БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Тарых

Тарых эмнени үйрөтөт?

«Тарых – бизге өткөн жашоодон жарык берген шам чырак.»

В.О.Ключевский.

«Тарых» сөзү грек тилинен алганда «өткөндөр жөнүндө баян» деген маанини туюндурат. Силер кандайдыр-бир окуянын тарыхка киргенин айтканда, ал коомдун саясий, социалдык же маданий жашоосундагы маанилүү, олуттуу окуя болгонун эске аласыңар. Тарыхый илимди саясий же аскердик тарых, илимдин жана техниканын тарыхы, искусствонун тарыхы сыяктуу коомдун турмушунун ар тарабы жөнүндөгү илимдердин бүтүндөй топтому катары кароого болот... Мында көңүлдүн борборунда дайыма АДАМ турат.

Тарых илиминин өтө жооптуу милдети бар – учурду түшүнүү жана келечекти калыптандыруу үчүн адамдардын өткөн муундарынын тажрыйбасын колдонуу максатында өткөндү изилдөө. Биздин «Тарых» деп аталган сабакты окуткан бетибизден силер келечегиңердин пайдубалын түптөшүңөр үчүн таанып-билүүчүлүк саякатты сунуштайбыз.



Адамзаттын өнүгүшү

Биринчи бөлүм тарыхтын өзүнө жана анын негизги категорияларына арналган. Биз табигый мезгилдин тарыхый мезгилден айырмасы эмнеде экенин, эмне үчүн тарыхый мезгил тез же жай жүрөрүн, алдыга озуп же «артка кайрыларын», эмне үчүн түрдүү тарыхый доордо убакытты эсептөөнүн түрдүү системалары – календарлар болгонун чогуу териштиребиз. Окумуштуулардын кеңешине кайрылуу менен силер тарыхый окуяларды объективдүү баалоо үчүн булактардын түрдүү: жазуу, заттык, сүрөт, үндүк типтерин колдоно аласыңар. Көмөкчү тарыхый сабактардан: археология, этнография, палеография, тарыхый география, нумизматика жана башкалардан кыйгап өтө албайбыз.

Кийинки үч бөлүм цивилизациянын негизги эки түрүнө: отурукташкан жана көчмөн типтерине арналган.

«Цивилизация деген эмне?» — деп сурашыңар мүмкүн.

Цивилизация — бул белгилүү бир тарыхый мезгилде коомдун саясий, экономикалык, руханий жана социалдык жетишкендиктеринен турган материалдык жана руханий өнүгүү формасы. Биз тарыхтын бардык баскычтарында маданияттын өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн карайбыз, цивилизациянын карым-катышынын маселелерин жана Чыгыш-Батыш тарыхый огунун калыптаныш көйгөйлөрүн аныктайбыз.

Экинчи жана үчүнчү бөлүм тарыхта жашоо-турмушу ири дарыялар менен байланышкан эң байыркы цивилизациянын жаралышы жөнүндө баяндайт, анткени бул цивилизацияны жараткан калк сугат дыйканчылыгы менен алектенишкен. Бул элдин цивилизациясы – дарыя цивилизациясы деп аталат. Булар байыркы Шумер, Египет, Индия жана Кытай цивилизациялары. Ал эми байыркы Финикиянын, Криттин, Грециянын жана Римдин өнүгүшү көбүнчө алардын деңиз жээктерине жакын жайгашуусу менен аныкталып, деңиз цивилизациясы деп аталат. Ошондой эле Байыркы Греция жана Байыркы Рим – антикалык цивилизациянын негизги курамдык бөлүктөрү, алар кийинки тарыхтын философиялык, маданий, илимий негиздерин түптөшкөн. Байыркы Римдин кыйрашы - Байыркы Дүйнөнүн тарыхынын аякташы жана Орто кылымдын башталышы менен бүткөн.

Көчмөн цивилизациянын шумдуктуу дүйнөсү жөнүндө «Көчмөн цивилизация» деп аталган төртүнчү бөлүм баяндайт. Адамзат үчүн шаар же дыйканчылык цивилизациясынан кем эмес мааниге ээ болгон бул цивилизацияны «талаа ынкылабы» деп атоого болот. Көчмөн цивилизация – чыгыш жана батыш цивилизациядан айырмаланган өзгөчө дүйнө, ал эми талаадагы жашоо мүнөзү боюнча шаарда, айылда, деңизде жашоо сыяктуу эле тарыхый феномен болуп саналат. Көчмөн маданияттын өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана өзгөчөлүктөрүн изилдөө жана түшүнүү биз үчүн өтө маанилүү, анткени ушул цивилизациянын түпкүрүндө кыргыз эли калыптанган.

Тарыхтын бардык мезгилинде адамдын жашоосунда дин олуттуу ролду ойноп келген. Дүйнөлүк диндер кандай калыптанды жана бүгүнкү күндө кандай мааниге ээ болду? Ал жөнүндө бешинчи «Дүйнөнүн диндери» деп аталган бөлүм баяндайт.

«Орто кылымдын доорундагы дүйнө» деп аталган алтынчы бөлүм орто кылымдын дооруна – адамзат тарыхындагы эң көрүнүктүү мезгилге арналат. Азыркы мамлекеттердин негиздери жана маданий дөөлөттөр дал ушул доордо калыптанган. Орто кылымдагы мезгилдерде ислам жана христианчылык дүйнөлүк динге айланган. Уламыштагы баатырлар, эр жүрөк деңизде сүзүүчүлөр, таланттуу сүрөтчүлөр жана архитекторлор, даанышман окумуштуулар орто кылымдын тарыхында из калтырышкан.

Жаңы тарыхтын мезгили – бул социалдык кагылышуулардын мезгили. Дүйнөнү өзгөрткөн XVII-XIX кк. ыңкылаптардын себептери жетинчи бөлүмдө баяндалат.

Uchenik.jpg — Тарыхый окуялардын замандашы болууга болобу?

Uchilka.jpg — Тарых – бул бир мүнөт мурун болгон окуя!

Uchenik.jpg — Ал эми кылымчы?

Uchilka.jpg — Биз замандашы болгон XX к. жана XXI к. башындагы жакынкы эле окуялар жөнүндө «Соңку мезгил – соңку дүйнө» деп аталган сегизинчи бөлүмдө сөз болот.

Кыргызстандагы 7 белгилүү жай