БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

География: Антарктида

Кѳпчүлүк учурларда: Антарктиданы эмне үчүн окуш керек деген суроо беришет? Биз бул зор муз материк жөнүндө көп билебиз. Бирок, Антарктида ошондой эле укмуштуу, кызыктуу материк, ал тууралуу америкалык уюлдук изилдөөчү, адмирал, учкуч Ричард Берд мындай деп айткан:”Биздин планетанын четинде уктаган ханбийке сыяктуу көк түскѳ оролгон материк жатат. Ал каардуу жана сулуу муздардын зымырыктары жана аметисттери менен жаркылдаган кардын мантиясында уктап жатат..” Биз Жердин кайсы тармагын Антарктида деп айтканын билебиз. Жер шарындагы башка материктери менен салыштырганда Антарктиданын географиялык абалынын өзгөчөлүгү эмнеде? Эмне үчүн уюлдук деңиз сүзүүчүлөрү Уэделле деңизин жаман көрүшөт? Материктин түзүлүшү кандай жана ал жакта кен байлыктар барбы? Эмне үчүн Антарктиданы “Сууктун жана катаал күндүн ѳлкѳсү” деп аташат жана ал Жердин бардык климатына кантип таасир этет? Антарктидада кѳлдѳр жана оазистер барбы? Антарктида кимге тиешелүү жана эмне үчүн Антарктиданын жаратылышын коргоо маанилүү эл аралык милдет болуп эсептелет?

Географиялык абалы жана изилдөө тарыхы

Антарктида

Жердин уюлдук областы Антарктида деп аталат. Бул жер шарындагы кенен район, ал ѳзүнѳ жакын жайгашкан шельфтик мөңгүлөрү жана Атлантика, Тынч жана Инд океандарынын (акыркы убактарда бардык бул бөлүктөрдү бириктирип Түштүк океан деп атай башташты) аянттары менен Антарктиданы камтыйт. Антарктиданын чек арасы түштүк кеңдиктин 50 – 600 чегинде өтөт.

Антарктиданын картасы
Антарктиданын картасы


Антарктиданын географиялык абалы

Антарктиданын географиялык абалы уникалдуу – Жерде толугу менен планетанын уюлдук аймагында жайгашкан мындан башка бир дагы материк жок. Антарктиданын аянты Австралиянын аянтынан эки эсе ашат жана аралдарын жана шельфтик мөңгүлөрүн камтуу менен 14 млн км2. түзѳт.

Жээктердин сыгызы


Океандар Түштүк жарым шардагы башка материктерден миндеген километр аралыкта Антарктиданы бөлүп турат. Антарктидага жакыныраак 1000 км аралыкта Түштүк Америка материги жайгашкан. Деңиздер материкке анча терең кирбейт. Алардын ирилери Антарктиданын изилдөөчүлөрүнүн аттарынан коюлган: Росса, Уэдделла, Беллинсгаузен, Амундсен. Түштүк Американы көздөй ичке Антарктика жарым аралы созулат, аларды кенен Дрейк кысыгы бөлүп турат. Антарктиданын тегерегинде Дүйнөлүк океандагы Батыш шамалдарынын эң кубаттуу муздак агымы ѳтѳт.

Жайгашуусунун ѳзгѳчѳлүгүнѳн улам түндүктөн түштүктү карай,батыштан чыгышты карай созулушу жѳнүндѳ айтууга болбойт, бирок жээктердин карама-каршы эки чекиттери ортосундагы максималдуу аралык 5 700 километрди түзѳт. Эң түндүк жагында материк Түштүк Уюлдук айлана менен бир нече жерлерде кесилишет. Эң четки чекиттеринен түндүк чекитин гана атаса болот: Антарктикалык жарым аралда Сифре тумшугу (63°12' 48" т. к., 57°18' 8" ч. у.).

Географиялык ачылыштар жана Антарктиданы изилдөө

Антарктида орус деңиз сүзүүчүлѳрү Ф. Ф. Беллинсгаузен жана М. П. Лазарев тарабынан 1820 - жылы гана башка материктерден кийин ачылган. Ага чейин XVIII кылымдан баштап Түштүк Жери бар деген теориялык болжолдоолор айтылган, бирок деңиз сүзүүчүлѳрү аны курчаган муздардан ѳтѳ алышкан эмес. Джеймс Кук тѳмѳнкүлѳрдү жазган:“Түштүк материкти издѳѳдѳ ушул изилденбеген жана муз менен капталган деңиздер менен сүзүүгө байланышкан, тобокел ушунчалык бийик болгондуктан, бир дагы адам эч качан мен жасагандан кѳп нерсеге барууга чечим кабыл албайт жана түштүктѳ жайгашкан жерлер эч качан изилденбейт деген ойду мен ѳзүмѳ жеткиликтүү кайраттуулукту топтоп айта алам”.

Антарктикадагы орус экспедициясы
Антарктикадагы орус экспедициясы


1820 - жылы “Чыгыш” жана”Мирный”кемелериндеги Ф. Ф. Беллинсгаузен жана М. И. Лазаревдин командасы астындагы орус деңиз сүзүүчүлөрүнүн экспедициясы Антарктиданын жээктерине жакын келип жана материктин сууларындагы көптѳгѳн аралдарды ачкан. Ошондон баштап бул жерде орус аталыштардын орчундуу кѳп саны сакталган. Андан соң Антарктиданын системалык изилдѳѳсү башталган. Карта боюнча башка Антарктидалык экспедициялардын маршруттарына байкоо жүргүзсѳ болот, ал эми таблицадан Антарктиданы изилдѳѳ тарыхынан кызыктуу маалыматтарды билсе болот.

Антарктиданын экспедицияларынын маршруттары
Антарктиданын экспедицияларынын маршруттары


Антарктиданы изилдөө тарыхы

Жылы Изилдөөчү Ачылыш
1773 - 1775 Дж. Кук (Англия) Уюлдук айлананы биринчи кесип чыгуу
1819 - 1821 Ф. Ф. Беллинсгаузен жана М. И. Лазарев (Россия) Орус экспедициясынын материкти айланып чыгышы
1838 - 1842 Ч. Уилкс Уилкс Жеринин ачылышы
1839 -1840 Ж. Дюмон-Дюрвиль (Франция) Адели Жеринин ачылышы
1841 - 1842 Д. Росс (Англия) Деңиздин жана муз барьеринин ачылышы Росса, Виктория Жери
1895 К. Борхгревинк жана Л. Кристенсен (Норвегия) Антарктиданын жээгине биринчи түшүү
1898 - 1899 К. Борхгревинк (Норвегия) Материкте биринчи кыштоо
1902 - 1903 Р. Скотт (Англия) Россанын шельфтик музунун ачылышы
1908 Э. Шеклтон (Англия) Антарктиданы биринчи кесип өтүүгө аракет
14.12.1911 Р. Амундсен (Норвегия) Түштүк уюлга биринчи жетүү
18.01.1912 Р. Скотт (Англия) Түштүк уюлга экинчи жетүү
1911 - 1931 Д. Моусон (Австрия) 45° жана 150° ч. у. кургактыкты далилдешти
1929 Р. Берд (США) Түштүк уюлда биринчи жолу самолетто учуу
1956 М. Сомов (СССР) Биринчи советтик антарктидалык экспедициясы
1957 А. Трёшников (СССР) «Восток» станциянын түзүлүшү, минималдык температуранын катталышы (- 89° С)
1958 Е. Толстиков (СССР) Жете албаган уюлдун жетишкендиги
1986 - 1992 Б. Боярский (Россия -СССР) Чыгыш Антарктидадагы изилдөө


Жаратылышы

Антарктиданын түзүлүшү жана рельефи

Материк толугу менен калың муз катмары менен (2–4 км калыңдыкта) капталган, ал борбордон четтерге жылат. Муздун кыймылынын ылдамдыгы жылына 200 метрге жетет, бирок кээ бир аянттарда жылына 1кмге чейин болот. Жыл сайын курчаган деңиздерге зор муздардын кесектери - айсбергдер сынып жана агып түшѳт. Антарктидалык сууларда бардыгы 200 миң айсбергдерди санашат. Антарктиданын айсбергдери 6 – 12 жыл “жылып жүрүшөт”, ага салыштырмалуу Гренландия айсберги 3-4 жыл гана жылып жүрөт.

Антарктидалык айсберг
Антарктидалык айсберг


Антарктидада муздардын болушунан улам – Жердин эң бийик материги, анын орточо бийиктиги 2000 метрден жогору, башка материктердин орточо бийиктигинен ѳйдѳ, бетинин ¼ бөлүгү 3000 метр бийиктикте жатат жана бекеринен Антарктиданы ”булуттун артындагы материк” деп аташпайт. Картанын жана Антарктиданын ички түзүлүшүнүн профилинин жардамы менен биз материктин рельефинин ар түрдүү экендигин көрѳ алабыз: тоолор, бөксө тоолор, бийик түздүктөр, дөңсөөлөр бар, ошондой эле чоң аянтты чуңкурлар ээлейт. Айрым аянттарда ѳтѳ бийик чокулар муз үстүндө көтөрүлөт.

  • Антарктиданын рельефи  (карта)
    Антарктиданын рельефи (карта)
  • Антарктиданын рельефи  (сүрөт)
    Антарктиданын рельефи (сүрөт)


Антарктиданын ички түзүлүшүнүн профили
Антарктиданын ички түзүлүшүнүн профили


Изилдөөлөрдүн усулдары материктин муз астындагы рельефи жөнүндө так түшүнүк алууга мүмкүндүк берди. Материктин чоң, чыгыш (чыгыш жарым шарда жайгашкан) бөлүгү - байыркы платформа, ал эми батыш (батыш жарым шарда жайгашкан) - бүктөлгөн область экендиги аныкталган. Чыгыш бөлүгү тегизирээк, бул жерде Чыгыш, Шмидт, Батыш түздүктөрү жана тегиз Чыгыш плато жайгашкан. Батыш бѳлүгү Трансантарктикалык тоо кыркалары менен бөлүнгѳн, бул жерде рельеф ар түрдүүрѳѳк, Бэрддин жапыз түздүктѳрү чоң эмес тоо массивдери менен, ошолор менен бирге Элсуорт тоолору менен, материктин эң бийик чокусу Винсон тоосу менен дагы коңшулаш. Росс деңизинин жээк бойлорунда аралдардын биринде аракеттеги Эребус жанар тоосу бар. Эң бийик тоо массиви (5140 м), эң терең чуңкуру (-2555 м) жайгашкан.

Биз оазистер Африкада бар деп ойлоп көнүп калганбыз. Бирок, Антарктидада дагы оазис деп аташкан кургактыктын зор аянтчалары бар. Бул аянты бир нече он километрден жүз километр квадрат аянтка жеткен мөңгүлөрү жана туруктуу муз же кар кабы жок кургактыктын аянтын түзгѳн ошол Антарктидалык оазистер.

Материктин жер асты кен байлыктарга бай. Таш көмүр, темир кендери, түстүү металдардын кендери, алмаздар табылган.

  • Антарктиданын кен байлыктары
    Антарктиданын кен байлыктары
  • Антарктидадан эң мыкты алмаз табылган
    Антарктидадан эң мыкты алмаз табылган


Антарктиданын климаты

Географиялык абалынын, муз менен капталуусунун таасири астында катаал климат “Жердеги эң суук климат” калыптанат. Бул жерде биздин планетанын эң төмөнкү температурасы (- 89,2o С) катталган. Материктин үстүндө суук жана кургак антарктикалык аба массалары калыптанган. Материктин борборундагы дөмпөк тарткан бийик муздардан дайыма “аккан шамалдар” согуп турат, аларды катабатикалык деп аташат. Антарктидада шамалдардын уюлу “Русская” станциясында жайгашкан.

  • Антарктиданын климаты
    Антарктида – Жердин эң суук материги
  • Катабатикалык шамал  Антарктидада
    Антарктидада катабатикалык шамалдар кыйратуучу ылдамыкка жетиши мүмкүн, кээде мындай шамалдар 320 км/с чейин жетет.


Антарктиданын кышы ѳзгөчө ызгаардуу, алардын орточо температурасы –70оС. Ички областтарындагы жайкы температуралар чанда –36оС чейин көтөрүлөт. Материктин борбордук бөлүгүндө жаан – чачындар жылына 100 мм/ жаайт жана алар кар түрүндө гана түшүшѳт.

Антарктидалык оазистерде тегерегиндеги муздарга караганда абанын температурасы 3- 4°Сдан жогору. Бул жайында кардан жана муздан бош аскалар күн нурунун 85% тартып алат да, ѳзүлѳрү +20 - +30°С га чейин жылынганы менен байланыштуу, ал эми алардан курчаган аба жылынат. Кээ бир оазистердеги майда көлдөрдѳ суунун температурасы + 10 - +15°Сга жетет. Жээктеринин климаты башкача. Бул жерде катуу шамалдар дайыма болот, жаан – чачындын саны кѳбѳйѳт (жылына 300 мм. ге чейин жетет), жайкы температура бийигирээк (–1,0оС), жаан жаайт. Материкте эки климаттык алкак бөлүнөт: антарктикалык жана субантарктикалык.

Антарктидада эки климаттык алкак: антарктикалык жана субанрктикалык
Антарктидада эки климаттык алкак: антарктикалык жана субантарктикалык


Антарктиданын ички суулары

Антарктида - туруктуу агуучу дарыялар жана туруктуу көлдѳрү жок Жердеги жалгыз материк. Бирок, жайында эриген суулардын убактылуу жылышы океанга умтулушат жана жер бетинде эриген суулардан дарыяларга жана көлдөргө окшошкон жүздөгөн чөөттөр пайда болушат. Антарктидадагы чыныгы кѳлдѳр калың муздардын алдында жайгашат. Ири муз астындагы Чыгыш көлүн 1996-жылы антарктидалык “Чыгыш” станциясынын районунда табышкан. Ал 4000 метрге жакын муз калыңдыгынын алдында жайгашкан жана анын аянты 15,5 миң км² түзѳт.

Антарктиданын дарыялары жана көлдөрү: самолеттогу сьемка


  • Антарктидагы көл
    Антарктидагы көл көбүнчө бир нече сантиметр тереңдиктеги көлчүккө окшош
  • Антарктидадагы Восток көлүнүн схемасы
    Антарктидадагы Восток көлүнүн схемасы


Антарктиданын өсүмдүктөр дүйнөсү

Материктин көпчүлүк бөлүгүн антарктикалык чөл ээлегендигине карабастан, жашоо бул жердин бардыгында кездешет, уюлдун районунда, суукта, карда дагы бактериялар табылган. Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү негизинен оазистерде кездешет. Бул жерде негизинен мох, эңилчек, эң майда козу карындар, гүлдүү өсүмдүктөр тобунан: антарктикалык шалбаа (Антарктикалык жарым аралда) гвоздика тобунан колобантус кито – өсөт. Антарктиданын бардык өсүмдүктөрү түбөлүк суукка ийгиликтүү ыңгайлашышкан. Алардын клеткаларында суу аз, ал эми бардык процесстер өтө жай жүрѳт.

  • Луговик антарктический
    Антарктидалык шалбаа өсүмдүктөрү жакшы күн тийген жер аянттарында гана ѳсѳт. Шалбаа чөбү 20 см бийиктике чейин өсөт. Ѳсүмдүктүн ѳзү суукту жакшы көтөрөт. Гүлөдөгөн убакта дагы ѳсүмдүккѳ суук зыян тийгизбейт.
  • Колобантус кито
    Колобантус кито – майда ак жана агыш-сары гулдөрү менен жаздык сыяктуу формасындагы чөп өсүмдүгү. Чоң ѳсүмдүктүн бою 5 см ден ашпайт.


Антарктиданын жаныбарлар дүйнөсү

Антарктиданын жаныбарлар дүйнөсү ѳсүмдүктѳргѳ караганда бай жана ѳзгѳчѳлѳнгѳн. Көптөгөн жаныбарлардын жашоосу океан менен байланышкан, кургактыктагы жаныбарлар аз. Кургактыкта сөөлжандар, канаты жок курт-кумурскалар табылган. Жээк сууларында балыктар, киттер, тюлендер азыктанган планктондор көп. Жайында жээктеринде канаттулар кѳп: ак чардактар, бакландар, чайка-поморниктер, альбатростор, пингвиндер. Антарктиданын адаттагы жаныбары – пингвиндер. Алар учушпайт, жакшы сүзүшөт, балыктар, моллюскалар жана рактар менен тамактанышат. Бул жерде пингвиндердин 17 түрү бар. Эң кеңири таралган – чоң эмес Адели пингвини. Эң чоңу - император пингвини, анын салмагы 50 килограмм жана бою метрден көбүрөөк.

Антарктиданын жаныбарлар дүйнөсү
Антарктиданын жаныбарлар дүйнөсү


Антарктидадагы адам

Антарктида – илимий изилдөөлөрдүн континенти

Антарктидада туруктуу жашаган калк жок, ал бир дагы ѳлкѳгѳ тиешелүү эмес жана өз алдынча мамлекет болуп эсептелбейт. Материкте изилдөөчү станциялар жайгашкан, окумуштуулар рельефти, климатты изилдешет. Жайында убактылуу тургундардын саны болжолдуу 4000 адамды, кышында 1500 адамды түзѳт. Бул жерде эч ким 18 айдан ашык жашаган эмес.

1959 -жылдагы Эл аралык келишимге ылайык, Антарктида илимий изилдөөлѳрдүн толук эркиндигинде тынчтык максатта гана пайдаланган нейтралдык, демилитардык зона. Материкте 14 мамлекеттерге тиешелүү 70 илимий станция, анын ичинен туруктуу 42 станция бар.

Антарктидада согуштук сыноолорду өткөрүүгө тыюу салынган, ал эми 1991 - жылдан бери кен байлыктарды алууга тыюу салынган.

Картада Антарктидалык “Чыгыш”(Россия) станциясы кайда жайгашканына көңүл бургула. Ал материктин аз изилденген жана ѳтѳ татаал жеткиликтүү районунда, материктин бардык жээктеринен абдан алыс жайгашкан. Бул жер “Жеткиликтүү эмес Уюл” деп аталат.

  • Уюлдук станция
    Уюлдук станция
  • Уюлдук станциялардын картасы
    Уюлдук станциялардын картасы


  • Станция "Восток"
    «Восток» станциясы (Россия) 1957 - жылы ачылган. Бул жерден “Жер“ планетасынын эң төмөңку температурасы катталган.
  • "Мак-Мёрдо" - крупнейшая станция в Антарктиде
    "Мак-Мёрдо" - Антарктидагы эң ири станция


Антарктиданын экологиялык кѳйгѳйлѳрү

Муздардын эриши-Антарктиданын эң башкы көйгөйү. Бул глобалдык жылуулануунун натыйжасында болууда. Материкте абанын температурасы дайыма жогорулоодо.

Ларсен мөңгүсү
Ларсен мөңгүсү
2002 - жылга чеййин Ларсен шельфтик мөңгүсү стабилдүү деп эсептелген, анткени ал акыркы мөңгүлүк мезгилден бери 10 000 жылдан кѳбүрѳѳк жашап келген. Бирок 2002 -жылы андан кѳлѳмү 2500 км² айсберг бѳлүнгѳн. Мѳңгүнүн бѳлүнгѳнүнѳн Уэдделла деңизине миңдеген айсбергдер түшкөн. Айта кетсек, бул биздин планетадагы эң таза деңиз деп эсептелет.

Антарктиданын үстүндө озон жыртыгы бар. Озон катмары күн радициясынан жердин бетин коргобогондугу менен коркунучтуу, абанын температурасы күчтүрѳѳк ысый баштайт жана глобалдык жылуулануу көйгөйү актуалдуулугун жоготпойт. Озон жыртыгы адамдын ден соолугуна дагы, деңиз жаныбарлары жана өсүмдүктөрдүн жашоосуна дагы коркунуч туудурат.

Озон жыртыгы
Озон жыртыгы
Окумуштуулардын заманбап изилдөөлѳрүнѳ ылайык Антарктиданын үстүндөгү озон жыртыгы акырындап тартыла баштады жана, мүмкүн, ондогон жылдардан кийин жоголуп кетет.


Бул жерде шаарлар, унаалар, заводдор жана адамдардын көп саны жоктугуна карабастан, адам баласынын антропогендик ишмердүүлүгү дүйнѳнүн ушул бѳлүгүндѳ дагы курчаган чѳйрѳгѳ чоң зыяндарды алып келүүдө.

Азыркы күндө Антарктиданын территориясында кѳп илимий станциялар иштешет. Адамдарды жана техниканы бул жерге унаанын ар түрдүү түрлөрү жеткирет, алардын унай майы жана мазуту биосфераны булгайт. Ар бир илимий станциянын жанында таштандылар топтолууда. Таштандылардын бир бѳлүгүн шамал ачык океанга учурат, ал эми таштандылардын калган чоң бөлүгү жѳн гана тоңуп калууда.

Окумуштуулар пингвиндердин кээ бир түрлѳрүнүн популяциясынын азайышын байкашууда. Ушунун себеби пингвиндер тамактанган крилдердин кескин азайышынан. Крил менен антарктикалык жаныбарларлардын көпчүлүгү дагы тамактанат. Тюлендер менен киттердин популяциясынын көбөйүшү, температуранын жогорулашы, мѳңгүлѳрдүн эриши крилдердин санынын азайышына алып келүүдө. Ошондой эле материкте дайыма зыянкечтер (браконьерлер) пайда болушууда, алар жаныбарлардын кѳптѳгѳн түрлѳрүн баюу максатында кармап жана ѳлтүрүп жатышат.

Акыркы убактарда эң муздак материкке туристердин кызыгуусу да кескин ѳсүп жатат. Эгер азыр туристтер материкке кораблдер менен сүзүп келишсе, анда келечекте Антарктиданы планетадагы эң мыкты туристтик орун катары пайдалануу пландаштырылууда. Оюубузга дароо эле кѳптѳгѳн мейманканалар, сатуучулар болгон сүрѳт тартылат. Туристтердин агымы кѳбѳйгѳндѳ континентти эмне күтүп жаткандыгын ѳзүңѳр түшүнүп жатсаңар керек. Таштандылардын тоосу, жаныбарлардын ѳлүмү. Адам казып алуучуларга дагы да болсо жете элек. Ал эми чоң муздун алдында алар абдан кѳп эмеспи.

Антарктида жана туризм
Антарктида жана туризм


Сөздүк

Антарктида – Антарктиданы жана ага жакын Уэдделла, Росса, Амундсен, Беллинсгаузен ж.б. деңиздери менен Атлантика, Инд жана Тынч океандарынын аянтчалары камтыган жер шарынын түштүк уюлдук областы.
Антарктикалык оазистер – антарктикалык муз калканы же жээгинде шельфтик мөңгүлөр менен курчалган, мѳнгүлѳрдѳн жана туруктуу муз же кар катмарынан эркин жердин аянтчасы.
Байланган муз – калыңдыгы 3 метрден кѳп эмес, жайкы эрүүнүн бир же андан кѳп сезонун башынан ѳткѳргѳн жээке бекитилбеген көп жылдык антарктикалык муз.
Катабатикалык шамал (от грек. katabatic - түшүү, төмөндөө) – уюлдук континенттин ѳзгѳчѳлѳнгѳн формасы жана суук климатынын айкалышынан пайда болгон басаңдаган шамал.
Кургак өрөөн — Жердеги эң кургак жер. Кургак өрөөндүн айрым райондору эки миллион жылдан бери жаанды, карды дагы көрө элек.
Эндемик – дүйнөдѳ ушул территорияда гана кездешкен уникалдуу өсүмдүктөр жана жаныбарлар.


Пайдалуу шилтелмелер



Адабияттары

Жердин эң туздуу көлчүгү

Көл Дон Жуан: Жердин эң туздуу көлчүгү. Дон Жуан көлчүгү — Антарктидада Макмердо Кургак Өрөөнүндѳ жайгашкан тереңдиги кызыл ашыктан чоң эмес кѳл. Бул көлчүктү Асгарда жана Олимпус Тоо чынжырынын ортосунан тапса болот. Туздуулугунун деңгээли 40%дан кѳп, бул жердеги эң туздуу белгилүү суу массасы. Көлчүктүн туздуулугу океанга караганда 18 эсе же Иорданиядагы Өлүк деңизинен эки эсе туздуу. Дон Жуан Антарктиданын эң суук аймагында жайгашса дагы ,бул жерде суу -40 градус Цельсияда дагы эч качан тоңбойт.

Дон Жуан көлү
Дон Жуан көлү
Түштүк Уюлду ким багындырган?

1911 -жылы Түштүк уюлду багындырууга эки экспедиция кеткен: англиялык белгилүү уюлдук изилдѳѳчү Роберт Скотт жана атактуу уюлдук изилдѳѳчү норвегиялык Руал Амундсен. Окумуштуулар материктин ички аймактары жөнүндө алгачкы маалыматтарды алышкан. Бирок ал маалыматтар өтө оор кыйынчылыктар менен алынган. Амундсендин экспедициясы лыжа менен жолго чыгышкан, ал эми иттер чаналарга байланып, тамак-аштарды жана башка керектүүлөрдү кѳтѳрүп жүрүшкѳн. Алар эң кыска жолду тандашкан – Росса деңизинин чыгыш четинен чыгып, Түштүк уюлга 1911-жылдын 14 -декабрында жетишкен. Р.Скоттун экспедициясы исландиялык понилер менен чыгышкан. Алар Түштүк уюлга 35 күнгө кеч жетишкен. (18 - январь, 1912 -жыл). Кайрылып келе жатканда Р.Скоттун экспедициясы көп күндүк бороонго кабылып, тамак-аш жана отундардын кезектүү складына 20 километр гана жетпей, каза болушкан.

Түштүк Уюлду багындыруу
Түштүк Уюлду багындыруу
Уюлда болгондордун кеңештери
Уюлда болгондордун кеңештери
Тест "Антарктида"

1 Антарктида … ачылган:

1775 - жылы
1820 - жылы
1895 - жылы
1911 - жылы

2 Биринчилерден Антарктиданын жээгине …токтогон:

К. Борхгревинк в 1895 - жылы
Ф. Ф. Беллинсгаузен в 1820 - жылы
Д. Росс в 1842 - жылы
Р. Скотт в 1902 - жылы

3 1911 - жылдын декабрь айында Түштүк уюлду багындырууга... чыгышкан

Кук жана Лазарев
Уилкс жана Росс
Шеклтон жана Моусон
Амундсен жана Скотт

4 Антарктидадагы эң бийик жер – бул:

Эребус жанар тоосу
Кёркпатрикс тоосу
Винсон массиви
Джексон тоосу

5 Антарктидагы эң калың муздун калыңдыгы… жетет:

4200 м
4700 м
5300 м
3800 м

6 Муздан эркин жер бетиндеги тоо тектери эмне деп аталат?

жаракалар
купала
тоолор
оазистер

7 Антарктиданын суук уюлу …жайгашкан:

«Чыгыш» станциясында
Түштүк Уюлда
Росса мөңгүсүндө
«Мирный» станциясында

8 Антарктидадагы эң шамалдуу жер жайгашкан:

«Новолазарев» станциясында
«Мак - Мёрдо» станциясында
«Русская» станциясында
Антарктикалык жарым аралында

9 Антарктидадагы эң чоң пингвин:

Адели
император
Магеллан
кара-ак

10 Антарктидадагы учпаган куш:

уюлдук үкү
баклан
альбатрос
пингвин

Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз