Кыргыз адабияты: Мен жазуучумун — различия между версиями
Msu06 (обсуждение | вклад) (→Чыгармачылык иштер үчүн куралдар) |
Msu06 (обсуждение | вклад) (→Чыгармачылык иштер үчүн куралдар) |
||
Строка 75: | Строка 75: | ||
#''Ошол өз жашооңдон эсиңе түшкөн окуяны жупта бири-бириңерге айтып бергиле. Андан кийин ким өз эскерүүлөрүн ушул өзү отурган кооперативдик тобу менен бөлүшүүнү кааласа, ошол адамды угабыз.'' | #''Ошол өз жашооңдон эсиңе түшкөн окуяны жупта бири-бириңерге айтып бергиле. Андан кийин ким өз эскерүүлөрүн ушул өзү отурган кооперативдик тобу менен бөлүшүүнү кааласа, ошол адамды угабыз.'' | ||
<ul class="large-block-grid-2 small-block-grid-1"> | <ul class="large-block-grid-2 small-block-grid-1"> | ||
− | <li>{{left|[[Файл:Algoritm jazuu1.jpg|thumb|160px | + | <li>{{left|[[Файл:Algoritm jazuu1.jpg|thumb|160px</li> |
− | <li>{{left|[[Файл:Algoritm jazuu2.jpg|thumb|160px | + | <li>{{left|[[Файл:Algoritm jazuu2.jpg|thumb|160px]]}}</li> |
</ul> | </ul> | ||
Версия 12:06, 1 февраля 2018
Содержание
Өнөрлүүнүн кеңештерин угабыз
Биз жан дүйнөбүздү катуу таасирленткен окуяларга кабылган учурда жазгыбыз келет. Анткени башкалардын да жан дүйнөсүн козгогубуз келип, жаза баштайбыз. Жазуучулук өнөрдө – эргүү, илхам башкы нерсе. Сиз көркөм чыгарма, сценарий же бизнес үчүн текст жазасызбы, баары бир жазууга туура келет.
Өзүбүздүн күч-кубатыбызды, убактыбызды туура башкарып, сынга туруштук берип, жазуучулук мансапка жеткибиз келеби? Жазуучулар кайдан чыгат? Алар тубаса жазуучу болуп төрөлөбү же адабият институттарынан даярдалып чыгышабы? Кантип жазуучу болсо болот? Талант кошо төрөлөт, ал эми жазуучу болуп калыптанат. Жан үрөп, тынбастан эмгектенип, изденип отуруп жазуучу болот. Бирок супсак, узун-узун тексттерди жазууну жактырбайбыз. Эркин чабыттап, кооздукту тартуулаган сөздү, ойду колдойбуз. Турмушта жазуучулук өнөрдү аркалабастан, башка кесипте иштесең да очерк, макала, интервью, эссе, сценарий, сереп, отчет, баяндама ж.б. жазууга туура келет.
Мыкты жаза билүү абдан керек!
Эгер убактыңды так пландаштыра билбесең кайдан жазмак элең? Ар бир күнү отуруп иштөө керек. Эрк жетпей жалкоолукка алдыруу, өзүнө ишенбөө алдыдагы ак баракты апапак боюнча калтырат. Талантты курчутуп, таптап турбаса ташыркайт.
Эмне кылуу керек?
План түзүш керек. Ишти бүтүрө турган мөөнөттү белгилеп алуу зарыл. Эргүү бул – тартиптин жемиши. Мыкты жазуучулардын көпчүлүгү күн сайын бир убакытта иштешкен. Тема боюнча жазылбай атса, тема боюнча эмне үчүн жазалбай атканыңы жаз, жаза бер!
Андан ары эмне кылуу керек?
- Билимди өркүндөтүп, тереңдетүү
- Көркөм чыгармаларды көп окуу
- Жазуучулук таланты менен аты чыккан адамдар менен маектешүү
- Жазуучулук менен алектенип жаткандар менен баарлашуу
- Калган убакыттын бардыгын жазууга жумшап: аба ырайы, өзүңдүн
кыялдарың, досторуң … эң башкысы жазууну унутпай уланта бер!
Кызыктуу жазыш үчүн кызыктуу жашаш керек!
«Адатта, дүйнөлүк тажрыйбага кайрылып көргөндө, кара сөз, анын ичинде роман жазгандар мамлекеттик же коомдук иштерге катышпай, үй оокаты менен убарагерчилик чекпей, ашка-тойго, жыйын-сыйынга көп барбай, ээн үйдө отуруп алып эле өзү менен өзү болуп жаза берет. Ал эми биздин Казат Акматов андай болбоду, өмүр бою мамлекеттик жана коомдук иштерде иштеп, болгондо да андай иштердин кайнаган жеринде отуруп, бирок жазууга да, башкалардын жазганын окууга да убакыт таба алды». А.Муратов.Улуттук адабияттын деңгээлин көтөргөн Казат Акматов// Заман Кыргызстан 19.11.2012.
Практикасыз теория пайдасыз, теориясыз практика да болбогон кеп. Эгер жазуучулук чеберчиликке ээ болгуңар келсе адабий компетентүүлүктү көтөрүүгө туура келет. Дагы тактап айтсак адабият теориясы тууралуу маалымат болуш керек.
Чыгармачылык иштер үчүн куралдар
Анда эмесе, чыгарманын мазмуну боюнча жазуу текстин жаратууну үйрөтүүчү төмөнкү ыкманы сунуштайбыз.
Адабий ийримдер – тексттин негизинде ролдук талкуу. Көркөм чыгарманы окуу учурунда ар кандай ролдорду аткарсаңар болот. Цитатаны тапкан киши, изилдөөчү, байланыштыруучу, из кубар, суроо берүүчү, докладчы, сөздөрдү издөөчү, текшерүүчү, каармандарды айтып түшүндүрүүчү, иллюстратор, катчы, ж.б. Топтун ар бир мүчөсү өзүнүн ролуна жараша аткарылган иш жөнүндө доклад жасайт. Талкуунун жыйынтыктары жазуу жүзүндөгү отчёт же оозеки сүйлөп берүү формасында жалпыланат.
Алгоритми
- Өз жашооңдо сени абдан таң калтырган бир эпизодду эсте. Бул эпизодду кыскача жаз.
- Ошол өз жашооңдон эсиңе түшкөн окуяны жупта бири-бириңерге айтып бергиле. Андан кийин ким өз эскерүүлөрүн ушул өзү отурган кооперативдик тобу менен бөлүшүүнү кааласа, ошол адамды угабыз.
- {{left|[[Файл:Algoritm jazuu1.jpg|thumb|160px
Глоссарий
Композиция – (лат. compositio – түзүү, байланыштыруу) көркөм чыгарманын курулушу.
Сюжет – фр. – предмет, мазмун) көркөм чыгарманын мазмунун түзө турган окуялардын тутуму.
Көркөм сөз каражаттары-троп (грек. τρόπος – оборот) – риторикалык фигура, өтмө мааниде колдонулган сөз же сүйлөм. Тилдин образдуулугун, көркөмдүүлүгүн арттыруу максатында пайдаланылат.
Эссе (фр. – тажрыйба, иштелип бүтпөгөн чыгарма) – адабий жанр, очерктин өзгөчө бир түрү, анда жазуучунун турмуш көрүнүштөрүнөн жаралган ой жүгүртүүлөрү, кыялы берилет.
Адабияттар
Жусупов К. Ыр сабындагы өмүр – Ф., 1980
Как написать эссе
Рысбаев С. Эссе-дилбаян деген эмне жана ал кантип жазылат?
Пайдалуу шилтемелер
Как написать идеальный текст. 10 книг о секретах писательского мастерства
Рысбаев С. Акын Алыкул Осмоновдун балдарга калтырган рухий мурастары жана айтар акыл-кеңештери
3. Секреты писательского мастерства
Секреты писательского мастерства от классиков жанра
Как стать писателем – советы, книги, теория и практика
Избранные Секреты Писательского Мастерства
11 уроков раскрытия писательских способностей от Стивена Кинга
Кыргыздардын байыркы жазуусу болгон. Орхон-Энесай алфавиттик руна сымал жазмасы түрк-моңгол тилдүү элдердин ичиндеги тарыхта чечмеленген эң байыркы жазма маданияты.
Бул жазма салты 6–12-кылымдарга таандык. Анын Энесайдагы варианты кыргыздарга таандык болгон. Кыргыз руна жазмасы негизинен эпитафиялык балбал таштарда сакталып келет. Руна сымал кыргыз жазмасынын эстеликтери негизинен Энесай чөлкөмүндө (Хакас-Минусин ойдуңу, Тува, Тоолуу Алтай, Краснояр крайы), Таласта, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. 38 тамгадан турган алфавит ошол мезгилдеги кыргыз тилинин керектөөлөрүн канааттандырган. Атактуу түркологдор В. В.Радлов, В. Томсен, С.Е.Малов, тарыхчы С.В.Киселев жана башкалар бул руна сымал жазуулар кыргыздарга таандык экендигин эбак далилдешкен.