БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Кыргыз адабияты

Адабият дүйнөсүндө сизди эмнелер күтөт?

Адабият – акыл булагы! Ал эми мультимедиялык комплекстин жардамы менен ошол булактын көзүн кеңейтүүгө болот. Көркөм чыгармалардын негизинде тартылган кинофильмдерди, спектаклдерди көрүү, музыка угуу, алардын аудио-видео версиялары менен таанышуу, көркөм сүрөт өнөрүндөгү же айкелчиликтеги адабий кейипкерлердин ааламына жасаган саякатыбызды мазмундуу, пайдалуу жана кызыктуу кылаары бышык.

Мультимедиялык билим берүү ресурсунун жардамы менен кыргыз адабияты тууралуу түшүнүгүбүз байып, тереңдей турганына ишенебиз.


Адабият галереясына саякат «Көркөм сөз» деген эмне?! Анын адам турмушуна таасирин тийгизген кудурети эмнеде?! Жашоону кооздукка бөлөп, эчен түрлүү сезимдерди жаратып, бирде кайгыртса, бирде кубанткан, келечекке шыктандырып кайрат-күч берген көркөм сөздүн күчү тууралуу кенен билгибиз келсе бул бөлүм жардамга келет. Ар бир автор жараткан көркөм дүйнөнү аралап, андагы каармандарга аралашып саякат жасоону кааласак кыргыз адабиятынын ааламына баш багалы!

Каармандар дүйнөсүнө сүңгүп Көркөм чыгарманын каармандары менен жакындан таанышкан учурда алардын ички сезимдери, толгонуулары, карама-каршылыктарына туш болобуз. Бул «бейтааныш тааныштардын» ички дүйнөсүн ачып берген жазуучунун чеберчилигине таң калабыз. Көркөм чыгарманы окугандан кийин каармандардын ар бири биздин турмушубуздан орун алып, коштоп жүрөт. Биздин турмуштук ар кандай кырдаалдарда аларга кайра-кайра кайрыла турганыбыздын сыры эмнеде деген суроого жооп табууга бул бөлүмдө аракет кылабыз.

Жазуучунун өнөрканасы Акын, жазуучу деген ким? Көркөм чыгарма кантип жаралат? Каармандардын образын ачууда же, табиятты укмуштуудай келиштире сүрөттөөдө жазуучу сөздү кайдан табат? Кандай сөздөрдү пайдаланат? Чебер жазуучу болуу үчүн эмне зарыл? Мына ушул өңдүү табышмактуу көптөгөн суроолорго жооп табуу үчүн ушул бөлүмгө кайрылсак, балким жооп аларбыз…

Мен окурманмын Китеп окуу менен өзүбүздүн жана өзгөнүн дилин ачабыз. Окуган китептин маани-маңызын жеткире түшүнө алуу – дил ачуу менен барабар. Кантип окугандын баарын түшүнсө болот? Окуп түшүнүү – бул өнөрбү, жөндөмбү же жөн гана кунт коюп окуубу? Анан калса, ар бир окурман чыгармадан өзүнүн гана дүйнөсүн ачат эмеспи. Ал эми биздин окурмандык жөндөм-шыгыбыз кандай болду экен? Дегеле көркөм чыгарма окуунун канчалык зарылдыгы бар?

Мен жазуучумун Көркөм чыгарманы окуу менен ажайып дүйнөгө кабылабыз. Ошол көркөм дүйнөнү жаратуу талыкпаган эмгекти, чымырканган изденүү, толгонууну талап кылат. Чыгармачылыктын түгөнбөгөн машакатын чыгарманын айрым үлгүлөрүн өзүбүз жазган учурда байкайбыз. Чыгармачылык иштин түрлөрүн кантип жазууга болот, анын ыкмалары, талаптары кандай боло турганын ушул бөлүм аркылуу билсек болот.

Аларды бүт дүйнө тааныйт

  • slide 1
         Алыкул Осмонов
    
  • slide 2
       Юсуп Баласагын
    
  • slide 3
        Аалы Токомбаев
    
  • slide 4
       Төлөгөн Касымбеков
    
  • slide 4
     Чынгыз Айтматов
    
Кыргыз адабиятына киришүү

Кыргыз адабияты көп тармактуу, көп жанрлуу жана ар кыл тармактарда калыптанган жана өнүккөн адабият. Кыргыз адабияты бир нече курамдык бөлүктөн турат. Мына ушул курам кийинки мезгилде андан ары кеңейип, ага кызыктуу фактылар кошулганын байкоого болот. Адабият тарыхчысы О. Ибраимовдун пикири боюнча: 1) фольклор жана оозеки адабият, 2) байыркы мезгилдердеги кыргыз кагандарынын дипломатиялык кат алышуулары, 3) Орхон-Енисей жазмалары, 4) «Манас» жана кенже эпостор, айтуучулук өнөр, 5) акындар поэзиясы (оозеки жана жазма) 6) профессионал адабият, б.а. ХХ кылымдагы адабият». Жогорудагы пикир кыргыз көркөм сөз маданиятынын ар тараптуулугун жана кенендигин көрсөтүп турат.

"Манас" эпосу
"Манас" эпосу

Нечен кылымдык карт тарыхында кыргыздардын оозеки, поэтикалык бай, санжыргалуу салттары калыптанган. Бабалардан калган баалуу сөз мурастарыбыздын ичинде эмгек ырлары («Оп майда», «Бекбекей», «Тон чык» жана башка), ырым-дарым айтымдары («Дамбыр таш», «Козу телүү», «Аштык сепкендеги айтым», «Ашуу-келме», аластоо, бадик айтымдары жана башка), каада-салт, арман, сүйүү, бешик ырлары сыяктуу чакан лирикалык жанрлардан тартып, «Манас» эпосу башында турган не бир керемет эпостор («Эр Төштүк», «Кожожаш», «Эр Табылды», «Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Жаңыл Мырза» жана башка), жөө жомоктор, миф, легенда, уламыштар, дастандар, дидактикалык жанрдагы макал-лакап, табышмак, жаңылмачтар жаралган. Тээ байыртан бери кыргыз эли «Манаска» өзгөчө орун берип, ыйык тутуп келген. Кыргыз элинин улуттук көркөм маданиятын «Манас» эпосу жок элестетүүгө мүмкүн эмес. Улуу жазуучубуз Ч. Айтматов айткандай, “Манас” – кыргыз рухунун туу чокусу, биздин элдин дүйнөлүк маданий казынага кошкон улуттук салымы.
Чынында да кыргыз элинин көркөм ойломунун уникалдуулугу, кенендиги жана тереңдиги «Манас» жана ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын феномени менен ченелип-өлчөнөт. Биздин классик жазуучуларыбыздын чыгармачылык дүйнөсүндө «Манас» эпосунун тикелей таасири, алган орду да өзгөчөлүү. Улуу эпос менен өткөн кылымдагы кыргыз рухий дүйнөсү – эки эстетикалык баскыч, эки көркөм дүйнө, ич ара камыр-жумур аралашкан дүйнө. Ушул эки эстетикалык көркөм бийиктиктин, атап айтканда, «Манас» эпосу менен кыргыз профессионал адабиятынын алакалаш болушу, бир мезгилде жашап, мезгилдеш болуп, эстетикалык жактан «тогошуусу» дүйнөлүк адабиятта да сейрек кездешкен бөтөнчөлүк.
Кыргыз элинин жазма мадабиятына тиешелүү көрүнүш катары 11-кылымда жашап өткөн жердештерибиз М. Кашгаринин «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» жана Ж. Баласагунинин «Кут алчу билим» дидактикалык дастанын атоого болот. Кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн тарыхында акындар поэзиясынын төкмө ырчылар менен жазгыч акындардын чыгармачылыгы айрыкча мааниге ээ. Алардын чыгармаларында санат-насыят, терме ырлардын; айтыштардын; күн, жер, аккан суу, шамал жөнүндө натурфилософия; өмүр, өлүм, карылык, балалык жөнүндө турмуштук философия, замана темасында социалдык-философиялык ырлардын нечен түркүн керемет үлгүлөрү жолугат. Калыгул, Арстанбек, Чоңду, Эсенаман, Токтогул, Калмырза, Эшмамбет жана башка ушундай сыяктуу акындардын чыгармачылыгы кыргыз “сөзүн” ар тараптан байытып турат. 13-15-кылымда жашап өткөн айрым акындар: Кет Бука, Токтогул ырчы, Асан Кайгы Жазгыч акындардын өкүлдөрү: Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Ысак Шайбеков ж.б. бар. Жазгыч акындардын ичинен 1911-ж. Молдо Кылычтын жер титирөө жөнүндө жазган «Кысса ил зилзала» аттуу чыгармасы 1911-ж. Казандан китеп болуп басылып чыккан. Бул кыргыз адабиятындагы басмадан чыккан эң алгачкы китеп. Кийин 1925-ж. Москвадан ушул эле акындын «Тамсилдер» деген аталыштагы экинчи китеби жарык көргөн. Ага «Канаттуулар», «Бүркүттүн тою», «Буудайык» деген казалдар кирген.
Кыргыз тилиндеги биринчи гезит «Эркин Тоо» 1924-ж. 7-ноябрда араб графикасында жарык көргөн. Бул кыргыздын биринчи гезитинин биринчи санына А. Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры жарыяланган. 1918-24-ж. аралыгында казак, татар тилдеринде чыгуучу «Көмек», «Тилши», «Ушкын», «Өрис», «Ак жол», «Шуро» гезиттеринде «Шолпан», «Жас кайрат», «Аел теңдиги» журналдарында С. Карачев, К. Тыныстанов, Ж. Түлөгабылов, О. Лепесов, 3. Лепесова, М. Максүтов, М. Байчериков, К. Маликов, К. Баязыков, Б. Калпаков сыяктуу кыргыз жаштарынын ыр, аңгеме, кабарлары ошол гезит-журналдардын тилинде же накта эле кыргыз тилинде жарык көрүп турган. Аталган ысымдардын ичинен жаңы типтеги жазма кыргыз адабиятынын жаралышына өзгөчө салым кошкондор Сыдык Карачев (1900-37) менен Касым Тыныстанов (1901-37) болгон. Кыргыздын жазма профессионалдык адабиятынын пайдубалынын түптөлүшүнө өзгөчө салым кошкон кыргыздын таланттуу уулу, акын, прозада, драматургияда да калем сынаган жазуучу, коомдук ишмер, агартуучу, кыргыз тил илимине негиз салган окумуштуу К. Тыныстанов болгон. К. Тыныстановдун 1919-24-ж. чыккан поэзиялык туундулары анын «Касым ырлар жыйнагынан» (Москва, 1925) орун алган. Жыйнакта казакча 12, кыргызча 21 ыр жана «Жаңыл Мырза» поэмасы орун алган. К. Тыныстанов «Мариям менен көл жээгинде» (1924) аттуу көлөмдүү аңгеменин жана 1930-жылдардын башында кыргыз драмалык театрында коюлган «Академиялык кечелер» аттуу спектаклдер сериясындагы орчундуу драмалык сценкалардын автору. 30-жылдардын ортосунда М. Элебаев «Узак жол», К. Жантөшев «Каныбек», Т. Сыдыкбеков «Кең-Суу», А. Токомбаев «Кандуу жылдар жазылып, окурмандарга алгачкы кыргыз романдары тартууланды. А. Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романынын биринчи бөлүгү 1935-ж. жарыкка чыккан. А. Токомбаевдин романы биринчи ыр менен жазылган роман.
Кыргыз адабияты андан бери өтө кызыктуу, ар тараптуу жолду басып өтүп, поэзияда: А.Осмонов, Р. Рыскулов, С.Эралиев, О.Султанов, С.Жусуев, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов ж.б., ал эми драматургияда: Т.Абыдмомунов, Б.Жакиев, М.Байжиев ж.б., прозада: Ч.Айтматов, М.Гапаров, К.Жусубалиев, А.Жакыпбеков, Т.Касымбеков, А.Стамов ж.б. чыгармачылыктары жаралды.