БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

География: Атмосфера

Атмосферанын түзүлүшү

Миңдеген жылдар бою адамдар атмосфера же тагыраак аба - бирдиктүү жана жөнөкөй зат деп ойлошкон. Эми ал газдардын татаал аралашмасынан жана андагы салмактуу бирдиктерден турары белгилүү. Силер бул барактардан атмосфера кантип пайда болгон жана кандай түзүлгөнүн билесиңер. Жер канча жылуулукту, жарыкты алат? Күн желелери жана закымдар (мираж) эмнеден пайда болот? Кандай булуттар бар жана кантип пайда болушат? Эмне үчүн аба жылат жана бороондор, добулдар, бороон - чапкындар пайда болот? Кантип Күн, аба жана суу миңдеген ар кандай ыкмалары ѳз ара аракеттенүү менен, эч качан так кайталанбаган, ошого карабастан кѳп окшоштуктары болгон аба - ырайын түзүшөт. Метеорологдор аба - ырайынын божомолун кантип тузүшөт жана аларга азыркы күндө компьютерлер жана Жердин жасалма спутниги кантип жардам беришет?

Атмосфера кантип пайда болгон?

Биринчи атмосфера
Биринчи атмосфера


Биздин планетада адегенде эч кандай атмосфера болгон эмес. Биринчи Жерде аракеттенген жанар тоолору көп болгон, алар суу бууларын, чаңдарды жана кѳптѳгѳн газдарды чыгарышкан. Планетанын муздашынан улам газдар конденсацияланып, атмосферада суу пайда болуп, нѳшөрлөгөн жаандар жаай баштаган. Кийин Жерде океан жана биосфера пайда болгон учурда, суу, өсүмдүктѳр, жаныбарлар жана алардын таралуу азыктары ортосундагы газ алмашуусунун эсебинен атмосферанын пайда болушу уланган. 3-4 миллиард жыл аралыгындагы ѳзүнүн узак өнүгүү жолунда атмосфера өзүнүн курамын жана касиеттерин кѳп жолу өзгөрткөн.


Атмосфера эмнеден турат жана кантип түзүлгөн?

Аба биздин планетаны салыштырмалуу жука катмар менен курчап турат. Жердин бардык аба катмары атмосфера деп аталат (байыркы грек тилинен: «атмос» - буу, «сфайра» - сфера). Ал газдардын (аба) аралашмасынан, суу бууларынан жана чаңдардан (аэрозолдор) турат.

Абанын курамы


Азот – атмосферадагы эң кеңири таралган газ. Ал ѳсүмдүк жана жаныбарлар дүйнѳсүндѳ заттарды алмашууда маанилүү ролду ойнойт. Атмосферадагы азот ар түрдүү азоттук кошулмалардын (белок, нуклеин кислотасы ж.б.) булагы болот, аатмосферадагы кычкылтекти суюлтуп кычкылдануу процесстерин, демек биологиялык процесстердин ылдамдыгын жөнгө салат.

Кычкылтек – биологиялык мааниде атмосферанын эң активдүү газы. Ал жаныбарлардын дем алуусу үчүн, ар түрдүү кычкылдануу процесстери үчүн керек. Метереологдун көз карашы боюнча, атмосферанын эң маанилүү бөлүгү болуп кѳмүр кычкыл газы эсептелет. Көлөмү боюнча болгону 0,03%ды ээлесе дагы, анын мазмунунун өзгөрүүсү Жердин аба - ырайын жана климатын түп тамырынан бери өзгөртѳ алат.

Бийиктеген сайын температуранын өзгөрүшүнѳ ылайык атмосфера ярустардын калыңдыгы боюнча бир нече ар түрдүү катмарларга (ярустарга) бѳлүнѳт: тропосфера, стратосфера, мезосфера, ионосфера (термосфера) жана экзосфера.

Негизги катмарлардын ортосунда ѳтүүчү катмарлар бар: тропопауза, стратопауза, мезопауза, аларда температуранын багытынын жогорулоо же төмөндөѳ тарабына алмашышы жүрѳт. Бул өзгөрүүлөрдүн башталышы кийинки катмарга өтүүнү билдирет.

  • Жер атмосферасынын катмары
    Жер атмосферасынын катмары
  • Атмосферанын катмарларынын графиги
    Атмосферанын катмарларынын графиги


  • Атмосферанын катмарлары
    Атмосферанын катмарлары
  • Уюлдук жаркыроо
    Уюлдук жаркыроо


Жер канча жарык жана жылуулук алат?

Күн радиациясы (нуру) деп жер бетине түшүүчү күндүн материясы менен энергиясынын жыйындысын айтабыз. Күн радиациясы атмосферага түшүү менен, жарым - жартылай өзгөрүүлөргө дуушар болот жана энергиянын башка түрлѳрүнѳ ѳтѳт. 30% жакын радиацияны атмосфера ара тарапка ошондой эле жер бетинде чагылышат. Бул чагылышкан радиация. Атмосферада чагылышпай жана жоголбой Жер бетине жеткен радиация түз радиация деп айтылат. Жер бетине келип түшкѳн түз жана чачыраган радиациялар бирге суммардык радиацияны түзүшөт.

Суммардык радиациясынын саны Күн нурунун жер бетине келип түшкѳн бурчунан, күндүн созулушунан, атмосферанын ачыктыгынан жана булуттуулуктан кѳз каранды. Эң көп сандагы күн радиациясы (220-230 ккал / см2) тропикалык чѳлдѳрдѳ болот. Күн тийген убактагы уюлдарда жайында чыкпаган Күндѳ, ал экватордордо (180-190 ккал/ см2) ушул күнгѳ караганда кѳбүрѳѳк. Анда эмне үчүн Жердин уюлдук областтарында муздак болот? Себеби кардын жана муздун ак бети жылыбайт, анткени 90 %га чейин күн нурларын чагылдырат.

Жайылган жердин бетинин күн нурларын чагылдырууга жѳндѳмдүүлүгү альбедо деп аталат, ал эң башкысы жер бетинин түсүнө жараша болот.

Атмосфера тикеден тике Күндөн алган жылуулукка караганда, жер бетинен көбүрөөк жылуулук алат, ошондуктан тропосферадагы температура бийиктиктеген сайын төмөндөйт. Абанын температурасы сутка ичинде жана жыл ичинде өзгөрүлүп турат. Сутка ичинде эң төмөнкү температура Күн чыккандан кийин, ал эми эң жогорку температура - түштөн кийин байкалат. Экватордон баштап уюлдарга чейинки багытта абанын температурасы төмөндөйт. Бирок ушуга карабастан кургактыкта океанга караганда ал дайыма жогору. Таблицада параллелдердеги орточо жылдык температура көрсөтүлгөн: а) жер бетинин бирдей эместигин жана аба агымдарынын жылуулуктарын ташуу таасирин эске алынбашы жана б) бул таасирлерди эске алуу менен. Ушул маалыматтардын негизинде эки корутунду чыгарса болот:

  • Аба агымдары тарабынан жылуулук ташылбаса, экватордо мындан дагы ысык болмок, ал эми уюлдарда мындан да муздак болмок.
  • Түштүк уюл муз жана кар менен капталып жаткандыгына байланыштуу Түштүк жарым шар Түндүк жарым шарга караганда суук.
Абанын орточо жылдык температурасы
Абанын орточо жылдык температурасы


Атмосферанын басымы

Жылуу жана муздоонун натыйжасынан аба аралашат жана жайылган жер бетинде анын басымы өзгөрүлөт. Аба көп болгон жерде атмосфералык басым жогору, ал эми аба жылып кеткен жакта басым төмөндөйт. Атмосфера жайылган жер бетине 1 см2 орточо 1,033 г (1 м2 10 т кѳп) күч менен басат. Атмосфералык басымды сымап түркүкчөсүнүн мм бийиктиги же болбосо миллибарлар (1 мб = 0,75 мм. с. м.) жана гектопаскалдар (1 мм = 1 мб) менен ченешет.

Бийиктеген сайын басым төмөндөйт. Тропосферанын төмөнкү катмарында 1 км бийиктикке чейин ал ар бир 10 метрде 1 мм. с. м. төмөндөйт. Канчалык жогорулаган сайын басым жайыраак тѳмѳндѳйт.

Атмосфералык басымды ченѳѳ үчүн куралдар кызмат кылат: сымап барометр, барометр-анероид жана заманбап сандык барометрлер.

Цифралуу барометр


Атмосферадагы суу

Атмосферадагы суу кайдан келет?

Атмосферада суу молекулалар (буу), тамчы жана майда кристаллдар түрүндө кездешет. Алар ошол жакта жер бетинен суунун бууланышынын, дем алуу жана заттар менен алмашуу процессинде тирүү организмдер бѳлүп чыгуунун натыйжасында, ошондой эле жанар тоолордун ишмердүүлүгүнүн, ѳнѳр - жай ѳндүрүшүнүн жана ар түрдүү заттардын туздануусунун кошумча азыгы катары пайда болот. Сууну океандар, көлдөр, дарыялар эле буулантышпастан, ал мөңгүлөрдөн, кардан, топурактан, өсүмдүктөрдөн ж.б. бууланат. Андан кийин атмосферадагы буу, конденсацияланып сууга айланат.

Буулануу-конденсация-жаан
Буулануу-конденсация-жаан


Абадагы суу буусунун курамы нымдуулук көрсөткүчү менен мүнөздөлөт. Эгерде буунун санын 1 м3 граммда санаса, анда бул абсолюттук нымдуулук. Абадагы буунун курамынын кѳбүрѳѳк таралган мүнөздѳмѳсү болуп салыштырмалуу нымдуулук эсептелет, анын маанисин аба-ырайынын күнүмдүк отчеттору кабарлайт. Салыштырмалуу нымдуулук – абадагы суу бууларынын (чыныгы серпилгичтигин) ошол эле температурадагы абаны каныктыруу үчүн керек болгон суу бууларына (максималдуу серпилгичтигине) болгон катышы катары пайыз менен көрсөтүлөт. Ал абанын суу буусуна каныгуу даражасын кѳрсѳтѳт.

  • Салыштырмалуу нымдуулук
    Салыштырмалуу нымдуулук
  • Абадагы ара кандай температурадагы суу буулары
    Абадагы ар кандай температурадагы суу бууларынын курамы


Абанын нымдуулугун атайын аспаптардын жардамы менен өлчөсѳ болот. Абанын салыштырмалуу нымдуулугун өлчөгөн аспап

Атмосферадагы буулар эмнеге айланат?

ККыймылдаган булут
Кыймылдаган булут


Атмосферага суу буулары жер бетинен буулануу процессинин натыйжасында келет. Буулануу абанын салыштырмалуу нымдуулугунан жана буулануучу суунун температурасынан көз каранды. Каныккан аба, эгерде анын температурасы жогорулабаса, суу бууларын кѳп батыра албайт. Температуранын жогорулашынан ал каныгуудан алыстайт, тѳмѳндѳ тескеринче, анда конденсация башталышы мүмкүн жана ар түрдүү шарттарда булуттар жана ар түрдүү атмосфералык жаан-чачындар пайда болушат.

  • Бишкек
    Жаан - чачындын түрлөрү
  • Бишкек
    Атмосфералык жаан - чачындарды пайда кылуучу факторлор


Атмосфералык жаан-чачындардын санын өлчөөчү даана чогултуучу аспап ушундай. Ал жаан - чачын өлчөгүч (жаан ѳлчѳгүч), ал эми илимий жактан - плювиометр деп аталат. Ал метео аянтчада тургузулган так аныктап кесилген цилиндр чакасы сыяктуу. Жаан-чачындардын саны атайын жаанды ѳлчѳѳчү стаканга жаан-чачын чакасына куюу жолу аркылуу түшкѳнү менен аныкталат, анын кесилүү аянты дагы белгилүү. Катуу жаан-чачындар (кар, таруу, мөндүр) алдын ала эритилет. Ал эми метео байкоо жүргүзүүдѳ кардын калыңдыгын ченѳѳ үчүн кар өлчөгүч сызгычты колдонушат.

  • Жаан өлчөгүч
    Жаан өлчөгүч
  • Кар өлчөгүч сызгыч
    Кар өлчөгүч сызгыч


Абанын кыймылы

Эмне үчүн шамал согот жана шамалдардын розасы деген эмне?

Аба үзгүлтүксүз кыймылдайт: ал көтөрүлөт (жогорулаган кыймыл) жана түшөт (ылдыйлаган кыймыл) жана горизонталдык багытта которулат (шамал). Шамал бир нече белги менен мүнөздөлөт.

Шамалдын мүнөздөмөсү
Шамалдын мүнөздөмөсү


Шамалдын ылдамдыгы шамал өлчөгүч менен ийгиликтүү өлчөнөт (чыны анемометр менен) – өлчөгүч аспап, анын тик огунда кайчылаштырылып чынылар бекитилет – жарым шарлар, алар бардык, жеңил дагы жел болсо деле айлана беришет жана ал канчалык катуулаган сайын, ошончолук тезирээк айлануу жүрѳт. Аспаптын огунан айлануунун эсебине берүү жүрѳт.

Шамал ченѳѳчү кеңири белгилүү болуп чынылуу анемометр эсептелет. Шамалдын ылдамдыгы канчалык жогору болсо, ал чыныларын ошончолук бат айлантат.
Анемометр
Анемометр


Флюгердин түзүлүш схемасы
Флюгердин түзүлүш схемасы


Аэродромдо жана көпүрөлѳрдүн жанында шамалдын багытын жана күчүн алыстан шамал көрсөтмѳлѳр - эки тарабы ачык чоң болотнайдан жасалган чаар конустар кѳрсѳтүшѳт.
Шамал көрсөтмѳлѳр
Шамал көрсөтмѳлѳр


Шамал өлчөгүчтүн жанына адатта шамалдын багытын кѳрсѳткѳн флюгерди орноштурат. Аэродромдо жана көпүрөлѳрдүн жанында шамал автоунаалар үчүн коркунучту алып келе турган жерлерде шамал көрсөтмѳлѳрдү - эки тарабы ачык чоң болотнайдан жасалган чаар конустарды орнотушат.

Алгач адамдар шамалдын ылдамдыгын м/сек же км/с, менен өлчөѳнү үйрѳнүүдѳн мурун ушул максат үчүн англиялык адмирал Бофорттун шкаласы менен пайдаланышкан. Бофорт 0 упайдан (толук тынч) 12 упайга чейин (ылдамдыгы 117 км /саатка чейин жеткен эң күчтүү бороон чапкын шамал) ылайыкталган упайлардын системасын, ар түрдүү шамалдарды мүнѳздѳгѳн жана баяндаган таблицаны түзгѳн. 12 упайдан турган шкаланын мүнѳздѳмѳсү тѳмѳнкүдѳйт: 0 упай - тынч, 4 упай - мелүүн шамал, 6 упай-күчтүү шамал, 10 упай-катуу бороон, 12 упай-бороон чапкын.

Бирок куюндарда жана тропикалык добулдарда шамалдын ылдамдыгы мындан дагы кѳп болот.

  • Бофорт  шкаласы
  • Сэр Френсис Бофорт


Байкоо жүргүзүүнүн маалыматтары боюнча шамалдын багытынын артынан диаграмма курушат, ал “шамалдардын розасы” деп аталат. “ШАМАЛДЫН РОЗАСЫ» эмне үчүн жана кантип ойлоп табылган?

Шамалдын розасы


Кандай шамалдар бар?

Шамал дайыма бийик атмосфералык басымдын аймагынан төмөнкү атмосфералык басымдын аймагына карай согот. Басымдагы айырмачылык канчалык чоң болсо, ошончолук шамал катуу болот. Шамалдардын үч түрү бар: атмосферанын жалпы циркуляциясынын бөлүгү болгон (туруктуу жана мезгилдүү), жергиликтүү шамалдар жана добул, добулга каршы шамалдар. Шамалдын багыты атмосфералык басымдын таралышынан жана Жердин айлануусунун алыстаган аракетинен көз каранды. Схемада туруктуу шамалдар кайсы багытта соккону көрсөтүлгөн: пассаттар (30 дан 0 кеңдиктен экваторду карай), батыш (тропикалык кеңдиктен мелүүн алкактарда багыт алган аба, чыгышка согот), чыгыш (бийик кеңдиктерден мелүүн алкактарда чыгыштагы шамалдардын үстѳмдүгү менен шамалдар согот). Материктер менен океандардын чек арасында бул үстѳмдүк кылган шамалдардын схемасы аябай бузулат. Бул жерде мезгилдүү шамалдар – муссондор пайда болот, алар кышында материктен океанга, жайында тескеринче, океандан материкке согот.

  • Пассаттардын картасы
    Пассаттардын картасы
  • Муссондордун түзүлүшү
    Муссондордун түзүлүшү


Жергиликтүү шарттарга жараша (рельеф, өсүмдүк, көлмөлөр) ар кандай жергиликтүү шамалдар пайда болот. Аларга:

Шамалдын түрлөрү


Тоолуу - ѳрѳндүү шамалдар тоолуу райондордо атмосферанын тоо кыркаларынын, капталдарынын жана ѳрѳѳндүн кабатынын үстүнѳн ар кандай жылытуунун (жана муздоо) натыйжасында пайда болушат. Күндүз алар тоолордун капталдары боюнча бийик жана ѳрѳѳндүн кабаты боюнча жогору согушат, түнкүсүн - тескери багытта (тоо шамалдары). Деңиздин же көлдүн жээгинде күндүз суу бетинен кургактыкка, түнкүсүн кургактыктан сууну көздөй соккон жел шамалдары пайда болот. Тоолордо капчыгайларда жана өрөөндөрдө шамал күндүз ылдыйдан жогору өрдөп соксо, түнкүсүн тескерисинче, жогортон ылдый карай (желаргы) согот. Өрөөндө (керимсел) тоодон ылдый соккон кургак жана жылуу шамал, тоонун бир тарабында анын экинчи капталына салыштырганда басым төмөн болгондо пайда болот. Бора – суук жана үзүп-жулуп соккон катуу шамал.

Чоң суу сактагычтардын жээктеринде (деңиз, көл, дарыя, суу сактагыч) анча күчтүү эмес жеңил шамал - жел согот, анын ылдамдыгы 1-5 м/с түзѳт.
Жел
Жел


Тоолуу райондордо күндүз өрөөндөн тоону көздөй өрөөндүү шамал, түнкүсүн – тоо капталдарынан ылдый тоолуу шамал согот.
Тоо – өрөөндүү шамал
Тоо – өрөөндүү шамал


Добулдар жана добулдарга каршы

Тропосферада дайыма ар кандай өлчөмдөгү куюндар, майдадан («чаңдуу”) баштап ири өлчөмгѳ чейинки добулдар жана каршы добулдар пайда болушат, ѳнүгүшѳт жана жок болушат.

Циклон, Антициклондун схемасы
Циклон, Антициклондун схемасы


Аба - ырайы жана климат

Аба - ырайын эмне аныктайт?

Жерде ар түрдүү жыл мезгилдери, ар түрдүү климат менен областтар бар экендигин биз билебиз. Мезгилдин ар бир учурунда белгилүү жерде атмосферада булуттар жана ачык асман, шамал жана тынч, жаан, мөндүр жана кар, ысык жана суук болушу мүмкүн. Тропосферанын ушул жердеги жана мезгилдин ошол учурдагы болгон абалы аба - ырайы деп аталат.

Аба-ырайы


Аба - ырайы өзгөрүлмөлүүлүгү, көп түрдүүлүгү жана кайталанмалуулугу менен айырмаланат. Жерде жыл ичинде дайыма бир эле аба-ырайы байкалган территориялар бар. Мисалы: экватордо жыл боюу катуу жаан-чачындар менен ысык аба - ырайы болот, ал эми мелүүн кеңдиктерде ар түрдүү жыл мезгилинде аба - ырайы өзгөрүлүп турат. Аба - ырайын эмне аныктайт? Аба - ырайынын башкы конструктору болуп күн, аба жана суу эсептелет. Аба - ырайын калыптандырган элементтер: температура, басым, нымдуулук, алардын ѳзгѳрүүсү аба - ырайынын ар түрдүү кубулуштарынын пайда болушуна алып келет.

Адам жаратылыштык чөйрөдө адаттагы аба-ырайынын кубулуштары менен (шамал, жаан, кар) дайыма кезигет, бирок убак убагы менен анда адамдын ден - соолугуна жана жашоосуна таасир эткен коркунучтуу аба-ырайлык кубулуштар пайда болот. Коркунучтуу аба - ырайлык кубулуштар деген эмне?


Аба - ырайын кантип алдын ала айтат?

Адамдар байыркы убакта аба-ырайын жергиликтүү белгилер боюнча алдын ала айтышкан. Температуранын өзгөрүшүнѳ, булуттуулукка, булуттун түрлөрүнѳ, шамалдын багыттарына, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жүрүм - турумдарына байкоо жүргүзүшкѳн. Азыркы убакта аба - ырайын тактоого жергиликтүү белгилер жана элдик жөрөлгөлөр жардам берет. Бүгүнкү күндѳ элдик жөрөлгөлөрдүн ишенимдүүлүгүн метерология илиминин жардамы менен тастыктаса болот. Азыр аба-ырайына байкоо жүргүзүү дүйнөнүн бардык аймактарында – кургактыкта гана эмес океандарда дагы атайын кемелерде жайгашкан метеорологиялык станцияларында ар түрдүү куралдардын жана эң заманбап техникалардын жардамы менен ишке ашырылат.

Жердеги байкоолорду жүргүзүүгѳ шар-зонддорунун, метеоспутниктердин жардамы менен атмосферанын жогорку катмарларынан метеорологдор алышкан ар түрдүү маалыматтар дагы кошулат.

Миңдеген метеорологиялык станцияларда дүйнө жүзүнүн метеорологдору бирге аба - ырайын абдан так болжолдоо үчүн эмгектенишет.
Метеостанция
Метеостанция


Метеозонд - метеорологдор аны гелий же суутек менен толтурушат, ага радио берүүчү менен метео - ченѳѳчү куралды байлашат жана абага жиберишет.
Метеозонд
Метеозонд


  • Метеорологиялык спутник
    Метеорологиялык спутник
  • Жаңы япониялык метеорологиялык спутник
    Жаңы япониялык метеорологиялык спутник


Жерге күн - түн бою метеорологиялык маалыматтарды берип турган спутниктер аба- ырайына байкоо жүргүзүшѳт.

Андан соң байкоолордун жыйынтыктары гидрометеорологиялык маалыматтык борборлорго берилет. Ал жерден маалыматтар иштетилет жана аба - ырайы жѳнүндѳ маалымат синоптикалык карталарга түшүрүлөт. Картада атмосфералык басым, фронттор, абанын температурасы, шамалдын багыты жана ылдамдыгы, булуттуулук жана жаан-чачындар көрсөтүлөт. Атмосфералык басымдын бөлүнүшү добул, каршы добулдардын абалы жѳнүндѳ күбѳлѳндүрѳт.

Синоптикалык карта
Синоптикалык карта


Ушул сыяктуу синоптикалык карталардын негизинде аба - ырайынын божомолу түзүлөт. Дүйнө жүзүндѳ жалпы шарттуу белгилер менен колдонушат.

Атмосфералык процесстердин жүрүү мыйзам ченемдүүлүгүн изилдѳѳ менен, аба-ырайын болжолдосо болот. Аба - ырайынын так болжолдоосу өтө татаал иш, анткени ѳз ара аракеттенген факторлордун алардын дайыма ѳнүгүп туруусунда бардык комплексин эске алуу татаал. Үч күн мѳѳнѳтүнѳ чейинки божомолдор 87-89% аныкталат. Атайын болжолдоолор эң тактыгы менен айырмаланышат, мисалы авиациялык.


Аба - ырайына эмне таасир этет?

Жыл бою жана сутка ичинде алынган күн жылуулугунун санынын өзгөрүшү, аба массаларынын кыймылы жана ѳз ара аракеттенүүсү, атмосфералык фронттор, добулдар жана каршы добулдар аба-ырайын өзгөртүшөт, ага таасир этишет. Аба массалары температурасы, нымдуулугу, чаңдуулугу, басымы боюнча айырмаланышат. Атмосфералык циркуляция аба массаларын аралаштырат жана касиети боюнча ар түрдүү аба массалары кездешкен жерлерде атмосфералык фронттор пайда болушат. Ушул касиеттердин башкысы – температура (муздак же жылуу аба). Абанын активдүүсүнѳ, фронттун кайсы тарапта аралашканына жараша ал жылуу же муздак деп аталат.

  • Жылуу фронт
    Жылуу фронт
  • Жылуу фронт
    Жылуу фронт


Жылуу фронт акырындык менен муздак абаны кыскан жылуу абанын келишин билдирет. Ал түрмөктөшкөн булуттардан жааган жаандар алдында болгон жылуулукту алып келет.

  • Муздак фронт
    Муздак фронт
  • Муздак фронт
    Муздак фронт


Муздак фронт, тескерисинче, тез жылуу абаны кыскан муздак абанын келишин билдирет. Ал суукту алып келет. Анын келиши шамалдын күчѳшү, кээде чагылган, куюн менен коштолот. Жаандар негизинен фронттун сызыгын өткөндөн кийин жаайт.

Атмосфералык фронттордун пайда болушу үчүн жагымдуу шарттар мелүүн кеңдиктердеги добулдарда болот. Добулдарда төмөнкү атмосфералык басымдын борборуна умтулган жылуу жана муздак абалары жолугат. Каршы добулда атмосфералык фронттордун түзүлүшү үчүн шарт жок, себеби анда аба түшѳт жана таркатылат.

Добул ѳзү менен бирге жаан-чачын менен коштолгон ачык эмес аба - ырайын алып келет.
Циклон схемасы
Циклон схемасы


Каршы добул болсо тескерисинче ачык, күнөстүү аба - ырайын алып келет.
Каршы добулдун схемасы
Каршы добулдун схемасы


Климат деген эмне?

Климат - Жердин ушул аймагы үчүн типтүү аба-ырайынын көп жылдык режими, кѳп жылдар ичинде орточо аба-ырайы. Ал географиялык шарттарга байланыштуу болот. Климаттын негизги мүнөздөмөлөрүн күн радиациясы, аба массаларынын циркуляциялары, жер бетинин (кургактыктын, деңиздин) түзүлүшүн аныктайт. “Климат” термини илимге 2200 жыл мурун байыркы грек астроному Гиппарх тарабынан киргизилген жана грек тилинен “кыйшаюу”(«klimatos») дегенди билдирет. Окумуштуу жер бетинин күн нуруна жантаюусун эске алган, анын экватордон баштап уюлга чейинки айырмачылыгы ошол учурда эле төмөнкү жана жогорку кеңдиктердин аба-ырайынын айырмачылыгынын негизги себеби болуп эсептелген. Кийинчерээк климат деп бир муундун улантылышына чейин, башкача айтканда 30-40 жылга чейин өзгөрүлбөгѳн белгилер менен мүнѳздѳлгѳн Жердин белгилүү районундагы атмосферанын ортоңку абалын айтышкан.

Климатка эмне таасир этет?

Климат аба - ырайы сыяктуу эле күн радиациясынын санынан, аба массаларынын алмашылышынан, атмосфералык фронтор, добул, каршы добулдар жана жер бетинин негизги касиеттеринен көз каранды. Климаттын негизги көрсөткүчтѳрү болуп: абанын температурасы (орточо жылдык, январдагы жана июлдагы), шамалдардын үстѳмдүк кылган багыттары, жаан-чачындардын режими жана жылдык саны эсептелет. Климаттын көрсөткүчтөрү түшүрүлгөн карталар, климаттык карта деп аталат.

  • Климат түзүүүчү факторлор
    Климат түзүүүчү факторлор
  • Дүйнөнүн климаттык алкактар
    Дүйнөнүн климаттык алкактар


Климаттык карталар климаттык алкактарга жана областарга бөлүүнүн негизи жылуулук алкактар жана аба массаларынын пайда болушу негиз болот.

Климаттык карталарда климаттык алкактарды жана областтарды бөлүп кароонун негизи болуп жылуулук алкактар жана аба массаларынын басымдуу түрлѳрү эсептелет. Пайда болгон жерине жараша аба массаларынын төрт түрүн бѳлүп карашат. Аба массасынын ички башкы (зоналык) түрүндѳ материктин үстүндѳ же океандын үстүндө калыптанган континенталдык (материктик) жана океандык (деңиздик) түрлѳрү бар. Пайда болушу боюнча арктикалык, антарктикалык, мелүүн кеңдиктердин (уюлдук), тропиктик жана экватордук болуп бөлүнөт.

Аба массалары


Жети негизги климаттык алкактарды бөлүшөт: экватордук, эки тропикалык, эки мелүүн, эки уюлдук (арктикалык жана антарктикалык). Негизгилердин ортосунда өткөөл климаттык алкактар жайгашкан: эки субэкватордук, эки субтропикалык жана эки уюлдук. Алар аба массаларынын алмашылышы менен айырмаланат: кышында коңшу уюлдук жактардан негизги алкактын аба массалары, жайында – экватор тараптан келген аба массалары басымдуулук кылат. Жердин климаттык алкактары



Сөздүк:

Абсолюттук нымдуулук - 1 м3 граммдагы абадагы суу буусунун саны.
Аба массалары - абанын салыштырмалуу бирдей касиеттерине ээ болгон тропосферадагы абанын чоң көлөмү.
Абанын басымы – абанын жер бетине басым кылган күч.
Аба - ырайы – белгилүү жерде, белгилүү убакыттагы тропосферанын абалы.
Альбедо – жер бетинин күн нурун чагылдыруу жөндөмдүүлүгү.
Анемометр – шамалдын ылдамдыгын өлчөө үчүн аспап.
Атмосфера – Жердин газ түрүндѳгү катмары.
Атмосфералык фронт – аба массасы ортосундагы, ар түрдүү касиеттери менен аба массаларынын ортосундагы бѳлүк, ѳз ара аракеттенүү зонасы.
Аэрозолдор – атмосферада токтогон абалда жүргѳн катуу же суюк бѳлүкчѳлѳр, атмосферадагы суу буусунун конденсациясы үчүн ядро кызматын аткарат.
Барометр ( грек. «baros» - оордук жана «matreo» - өлчөйм) – атмосферанын басымын өлчөөчү аспап.
Барометр-анероид ( грек. aneros – «суюктугу жок») – тоголок металл куту сыяктуу, андан аба сордурулуп алынган. Атмосфера басымынын таасири алдында кутунун четтеринин кыймылдары басымдын бирдиги (кПа же мм сым. Шк) түздѳлгѳн айлана шкаласы боюнча кыймылдаган жебеге берилет.
Буулануу - суюктуктун же катуу заттын газ түрүнө (бууга) өтүү процесси.
Добул – четтен баштап борборго жана саат жебесине каршы четке чыгып соккон шамалдардын белгилүү системасы менен атмосфералык басымы төмөн областы.
Жел - деңиздер жана чоң кѳлдѳрдүн жээктерине соккон шамал.
Каршы добул – борбордон четтерге соккон жана сааттын жебеси боюнча четтеген шамалдардын белгилүү системасы менен бийик атмосфералык басымдын областы.
Климат - Жердин ушул аймагы үчүн типтүү аба-ырайынын көп жылдык режими.
Климаттык алкак - климаты боюнча бирдей планетанын областы, алар планетанын кеңдигинин тегерегинде жайгашат жана бири - биринен орчундуу айырмаланышат.
Конденсация – абадагы суу буусунун абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу суу тамчыларына же катуу түргө айланышы.
Нымдуулук – абада суу буусунун курамы.
Муссондор – ѳзүнүн багытын жылына эки жолу өзгөрткѳн шамалдар, кышында алар материктен океанга, жайында - тескеринче, океандан материкке согот.
Озон катмары – стратосферадагы (10-50 км бийиктикте) озондун(О3) концентрациясы көп топтолгон катмар 20-25 км бийиктеги озон катмарында анын тыгыздыгы Жер бетиндегиге караганда 10 эсе жогору. Бул катмар жер бетиндеги тирүү организмдерди күндүн кыска толкундуу ультра кызгылт көк радиациясынын зыяндуу таасиринен сактайт.
Пассатар – океандардын тропик кеңдиктеринде жыл боюу туруктуу соккон шамалдар. Алар түндүк жарым шарда көбүнчө түндүк – чыгыштан, түштүк жарым шарда түштүк – чыгыштан согот.
Плювиометр (латын. pluvium – жаан жана грек. metreo - өлчөйм) – түшкөн жаан-чачындардын санын өлчөѳ жана чогултуучу аспап.
Рефракция – бирдей эмес тыгыздыка ээ атмосферанын катмарларын ѳтүүдѳ күн нурунун сынуусу жана ийрилүүсү.
Салыштырмалуу нымдуулук – абадагы суу буусунун серпилгичтигинен (е) ошол температурадагы каныккан буунун серпилгичтигине (Е) болгон катышы.
Синоптикалык карта – кенен территориядагы метеорологиялык байкоо жүргүзүнүүнүн жыйынтыктары түшүрүлгөн карта.
Сымап барометри – атмосфера басымын өлчөөдөгү негизги аспап, ичине сымап куюлган жана шкалаларга бөлүнгөн айнек түтүкчөсү. Шкаладан сымаптын деңгээли боюнча абанын басымы канча экенин билүүгө болот.
Шамалдардын розасы – кѳптѳгѳн байкоо жүргүзүүлѳр боюнча ошол жердеги шамалдын режимин мүнөздөгөн диаграмма жана көп бурчтук сыяктуу көрүнөт. Анын нурларынын узундугу диаграмманын борборунан ар түрдүү багыттарга таралган, ушул багыттардын кайталанышына теңдеш (шамал “кайдан” согот).
Флюгер – шамалдын багытын өлчөөчү аспап.


Пайдалуу шилтемелер:



Адабияттар:

Туман кайдан келет? Эмне үчүн учак ак из калтырат?
Барометрди – өзүбүз жасайбыз
Тест: "Аба - ырайы жана климат"

1 Кайсы түшүнүк атмосферанын абалын белгилүү жерде белгилүү убакытта мүнөздөйт?

Аба ырайы
Атмосфера
Аба масссы
Климат

2 Кайсы вариантта аба - ырайынын элементтери туура берилген?

Булуттуулук, басым, нымдуулук
Температура, басым, нымдуулук
Температура, шамал, атмосфералык жаан-чачын
Басым, шамал, нымдуулук

3 Аба -ырайын болжолдоо үчүн кайсы карта колдонулат?

Климаттык
Синоптикалык
Физикалык
Тектоникалык

4 Ар кандай касиеттеги аба массаларынын өз ара аракеттенүү зонасы.

Добул
Каршы добул
Трансформация
Атмосфералык фронт

5 Экватордук аба массаларынын касиеттери:

Суук жана кургак
Нымдуу жана суук
Жылуу жана нымдуу
Кургак жана жылуу

6 Төрт жыл мезгили даана байкалган кеңдиктер:

Тропикалык
Экватордук
Мелүүн
Арктикалык

7 Ал суукту алып келет. Анын келиши шамалдын күчөшү менен коштолот, айрым убактарда чагылган, куюн менен болот.

Добул
Каршы добул
Жылуу фронт
Муздак фронт

Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз