БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

English

- Do you speak English?


— Сиздин жообуңуздан кѳз карандысыз биздин предметтик бет - сиз үчүн! Шекспирдин, Джобстун, Симпсондордун тилин окугула, үйрѳнгүлѳ, ѳркүндѳткүлѳ! Мыктылыкка чек жок дейт эмеспи. Ушул керемет тилди билүү менен Сизде заманбап турмушта ишеним пайда болот, маалымат алууда мүмкүнчүлүк кѳбѳйѳт, баарлашуу айланасы орчундуу кеңейет.


Биздин «Англис тили» предметтик бет үйрѳнүү үчүн 12 сүйлѳшүү темаларын сунуштайт, алар биздин жашоонун бардык тармактарын камтыйт жана тѳмѳнкүдѳй формулировкаланган:

«VOCABULARY». Сизди сүрѳттѳрү менен түшүнүктүү жана жѳнѳкѳй сѳздүк күтѳт. Анын милдети - жаңы сѳздѳрдү сизге тез эстеп калууга жадам берүү.

«VIDEO and AUDIO». Америкалык жана Улуу Британиялык курдаштарыңардын жашоосунан кыскача сюжеттерди кѳргүлѳ, кызыктуу формада жаңы грамматикалык эрежелер менен таанышкыла, англис тилинде популярдуу ырларды уккула, мультфильмдерди жана сериалдарды кѳргүлѳ.

Силер уккан текстти түшүнүүдѳ ѳзүңѳрдүн билимиңерди текшергиңер келеби? Анда аудио-текстти уккула жана ага тапшырма аткаргыла.

«GRAMMAR». Таблицалардын жана салыштыруулардын жардамы менен англис тилинин грамматикасынын татаалдыгын чечмелѳѳгѳ жардам беребиз. Эң татаал грамматикалык конструкциялар жеткиликтүү жана жѳнѳкѳй түшүндүрүлѳт. Айтмакчы! Силер ѳзүңѳрдүн билимиңерди ар түрдүү деңгээлдеги тесттердин жардамы менен баалай аласыңар, ѳзүңѳрдүн жыйынтыктарыңарды талдап жана татаалыраак материалды үйрѳнүүгѳ ѳтѳ аласыңар.

Ал эми сүйлѳшүү кѳндүмдѳрүн кантип ѳнүктүрүү керек? Жашоонун бардык учуруна «TOP PHRASE» - ар түрдүү кырдаалдарда англис тилинде кантип баарлашуу керек, керектүү маалыматты алуу үчүн кантип туура суроо бериш керек, тигил же бул суроого кантип жакшы жооп берүү керек - ушунун баары ушул жерде!

«INTERESTING FACTS» ѳзү эле айтып турат - бул жерде биздин жашообуздан ар түрдүү жана эң кызыктуу фактылар кѳп: жаратылыш, илим, маданият, спорт жѳнүндѳ…

«LIFEHAСKER» тилди ѳздѳштүрүүдѳ пайдалуу кеңештерди берет, англис тилинде кантип жеңил жана эркин сүйлѳѳгѳ жана ѳзүнүн билимин кантип ѳркүндѳтүүгѳ кеңеш берет.

Алга, менин кымбаттуу досум!
Гифка.gif
Гифка1.gif
Lh1.jpg
How to Use AT, IN, ON in English?
At-in-on.jpg


What Are the Other Ways to Say I LOVE YOU?
Other-ways-to-say-I-love-you.png