БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Химия: Органикалык эмес бирикмелердин класстары

Neorganicheskie-veshestva.png
«Органикалык эмес бирикмелердин классификациясы» боюнча сунушталган таблицада органикалык эмес бирикмелер жɵнүндɵгү маалыматтар толук камтылып турат. Заттар жɵнɵкɵй жана татаал заттар болуп бɵлүнɵт, ал эми жɵнɵкɵй заттар ɵз кезегинде асыл газдарга, металлдарга жана металл эместерге бɵлүнɵт. Асыл газдардын ɵзүнчɵ бир топко бɵлүнүшү анын инерттүүлүк касиети – кадимки шартта башка заттар менен аракеттенишпей тургандыгы менен байланыштуу.
Neorganicheskie-veshestva.png
Таблицада металлдар кɵк түс, металл эместер кызыл түс менен берилген. Амфотердик касиетке ээ болгон металлдар сыя кɵк түскɵ боёлгон (кызыл түс менен кɵк түстүн аралашмасы).


Амфотердүүлүк касиети – кош касиетке ээ болуу – металлдар менен металл эмес катары, ал эми металл эместер менен металл катары реакцияга кирет.

Татаал заттар оксиддерге, негиздерге жана туздарга бɵлүнɵт. Бирикмелердин ар бир классы ɵз кезегинде дагы бир нече түрлɵргɵ бɵлүнɵт.

Оксиддер негизги, амфотердик, туз пайда кылбоочу жана кислоталык оксиддерге бɵлүнɵт.

Гидроксиддер щелочторго (сууда эрүүчү негиздер), негиздерге, амфотердүү негиздерге жана кислоталарга бɵлүнɵт.

Туздар нормалдуу же орто туздар, кычкыл, негиздик, комплекстүү же кош туздар жана аралаш туздарга бɵлүнɵт.

Бардык бирикмелердин активдүүлүгү солдон оңго карай азаят.

Таблицаны пайдалануунун эрежелери:

1) Формулалары ар башка, кызыл жана кɵк түскɵ боёлгон заттардын ортосунда реакция жакшы жүрɵт.

2) Сыя кɵк түскɵ боёлгон заттар формулалары кɵк жана кызыл түскɵ боёлгон заттар менен ɵз ара аракеттенишет.

3) Формулалары бирдей түс менен жазылган заттар ɵз ара аракеттенишпейт.

4) Оксиддер жɵнɵкɵй заттар жана гидроксиддер менен реакцияга кирет, ал эми туздар менен реакцияга кирбейт.

5) Гидроксиддер оксиддер жана туздар менен реакцияга кирет.

6) Туздар гидроксиддер менен гана аракеттенишет.

Жогоруда аталган топтор ɵзүнчɵ ачык тилкелерде белгиленген. Металлдар, металл эместер жана татаал заттар активдүүлүгүнɵ жараша белгилүү бир ирээттүүлүктɵ жайгашкан. Заттардын ортосундагы генетикалык байланыштын белгилүү бир түстɵрдɵ берилиши, кайсы заттардын ɵз ара аракеттенише же аракеттенишпей тургандыгын кɵрсɵтүп турат.

Органикалык эмес бирикмелердин классификациясы


Жɵнɵкɵй заттар

Асыл газдар
Rn
Xe
Kr
Ar
Ne
He

Металлдар

Li
Rb
K
Cs
Ba
Ca
Na
Mg
Al
Mn2+
Zn
Cr3+
Fe2+
Ni
Sn
Pb
Fe3+
| H2 |
Cu
Ag
Hg2+
Pt
Au

Металл эместер

H2
C
O2
Cl2
Br2
I2
N2
P
Si
S


Оксиддер

Негиздик

K2O
Na2O
BaO
CaO
MgO
FeO
CrO
MnO
VO
PbO
SnO
CuO

Амфотердүү

Al2O3
ZnO
Fe2O3
Cr2O3
MnO2
V2O3
PbO2
SnO2

Кислоталык

Cl2O7
SO3
N2O5
P2O5
SO2
N2O3
P2O3
CO2
SiO2
CrO3
Mn2O7
V2O5


Гидроксиддер

Щелочтор

CsOH
RbOH
KOH
NaOH
LiOH

Негиздер

Ba(OH)2
Ca(OH)2
Mg(OH)2
Cu(OH)2
Fe(OH)2
Cr(OH)2
NH4OH
Самое слабое основание

Амфотердүү негиздер

Al(OH)3
Zn(OH)2
Fe(OH)3
Cr(OH)3
Pb(OH)4
Sn(OH)4

H3AlO3 → HAlO2 + H2O; H2ZnO2; H3FeO3 → HFeO2 + H2O;

H3CrO3 → HCrO2 + H2O; H4PbO4 → H2PbO3 + H2O; H4SnO4 → H2O + H2SnO3

Кислоталар

HClO4
H2SO4
HNO3
HI
HBr
HCl
H4P2O7
H2SO3
H3PO4
HF
HNO2
H2CO3
H2S
HCN


Туздар

Орто туздар

Na2SO4
K2CO3
Ba(NO3)2
CaCO3
MgBr2
Na3PO4
CuSO3
ZnCO3
Al2(SO4)3

Кычкыл туздар

NaHSO4
KHCO3
Ba(HS)2
Ca(HCO3)2
MgHPO4
NaH2PO4
NaHPO4
Cu(HSO3)2
Zn(HCO3)2

Негиздик туздар

Ba(OH)NO3
Mg(OH)Cl
Ca(OH)I
Fe(OH)Cl2
Fe(OH)2Cl
Al(OH)SO4
Zn(OH)Cl

Кош туздар

KNaSO4
KAl(SO4)2
NH4Fe(SO4)2

Комплекстик туздар

K3[Fe(CN)6]
K4[Fe(CN)6]
[Cu(NH3)4]SO4
Химиялык элементтердин терс электрлүүлүк шкаласы

Жɵнɵкɵй жана татаал заттар

Бардык химиялык заттар жɵнɵкɵй жана татаал заттарга бɵлүнɵт

Жɵнɵкɵй жана татаал заттар

Жɵнɵкɵй заттарга бир гана химиялык элементтин атомдорунан турган заттар кирет.

Жɵнɵкɵй заттын курамындагы атомдордун санына же кристаллдык торчолордун түзүлүшүнɵ карата алар ар түрдүү аллотропиялык ɵзгɵрүүлɵрдү пайда кылат (мисалы,О2 – кычкылтек жана О3 – озон; алмаз жана графит).

Эки же андан кɵп химиялык элементтин атомдорунан турган заттар татаал заттар деп аталат.

Эки элементтин ɵз ара аракеттенишүүсүнɵн бинардык бирикмелер пайда болот.Бинардык бирикмелердин аталышы – ид деген мүчɵ менен аяктайт.

Мисалы: Mg3N2 – магний нитриди.

Биз бинардык бирикмелердин ичинен – эң маанилүүсү – оксиддерди карап кɵрɵлү.

Металлдар жана металл эместер

Бардык элементтер шарттуу түрдɵ металлдарга жана металл эместерге бɵлүнɵт.

Металлдар жана металл эместер

Металлдар – сырткы электрондук катмарындагы 1,2,3 электрондорун башка атомго оңой берген элементтер.

Металл эместер – сырткы электрондук катмарында 4 тɵн кɵп электрону бар элементтер (ошондой эле сырткы электрондук катмарында 3 электрону бар борду кошууга болот).

Металлдар жана металл эместер

Бирок, металл эместердин арасында газ абалындагы, молекуласы бир гана атомдон турган элементтердин тобу бар. Алар– инерттүү же асыл газдар болуп саналат (VIII – A группа). Ал эми металлдардын арасында, бирикмелери кислоталык да, негиздик да касиетти алып жүргɵн элементтер бар. Ошондуктан, аларды амфотердүү– «кош касиетке ээ» деп аташат.

(«Амфос» деген сɵздүн уңгусун салыштырсак, – амфора деп, эки кармагычы бар вазаны аташат. Амфибия деп – сууда да, кургакта да дем алган жаныбарларды аташат, мисалы, бака).

Берилген таблицада металлдык касиетке ээ болгон элементтер жана алардын бирикмелери кɵк түс менен белгиленген. Ал эми металл эместик касиетке ээ болгон элементтер жана алардын бирикмелери кызыл түс менен белгиленген. Амфотердүү заттар кош касиетти алып жүргɵндүктɵн, сыя–кɵк түс менен белгиленген, себеби, сыя–кɵк түс кызыл түс менен кɵк түстү аралашмасы.

Оксиддер

Оксиддер деп, эки элементтен турган, алардын бирɵɵ кычкылтек болгон татаал заттарды айтабыз.
Оксиды различных металлов


Оксиддерди аталышында биринчи элементтин аты , андан соң «оксиди» деген сɵз кошулуп айтылат.

Мисалы: ВаО – барий оксиди.

Оксиддин курамындагы ɵзгɵрмɵлүү валенттүүлүккɵ ээ болгон элементтердин валенттүүлүгү сɵзсүз жазылат, мисалын: СuO – жез оксиди (II) же Cu2O – жез оксиди (I).

Оксиддер 4 топко бɵлүнɵт – туз пайда кылбоочу, негиздик, амфотердик жана кислоталык.

Туз пайда кылбоочу оксиддерге окистенүү даражасы +1 жана +2 болгон металл эместердин оксиддери кирет (H2O, CO, SiO, NO, N2O).

Негиздик оксиддерге окистенүү даражасы +1 жана +2 болгон металлдардын оксиддери кирет (K2O, Na2O, BaO, CaO, MgO, FeO, CrO, MnO, VO, PbO, SnO, CuO). Негиздик оксиддерге негиздер жана сууда эрүүчү негиздер–щелочтор туура келет.

Амфотердүү оксиддерге окистенүү даражасы +3 жана +4 барабар болгон металлдын оксиддери туура келет (Al2O3, ZnO, Fe2O3, Cr2O3, MnO2, V2O3, PbO2, SnO2). Амфотердүү оксиддерге амфотердүү негиздер туура келет.

Кислоталык оксиддерге окистенүү даражасы +3, +4, +5, +6, +7 болгон металл эместердин оксиддери (Cl2O7, SO3, N2O5, P2O5, SO2,­ N2O3, P2O3, CO2,­ SiO2).

(Cl, Br, I– окистенүү даражалары +1 барабар) (Cl2O), жана окистенүү даражасы +5, +6, +7 болгон металлдардын оксиддери (CrO3, Mn2O7, V2O5) кирет. Кислоталык оксиддерге кислоталар туура келет.

Туз пайда кылбоочу оксиддер

Алынышы

1) Туз пайда кылбоочу оксиддер металл эместерди окистендирүү жолу менен алынат (кычкылтек аз ɵлчɵмдɵ катышат).

2С + О2 ArrowLeft.png 2CO

2) Түз синтездɵɵ аркылуу (реакция абада чагылган болгондо) жүрɵт.

N2 +O2 t=2000 2NO — Q

3) Күйүп жаткан кɵмүртек (кɵмүр) аркылуу кɵмүр кычкыл газын өткɵрүүдɵн.

СО2 + С ArrowleftT.png 2CO

4) Заттарды термикалык же каталитикалык жол менен ажыратуудан.

НСООН t, H2SO4 H2O + CO

5) Окистенүү – калыбына келүү реакцияларынын натыйжасында.

3Cu + 8HNO3(суюл) ArrowLeft.png 3Cu(NO3)2 + 2NO + 4H2O

4Mg + 10HNO3(суюл) ArrowLeft.png 4Mg(NO3)2 + N2O + 5H2O

Химиялык касиеттери

1) 1) Кадимки температурада суу активдүү металлдар менен реакцияга кирет.

2H2O + 2Na ArrowLeft.png 2NaOH + H2

2) Туз пайда кылбоочу оксиддер кычкылтек менен реакцияга кирип, кислоталык оксиддерге чейин кычкылданышат.

2CO + O2 ArrowLeft.png 2CO2

2NO + O2 ArrowLeft.png 2NO2

2SiO + O2 ArrowLeft.png 2SiO2

3) Кɵмүртектин оксиди (II) менен реакцияга кирип, металлдарды калыбына келтирет.

CO + FeO ArrowLeft.png Fe + CO2

2CO + SnO2 ArrowLeft.png Sn + 2CO2

Мүнɵздɵмɵсү

CO – кɵмүртек оксиди (II), ис газы, түссүз, даамсыз, жытсыз, уулуу газ, 0,2% концентрациясы ɵлүмгɵ алып келет. Ал кандагы гемоглобин менен биригип, организм боюнча тарайт. t(кайн) = –192 0С, t(эрүү) = –2030С барабар. Күйүүгɵ жɵндɵмдүү, тамекинин түтүнүндɵ болот.

N2O – азот оксиди (I), «кɵңүл кɵтɵрүүчү газ» – бул сууда жакшы эриген анестезиялык зат, кычкылтек менен болгон аралашмасы хирургиялык операция болоор алдында наркоз катары колдонулат, аны менен дем алганда, адам күлɵ баштайт. Ал жогорку температурада ажырайт:

2N2O ArrowleftT.png 2N2 +O2 +39 Ккал.

NO – азот оксиди (II) – түссүз, жытсыз газ, сууда начар эрийт, абада чагылгандын учкундарынан эндотермиялык реакциянын натыйжасында пайда болгон жалгыз оксид.

N2 + O2 t=2000 2NO — Q.

Негиздик оксиддер

Алынышы

1) Металлдарды окистендирүүдөн алынат (ысытуусуз):

2Fe + O2 ArrowLeft.png 2FeO

2) Бир негиздик оксидге активдүү металлды таасир этүү менен башка негиздик оксид алынат:

CuO + Mg ArrowLeft.png MgO +Cu

3) Активдүү металлдар менен калыбына келтирүүдɵн алынат:

Fe2O3 + Mg ArrowLeft.png 2FeO + MgO

4) Негиздик оксиддер кɵмүртек оксиди менен калыбына келтирүүдɵн алынат:

Fe2O3 + C ArrowLeft.png 2FeO + CO

5) Негиздик оксиддерди кɵмүртек оксиди (II) менен калыбына келтирүүдɵн алынат:

Fe2O3 + CO ArrowLeft.png 2FeO + CO2

6) Негиздик оксиддер амфотердик оксиддерди суутек менен калыбына келтирүүдɵн алынат:

Fe2O3 + H2 ArrowLeft.png 2FeO + H2O

7) Кислоталык оксиддер металлдар менен калыбына келтирүүдɵн алынат:

CrO3 + 2Mg ArrowLeft.png CrO + 2MgO

8) Кислоталык оксиддерди кɵмүртек менен калыбына келтирүүдɵн алынат:

CrO3 + 2C ArrowLeft.png CrO + 2CO

9) Кислоталык оксиддерди кɵмүртек оксиди (II) менен калыбына келтирүүдɵн алынат:

CrO3 + 2CO ArrowLeft.png CrO + 2CO2

10) Кислоталык оксиддерди суутек менен калыбына келтирүүдɵн алынат:

CrO3 + 2H2 ArrowLeft.png CrO + 2H2O

11) Сууда эрибɵɵчү негиздерди ысытып, ажыратуу жолу менен алынат (щелочтордон алууга мүмкүн эмес):

Cu(OH)2 ArrowleftT.png CuO + H2O

12) Газ абалындагы кислоталык оксиддерден пайда болгон туздарды термикалык ажыратуудан алынат:

CaCO3 ArrowleftT.png CaO + CO2

CuSO3 ArrowleftT.png CuO + SO2

Негиздик оксиддердин химиялык касиеттери

1) Негиздик оксиддер активдүү металлдар менен реакцияга кирип, калыбына келет:

MgO + Ba ArrowLeft.png BaO + Mg

2) Активдүүлүк катарында суутектен кийин турган металлдардын негиздик оксиддери суутек менен реакцияга кирип, калыбына келет:

CuO + H2 ArrowLeft.png Cu + H2O

Металлдардын активдүүлүк катарында алюминийден кийин турган металлдардын негиздик оксиддери кокс кɵмүрү (C) же кɵмүртек оксиди (II) менен калыбына келет:

FeO + C ArrowLeft.pngFe + CO

SnO + CO ArrowLeft.png Sn + CO2

Өзгɵрмɵлүү валенттүүлүккɵ ээ болгон металлдардын негиздик оксиддери кычкылтекке чейин калыбына келет.

4FeO + O2 ArrowLeft.png 2Fe2O3

3) Щелочтуу жана щелочтуу жер металлдардын негиздик оксиддери суу менен аракеттенишип, щелочту пайда кылат:

Na2O + H2O ArrowLeft.png 2NaOH

4) Негиздик оксиддер балкытып эриткенде амфотердик оксиддер менен аракеттенишет:

Na2O + ZnO ArrowleftT.png Na2ZnO2

5) Негиздик оксиддер кислоталык оксиддер менен реакцияга кирип, туздарды пайда кылат:

CaO + CO2 ArrowLeft.png CaCO3

6) Негиздик оксиддер кислоталар менен реакцияга кирип, туздарды пайда кылат:

BaO + 2HCl ArrowLeft.png BaCl2 + H2O

7) Негиздик оксиддер амфотердик негиздер менен аракеттенишип, туздарды пайда кылат:

Na2O + Zn(OH)2 ArrowleftT.png Na2ZnO2 + H2O

8) Негиздик оксиддер кычкыл туздарды нейтралдаштырат:

Na2O + 2NaHCO3 ArrowLeft.png 2Na2CO3 + H2O

Мүнɵздɵмɵсү

CaO – кальций оксиди, ɵчүрүлбɵгɵн акиташ – ак түстɵгү катуу зат, суу менен жылуулукту бɵлүп чыгаруу менен кубаттуу реакцияга кирет (акиташты ɵчүрɵт), t(эрүү) = 26300С.

CaO + H2O ArrowLeft.png Сa(OH)2 + Q

CuO – жез оксиди (II) кара түстɵгү катуу, морт зат,сууда эрибейт, 800 0С жогорку температурада Cu2O – жез оксидин (I), пайда кылуу менен ажырайт, тыгыздыгы –6,45 г/см3 барабар.

Cu2(ОН)2CO3 ArrowleftT.png CuO + CO2 + H2O

Амфотердик оксиддер

Алынышы

1) Амфотердик оксиддер металлдарды окистендирүү жолу менен алынат:

4Al + 3O2 ArrowleftT.png 2Al2O3

2) Негиздик оксиддерди металлдар менен окистендирүү аркылуу алууга болот:

4FeO + O2 ArrowleftT.png 2Fe2O3

3) Бир амфотердик оксидге активдүү металлды таасир этүү менен башка амфотердик оксидди алууга болот:

Fe2O3 + 2Al ArrowLeft.png Al2O3 + 2Fe

4) Кислоталык оксиддерди калыбына келтирүү менен алынат:

V2O5 + 2H2 ArrowLeft.png V2O3 + 2H2O

5) Амфотердик негиздерди ысытуу менен ажыратуу менен алууга болот:

Zn(OH)2 ArrowleftT.png ZnO + H2O

6) Газ абалындагы кислоталык оксиддер менен амфотердик металлдын реакциялашуусунун негизинде пайда болгон туздарды ысытуу менен ажыратуудан да алууга болот:

ZnCO3ArrowleftT.png ZnO + CO2

7) Амфотердик металлдардан пайда болгон кычкыл туздарды ысытуу менен ажыратуудан алынат:

2Al(HCO3)3 ArrowleftT.png Al2O3 + 6CO2 + 3H2O

Амфотердик оксиддердин химиялык касиети

1) Амфотердик оксиддерге активдүү металлды таасир эткенде, металлга чейин калыбына келет:

MnO2 + 2Mg ArrowLeft.png Mn + 2MgO

2) Активдүүлүк катарында суутектен кийин турган металлдардын амфотердик оксиддери суутек менен реакцияга кирип, негиздик оксидге чейин калыбына келет:

Fe2O3 + H2 ArrowLeft.png 2FeO + H2O

3) Активдүүлүк катарында алюминийден кийин турган металлдардын амфотердик оксиддери кокс кɵмүрү (С) же кɵмүртек оксиди (II) менен реакцияга кирип, негиздик оксидге чейин калыбына келет:

Fe2O3 + C ArrowLeft.png 2FeO + CO

2Fe2O3 + 3C ArrowLeft.png 4Fe + 3CO2

ZnO + CO ArrowleftT.png Zn + CO2

4) Өзгɵрмɵлүү валенттүү металлдардын амфотердик оксиддери кычкылтектин атому менен аракеттенишип, кислоталык оксидге чейин кычкылданат:

Cr2O3 + 3[О] ArrowLeft.png 2CrO3

5) Амфотердик оксиддер балкып эригенде негиздик оксиддер менен реакцияга кирип, туздарды пайда кылат:

ZnO + Na2O ArrowleftT.png Na2ZnO2

CaO + ZnO ArrowleftT.png СaZnO2

6 ) Амфотердик оксиддер күчтүү кислоталык оксиддер менен реакцияга кирип, туздарды пайда кылат:

ZnO + N2O5 ArrowleftT.png Zn(NO3)2

7) Амфотердик оксиддер негиздер менен реакцияга кирип, тузду жана сууну пайда кылат:

ZnO + Сa(OН)2 ArrowleftT.png СaZnO2 + H2O

8) Амфотердик оксиддер күчтүү кислоталар менен реакцияга кирип, тузду жана сууну пайда кылат:

ZnO + 2НNO3 ArrowLeft.png Zn(NO3)2 + H2O

Мүнɵздɵмɵсү

ZnO — цинк оксиди – ак түстɵгү кристаллдык зат, сууда эрибейт, t(эрүү) = 1975 0С барабар. Ак боёкко кошулуучу зат катары колдонулат.

Кислоталык оксиддер

Алынышы

1) Кислоталык оксиддер окистенүү – калыбына келүү реакциясына катышып, металлдын атомардык кычкылтек менен кычкылдануусунан алынат:

Cr + 3[O] ArrowLeft.png CrO3

2) Металл эместин түздɵн–түз окистенүүсүнөн же күйүүсүнɵн алынат:

4P + 5O2 ArrowleftT.png 2P2O5

3) Туз пайда кылбоочу оксиддерди окистендирүү жолу менен алууга болот:

2CO + O2 ArrowleftT.png 2CO2

4) Негиздик оксиддер атомардык кычкылтек менен окистендирүү аркылуу алынат:

CrO + 2[O] ArrowLeft.png CrO3

5) Кислоталык оксидди амфотердик оксидди атомардык кычкылтек менен окистендирүүдөн алууга болот:

Cr2O3 + 3[O] ArrowLeft.png 2CrO3

6) Кислоталык оксидди кошумча окистендирүүдөн алынат:

P2O3 + O2 ArrowLeft.png P2O5

7) Газ абалындагы оксиддерден алынган орто туздарды ысытуу менен ажыратуудан алынат:

CaCO3 ArrowleftT.png CaO + CO2

8) Газ абалындагы оксиддерден пайда болгон кычкыл туздарды ысытуу менен ажыратуудан алынат:

2NaHCO3 ArrowleftT.png Na2CO3 + CO2 + H2O

Кислоталык оксиддердин химиялык касиети

1) Кислоталык оксиддер активдүү металлдар менен реакцияга кирет:

SiO2 + 2Mg ArrowLeft.png 2MgO + Si (аморфтук кремний алынат)

2) Кислоталык оксиддер суутек менен реакцияга кирет:

SiO2 + 2H2 ArrowLeft.png 2H2O + Si (аморфтук кремний алынат)

3) Кислоталык оксиддер кɵмүртек менен реакцияга кирет:

SiO2 + C ArrowLeft.png CO2 + Si (кристаллдык кремний алынат, С – кристаллдарды пайда кылуучу зат катары колдонулат)

4) Кɵмүртек оксиди (II) менен реакцияга кирет:

SiO2 + 2CO ArrowLeft.png 2CO2 + Si

5) Кислоталык оксиддер кычкылтек менен окистенет:

P2O3 + О2 ArrowLeft.png P2O5

6) Кислоталык оксиддер суу менен реакцияга кирип, кислоталарды пайда кылат:

SO3 + H2O ArrowLeft.png Н2SO4

7) Кислоталык оксиддер амфотердик оксиддер менен реакцияга кирип, туздарды пайда кылат:

N2O5 + ZnO ArrowLeft.png Zn(NO3)2

8) Щелочтор менен реакцияга кирип, туздарды пайда кылат:

SO2 + NaOH ArrowLeft.png NaHSO3

SO2 + 2NaOH ArrowLeft.png Na2SO3 + H2O

9) Кислоталык оксиддер амфотердик негиздер менен реакцияга кирип, тузду жана сууну пайда кылат:

3N2O5 + 2Al(OH)3 ArrowLeft.png 2Al(NO3)3 + 3 H2O

10) Газ абалындагы активдүүлүгү жогору болгон кислоталык оксиддер, кислоталардын жана туздардын курамындагы активдүүлүгү тɵмɵн болгон оксиддерди сүрүп чыгарат:

H2CO3 + SO2 ArrowLeft.png H2SO3 + CO2

Na2CO3 + SO2 ArrowLeft.png Na2SO3 + CO2

11) Кислоталык оксиддер негиздик туздарды нейтралдаштырат:

N2O5 + 2Ca(OH)NO3 ArrowLeft.png 2Ca(NO3)2 + H2O

Мүнɵздɵмɵсү

SO3 — күкүрт оксиди (IV), күкүрт ангидриди – түссүз, учма суюктук, tэрүү. 16,8 0С барабар, катализаторду катыштырып, күкүрт оксидин SO2 окистендирүү жолу менен алынат, күчтүү окистендирүүчү касиетке ээ.

2SO2 + О2 ArrowleftT.png 2SO3

Р2O5 —ак түстɵгү, гигроскоптуу, порошок сымал зат, 359 0С, газ абалына ɵтɵт, нымдуулукту соруп алуучу каражат катары колдонулат.

Туздар

Туздар – металлдардын атомунан жана кислота калдыктарынан турган татаал заттар.

Туздар орто (нормалдуу), кычкыл, негиздик, комплекстүү жана аралаш болуп бɵлүнɵт.

Орто же нормалдуу туздар – суутектин атомдору металлдын атомдору менен толук орун алмашкан жана гидроксил топтору кислота калдыктары менен орун алмашкан туздар.

Кычкыл туздар – суутектин атому металлдын атомдору менен толук орун алмашпаган туздар.

Негиздик туздар – курамында кислоталык оксиддер менен катар гидроксил тобу болгон туздар.

Кош туздар – суутектин атомдору эки башка металлдын атомдору менен орун алмашкан туздар.

Комплекстик туздар – металлдын борбордук атомунан–комплекс түзүүчүдɵн жана аны курчаган лигандалардан – карама–каршы багытталган иондордон турат. Ал комплекстик туздун ички катмарынан жана ага карама–каршы багытталган сырткы катмардан турат.

Калийдин гексацианоферрат (III)

Аралаш туздар – металлдын бир атому эки кислота калдыгы менен байланышкан туздар. Ca(OCl)Cl – кальций гипохлорити (хлор акиташы).

Туздардын алынышы

1) Металлдар металл эместер менен реакцияга киргенде, туздар алынат:

2Na + Cl2 ArrowLeft.png 2NaCl

Fe + S ArrowLeft.png FeS

2) Металлдар кислоталар менен реакцияга киргенде туздар пайда болот:

Zn + 2HCl ArrowLeft.png ZnCl2 + H2

3) Туздар активдүү металлдар менен реакцияга киргенде, жаңы туздар алынат:

Fe + CuSO4 ArrowleftT.png FeSO4 + Cu

4) Негиздик жана амфотердик оксиддерди балкытып эриткенде туздар алынат:

K2O + ZnO ArrowleftT.png K2ZnO2

5) Негиздик жана кислоталык оксиддер ɵз ара аракеттенишкенде, туздар пайда болот:

CaO + CO2 ArrowLeft.png CaCO3

6) Туздар амфотердик жана кислоталык оксиддерди балкытып эриткенде алынат:

Al2O3 + P2O5 ArrowleftT.png 2AlPO4

7) Негиздик оксиддер кислоталар менен аракеттенишкенде туздар пайда болот:

CuO + H2SO4 ArrowleftT.png CuSO4 + H2O

8) Кислоталык оксиддер щелочтор менен реакцияга киргенде, орто жана кычкыл туздар пйда болот:

СO2 + NaOH ArrowLeft.png + NaHСO3

СO2 + 2NaOH ArrowLeft.png + Na2СO3 + H2O

9) Газ абалындагы активдүү оксиддер туздар менен реакцияга киргенде, жаңы туздар пайда болот:

SO2 + Na2CO3 ArrowLeft.png Na2SO3 + CO2

10) Негиздер менен кислоталар аракеттенишип, нейтралдашуу реакциясына катышканда, орто, кычкыл жана негиздик туздар пайда болот:

Ba(OH)2 + H2SO4 ArrowLeft.png BaSO4 + 2H2O

NaOH + H2SO4 ArrowLeft.png NaHSO4 + H2O


Ba(OH)2 + HCl ArrowLeft.png Ba(OH)Cl + H2O

11) Негиздер менен туздар ɵз ара аракеттенишкенде, жаңы туз пайда болот:

Ca(OH)2 + 2Na3PO4 ArrowLeft.png Ca3(PO4)2 + 3NaOH

Туздардын химиялык касиеттери

1. Туздар активдүү металлдар менен орун алмашуу реакциясына кирет:

3K + AlCl3ArrowLeft.png 3KCl + Al

Fe + CuSO4 ArrowLeft.png FeSO4 + Cu

2. Туздар эрүүчү негиздер (щелочтор) менен реакцияга кирип, жаңы тузду жана жаңы негизди пайда кылат:

2NaOH + CuSO4 ArrowLeft.png Cu(OH)2 + Na2(SO4)2

3. Туздар кислоталар менен реакцияга кирип, жаңы тузду жана жаңы кислотаны пайда кылат:

Na3PO4 + 3HCl ArrowLeft.png 3NaCl + H3PO4

4. Туздар бири–бири менен аракеттенишкенде, аз диссоциациялануучу, жаңы тузду пайда кылат.

BaCl2 + Na2(SO4)2 ArrowLeft.png BaSO4 + 2NaCl

Туздар – металлдын атомдорунан жана кислота калдыктарынан турган татаал заттар. Туздардын курамына металлдын атомдорунан сырткары, донор–акцептордук байланыштын натыйжасында пайда болгон аммоний йондору да болушу мүмкүн.

Негиздер

Негиздер – металлдын атомдорунан жана алар менен байланышкан бир же бир нече гидроксил топторунан турган татаал заттар.Негиздер сууда эрүүчү жана эрибɵɵчү болуп бɵлүнɵт. Эрүүчү негиздер – щелочтор деп аталат.

ShelochKNS.jpeg
ShelochKNS.jpeg

Эрүүчү негиздерге – щелочторго, валенттүүлүгү I барабар болгон металлдар, ошондой эле барий, стронций жана кальций гидроксиддери кирет. Негиздердин ичинен кош касиетке ээ болгон, амфотердүү негиздерди белгилеп кетели., Курамында III, IV валенттүү металлдар болгон негиздер жана цинк гидроксиди амфотердүү негиздерге кирет. Бардык амфотердик негиздер сууда эрибейт. Бир эле амфотердик негиздин формуласы ар түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы, Al(OH)3 жана H3ALO3. Химиялык реакцияларда зат чɵйрɵгɵ карата ɵзгɵрɵт. Эгер алюминий гидроксиди кислота менен реакцияга кирсе, формуласы – Al(OH)3, ал эми щелочтор менен реакцияга киргенде, формуласы: H3ALO3 ортоалюминий кислотасы деп белгиленет.Бардык амфотердик негиздер щелочтор менен реакцияга киргенде, суу бɵлүнүп чыгат, [Zn(OH)2] башкасы), HAlO2 (метаалюминий кислотасы) да бɵлүнүп чыгыш мүмкүн.

Щелочтордун жана негиздердин алынышы

1. Активдүү металлдар суу менен аракеттенишкенде щелочтор алынат:

2Na + 2H2O → 2NaOH + H2

2. Активдүү металлдардын оксиддери суу менен реакцияга киргенде щелочтор пайда болот:

СaO + H2O → Ca(OH)2

3. Туздар менен щелочтор алмашуу реакциясына киргенде, сууда эрибɵɵчү негиздер, анын ичинен– амфотердүү негиздер алынат:

MgCl2 + 2KOH → Mg(OH)2 + 2KCl

ZnSO4 + 2NaOH → Zn(OH)2 + Na2SO4

FeCl3 + 3NaOH → Fe(OH)3 + 3NaCl

4. Калий жана натрий гидроксиди алардын туздарынын эритмелерин электролиздɵɵдɵ, хлорид катары кɵп ɵлчɵмдɵ алынат

2KCl + 2H2O ArrowLeft.png 2KOH + H2 + Cl2

Негиздердин химиялык касиеттери

1. Щелочтор кɵмүртек оксиди (II) менен реакцияга кирип, щелочтуу металлдын формиатын пайда кылат:

NaOH + CO ArrowLeft.png HCOONa

2. Щелочтор амфотердик оксиддер менен реакцияга кирип, туздарды пайда кылат:

2NaOH + ZnO ArrowLeft.png Na2ZnO2 + H2O

6NaOH + Al2O3 ArrowLeft.png 2Na3AlO3 + 3H2O

2NaOH + Al2O3 ArrowLeft.png 2NaAlO2 + H2O (эң кɵп кездешкен реакция)

3. Щелочтор кɵмүртек оксиди (IV), менен реакцияга кирип, эки түрдүү туздарды пайда кылат:

NaOH + CO2 ArrowLeft.png NaHCO3

NaOH + CO2 ArrowLeft.png Na2CO3 + H2O

4. Щелочтор амфотердик гидроксиддер менен аракеттенишип, туздарды пайда кылат:

2NaOH + Zn(OH)2 ArrowLeft.png Na2ZnO2 + 2H2O

3NaOH + Al(OH)3 ArrowLeft.png Na3AlO3 + 3H2O

NaOH + Al(OH)3 ArrowLeft.png NaAlO2 + 2H2O

5. Щелочтор жана сууда эрибɵɵчү негиздер кислоталар менен реакцияга кирет:

NaOH + HCl ArrowLeft.png NaCl + H2O

Fe(OH)3 + 3HCl ArrowLeft.png FeCl3 + 3H2O

Сууда эрибɵɵчү амфотердик негиздер күчтүү кислоталар менен реакцияга киргенде, эрүүчү туздарды пайда кылат.

Негиздердин жана кислоталардын ортосунда жүрүп, тузду жана сууну пайда кылган реакция, нейтралдашуу реакциясы деп аталат.

6. Эгерде негиз кислотанын ортосунда жүргɵн нейтралдашуу реакциясы аягына чейин жүрбɵсɵ, анда негиздик туздар пайда болот.

Ba(OH)2 + HNO3 ArrowLeft.png Ba(OH)NO3 + H2O

7. Щелочтор туздар менен аракеттенишип, жаңы негиздерди жана жаңы туздарды пайда кылат:

FeCl3 + 3NaOH ArrowLeft.png Fe(OH)3 + 3NaCl

CuSO4 + 2KOH ArrowLeft.png Cu(OH)2 + K2SO4

Кислоталар

Кислоталар деп, металлдын атомдору менен орун алмашууга жɵндɵмдүү болгон суутектин атомдорунан жана кислота калдыктарынан турган татаал заттар аталат. Кислотанын негиздүүлүгү анын курамындагы суутектин атомунун санына жараша болот. Негиздүүлүгүнɵ карата кислоталар бир негиздүү, эки негиздүү жана кɵп негиздүү болуп бɵлүнɵт. Мындан сырткары кислоталар кычкылтексиз (HI, HBr, HCl, HF, H2S, HCN) жана кычкылтектүү (HClO4, H2SO4, HNO3, H4P2O7, H2SO3, H3PO4, HNO2, H2CO3) болуп да бɵлүнɵт.

Кислоталардын алынышы

1) Кычкылтексиз кислоталар металл эместерден түз (суутектен) синтездɵɵ жолу менен алынат:

H2 + Cl2 ArrowleftT.png 2HCl

H2 + S ArrowleftT.png H2S

2) Галогендүү кислоталар терс электрлүүлүгү жогору болгон галогендин, терс электрлүүлүгү тɵмɵн галогенди сүрүп чыгаруусунан алынат:

2HI + Cl2 ArrowLeft.png 2HCl + I2

3) Кычкылтектүү кислоталар кислоталык оксиддер суу менен реакцияга киргенде алынат:

P2O5 + 3H2O ArrowLeft.png 2H3PO4

4) Кислоталарды аягына чейин окистендирүү менен жаңы кислотаны алууга болот:

2H2SO3 + O2 ArrowLeft.png 2H2SO4

5) Активдүүлүгү жогору болгон кислоталык оксиддердин, активдүүлүгү тɵмɵн оксидди сүрүп чыгаруусу менен кислоталарды алууга болот. (ɵзгɵчɵ газ абалындагы кислоталык оксиддерге мүнɵздүү):

H2CO3 + SO2 ArrowLeft.png H2SO3 + CO2

6) Кислоталар туздар менен башка күчтүү кислоталардын ортосундагы алмашуу реакциясынын натыйжасында да алынат:

Ba(NO3)2 + H2SO4 ArrowLeft.png BaSO4 + 2HNO3

Кислоталардын химиялык касиеттери

1) Кислоталар активдүү амфотердик металлдар менен реакцияга кирип, суутекти бɵлүп чыгарат:

2HCl + Zn ArrowLeft.png ZnCl2 + H2

H2SO4(суюл) + Mn ArrowLeft.png MnSO4 + H2

2) Концентрацияланган күкүрт жана азот кислоталары күчтүү кычкылдандыргыч болуп саналат, алар металлдар менен реакцияга киргенде, күкүрттүү газ, күкүрттүү суутек, күкүрт, азоттун оксиди же аммиак бɵлүнүп чыгат:

3) Галогендүү кислота үчүн активдүү галогендин, активдүүлүгү тɵмɵн галогенди сүрүп чыгаруусу мүнɵздүү болот:

2HI + Cl2 ArrowLeft.png 2HCl + I2

4) Кислоталар негиздик оксиддер менен аракеттенишип, сууну жана тузду пайда кылат:

H2SO4(суюл) + BaO ArrowLeft.png BaSO4 + H2O

5) Кислоталар амфотердик оксиддер менен реакцияга кирип, тузду жана тузду пайда кылат:

2HNO3 + ZnO ArrowLeft.png Zn(NO3)2 + H2O

6) Кислоталар активдүү кислоталык оксиддер менен реакцияга кирип, жаңы кислотаны жана активдүүлүгү тɵмɵн болгон оксидди пайда кылат. Газ абалындагы оксиддер менен реакция жакшы жүрɵт:

H2CO3 + SO2 ArrowLeft.png H2SO3 + CO2

7) Кислоталар эрүүчү (щелочтор) жана эрибɵɵчү негиздер нейтралдаштыруу реакцияларына кирет. Реакциянын натыйжасында орто туздар жана кычкыл туздар пайда болот.

2NaOH + H2SO4 ArrowLeft.png Na2SO4 + 2H2O

NaOH + H2SO4 ArrowLeft.png NaHSO4 + H2O

8) Кислоталардын ортосунда окистенүү–калыбына келүү реакциялары жүрɵт.

H2SO4 + HBr ArrowLeft.png Br2 + SO2 + H2O

9) Кислоталар туздар менен алмашуу реакциясына кирет да жаңы кислотаны жана жаңы тузду пайда кылат.

H2SO4(конц) + Ba(NO3)2 ArrowLeft.png BaSO4 + 2HNO3

10) Кислоталар негиздик туздарды кычкыл туздарга чейин нейтралдаштырат.

Mg(OH)Cl + HCl ArrowLeft.png MgCl2 + H2O

11) Күчтүү кислоталар туздарды газ абалындагы оксиддерге чейин ажыратат.

CaSO3 + 2HCl ArrowLeft.png CaCl2 + SO2

Кислоталардын мүнɵздɵмɵсү

HNO3 азот кислотасы. Бул – түссүз, кескин жыттуу суюктук, оңой бууланат tкай = 860С жана суу менен каалагандай катышта аралашат. Башка кислоталардан күчтүү окистендиргич касиети менен айрымаланат. Кɵпкɵ чейин сакталып турса, ɵңү сары түскɵ ɵзгɵрүп, күрɵң түстɵгү газ – азот оксидин (IV) – NO2 бɵлүп чыгаруу менен ажырайт. Күйүп жаткан чычаланы концентрацияланган азот кислотасына жакындатканда, бɵлүнүп чыккан кычкылтектин таасири менен ал от алып күйɵт.

4HNO3 hv 2H2O + 4NO2 + O2

Сатыкка чыгарылган кислоталар 63% концентрацияга жана 1,4г/см3 тыгыздыкка ээ болот. Чачырап кетсе, белок менен аракеттенишип, сары такты пайда кылат жана теринин күйүшүнɵ алып келет. Аны кɵп ɵлчɵмдɵгү суу менен жууп, соданын эритмеси менен нейтралдоо керек.

H2SO4 күкүрт кислотасы – бул түссүз, жытсыз майланышкан суюктук, t крист +10,50C. Күкүрт кислотасын мурун «олеум» деп, ал эми суусуз H2SO4 «купорос майы» деп аташкан. Күкүрт кислотасы күчтүү окистендиргич, ал кислоталарга мүнɵздүү бардык касиеттерге ээ болот. Бул эки негиздүү кислота, кычкыл жана орто тузду пайда кылуу менен баскычтуу диссоциацияланат. Күкүрт кислотасынын концентрациясы 70% тɵмɵн болсо, «суюлтулган», ал эми 70% жогору болсо «концентрацияланган эритме», деп аталат. Концентрацияланган күкүрт кислотасы тамчылап кетсе, терини күйгүзɵт, ошондуктан, мындай учурда аны суу менен жууп, тамак–аш содасынын эритмеси менен сүртүү керек.

HCl туз кислотасы – хлордуу суутектин суудагы эритмеси – түссүз, нымдуу абада бууланат, t(эрүү) = – 1140С, t(кай) = – 850С барабар. Суутекти хлордо күйгүзүп жана аны сууда эритүү жолу менен алууга болот. Азыркы учурда сатыкка чыккан туз кислотасында хлордуу суутектин массалык үлүшү 37%, эритменин тыгыздыгы 1,19г/см3 барабар болот. Туз кислотасы туздарды алууда, металлдарды чегүүгɵ, тамак–аш ɵнɵр жайында, медицинада жана химиялык анализге колдонулат. Ал карын зилинин курамына да кирет.

Н3РО4 фосфор же ортофосфор кислотасы. Бул – түссүз кристаллдык зат, t(эрүү) = 420С. Үч негиздүү, сууда жакшы эриген, уулуу эмес, начар кислота. Тамак–аш ɵнɵр жайында ширелерди жасоодо колдонулат. Фосфор кислотасын ɵнɵр жайда экстрациялык метод менен, фосфориттерди жана аппатиттерди концентрацияланган кислота менен иштетүү жолу менен алынат.

Ca3(PO4)2 + 3H2SO4 ArrowLeft.png 3CaSO4 + 2H3PO4

Глоссарий

Амфотердүү металлдар деп, бирикмелери кислоталык да, негиздик да касиетти алып жүргɵн элементтер саналат, ошондуктан, аларды амфотердүү – «кош касиетке ээ» деп аташат. («Амфос» деген сɵздүн уңгусун салыштырсак, – амфора деп, эки кармагычы бар вазаны аташат. Амфибия – сууда да, кургакта да дем алган жаныбарларды атайбыз, мисалы, бака).
Амфотердик оксиддер деп, окистенүү даражасы +3 жана +4 барабар болгон металлдын оксиддери аталат (Al2O3, Fe2O3, Cr2O3, MnO2, V2O3, PbO2, SnO2 и ZnO). Амфотердик оксиддерге амфотердүү негиздер туура келет.
Бинардык бирикмелер эки элементтин атомдорунан турат.Бинардык бирикмелердин аталышы –ид деген мүчɵ менен аяктайт. Мисалы: Mg3N2 – магний нитриди.
Жɵнɵкɵй заттар деп, молекуласы бир гана химиялык элементтин атомдорунан турган заттар аталат . Жɵнɵкɵй заттын курамындагы атомдордун санына же кристаллдык торчолордун түзүлүшүнɵ жараша жɵнɵкɵй заттар ар түрдүү аллотропиялык ɵзгɵрүүлɵрдү пайда кылат (мисалы, О2 – кычкылтек жана О3 – озон; алмаз жана графит).
Инерттүү же асыл газдар (VIII – A группа) – бул газ абалындагы, молекуласы бир гана атомдон турган элементтердин тобу.
Кислоталык оксиддер деп, окистенүү даражасы +3, +4, +5, +6, +7 болгон металл эместердин оксиддери аталат (Cl2O7, SO3, N2O5, P2O5, SO2,­ N2O3, P2O3, CO2,­ SiO2), (Cl, Br, I– окистенүү даражалары +1 барабар)(Cl2O), жана окистенүү даражасы +5, +6, +7 болгон металлдардын оксиддери (CrO3, Mn2O7, V2O5) кирет. Кислоталык оксиддерге кислоталар туура келет.
Металлдар деп, сырткы электрондук катмарындагы 1,2,3 электрондорун башка атомго оңой берген элементтерди айтабыз.
Металл эместер деп, сырткы электрондук катмарында 4 тɵн кɵп электрону бар элементтерди айтабыз (ошондой эле сырткы электрондук катмарында 3 электрону бар борду кошууга болот).
Негиздик оксиддер – окистенүү даражасы +1 жана +2 болгон металлдардын оксиддери. (H2O, CO, SiO, NO, N2O).
Оксиддер – эки элементтен турган, алардын бирɵɵ кычкылтек болгон татаал заттар. Оксиддерди аталышында биринчи элементтин аты, андан соң «оксиди» деген сɵз кошулуп айтылат. Мисалы: ВаО – барий оксиди. Оксиддин курамындагы ɵзгɵрмɵлүү валенттүүлүккɵ ээ болгон элементтердин валенттүүлүгү сɵзсүз жазылат, мисалы: СuO – жез оксиди (II) же Cu2O – жез оксиди (I).
Туз пайда кылбоочу оксиддерге окистенүү даражасы + 1 жана +2 болгон металл эместердин оксиддери кирет (H2O, CO, SiO, NO, N2O).
Татаал заттар деп, эки же андан кɵп химиялык элементтин атомдорунан турган заттарды айтабыз.

Пайдалуу шилтемелер

Видеоурок «Качественные реакции в химии». Сайт «Видеоуроки в интернет» (Электронный ресурс). //URL:.https://www.youtube.com/watch?v=pk7UXWVBC9U&t=193s (дата обращения 07.03.18.)

Библиография

  • Кособаева Б. – Использование компьютера в учебном процессе химии / Текст / Б. Кособаева, Н.Б. Арстанбекова // Абай атындагы Казак Улуттукпедагогикалык университеттинин Хабарши (Вестник) Жаратылыш таануу-география илимдери сериясынын 2012 №2 (32). – 68–71–бб.
  • Стартовый эксперимент как форма включенности каждого ученика в учебный процесс / Текст / Б. Кособаева, Син Е.Е. // Химия в школе. – Москва, 2016. – №6.
  • Дидактические особенности использования технологии обучения на уроках химии / Текст / Б. Кособаева, Син Е.Е. // Проблемы современной науки и образования. – Иваново, 2016. – №6(48), С.155–160.
  • Применение технологии системного усвоения знаний в обучении химии / Текст / Б. Кособаева, Син Е.Е. // Проблемы современной науки и образования. – Иваново, 2016. – №7(49), С.152–159.
  • Реализация межпредметных связей на уроках химии / Текст / Б. Кособаева, Син Е.Е. // Проблемы современной науки и образования. – Иваново, 2016. – №10(52), С.136–139.
  • Методологические аспекты обучения в современных условиях. / Текст / Б. Кособаева, Син Е.Е., Жакышова Б.Ш. // Проблемы современной науки и образования. – Иваново, 2016. – №13(55), С.104–108.
  • Формирование системы понятий при обучении химии в школе. / Текст / Б. Кособаева, П.Э. Токомбаева // Вестник Кыргызского национального университета имени Ж. Баласагына. – Бишкек, 2017. – Специальный выпуск. С.77–81.
  • Химическая энциклопедия, ред. И.Л. Кнунянц, Изд. «Советская энциклопедия», 1-5 т., М., 1988 г.
  • Р.А. Лидин Справочник по общей и неорганической химии. М. «Просвещение» 1997г.
  • И.Т. Гороновский, Ю.П. Назаренко, Е.Ф. Некряч. Киев, «Наукова думка», 1974г.
  • Джейн Верзейм, Крис Окслейд и д-р Джон Ватерхаус .Химия. Школьный иллюстрированный справочник (пер. с англ.), М. «Росмэн», 1995г.
  • Л.Л.Андреева, Д.Ю. Добротин, О.С. Габриелян и др. ХИМИЯ, «Большой справочник для школьников и поступающих в вузы», М. «Дрофа», 2004г.
  • Химия. Справочник школьника. Центр гуманитарных наук при факультете журналистики МГУ им. М.В. Ломоносова. М. 1997 г.
  • «Хочу все знать» Сб. Ленинград»Детская литература».1987 г.
  • «Что такое. Кто такой». Изд. «Педагогика» М. 1990 г.
  • «Энциклопедия для детей». Химия т. 17 Изд. дом «Аванта».2000г.

Турмуштан алынган фактылар

Бир килограммдык баштыктагы кристаллдык же кир жуугуч соданын (Na2CO3 • 10H2O) 370 граммы гана активдүү зат, ал эми калганы, – кристаллдык суу болуп саналат.

Натрий гидроксидинин NaOH басымдуу бɵлүгү нефтини тазалоо үчүн колдонулат.

Анардын ширеси кычкылдуулуктун мыкты кɵрсɵткүчү боло алат

Адамдын организминдеги эң жогорку кычкылдуулук анын ашказанында болот, себеби, андагы PH бирге чейин жетет.

Кымбат баалуу таштардын химиясы
  • Бермет
  • Нефрит
  • Гранат (кара кочкул асыл таш)
  • Аметист
  • Циркон
  • Зымырыт
  • Рубин
  • Сапфир
Кыргызстан
Бишкек ЖЭБи


Кыргызстанда Кара–Кечедеги кɵмүрлɵрдү суу кошуп ысытуу аркылуу газ абалына (CO + H2) айландыруу жана газ түтүктɵрү аркылуу Бишкекке жеткирүү ыңгайлуу болот.

C + H2O ArrowleftT.png CO + H2

Бул методду таза суутекти алууга да колдонсо да болот.

9C + 7H2O + O2 ArrowleftT.png 9CO + 7H2

Кɵмүр абада күйүп, андагы температура 800оС ашкан учурда, кɵмүртектин бирикмелери абанын курамындагы азот менен биригип, ɵтɵ уулуу газ дицианды (CN≡NC) пайда кылышы мүмкүн.

Тестти
Тестти