БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Биология

Жандуулардын бардыгынан жандуу!

Биз жандуулардын шумдуктуу дүйнөсүндө жашайбыз, алардын тиричилигин биология изилдейт! Биология — өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын (анын ичинен адамдын) жашоосу жана алардын айлана - чөйрө менен ѳз ара аракеттенүүсү жѳнүндѳгү илим. Биология: айлана - чөйрөнүн сакталышы, саламаттык сактоо, жан-жаныбарлардын жаңы тукумун, өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун чыгаруу, генндик инженерия жана медицина сыяктуу биздин коомдун көптөгөн көйгөйлөрүн чечет.

Бул илимдин мааниси жыл өткөн сайын өсүп баратышы таң калыштуу эмес.


Биздин предметтик баракчабыз жандуу организмдерге арналарын силер түшүндүңѳр болуш керек. Биз бирге бардык жандуу организмдердин: бактериялардын, козу карындардын, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана адамдын түзүлүшүн, тиричилик өзгөчөлүктөрүн жана алардын байырлаган ар түрдүү чөйрөлөрүн карайбыз. Жер планетасында жашаган бардык жандуулар үчүн иштеген биологиянын негизги мыйзамдарын таанып билебиз.

Биология башка табигый илимдер менен бирге бизди курчаган дүйнө кантип түзүлгѳнүн түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгерде, буга чейин аны изилдѳѳ үчүн микроскоптор, фолианттар жана көптөгөн лабораториялар керек болсо, бүгүнкү күндө портфелде смартфон же планшет болсо жетиштүү.

Биздин сайттагы барактын бѳлүктѳрүнѳ кирүү менен, Жердин жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн, биосфера кандай түзүлгөнүн изилдейсиңер, адамдын денесинин ички бетин кѳрѳсүңѳр, биздин дене боюбуз кантип иштейт, анда кандай процесстер жүрөт, эмне үчүн ѳзүңдүн ден - соолугуңду кароо керектигин түшүнѳсүңѳр.

Биздин өлкөнүн жаныбарларынын жана өсүмдүктөрүнүн сейрек учураган дүйнөсүн өзүңөр үчүн ачасыңар, анткени Кыргызстан – бул күн, суу жана тоо.

  • slide
  • Тюльпан Грейга

    Грейга жоогазыны (КР Кызыл китебине киргизилген).

  • Серый варан

    Боз кескелдирик (КР кызыл китебине киргизилген).

Ѳзүңөрдүн долбоорлоруңарды жаратып, аны изилдеп, бардык жандуу организмдердин дайыма өзгөрүлүп турган жашоосундагы кереметтүү кубулуштарга байкоо жүргүзгүлѳ!
Өзүңѳрдүн ден - соолугуңарды сактап, биздин кайталангыс жана сейрек жаратылышты коргоп калууга салым кошкула!

Биологиянын өнүгүү тарыхынан

Албетте, Биология табигый багыттагы байыркы илимдердин бири болуп эсептелет. Бирок, биология термини жакында эле пайда болду. Биологиянын заманбап ѳнүгүү тарыхы 1797 - жылдан гана башталат, ошондо анатомиянын профессору, немец Теодор Руз ушул илимди белгилѳѳ үчүн Биологиятерминин сунуштаган. 1800 - жылы Биология терминин Бурдадагы Дерпт университетинин профессору пайдаланган, ал эми 1802 - жылы Ламарк жана Тревиранустун маанилүү эмгектеринде колдонулган.

Жан Батист Ламарк

Жан Батист Ламарк биологиянын өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон. Биология коомдун жашоо шарттары менен түз байланышта болуу менен, өтө тез ѳнүгѳ баштаган. Изилдөөнүн жаңы ыкмалары үзгүлтүксүз пайда болуп, заманбап билимдер эски теорияларга башкача кароого мүмкүнчүлүк берүүдѳ, бирок ѳнүгүүнүн мурунку баскычтарын изилдебесек, илим жѳнүндѳ билим толук болбой калат.