&oldid=13248&title=KR%3A%D0%A5%D0%B8%D0%BC%D0%B8%D1%8F%3A_%D0%AD%D0%BB%D0%B5%D0%BA%D1%82%D1%80%D0%BE%D0%BB%D0%B8%D1%82%D1%82%D0%B8%D0%BA_%D0%B4%D0%B8%D1%81%D1%81%D0%BE%D1%86%D0%B8%D0%B0%D1%86%D0%B8%D1%8F
index.php?diff=15690&oldid=13248&title=KR%3A%D0%A5%D0%B8%D0%BC%D0%B8%D1%8F%3A_%D0%AD%D0%BB%D0%B5%D0%BA%D1%82%D1%80%D0%BE%D0%BB%D0%B8%D1%82%D1%82%D0%B8%D0%BA_%D0%B4%D0%B8%D1%81%D1%81%D0%BE%D1%86%D0%B8%D0%B0%D1%86%D0%B8%D1%8F
Электролиттер жана электролит эместер
#.D0.AD.D0.BB.D0.B5.D0.BA.D1.82.D1.80.D0.BE.D0.BB.D0.B8.D1.82.D1.82.D0.B5.D1.80_.D0.B6.D0.B0.D0.BD.D0.B0_.D1.8D.D0.BB.D0.B5.D0.BA.D1.82.D1.80.D0.BE.D0.BB.D0.B8.D1.82_.D1.8D.D0.BC.D0.B5.D1.81.D1.82.D0.B5.D1.80
Электролиттик диссоциация теориясы
#.D0.AD.D0.BB.D0.B5.D0.BA.D1.82.D1.80.D0.BE.D0.BB.D0.B8.D1.82.D1.82.D0.B8.D0.BA_.D0.B4.D0.B8.D1.81.D1.81.D0.BE.D1.86.D0.B8.D0.B0.D1.86.D0.B8.D1.8F_.D1.82.D0.B5.D0.BE.D1.80.D0.B8.D1.8F.D1.81.D1.8B
Диссоциациянын механизми
#.D0.94.D0.B8.D1.81.D1.81.D0.BE.D1.86.D0.B8.D0.B0.D1.86.D0.B8.D1.8F.D0.BD.D1.8B.D0.BD_.D0.BC.D0.B5.D1.85.D0.B0.D0.BD.D0.B8.D0.B7.D0.BC.D0.B8
Кислоталардын, негиздердин жана туздардын диссоциациясы
#.D0.9A.D0.B8.D1.81.D0.BB.D0.BE.D1.82.D0.B0.D0.BB.D0.B0.D1.80.D0.B4.D1.8B.D0.BD.2C_.D0.BD.D0.B5.D0.B3.D0.B8.D0.B7.D0.B4.D0.B5.D1.80.D0.B4.D0.B8.D0.BD_.D0.B6.D0.B0.D0.BD.D0.B0_.D1.82.D1.83.D0.B7.D0.B4.D0.B0.D1.80.D0.B4.D1.8B.D0.BD_.D0.B4.D0.B8.D1.81.D1.81.D0.BE.D1.86.D0.B8.D0.B0.D1.86.D0.B8.D1.8F.D1.81.D1.8B
Диссоциация даражасы
#.D0.94.D0.B8.D1.81.D1.81.D0.BE.D1.86.D0.B8.D0.B0.D1.86.D0.B8.D1.8F_.D0.B4.D0.B0.D1.80.D0.B0.D0.B6.D0.B0.D1.81.D1.8B
Ион алмашуу реакциясы
#.D0.98.D0.BE.D0.BD_.D0.B0.D0.BB.D0.BC.D0.B0.D1.88.D1.83.D1.83_.D1.80.D0.B5.D0.B0.D0.BA.D1.86.D0.B8.D1.8F.D1.81.D1.8B
Суунун иондук туундусу. Эритменин pH кɵрсɵткүчү
#.D0.A1.D1.83.D1.83.D0.BD.D1.83.D0.BD_.D0.B8.D0.BE.D0.BD.D0.B4.D1.83.D0.BA_.D1.82.D1.83.D1.83.D0.BD.D0.B4.D1.83.D1.81.D1.83._.D0.AD.D1.80.D0.B8.D1.82.D0.BC.D0.B5.D0.BD.D0.B8.D0.BD_pH_.D0.BA.C9.B5.D1.80.D1.81.C9.B5.D1.82.D0.BA.D2.AF.D1.87.D2.AF
Туздардын гидролизи (суунун ажырашы) 1–Мисал2–Мисал
#.D0.A2.D1.83.D0.B7.D0.B4.D0.B0.D1.80.D0.B4.D1.8B.D0.BD_.D0.B3.D0.B8.D0.B4.D1.80.D0.BE.D0.BB.D0.B8.D0.B7.D0.B8_.28.D1.81.D1.83.D1.83.D0.BD.D1.83.D0.BD_.D0.B0.D0.B6.D1.8B.D1.80.D0.B0.D1.88.D1.8B.29
Буфердик эритмелер
#.D0.91.D1.83.D1.84.D0.B5.D1.80.D0.B4.D0.B8.D0.BA_.D1.8D.D1.80.D0.B8.D1.82.D0.BC.D0.B5.D0.BB.D0.B5.D1.80
Гидролиздин мааниси жана колдонулушу
#.D0.93.D0.B8.D0.B4.D1.80.D0.BE.D0.BB.D0.B8.D0.B7.D0.B4.D0.B8.D0.BD_.D0.BC.D0.B0.D0.B0.D0.BD.D0.B8.D1.81.D0.B8_.D0.B6.D0.B0.D0.BD.D0.B0_.D0.BA.D0.BE.D0.BB.D0.B4.D0.BE.D0.BD.D1.83.D0.BB.D1.83.D1.88.D1.83
Пайдалуу шилтемелер
#.D0.9F.D0.B0.D0.B9.D0.B4.D0.B0.D0.BB.D1.83.D1.83_.D1.88.D0.B8.D0.BB.D1.82.D0.B5.D0.BC.D0.B5.D0.BB.D0.B5.D1.80
Глоссарий
#.D0.93.D0.BB.D0.BE.D1.81.D1.81.D0.B0.D1.80.D0.B8.D0.B9
Библиография
#.D0.91.D0.B8.D0.B1.D0.BB.D0.B8.D0.BE.D0.B3.D1.80.D0.B0.D1.84.D0.B8.D1.8F
Электролиттер жана электролит эместер
Кээ бир заттардын эриген же балкыган абалда электр тогун ɵткɵрɵ тургандыгы, ал эми башкалары ушундай эле шартта электр тогун ɵткɵрбɵй тургандыгы белгилүү. Муну биз жɵнɵкɵй эле куралдын жардамы менен байкасак болот.
Эритмелердин электр ɵткɵргүчтүгүн аныктоочу курал
Эритмелердин электр ɵткɵргүчтүгүн аныктоочу курал
Ал электр тогу менен байланыштырылган кɵмүр электроддорунан турат. Чынжырга токтун бар же жок экендигин кɵрсɵтүүчү электр лампочкасы да туташтырылган. Эгерде электродду канттын эритмесине салсак, анда лампочка күйбɵйт. Ал эми электродду натрий хлоридинин эритмесине салсак, ал жарык болуп күйɵт. Эритмелери же балкыган эритиндилери электр тогунун таасири астында иондорго ажыраган заттар электролиттер деп аталат. Эритмелери электр тогунун таасири астында иондорго ажырабаган заттар электролит эместер деп аталат. Электролиттерге кислоталар, негиздер жана бардык туздар кирет, ал эми электролит эместерге кɵпчүлүк органикалык заттар кирет.
Электролиттик диссоциация теориясы
Электролиттердин эритмелеринин ɵзгɵчɵлүгүн түшүндүрүү максатында, 1887-жылы швед окумуштуусу С. Аррениус электролиттик диссоциация теориясын сунуш кылган. Кийинчерээк бул теория атомдордун түзүлүшү жана химиялык байланыштар жɵнүндɵгү окуунун негизинде, окумуштуулар тарабынан ɵнүктүрүлгɵн. Бул теориянын учурдагы мазмууну тɵмɵнкү үч жободо берилген:
Электролитическая диссоциация раствора хлорида натрия
1. Электролиттер сууда эригенде иондорго-оң жана терс ионго ажырашат (диссоциацияланат). Иондор атомго караганда туруктуу болгон электрондук абалда болушат.
Электролитическая диссоциация раствора хлорида натрия
Алар бир эле атомдон турушу мүмкүн, бул- жɵнɵкɵй иондор (Na+, Mg2+, Аl3+ и т.д.)болушат. Же болбосо, бир нече атомдон турушу мүмкүн, бул – татаал иондор (NО3, SO42– , РО43– ж.б.).
2. Электр тогунун таасири астында иондор багыттуу кыймылга келишет: оң заряддалган иондор катодго тартылат, терс заряддалган иондор анодго тартылат. Ошондуктан, оң заряддалган иондор-катиондор деп, терс заряддалган иондор–аниондор деп аталат. Иондордун багыттуу кыймылы алардын карама–каршы заряддалган электроддорго тартылуусунан келип чыгат.
• Иондордун баш аламан кыймылы
• Иондордун багытттуу кыймылы
Процесс диссоциации на примере нитрата магния
3. Диссоциация – кайталанма процесс: молекулалардын иондорго ажырашы (диссоциация) менен катар эле иондордун биригүүсү (ассоциация) жүрүп турат. Ошондуктан, электролиттик диссоциациянын теңдемесинде барабардыктын ордуна карама–каршы багытталган жебелер (стрелка) жазылат. Мисалы:
Процесс диссоциации на примере нитрата магния
Диссоциациянын механизми
• Электролиттик диссоциациянын механизмин карап кɵрɵлү. Иондук байланыш менен байланышкан заттар жеңил диссоциацияланат, себеби, бул заттар иондордон турат. Алар эригенде, суунун диполу оң жана терс заряддалган иондордун айланасына багыт алат. Иондор менен суунун диполунун ортосунда тартылуу күчү пайда болот. Жыйынтыгында, иондордун ортосундагы байланыш начарлайт да, иондор кристаллдан эритмеге ɵтүшɵт.
• Механизм электролитической диссоциации (растворение в воде)
Кислоталардын, негиздердин жана туздардын диссоциациясы
Электролиттик диссоциация теориясынын негизинде кислоталарга, негиздерге жана туздарга аныктама берилип, касиеттери белгиленет.
Кислоталар – диссоциация учурунда катиондор катары суутектин иондору ажырап бɵлүнгɵн электролиттер
H3РO4 ArrowLR.png 3H+ + РO43– – фосфат иону
Кɵп негиздүү кислоталардын диссоциациясы биринчи баскычта жакшы жүрɵт, экинчи баскычта азыраак, ал эми үчүнчүдɵ бир аз гана жүрɵт. Ошондуктан, фосфор кислотасы диссоциацияланганда, H3РO4 молекуласынан башка иондорго да ажырайт (акырындык саны менен азаят).
H3РO4 ArrowLR.png H+ + Н2РO4¯ дигидрофосфат иону; (биринчи баскыч)
H2РO4 ArrowLR.png H+ + НРO42– гидрофосфат иону; (экинчи баскыч)
РO42– ArrowLR.png H+ + РO43– фосфат иону; (үчүнчү баскыч)
Негиздер – диссоциацияланганда аниондор катарында гидроксид иондору гана ажырап бɵлүнгɵн электролиттер. Мисалы: KOH = K + OH
Диссоциация даражасы
Степень диссоциации
Электролиттик диссоциация – кайталанма процесс болгондуктан, электролиттердин эритмесинде иондордон сырткары молекулалар да болот. Ошондуктан, электролиттердин эритмеси диссоциация даражасы менен мүнɵздɵлɵт (грек тамгасы альфа α менен белгиленет.). Диссоциация даражасы – бул иондорго ажыраган молекулардын санынын Ni молекуланын жалпы санына N болгон катышына барабар:
Диссоциация даражасы
Электролиттердин диссоциация даражасы пайыздар менен туюнтулат. Эгерде α = 0 болсо, анда диссоциациянын болбогондугун билдирет, α = 1 же 100% болсо, анда электролит иондорго толугу менен ажырайт. Эгер α = 20% болсо, анда берилген электролиттин 100 молекуласынын 20 гана иондорго ажырагандыгын билдирет.
• Сильные электролиты
• Слабые электролиты
• Степень диссоциации некоторых кислот в водных растворах при 18 градусах по цельсию
• Ар түрдүү электролиттердин диссоциация даражасы да ар башка болот. Тажрыйба кɵргɵзгɵндɵй, диссиоциация даражасы электролиттердин концентрациясынан жана температурадан кɵз каранды болот.
Ион алмашуу реакциясы
Электролиттик диссоциация теориясына ылайык, электролиттердин ортосунда жүргɵн бардык реакциялар иондук реакция болуп саналат. Алар иондук реакция деп, ал эми бул реакциялардын теңдемелери иондук теңдеме деп аталат. Алар молекулалык түрдɵ жазылган реакцияларга караганда жɵнɵкɵйүрɵɵк болушат.
Иондук теңдемени түзгөн учурда тɵмɵнкүлɵрдү билүү керек: *аз диссоциациялануучу зат (суу), *начар эриген заттар (чɵкмɵ түрүндɵ чɵккɵн заттар), *газ абалындагы заттар молекулалык түрдɵ жазылат
Пример реакций с выделением веществ
Теңдемени жазганда, формуланын жанына белгиси коюлса, анда бул заттын чɵкмɵ түрүндɵ чɵккɵнүн билдирет. Ал эми белги заттын газ абалында бɵлүнүп чыккандыгын билдирет.
Пример реакций с выделением веществ
• Күчтүү электролиттер толугу менен диссоциациялангандыктан, ион түрүндɵ жазылат. Теңдеменин сол жагындагы заряддардын суммасы оң жактагы заряддардын суммасына барабар болушу керек. Бул жоболорду бышыктоо үчүн мисалды карап кɵрɵлү.
Мисалы:
Пример реакции ионного обмена
• Реакции ионного обмена
Суунун иондук туундусу. Эритменин pH кɵрсɵткүчү
• Суунун молекуласынын концентрациясынын диссоциация даражасы тɵмɵнкү маанини кɵрсɵтүү менен турактуу чоңдук (1000 г/л)/(18 г/моль) = 55,56 моль/л. болуп саналат.
20 – 25 °C суунун диссоциация константасы 1,8•10−16 моль/л. барабар болот. Суу начар электролит (амфолит) болгондуктан, анын диссоциясынын константасын–суунун диссоциацияланышын жазып кɵрɵлү.
K•[H2O] = [H+] [OH]
Кɵрсɵткүчтү белгилейбиз K•[H2O] = Kв = 1,8·10−16 моль/л·55,56 моль/л = 10−14моль22 = [H+]·[OH] (25 °C температурада).
• Концентрации ионов. PH раствора
Протондордун концентрациясынын жана гидроксид ионунун кɵрсɵткүчүнɵ барабар болгон Kз константасы суунун иондук кɵрсɵткүчү деп аталат. Ал таза сууга гана эмес, ал түгүл заттардын суюлтулган эритмелери үчүн да турактуу болуп саналат. Температуранын жогорулашы менен суунун диссоциациясы жогорулайт, ошондуктан, Kз, дагы жогорулайт, температуранын тɵмɵндɵшү менен ал тɵмɵндɵйт. Суу диссоциацияланганда, ар бир суутектин оң ионуна Н+ бир гидроксиддин терс иону туура келет, ошондуктан, таза сууда булардын концентрациясы: [Н+] = [ОН] бирдей болот.
Туздардын гидролизи (суунун ажырашы)
Туздардын гидролизи – бул туздар менен суунун ортосундагы алмашуу реакциялары.Туз эритмеде диссоциацияланганда, анын иондору суунун молекуласы менен аракеттенишет.
Туздун катиондору суунун OH иону менен ал эми аниондору Н+ иону менен биригет.
Гидролиздин жыйынтыгында, диссоциацияланбаган, начарыраак, бирок, гидролизденген тузга караганда туруктуу болгон электролит алынат. Гидролиз гидролизге учураган туз начар кислотадан же начар негизден пайда болгон учурда ишке ашат Гидролиз – бул нейтралдашуу процессине карама–каршы жүргɵн процесс.
Cu(OH)2+H2SO4 ArrowNG.png CuSO4+2H2O
Гидролиз суюлтулган эритмелерде ылдам жана аягына чейин жүрɵт.
Диссоциация даражасына карата бардык кислоталар жана эрүүчү негиздер (щелочтор) күчтүү жана начар болуп, экиге бɵлүнүшɵт.
Күчтүү кислоталар: HClO4, HClO3, H2SO4, HNO3, HI, HBr, HCl.
Күчтүү негиздер (щелочтор): CsOH, RbOH, KOH, NaOH, LiOH, Ba(OH)2, Sr(OH)2, Ca(OH)2.
1) Күчтүү кислотадан жана күчтүү негизден пайда болгон туздар гидролизге учурабайт. Сууда эригенде алар толугу менен оң заряддалган катиондорго жана терс заряддалган аниондорго диссоциацияланат.
2) Күчтүү кислотадан жана начар негизден пайда болгон туздар кычкыл чɵйрɵнү рН≤7 пайда кылуу менен гидролизденет.
I баскыч:
CuCl2+HOHArrowLeft.pngCu(OH)Cl+HCl
Cu2+ + 2Cl + HOHArrowLeft.pngCuOH+ + Cl + H+ + Cl
Cu2++HOHArrowLeft.pngCuOH+ + H+
(рН < 7)
II баскыч
Cu(OH)Cl + HOH ArrowLeft.png Cu(OH)2 + HCl
CuOH+ + Cl + HOH ArrowLeft.png Cu(OH)2 + H+ + Cl
CuOH+ + HOH ArrowLeft.png Cu(OH)2 +H+
(pH ≤ 7) – кислая среда
3) Күчтүү негизден жана начар кислотадан пайда болгон туздар щелочтуу чɵйрɵнү рН≥7 пайда кылуу менен гидролизденет.
I баскыч
K2S + HOH ArrowLeft.png KHS + KOH
2K+ + S2– + HOH ArrowLeft.png K+ + HS + K+ + OH
S2– +HOH ArrowLeft.png HS + OH
(рН > 7)
II баскыч
KHS + HOH ArrowLeft.png H2S + KOH
K+ + HS + HOH ArrowLeft.png H2S + K+ + OH
HS + HOH ArrowLeft.png H2S + OH
(pH ≥ 7) – щелочтуу чɵйрɵ
4) Начар кислотадан жана начар негизден пайда болгон туздар, эгер туз эрүүчү туз болсо гана, гидролизденет. Адатта мындай туздар:
• сууда эрибейт
• эриткенде ажырап кетет
(NH4)2S + 2HOH ArrowLeft.png 2NH3↑   2H2O
2NH4OH
+ H2S
2NH4+ + S2– ArrowLeft.png 2NH3 + H2S
• Гидролизге учураганда, начар негиз жана начар кислота пайда болот.
CH3COONH4 + HOH ArrowLeft.png CH3COOH + NH4OH
CH3COO + NH4+ + HOH ArrowLeft.png CH3COOH + NH4OH
Уксус кислотасынын диссоциация константасы CH3COOH = 1,8·10-5 барабар болот, ал эми аммоний гидроксидинин диссоциация константасы да NH4OH = 1,8·10-5 барабар болот. Б.а. бул заттардын сандык кɵрсɵткүчтɵрүнүн бири–бирине барабар болгондугу, аммоний ацетаты гидролизденгенде нейтралдуу чɵйрɵнүн алынгандыгын кɵрсɵтɵт.
((Химиктер адатта туздарды жытынан аныкташат (цианиддерден башкасын). Аммоний ацетаты уксус кислотасындай жыттанат, ошондуктан, бул туздун кычкылдуулугунун тɵмɵн экендиги айтылып жүрɵт.)
Ошондой эле кɵпкɵ чейин сактаганда, газ абалындагы зат катары аммиактын учмалыгын да белгилɵɵгɵ болот.
Туздардын гидролизи баскыч менен жүрүшү мүмкүн. Баскычтардын саны туздун курамындагы металлдын же кислота калдыгынын валенттүүлүгүнɵ барабар болот.
1–Мисал
2–Мисал
Ошентип, туздар эрүүчү болсо,алар күчтүү жана начар компоненттерден (катион же анион) пайда болсо, анда гидролизденет. Туздун курамында щелочтон алынган күчтүү катион болсо, гидролизден кийин щелочтуу чɵйрɵ түзүлɵт. Эгерде туз күчтүү кислотадан жана начар негизден пайда болсо, анда күчтүү анион гидролизден кийин кычкыл чɵйрɵнүн түзүлүшүнɵ алып келет. Б.а. «Ким күчтүү болсо, ошонуку туура!» деген эреже сакталат.
Туздардын эригичтүүлүгүнүн ɵзгɵртүлгɵн таблицасы, гидролизден кийинки рН чɵйрɵнү аныктоого багытталган.
Label1Label2Label3Label4Label5Label6Label7Label8Label9Label10Label11Label12Label13Label14Label15Label16Label17Label18Label19Label20Label21Label22Label23Label24Label25Label26Label27Label28Label29Label30Label31Label32Label33Label34Label35Label36Label37Label38Label39Label40Label41Label42Label43Label44Label45Label46Label47Label48Label49Label50Label51Label52Label53Label54Label55Label56Label57Label58Label59Label60Label61Label62Label63Label64Label65Label66Label67Label68Label69Label70Label71Label72Label73Label74Label75Label76Label77Label78Label79Label80Label81Label82Label83Label84Label85Label86Label87Label88Label89Label90Label91Label92Label93Label94Label95Label96Label97Label98Label99Label100Label101Label102Label103Label104Label105Label106Label107Label108Label109Label110Label111Label112Label113Label114Label115Label116Label117Label118Label119Label120Label121Label122Label123Label124Label125Label126Label127Label128Label129Label130Label131Label132Label133Label134Label135Label136Label137Label138Label139Label140Label141Label142Label143Label144Label145Label146Label147Label148Label149Label150Label151Label152Label153Label154Label155Label156Label157Label158Label159Label160Label161Label162Label163Label164Label165Label166Label167Label168Label169Label170Label171Label172Label173Label174Label175Label176Label177Label178Label179Label180Label181Label182Label183Label184Label185Label186Label187Label188Label189Label190Label191Label192Label193Label194Label195Label196Label197Label198Label199Label200Label201Label202Label203Label204Label205Label206Label207Label208Label209Label210Label211Label212Label213Label214Label215Label216Label217Label218Label219Label220Label221Label222Label223Label224Label225Label226Label227Label228Label229Label230Label231Label232Label233Label234Label235Label236Label237Label238Label239Label240Label241Label242Label243Label244Label245Label246Label247Label248Label249Label250Label251Label252Label253Label254Label255Label256Label257Label258Label259Label260Label261Label262Label263Label264Label265Label266Label267Label268Label269Label270Label271Label272Label273Label274Label275Label276Label277Label278Label279Label280Label281Label282Label283Label284Label285Label286Label287Label288Label289Label290Label291Label292Label293Label294Label295Label296Label297Label298Label299Label300Label301Label302Label303Label304Label305Label306Label307Label308Label309Label310Label311Label312Label313Label314Label315Label316Label317Label318Label319Label320Label321Label322Label323Label324Label325Label326Label327Label328Label329Label330Label331Label332Label333Label334Label335Label336Label337Label338Label339Label340Label341Label342Label343Label344Label345Tableofdissaciation.png
Эгерде туз таблицада тɵмɵнкү түстɵр менен белгиленсе, анда:
мындай туз диссоциацияланат жана гидролизге учурабайт.
гидролизденет, кычкыл чɵйрɵ түзүлɵт, рН <7 болот.
гидролизден кийин щелочтук чɵйрɵ түзүлɵт, мында суутектик кɵрсɵткүчтүн рН мааниси 7 ден чоң болот.
анализдɵɵнү талап кылат: туз бул сектордогу башка туздардай эле эрибейт же сууда эригенде ажырап кетет. Туз эрүүчү болсо, анда гидролиздин натыйжасында, нейтралдуу чɵйрɵ рН=7,0 түзүлɵт.
Буфердик эритмелер
Буфердик системанын болушу менен кандын ж.б. суюктуктардын курамынын туруктуулугун сактоого организм жɵндɵмдүү болот. Кычкылдуулугу жана щелочтуулугу ар түрдүү болгон кɵптɵгɵн заттар организмге сырттан кирет жана анда иштелип чыгат, бирок, H+ жана OH иондорунун концентрациясын ɵзгɵртүү менен кан үчүн туруктуу (pH = 7,37 – 7,44) чɵйрɵ сакталат.
Бул кɵрсɵткүчтɵрдүн тɵмɵндɵшү же жогорулашы ɵлүмгɵ алып келет. Буфердик эритмелер деп, бир аз ɵлчɵмдɵ кислотаны же щелочту кошсо, суюлтса да суутектик кɵрсɵткүчү рН ɵзгɵрбɵй, турактуу болгон эритмелерди айтабыз. Буфердик системалар начар негизден жана күчтүү кислотадан пайда болгон же начар кислотадан жана күчтүү негиздерден пайда болгон туздардан турат.
Классификация буферных систем
Мисалы: NH4OH + NH4Cl pH = 9,2 же CH3COOH + CH3COONa pH=4,7
Кислотаны кошуу менен суутектин иондору, ал эми щелочту кошуу менен гидроксид иондору менен байланышат, эритменин чɵйрɵсү pH бир аз гана ɵзгɵрɵт. Буфердик эритмелердеги чɵйрɵ рН буфердик ченем (емкость) аркылуу жɵнгɵ салынат.
Буфердик ченем деп, эритменин чɵйрɵсүн рН 1ге чейин тɵмɵндɵтүү үчүн, 1 л буфердик эритмеге кошулган кислотанын же щелочтун молунун санын айтабыз.
Организмдин ар бир клеткасында ички чɵйрɵнүн туруктуулугун сактаган ар түрдүү буфердик система иштейт.
Гидролиздин мааниси жана колдонулушу
Туздардын суу менен болгон алмашуу реакциясы жаратылышта кеңири таралган.
Минерал малахит – продукт гидролиза природных карбонатов.
Гидролиз кубулушу жер катмарынын химиялык кайрадан ɵзгɵрүүсү үчүн чоң роль ойнойт. Жер катмарындагы кɵптɵгɵн минералдар – металлдардын сульфиддери сууда начар эрийт, бирок, суу менен акырындап аракеттенише баштайт. Мындай процесстер Жердин үстүндɵ да жүрүп турат, бирок, жердин терең катмарында, жогорку температурада өтө кубаттуу жүрɵт. Жыйынтыгында, вулкан учурунда, жердин үстүнɵ абдан кɵп ɵлчɵмдɵ күкүртүү суутек бɵлүнүп чыгат. Ал эми силикат тоо тектери акырындап, гидроксиддерге, андан соң металлдардын оксидине айлана баштайт. Жыйынтыгында, минералдардын гидролизи– алюмосиликаттар пайда болуп, тоо тектери бузула баштайт.
Минерал малахит – продукт гидролиза природных карбонатов.
Бизге белгилүү болгон малахит (Cu2(OH)2CO2) – табийгый карбонаттардын гидролизинен пайда болгон.
Дүйнɵлүк океанда туздар суу менен кубаттуу аракеттенишет. Дарыялар менен агып чыккан кальцийдин жана магнийдин гидрокарбонаттары деңиз сууларына кошулуп, аларда начар шелочтук чɵйрɵнү түзɵт. Жээктеги суулардын мына ушундай начар щелочтук чɵйрɵсүндɵ рН 9га барабар болот, ошондуктан, деңиз ɵсүмдүктɵрүндɵ фотосинтез кубаттуу жүрɵт жана деңиз жаныбарлары да ылдам чоңоюшат. Сүт эмүүчүлɵрдүн, анын ичинен адамдын канындагы рН бирдейлигин билүү менен силер, Жердеги жаныбарлар дүйнɵсүнүн биримдиги жɵнүндɵ жыйынтык чыгара аласыңар.
Гидролиз мунайчыларды бир топ түйшүккɵ салды. Бизге белгилүү болгондой, нефтте суунун жана кɵптɵгɵн туздардын аралашмасы, ɵзгɵчɵ кальцийдин жана магнийдин хлориди кɵп болот. Нефтини кайра иштеткен учурда, аны 250 oС ысытканда хлориддер суунун буусу менен кубаттуу аракеттенишет. Бɵлүнүп чыккан газ абалындагы хлордуу суутек жабдуулар жасалган металл менен реакцияга кирип, аны бузат, бул нефть продуктыларынын баасынын жогорулашына алып келет. Бирок, гидролиздин пайдасын да айтпай коюуга болбойт. Мисалы, алюминий сульфатынын суу менен аракеттенишинен пайда болгон алюминий гидроксидинин чɵкмɵсү кылымдардан бери боёк катары колдонулуп келе жатат. Кездемеге сиңирилгенден кийин алюминий гидроксиди боёкторду жеңил адсорбциялайт жана жууса да кетпеген боёктордун катмарын пайда кылат. Бул жол менен кездемени боёочу сапаттуу боёктор алынат. Ушул эле процесс ичүүчү сууну жана ɵнɵр жай калдыктарын тазалоодо да колдонулат. Алюминийдин гидроксидинин кɵпшɵк, аморфтуу чɵкмɵсүн топуракта тоголоктошот да, аларды адсорбциялоо менен зыяндуу, уу заттарды чɵктүрүп, бɵлүп алышат. Ушундай эле жол менен табият суулары алюминийдин бирикмелеринен турган чопо менен тазаланат.
Натрийдин карбонатынын жана натрийдин фосфатынын Na2CO3, Na3PO4 туздарынын гидролизи сууну тазалоо жана аны жумшартуу үчүн колдонулат.
Топурактын кычкылдуулугун азайтуу максатында акиташтоо да гидролиздɵɵ реакциясына негизделген:
CO32-+HOHArrowLR.pngHCO3-+OH+
Гидролиз аркылуу ɵнɵр жайында азык–түлүк эмес чийки заттардан (жыгач, пахтанын кабыгы, күн карама шакелдери, саман) бир катар баалуу продуктылар: этил спирти, белковые дрожж, глюкоза, кургак муз иштелип чыгат.
Пайдалуу шилтемелер
Канал Thoisoi на YouTube где вы сможете увидеть необычные эксперименты и узнать еще больше о химических элементах
Глоссарий
Аквакомплекстер – суунун молекуласынын курамына кирген комплекстер же кристаллогидраттар
Буфер, буферная система (англ. buffer, от buff – смягчать удар) – растворы с определённой устойчивой концентрацией водородных или гидроксид-ионов.
Библиография
• Химическая энциклопедия, ред. И.Л. Кнунянц, Изд. «Советская энциклопедия», 1-5 т., М., 1988 г.
• Справочник по растворимости. - Т.1, Кн.1. - М.-Л.: ИАН СССР, 1961. – С. 244
• Ефимов А.И. и др. Свойства неорганических соединений. Справочник. - Л.: Химия, 1983. – С. 140-141
• Волков, А.И., Жарский, И.М. Большой химический справочник / А.И. Волков, И.М. Жарский. - Мн.: Современная школа, 2005. - 608 с ISBN 985-6751-04-7.
Белгилүү химиктер
Сванте Август Аррениус
Швед физик–химиги Сванте Август Аррениус Упсаладан алыс эмес жердеги Вейк имениесинде туулган.
Аррениус ар түрдүү типтеги эритмелер аркылуу электр тогунун ɵтүшүн изилдеген. Ал кээ бир заттардын молекулалары сууда эригенде диссоциациялана тургандыгын, б.а. эки же андан кɵп бɵлүкчɵлɵргɵ–иондорго ажырай тургандыгын божомолдогон. «Бирок, ар бир бүтүн молекула электронейтралдуу болсо да, анын бɵлүкчɵлɵрү бир аз электр зарядына ээ болот, ал бɵлүкчɵнүн жаратылышына карата, же оң, же терс болушу мүмкүн. Мисалы, натрий хлоридин (туз) сууда эриткенде, ал оң заряддалган натрийдин атомуна жана терс заряддалган хлордун атомуна ажырайт. Бул заряддалган атомдор, молекуланын активдүү курамдык бɵлүгү катары эритмелерде гана пайда болот жана электр тогунун ɵтүщү үчүн шарт түзɵт. Электр тогу ɵз кезегинде активдүү курамдык бɵлүктɵрдү карама–каршы заряддалган электроддорго багыттайт».
1884–ж. Аррениус Упсаль Университетинде докторлук диссертациясын жактаганда, мына ушул гипотезалар менен чыккан. Ал мезгилде кɵптɵгɵн окумуштуулар эритмеде карама–каршы заряддалган бɵлүкчɵлɵрдүн болооруна ишенишкен эмес. Ошондуктан, факультет кеңеши диссертацияны ɵз деңгээлинде баалаган эмес.
1903–ж. гана Аррениуска «химия илимин ɵнүктүрүүдɵ анын электролиттик диссоциация теориясынын ɵзгɵчɵ маанисин таануу максатында»Нобель сыйлыгы ыйгарылган.Швеция королевствосунун илимдер академиясынын атынан чыккан X.Р.Тернеблад Аррениустун иондор теориясы «математика менен жакындашып», электрохимиянын ɵнүгүшүнɵ жол салгандыгын баса кɵрсɵткɵн. «Аррениустун теориясынын маанилүү натыйжаларынын бири, химия боюнча биринчи Нобель сыйлыгын алган Вант–Гоффтун эмгегин жыйынтыктагандыгы болуп саналат», – деген Тернеблад.
Сода жана анын колдонулушу
Машина–автоматта сода менен кур жууганга болобу?
Кир жуучу машинада сода менен кантип кир жууйбуз? Ал үчүн барабандын ɵзүнɵ жарым стакан сода салып, кадимки режимде жууш керек. Эгерде кир буюмдар кɵп болсо, анда содадан бир стакан салуу керек. Ал эми ага дагы бир стакан ак уксустун эритмесин кошсок, соданын эффективдүүлүгү андан да жогорулайт.
Можно ли стирать содой в машинке-автомат?
Сода менен тактарды кетирүү
Тактарды сода менен кетирүүчү бир нече ыкмаларды сунуш кылабыз:
• Такты кетирүү үчүн, сода пастасын даярдап алалы: бир чоң кашык соданы сууга аралаштырабыз. Суунун ордуна суутектин ɵтɵ кычкылын же уксусту колдонсо да болот. Алынган пастаны кир такка сүрүп, 15 мүнɵттɵн кийин жууп салабыз. Эгерде так кетпесе, процедураны кайталайбыз. Так абдан терең болсо,анда тиш щетка менен сүрүп кетирсек болот. Бирок, сода пастасын ɵтɵ назик, жука кездемелерге колдонууга болбойт;
• Соданы буюмдарды кургак жол менен тазалоого да колдонууга болот. Ал үчүн соданы кир тактын үстүнɵ жука кылып себелɵɵ керек( электи колдонсо ыңгайлуу болот), анан пакетке аба киргизбей ороп, 2 саатка коёбуз. Андан кийин кийимди кагып, 40 мүнɵт эшикке жайып коюу керек;
• Жагымсыз жытты кетирүү үчүн соданы таза носкиге салып, оозун байлап койгула. Андан кийин аны кийим салынган пакетке салып туруп, аба киргизбей кургак, салкын жерге түнү менен коюп койсо болот. Эртең менен пакетти ачып, соданы кийимден кагып түшүргүлɵ.Андан соң кийимди бир нече саатка чейин эшикке күнгɵ жайып койгула. Эгерде жыт кетпесе, процедураны кайталагыла;
• Килемдин бетиндеги же дасторкондогу такты соданы уксус менен ɵчүрүп алып, тазалоо керек. Ал үчүн адегенде соданы кир такка себелейбиз, андан соң чүпүрɵктү уксус менен нымдап туруп, ортосунан четти кɵздɵй такты сүрɵбүз. Бул процедураны бир нече жолу кайталап, аягында таза суу менен чайкап коёбуз.
Сода менен агартуу
Кирди сода менен жууп жана агартууга болобу? Ооба, ал үчүн соданы нашатыр спирти менен аралаштыруу керек. 5 литр таза сууга 5 кашык сода жана 2 кашык нашатыр спиртин кошуу керек. Алынган эритмеге ак түстүү кирлерди 2–3 саатка чейин чылап койгула. Андан кийин гана жуугула. Эгерде чылагандан кийин кирлерди ушул эритмеге кайнатсак, алардын саргыч түсү кетет.
Кальцийлештирген сода менен кантип кир жууганга болот?
Как стирать кальцинированной содой?
Соданын экинчи түрү–кальцийлештирилген сода, тамак–аш содасына караганда бир канча эффективдүү. Аны турмуш–тиричилик химия бɵлүмдɵрүнɵн сатып алууга болот. Кальцийлештирген соданын колдонулушу:
• Кир жуугуч машинанын тетиктеринен кеберди( накип) жана аны туура эмес пайдалануудан пайда болгон жагымсыз жытты кетирүү үчүн колдонулат. Ал үчүн соданы бирдей ɵлчɵмдɵ суу менен аралаштырып, аралашма менен барабанды жана кир жуугуч каражат салынуучу лотокко салып, 30 мүнɵттɵн кийин чүпүрɵк менен сүрүп коюу керек. Андан кийин автомат машинага кир салбай туруп, «тез жууган» режимде иштеткиле;
• Сууну жакшы жумшартат. Ал үчүн кир жуугуч порошокко 2 чоң кашык сода кошулат (суунун катуулугу жогору болсо, 5 кашыкка чейин кошуу керек). Суунун температурасы 50 градустан тɵмɵн болбошу керек, бул кебердин болушунун да алдын алат. Бирок, жибек жана жүн кийимдерди мындай аралашма менен жууганга болбойт;
• Кирлерди чылап коюу үчүн 3 чоң кашык соданы 40 градуска чейин жылытылган 10 литр сууга кошкула. Эритмеге кийимдерди салып, чылап койгула. 2–3 сааттан кийин жуусаңар болот;
• Ашканадагы майлыктарды таза жууш үчүн тɵмɵнкү эрежени колдонсок болот: бир ууч соданы майдаланган (теркада) кир самын менен аралаштырып, эмаль чаканын жарымынан суу куюп туруп, салып койгула. Самын эригенден кийин, сууга майлыктарды салып, жай отко 20 мүнɵт кайнаткыла. Андан кийин машинада кадимкидей жууп койгула;
• Майлыктагы майдын тактарын кетирүү үчүн соданы ɵсүмдүк майы, агартуучу каражат жана порошок менен аралаштыруу керек. Ар бир ингредиенттен 3 чоң кашыктан алып, чакадагы кайнак сууга салгыла да кир кол арчыгычтарды, майлыктарды салып койгула. Алар суу муздаганча чыланып турсун. Түнү бою калтырып коюуга да болот. Андан соң аларды таза, жылуу сууга чайкагыла да, машинкада жууп койгула.
Сода кошулган универсалдык тазалоочу каражат
Универсальное чистящее средство с содой
Идиш–аяктарды жууш үчүн жана сантехниканы тазалоо үчүн каражаттарды ɵзүбүз даярдап алсак да болот. Ал үчүн тɵмɵнкүлɵр керек:
• теркадан ɵткɵрүлгɵн «детское» самыны,
• 1 стакан сууну кошуп, аралаштырабыз да,
• дагы бир стакан сууну куюп,250 грамм соданы акырындык менен кошобуз,
• кайрадан аралаштырабыз.
Мындай паста менен акиташты да кетирүүгɵ болот.
Сода кошулган башка тазалоочу каражаттар
Соданы пайдалануу менен тɵмɵнкүлɵрдү даярдасак болот:
• идиш–аяк жуугуч аралашма;
• кир кетирүүчү гель;
• ваннаны тазалоочу каражат.
Идиш–аяктарды жуучу гелди даярдоо үчүн кир самын (25 грамм), 100 грамм тамак–аш содасы, жарым литр ысык суу, 4 кашык глицерин, бир кашык арак же суюлтулган спиртти даярдап алгыла. Кир самынды теркадан ɵткɵрүп, бир аз суу куйгула да кичине толкундуу мешке (микроволновая печ) койгула. Эритмени аралаштырып, калган сууну акырындык менен куйгула. Самын эригенден кийин муздаткыла да, ага глицеринди, аракты кошуп, аралаштыргыла. Пайда болгон кɵбүктɵрдү башка идишке куюп алып, пайдалана бергиле.
Кир кетирүүчү гелди даярдоо үчүн 1 литр суу, 50 грамм теркадан ɵткɵрүлгɵн кир самын жана 45 грамм кальцийлештирилген сода керектелет. Кайнап жаткан сууга майдаланган самынды салып, жакшылап аралаштыргыла. Андан кийин аралашмага соданы кошуп койгула. 5 килограмм кир кийимдерди жууганга 2 чоң кашык гелди барабанга куюп, кир жуусаңар болот.
Ваннаны тазалоочу каражатты даярдоо үчүн аралашмага жарым стакан сода, суюк самын жана 5 тамчы розмариндин же лаванданын майы кошулат. Соданы самын менен аралаштырып, майды кошкула. Аралашма кургап кетпеши үчүн ага бир чай кашык глицерин кошуп, идиштин оозун бекем жаап коюу керек.
Мына ошентип, кийимдерди сода менен жууганга болобу деген суроого: ооба болот деп жооп беребиз.Соданы пайдалануу менен ар түрдүү тактарды жеңил эле кетиребиз жана ар кандай кымбат каражаттарды сатып албай, акчаны экономдосок да болот экен.
Суу дүйнɵсү
Бүт дүйнɵ жүзүндɵ 22 мартта Суу ресурстарынын күнү белгиленет. Бул майрам Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын чечими менен, жалпы адамзатка айлана– чɵйрɵгɵ жана коомдун ɵнүгүшү үчүн суу ресурстарынын маанилүүлүгүн эстетүү максатында белгиленген.
Азыркы мезгилде биздин планетанын территориясынын 70% суудан турат. Бирок, бул суунун 1% гана ичүүгɵ болот. Жыл ɵткɵн сайын суу ресурстарынын проблемалары күчɵɵдɵ. Акыркы 50 жылда гана суу менен байланышкан 507 чыр–чатак болуп, анын 21 согушка алып келген. Суу – планетадагы эң жɵнɵкɵй зат. Бирок, ошол эле учурда сууда, бизге белгисиз болгон табышмактар да бар. Окумуштуулар азыркыга чейин сууну изилдеп, кызыктуу кɵп фактыларды табышууда.
Водный мир
Силер билесиңерби
эң таза суунун Финляндияда экендигин?
ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, эң таза суу Финляндияда экен. Алар 122 ɵлкɵнүн табийгый таза сууларын изилдеген. Ал эми дүйнɵ жүзү боюнча 1 млрд адамдын таза сууну колдонууга мүмкүнчүлүгү таптакыр жок экен.
муз ысык суудан тез алынабы?
Эгерде логикалык жактан ойлоп кɵрсɵк, муз албетте, муздак суудан алынат. Ысык суу биринчи муздашы, анан тоңушу керек, ал эми муздак сууну ошол замат эле тоңдурабыз.Бирок, тажрыйбаларда кɵрсɵткɵндɵй, ысык суу музга тез айланат экен.
Эмне үчүн ысык суунун муздак сууга караганда тез тоңо тургандыгынын себеби, азыркыга чейин белгисиз. Балким, себеби муздатууда, буулантууда, муздун пайда болушунда эмес, суюлтулган газдардын ысык жана муздак сууга тийгизген таасириндедир.
Ледники в океане
суунун ɵтɵ катуу тоңо тургандыгын?
Суунун 0 градуста тоңуп, 100 градуста кайнай тургандыгы физика курсунан бардыгына белгилүү. Бирок, кээ бир суулардын андан да тɵмɵнкү температурада гана тоңо тургандыгы айтылып жүрɵт. Мындай касиетке аралашмасы жок эң таза суу ээ болот. 0 градуска чейин муздатса да, мындай суу суюк абалда калат. Белгилүү бир тɵмɵнкү температурада гана суу музга айланат же кайнайт экен.
суунун 3 кɵп агрегаттык абалы бар экендигин?
Суунун үч агрегаттык абалда: суюк, катуу жана газ абалда болоору бардыгыбызга белгилүү. Бирок, окумуштуулар суунун 5 суюк абалы жана 14 тоңгон катуу абалы бар экендигин белгилешкен. Эгерде тоңгон таза сууну дагы муздата берсек эмне болот? Сууда укмуштуудай айлануулар башталат. Цельсий шкаласы боюнча минус 120 градуста суу ɵтɵ илээшкек, созулгуч болсо, ал эми минус 135 градуста суу айнектей абалга келет. «Айнек»суу – бул кристаллдык түзүлүшкɵ ээ эмес, айнектей катуу зат.
Ар түрдүү кар бүртүкчɵлɵрү
Эл аралык классификация боюнча кардын түрлɵрү
© А. К. Дюнин, В царстве снега, Издательство «Наука», Новосибирск, 1983
• Пластинки
Пластинки
Самые простые из снежинок — плоские шестиугольные призмы.
• Звезды
Звезды
Как и пластинки, звезды обычно плоские и тонкие, с шестью лучами.
• Столбики
Столбики
Полые внутри, могут иметь форму карандаша.
• Иглы
Иглы
Длинные и тонкие кристаллы, иногда состоят из нескольких веточек.
• Пространственные дендриты
Пространственные дендриты
Объемные снежинки, образуются при срастании нескольких кристаллов.
• Увенчанные столбики
Увенчанные столбики
Образуются в случае, если столбики попадают в иные условия, и кристаллы меняют направление роста.
• Неправильные кристаллы
Неправильные кристаллы
Самый распространенный тип. Образуется при повреждении снежинки.
© Kichigin | Shutterstock.com