БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Кыргыз адабияты: Мен жазуучумун

Баланын тушу
Баланын тушу

Көркөм чыгарманы окуу менен ажайып дүйнөгө кабылабыз. Ошол көркөм дүйнөнү жаратуу талыкпаган эмгекти, чымырканган изденүү, толгонууну талап кылат. Чыгармачылыктын түгөнбөгөн машакатын чыгарманын айрым үлгүлөрүн өзүбүз жазган учурда байкайбыз. Чыгармачылык иштин түрлөрүн кантип жазууга болот, анын ыкмалары, талаптары кандай боло турганын ушул бөлүм аркылуу билсек болот.

Мелис Абакиров. Таланттын ачылышы

Өнөрлүүнүн кеңештерин угабыз

Мелис Абакиров. Устаттарым
  • slide 1

    Жусуп Баласагын

  • slide 2

    Жусуп Баласагын

  • slide 3

    М. Элебаев «Узак жол»

  • slide 4

    М. Элебаев «Узак жол»

  • slide 5

    Эпос «Манас»

  • slide 6

    Эпос «Манас»

Мелис Абакиров. Алгачкы таасирлер
Мар Байжиев. Баштан өткөн тагдыр, балалык чак.
Мен жазуучумун
Мен жазуучумун

Биз жан дүйнөбүздү катуу таасирленткен окуяларга кабылган учурда жазгыбыз келет. Анткени башкалардын да жан дүйнөсүн козгогубуз келип, жаза баштайбыз. Жазуучулук өнөрдө – эргүү, илхам башкы нерсе. Сиз көркөм чыгарма, сценарий же бизнес үчүн текст жазасызбы, баары бир жазууга туура келет.
Өзүбүздүн күч-кубатыбызды, убактыбызды туура башкарып, сынга туруштук берип, жазуучулук мансапка жеткибиз келеби? Жазуучулар кайдан чыгат? Алар тубаса жазуучу болуп төрөлөбү же адабият институттарынан даярдалып чыгышабы? Кантип жазуучу болсо болот? Талант кошо төрөлөт, ал эми жазуучу болуп калыптанат. Жан үрөп, тынбастан эмгектенип, изденип отуруп жазуучу болот. Бирок супсак, узун-узун тексттерди жазууну жактырбайбыз. Эркин чабыттап, кооздукту тартуулаган сөздү, ойду колдойбуз. Турмушта жазуучулук өнөрдү аркалабастан, башка кесипте иштесең да очерк, макала, интервью, эссе, сценарий, сереп, отчет, баяндама ж.б. жазууга туура келет.

Menjazuuchumun12.jpg

Мыкты жаза билүү абдан керек!
Эгер убактыңды так пландаштыра билбесең кайдан жазмак элең? Ар бир күнү отуруп иштөө керек. Эрк жетпей жалкоолукка алдыруу, өзүнө ишенбөө алдыдагы ак баракты апапак боюнча калтырат. Талантты курчутуп, таптап турбаса ташыркайт.

Menjazuuchumun13.jpg

Эмне кылуу керек?
План түзүш керек. Ишти бүтүрө турган мөөнөттү белгилеп алуу зарыл. Эргүү бул – тартиптин жемиши. Мыкты жазуучулардын көпчүлүгү күн сайын бир убакытта иштешкен. Тема боюнча жазылбай атса, тема боюнча эмне үчүн жазалбай атканыңы жаз, жаза бер!

Menjazuuchumun14.jpg

Андан ары эмне кылуу керек?

  • Билимди өркүндөтүп, тереңдетүү
  • Көркөм чыгармаларды көп окуу
  • Жазуучулук таланты менен аты чыккан адамдар менен маектешүү
  • Жазуучулук менен алектенип жаткандар менен баарлашуу
  • Калган убакыттын бардыгын жазууга жумшап: аба ырайы, өзүңдүн

кыялдарың, досторуң … эң башкысы жазууну унутпай уланта бер!

Menjazuuchumun15.jpg

Кызыктуу жазыш үчүн кызыктуу жашаш керек!
«Адатта, дүйнөлүк тажрыйбага кайрылып көргөндө, кара сөз, анын ичинде роман жазгандар мамлекеттик же коомдук иштерге катышпай, үй оокаты менен убарагерчилик чекпей, ашка-тойго, жыйын-сыйынга көп барбай, ээн үйдө отуруп алып эле өзү менен өзү болуп жаза берет. Ал эми биздин Казат Акматов андай болбоду, өмүр бою мамлекеттик жана коомдук иштерде иштеп, болгондо да андай иштердин кайнаган жеринде отуруп, бирок жазууга да, башкалардын жазганын окууга да убакыт таба алды». А.Муратов.Улуттук адабияттын деңгээлин көтөргөн Казат Акматов// Заман Кыргызстан 19.11.2012.

Menjazuuchumun16.jpg

Практикасыз теория пайдасыз, теориясыз практика да болбогон кеп. Эгер жазуучулук чеберчиликке ээ болгуңар келсе адабий компетентүүлүктү көтөрүүгө туура келет. Дагы тактап айтсак адабият теориясы тууралуу маалымат болуш керек.



Чыгармачылык иштер үчүн куралдар

Мелис Абакиров. Сөз менен иштөө
Бир нерсени жаратуу үчүн колдонулган каражат курал деп аталат. Китеп менен иштөөдө негизги курал катары интеллектуалдык куралдар керектелет. Бул куралдар маалыматты иштеп чыгууга жана структуралаштырууга жардам берет, ошондой эле өз алдынча текст жаратууга жардам берет: алгоритмдер, жазуу иштеринин форматтары жана графикалык уюштургучтар – схемалар, таблицалар.

Анда эмесе, чыгарманын мазмуну боюнча жазуу текстин жаратууну үйрөтүүчү төмөнкү ыкманы сунуштайбыз.
Адабий ийримдер – тексттин негизинде ролдук талкуу. Көркөм чыгарманы окуу учурунда ар кандай ролдорду аткарсаңар болот. Цитатаны тапкан киши, изилдөөчү, байланыштыруучу, из кубар, суроо берүүчү, докладчы, сөздөрдү издөөчү, текшерүүчү, каармандарды айтып түшүндүрүүчү, иллюстратор, катчы, ж.б. Топтун ар бир мүчөсү өзүнүн ролуна жараша аткарылган иш жөнүндө доклад жасайт. Талкуунун жыйынтыктары жазуу жүзүндөгү отчёт же оозеки сүйлөп берүү формасында жалпыланат.

Алгоритми

Algoritm jazuu.jpg

1.Өз жашооңдо сени абдан таң калтырган бир эпизодду эсте. Бул эпизодду кыскача жаз.

Algoritm jazuu1.jpg

2.Ошол өз жашооңдон эсиңе түшкөн окуяны жупта бири-бириңерге айтып бергиле. Андан кийин ким өз эскерүүлөрүн ушул өзү отурган кооперативдик тобу менен бөлүшүүнү кааласа, ошол адамды угабыз.

Algoritm jazuu3.jpg

3.Эми жаңы текстти (таң калыштуу окуя жөнүндө аңгемени) окугула. Сенин божомолуң менен кайсы эпизоддор дал келди? Кайсы эпизоддордо аңгеменин мазмуну сенин аңгемеңден айырмаланат? Эмне үчүн?

4.Азыр биз окуган текстти талкуулайбыз. Келгиле, алгач талкууга даярданалы, бул үчүн талкууда кайсы маселе боюнча эксперт катары чыга ала турганыбызды аныктап алалы.(Адабий кружоктордун катышуучулары аткара турган ролдор жазылат: байланыштыруучу, из кубар, суроо берүүчү, докладчы).

Algoritm jazuu4.jpg

Байланыштыруучу – реалдуу турмуштагы фактылар менен дал келген деталдарды тексттен табат, байкалган дал келүүлөр менен байланыштырып текстти интерпретациялайт.

Algoritm jazuu5.jpg

Из кубар – маалыматтын тилин талдоого алат (анализдейт), тексттеги окуянын өнүгүшүн көрсөткөн 5-7 этиш сөз табат, окуянын өнүгүү логикасын даярдайт.

Algoritm jazuu6.jpg

Суроо берүүчү – текстти тереңирээк түшүнүүгө багыттаган, окурманды ой жүгүртүүгө жетелөөчү суроолорду берет.

Algoritm jazuu7.jpg

Докладчы – текст менен иштөөнү жыйынтыктайт жана жасалган иштер жөнүндө 2-3 негизги цитаталарды камтуу менен маалымат даярдайт.
5.Эми силер чакан топтордо эксперттер катары иштейсиңер, ал топтор - байланыштыруучу, из кубар, суроо берүүчү, докладчы топтору, андан кийин эксперттик топтогу иштин жыйынтыгын өзүңөрдүн кооперативдик тобуңарга тааныштырасыңар.

  • Байланыштыруучу, из кубар, суроо берүүчү, докладчы]

    Байланыштыруучу, из кубар, суроо берүүчү, докладчы
  • 'Байланыштыруучу, из кубар, суроо берүүчү, докладчы

    Байланыштыруучу, из кубар, суроо берүүчү, докладчы

6.Сен тексттин үстүндө кайсы ролдо иштесең, ошол ролдун көз карашынан текстти түшүнүп чыктың. Эми ошол ишиңдин жыйынтыгын жазуу түрүндө даярда, кооперативдик тобуңда бөлүш. Окуган чыгарманы тобуңда талкуулаган жыйынтыктарын презентациялоого даярдан.

РАФТ
Р – роль
А – аудитория
Ф – форма (жанр)
Т – тема
РАФТ – активдүү жазуунун негизги шарттарын так аныктайт: ким жазат, кимге жазат, кайсы формада (жанрда) жазат, тандалган жагдайга жараша тема өзгөрөт.

Jazuuchu diagramma.JPG

Китеп жөнүндө пикирди кантип жазуу керек? Сен чыныгы окурмансыңбы?

  • slide 1
  • slide 2
  • slide 3
  • slide 4
  • slide 5
  • slide 6
  • slide 6
  • slide 6
  • slide 6
  • slide 6

Окуган китебиңе пикир жазыш керекпи? Анда пикирди жазганда чыгармага берген бааңды аргументтеп бере алуу өтө маанилүү экенин эстен чыгарба. Чыгармага пикир структурасы боюнча ой жүгүртүү текстине жакын жазылат. Ой жүгүртүүдө автордун башкы милдети – бул же тигил тезисти негиздеп берүү, бул же тигил кубулуштун, окуянын, анын маңызынын себептерин түшүндүрүү.

Tablokurman.JPG

Shemaokurman.JPG



Адабий долбоорлор

Окуганың боюнча сүрөт тартуу, майрамга карата адабий-музыкалык композиция жаратуу, кайсы бир акын-жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу адабий кече уюштуруу максатында сценарий түзүү – дагы ушул сыяктуу иштер адабий долбоор аркылуу ишке ашат.
Dolboor1.jpg
Келгиле, чогуу отуруп, кеңешели, канткенде адабий долбоорду ишке ашыра алабыз?

Адабий кече өткөрүү маселеси коюлса, анда мындай кадамдар жасалат:
1-кадам. Даярдык көрүү. Көбүнчө акын-жазуучулардын юбилейине карата уюшулат. Адабий кеченин программасы ар тараптуу, кызыктуу, жаңы болгону максатка ылайыктуу. Адабий кеченин максаты – акындын-жазуучунун өмүрүн, чыгармачылыгын, анын адабий дүйнөсүн тереңирээк ачуу, адабий көрүнүштөргө, окуяларга терең сүңгүп кирүү, жамаатташып иштөөгө көнүгүү, билимдин чың жана бекем болушу үчүн көмөктөшүү.
Адабий кечени өткөрүү, уюштуруу чыгармачылык изденүүлөрдүн эркиндигин, ар кандай жаңы жолдорду жана формаларды, усулдарды табууну талап кылат.
2-кадам. Кимдер катышат? Бүткүл мектеп – адабият мугалими, китепканачы, сүрөт, ыр, эмгек мугалимдери, класс жетекчилер, администрациянын өкүлдөрү, ата-энелер жардам берүүгө тийиш, кыскасы, адабий кече бүткүл мектеп өткөрүүчү иш-чара болуп саналат.

Dolboor2.jpg

3-кадам. Эң негизги роль – окуучуларга, өзгөчө адабий ийримдин катышуучуларына жүктөлөт.
4-кадам. Ал кандай өтөт?

  • slide 1

    Адабий кеченин ачылышы жарыяланат

  • slide 2

    Акындын чыгармачылыгы жөнүндө кыска кириш сөз сүйлөшөт

  • slide 3

    Акындын өмүрү жөнүндө айтып беришет

  • slide 4

    Окуучулар айрым ыр-поэмаларын сахналаштырат

  • slide 5
  • slide 6

    Акындын ырлары окулат

  • slide 6

    Акындын ырына жазылган обондуу ырларды ырдашат

  • slide 6

    Акын жөнүндө замандаштарынын эскерүүлөрү окулат

  • slide 6

    Сынчылардын пикирлери жаңырат, кинофрагмент көрсөтүлөт

Концерт, театрлаштырылган оюндар, адабий монтаж, көргөзмө, дилбаян, “Манас” айтуу, көркөм окуу, сүрөт тартуу, адабий чыгарма жазуу боюнча конкурстарды, викторина, адабий оюндарды өткөрүү кеченин баркын көтөрөт. Мындай иш-чараны “поэзия кечеси”, “драма кечеси”, “жомок кечеси”, “кара сөз кечеси”, “лира кечеси”, “дастан кечеси” деп, адабий тектер жана жанрлар боюнча өткөрүүгө болот.



Глоссарий

Композиция – (лат. compositio – түзүү, байланыштыруу) көркөм чыгарманын курулушу.
Сюжет – фр. – предмет, мазмун) көркөм чыгарманын мазмунун түзө турган окуялардын тутуму.
Көркөм сөз каражаттары-троп (грек. τρόπος – оборот) – риторикалык фигура, өтмө мааниде колдонулган сөз же сүйлөм. Тилдин образдуулугун, көркөмдүүлүгүн арттыруу максатында пайдаланылат.
Эссе (фр. – тажрыйба, иштелип бүтпөгөн чыгарма) – адабий жанр, очерктин өзгөчө бир түрү, анда жазуучунун турмуш көрүнүштөрүнөн жаралган ой жүгүртүүлөрү, кыялы берилет.

Адабияттар

Жусупов К. Ыр сабындагы өмүр – Ф., 1980
Как написать эссе
Рысбаев С. Эссе-дилбаян деген эмне жана ал кантип жазылат?
Как развивать критическое мышление (опыт педагогической рефлексии): Метод.пособие/ И.П.Валькова, И.А.Низовская, Н.П.Задорожная, Т.М.Буйских; под общей редакцией И.А.Низовской. – Б.:ФПОИ, 2005. С. 257.)
Граник Г.Г., Концевая Л.А., Бондаренко С. М. Когда книга учит.- М.: Педагогика, 1991. – 31-б.
Интервью с Диной Сабитовой. Вела Ника Максимова.// Детское издательство «Розовый жираф».10.07.2016 табууга болот.
Шериев Ж., Муратов А. Адабият. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994

Пайдалуу шилтемелер

Как написать идеальный текст. 10 книг о секретах писательского мастерства
Рысбаев С. Акын Алыкул Осмоновдун балдарга калтырган рухий мурастары жана айтар акыл-кеңештери
3. Секреты писательского мастерства
Секреты писательского мастерства от классиков жанра
Как стать писателем – советы, книги, теория и практика
Избранные Секреты Писательского Мастерства
11 уроков раскрытия писательских способностей от Стивена Кинга



Кыргыздын биринчи жазмасы

start=2
Кыргыздын биринчи жазмасы

Кыргыздардын байыркы жазуусу болгон. Орхон-Энесай алфавиттик руна сымал жазмасы түрк-моңгол тилдүү элдердин ичиндеги тарыхта чечмеленген эң байыркы жазма маданияты.
Бул жазма салты 6–12-кылымдарга таандык. Анын Энесайдагы варианты кыргыздарга таандык болгон. Кыргыз руна жазмасы негизинен эпитафиялык балбал таштарда сакталып келет. Руна сымал кыргыз жазмасынын эстеликтери негизинен Энесай чөлкөмүндө (Хакас-Минусин ойдуңу, Тува, Тоолуу Алтай, Краснояр крайы), Таласта, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. 38 тамгадан турган алфавит ошол мезгилдеги кыргыз тилинин керектөөлөрүн канааттандырган. Атактуу түркологдор В. В.Радлов, В. Томсен, С.Е.Малов, тарыхчы С.В.Киселев жана башкалар бул руна сымал жазуулар кыргыздарга таандык экендигин эбак далилдешкен.


Мелис Абакиров. Чыгармачылыктын башталышы

start=2

start=2

start=2

РАФТ

start=2
Келгиле, чогуу ойлонуп, РАФТ түзүп көрөлү. Жаратылышты коргоо темасын алалы дейли. Роль – жаратылыштын өзү болсун. Же болбосо, жаратылыштагы бир жандыктын ролун тандайлы.Балким, биздин текстибиз бир канаттуунун – чабалекейдин атынан түзүлөт десек болот. Эми биз кимге кайрылып жазабыз, деп ойлонолу.

start=2
Чабалекей кимге, эмнеге кайрылат деп ойлойсуңар? Балдарга, жалпы эле адамдарга кайрылып жатат десекчи. Чабалекейдин адамдарга айтар сөзү бар го, ал кандай сөздөр менен, кандай ойлорду айтып кайрылат? Табияттагы жандууларды коргоо темасы кызык тема эмеспи. Чабалекей өзүнүн сөзүн кайсы жанрда баяндасын: ыр мененби, чакырык формасындабы, а балким, элегия түрүндө жазса кандай болот?

start=2
Деги эле ар түрдүү жанрды тандасак болот. Мына эми ушинтип, биздин РАФТ түзүлдү. Негизги ишке киришели. Чабалекейдин атынан балдарга кайрылып, жандыктарды коргоо темасында ыр жазып баштайлы.


Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз