БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Кыргыз адабияты: Каармандар дүйнөсүнө сүңгүп

Ак Кеме
Ак Кеме

Көркөм чыгарманын каармандары менен жакындан таанышкан учурда алардын ички сезимдери, толгонуулары, карама-каршылыктарына туш болобуз. Бул «бейтааныш тааныштардын» ички дүйнөсүн ачып берген жазуучунун чеберчилигине таң калабыз. Көркөм чыгарманы окугандан кийин каармандардын ар бири биздин турмушубуздан орун алып, коштоп жүрөт. Биздин турмуштук ар кандай кырдаалдарда аларга кайра-кайра кайрыла турганыбыздын сыры эмнеде деген суроого жооп табууга бул бөлүмдө аракет кылабыз.

Адабий каармандардын калтырган издери

Кээ бир чыгармаларды жаратууда авторлор чыныгы турмуштагы реалдуу адамдардын өмүр жолун өз чыгармасына негиз кылып алат. Кээде ал адамдын атын өзгөртөт, кээде өзгөртпөйт. Кыргыз акындарынын гениалдуу ырлары эл оозунда кеңири ырдалып, элдин чыныгы сүйүүсүнө арзыгандыгынын бирден бир себеби да – ал чыгарманын каарманы – элден чыккан адамдар экендигинде. Алымканды даңктаган улуу ырдын жаралышына Токтогулдун махабаты себеп болсо, Барпынын сүйүү лирикасы уккандарды Мөлмөл кызга азыркыга кезге чейин суктандырат.

Мөлмөлдүн образы
Мөлмөлдүн образы

Барпы Алыкулов «Мөлмөлүм»
Беттин көркү нур менен,
Белдии көркү нур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм
Белгилүү болот ыр менен.
Кедейликтин дартынан
Кейип жаным өксүдүм.
Тосо албады кедейлик
Ашыглыктын өткөнүн.

Жарыя айтпай бул ишти
Канбайт окшойт көкшүнүм.
Ышкыдар болдум, Мөлмөлүм,
Коркосуңбу убалдан?
Сени кошпой Барпы акын
Чыга алабы кумардан!
Эки илабиң – кызыл гүл
Ачылгандай, Мөлмөлүм,
Бир карасаң – жүрөккө от
Чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың – Маргалаң
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың – баланын
Тилегиндей, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн.
Серпилишиң – чынардын
Чырпыгындай, Мөлмөлүм.
Ыргалышың – майдан тал
Кырчынындай, Мөлмөлүм.
Түшүндүрөм канткенде
Чын сырымды-ай, Мөлмөлүм.
Өтүмдүүсүң – Өзгөндүн
Күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың – зергердии
Күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң – жоргонун
Жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Оозуңдагы отуз тиш
Күрүчтөн кынап тизгендей.
Жакын келсең болбойбу,
Жат экен деп сезгенбей?
Айталбай сырым өтөмбү
Же, пайитин таап кез келбей?
Күйдүм, Мөлмөл, аппагым,
Ааламдан ссндей таппадым.
Ойлоп-ойлоп күнү-түн:
- Мөлмөлүм! – деп какшадым.
Ышкысы күчтүү жаштыкты
Ыксыз жакка чачпагын.
Башымды берем тартууга
Кедей деп менден качпагын.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам;
Чыгалбай жатып ошондо
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа
Ак маржан болуп тагылсам.
Жаңыдан түптөп бездеген,
Жаш улан колун кезгеген
Жанаша бүткөн алмаңдын
Бирөөн бер деп жалынсам.
Угар белең үнүмдү?
Алар белең тилимди?
Сооротор белең баладай
Санааркап жүргөн дилимди?
Бетиме түшсө жамалың,
Ашыглык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан
Алтын иймек сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан
Сенин, бөдөнө тумшук мамагың.
Көйнөгүңдөн көнчөгүң,
Куп жарашып чөнтөгүң.
Көп уланды күйгүзгөн,
Көйнөккө өзүн сүйгүзгөн
Сенин, көгүчкөн тумшук эмчегиң.
Көкнаари болуп калдым бейм,
Көңүлүмдөн кетпедиң.
Айдап-айдап мал бербей,
Айры өркөчтүү нар бербей;
Сүрүп-сүрүп мал бербей,
Сүйрү өркөчтүү нар бербей,
Тартууга берсем өзүмдү
Алар белең, Мөлмөлүм?
Ашыглыкка бир дабаа
Табар белең, Мөлмөлүм?
Же, мал бербей, өзүн берет деп,
Өлөсө кимге керек деп,
Чанар белең, Мөлмөлүм?
Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартинан
Тышым жалын, ичим чок.
Маңдайга жазган ушубу?..
Чечалбадым мен ойлоп.
Бирок да мунун баарына
Карабайт экен көңүл шок:
Миң азапка кайылмын
Көрүнүп койсоң бир жолу
Булуттан чыккан айга окшоп.
Бир мен эмес канчалар
Көз артып жүрөт өзүңө.
Баян кылып өтөйүн
Кулак салсаң сөзүмө:
Кедейи бар, малдуу бар,
Чабалы бар, алдуу бар.
Кедейинде – жүрөк бар,
Чабалында – тилек бар.
Малдуусунда – зордук бар,
Алдуусунда – кордук бар.
Ыктыяр сенде, бизде ыклас
Акылдуу жансың ылгап ал!




Каармандын сырлары

Адабий чыгарманын каармандары – адамдар эле эмес, жаныбарлар, буюмдар, кубулуштар, түшүнүктөр болушу мүмкүн. Кыргыз адабиятындагы каармандары ар түрдүү жандыктар болгон чыгармалардын бирин окуп чыгалы.
Асан Кайгы
Асан Кайгы

Асан Кайгынын чыгармачылык өнөрканасын, акындык өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган ырлар кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринде аз да болсо сакталып калган (Айрым ырлары 1912-жылы Оренбургда чыккан жыйнакка кирген). Кыргыз фольклорундагы маалымат боюнча, Асан Кайгы XIV – XV кылымдардын аралыгында, Алтын Ордонун ханы Жаныбектин мезгилинде жашаган.
Кантти экен?
Бир жылдары ак жайдын күнү калың мөндүр түшүп, кара жаан көнөктөп төгүп, борошого айланып, каз, өрдөк каркылдап уча албай, мал жер тээп оттой албай, жер бетин муз каптап, суу тоңуп, жут болуп, мал-жандан түгөл кол жууп калуу коркунучу туулат. Ошондо Асан Кайгынын кайгырып айтканы:
Куйругу жок, жалы жок,
Кумда туулуп, чөлдө өскөн,
Кулан байкуш кантти экен?
Чымчып алар жүнү жок,
Чыңырарга үнү жок,
Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен?

Кылган камы жок,
Алган даны жок,
Баккан малы жок,
Мал багарга алы жок,
Көзү башын көгөртүп,
Көгөн байкуш кантти экен?
Таразасын көтөрүп,
Тарбаңдаган шор тумшук
Ташбака байкуш кантти экен?
Жатарга жайы жок,
Жан багарга алы жок,
Чымын байкуш кантти экен?
Боору жерге жабышып,
Баса албаган балчактап,
Бака байкуш кантти экен?
Кирерге эшиги жок,
Корголор тешиги жок,
Коңуз байкуш кантти экен?
Оргон-жыйган чөбү жок,
Эчтемеге эби жок,
Доңуз байкуш кантти экен?
Бороон-чапкын күч алды,
Суунун бетин муз чалды,
Балык байкуш кантти экен?
Көргүлүктү көргөн чыгар,
Суу түбүндө өлгөн чыгар.
Жайлоодо жабуу албаган,
Арык байкуш кантти экен?
Баш калкалар үйү жок,
Пааналаган жери жок,
Курт-кумурска кантти экен?
А дүйнөнү көргөн чыгар,
Куурап баары өлгөн чыгар.
Боюн сууда жашырып жүргөн,
Жаян байкуш кантти экен?
Колун алып бооруна
Конолго издеп корголоп,
Коркуп жүргөн элеңдеп,
Коён байкуш кантти экен?
Уясын кар баскан чыгар,
Шору таштай каткан чыгар,
Муздап карга жаткан чыгар,
Чымчык байкуш кантти экен?
Ээси жок багарга
Элик байкуш кантти экен?
Жерге-сууга жукпай жүргөн,
Жейрен байкуш кантти экен?
Бөрү мунун душманы эле
Бөкөн байкуш кантти экен?
Кара таштан жай алган,
Таштан башка үйү жок,
Үй оокаттын бири жок,
Кийик байкуш кантти экен?
Суук түшүп, кыш болду.
Суулар тоңуп муз болду,
Каз, өрдөктөн канча өлдү экен?
Канаттарын каккылап,
Каркыра байкуш кантти экен?
Оокат кыларга эри жок,
Отун аларга эби жок,
Чапаны жыртык, жеңи жок,
Жесир байкуш кантти экен?
Алдейлерге эне жок,
Асырарга ата жок,
Жетим байкуш кантти экен?
Түн ичинде кыз издеп,
Улан байкуш кантти экен?
Айдай бети тытынып,
Жубан байкуш кантти экен?
Өйдө чыкса белим деп,
Ылдай түшсө тизем деп,
Токтото албай өз боюн
Кары байкуш кантти экен?
Жармач эле малы жок,
Жамынарга жабуу жок,
Актап ичер таруу жок,
Алкынып чыгар алы жок,
Жарды байкуш кантти экен?
Балдары үшүп бүжүрөп,
Же ичерге тамагы жок,
Жагарга отуну жок,
Бутуна киер өтүгү жок,
Заманасы куурулуп,
Тозок отун көргөн чыгар,
Толгонуп ыйлап жүргөн чыгар.


Асан Кайгы бардык жандыктарды аяп ырдаган ыры жөнүндө

Азыркы мезгилде оптимисттик реквием болуп эсептелген “Дүнүйө” деген ырын Токтогул туташ антитеза ыкмасы менен ырдаган. Ыр саптарындагы келериңде-кетериңде деген карама-каршы түшүнүктөрдүн көркөмдүк констекстинде бул гениалдуу ыр туташ антитезага айланган. Акын келгендеги дүнүйөнү ай менен күнгө, мөмөлүү шакка, аргымакка, кушка, дайрага салыштырса, кеткендеги дүнүйөнү суусуз сайга, таманы түшкөн чарыкка, кыш чилдеге салыштырат.

Токтогул Сатылганов
Токтогул Сатылганов

Дүнүйө
Бул дүнүйө бекерсиң
Бир күнү өтүп кетерсиң,
Опосу жок дүйнөнүн
Түбүне ким жетерсиң?
Келериңде дүнүйө,
Толукшуп чыккан айдайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жүрбөгөн сайдайсың.

Келериңде, дүнүйө,
Асмандагы күндөйсүң,
Кетериңде, дүнүйө,
Кайгылуу көңүл кирдейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Өзөнгө бүткөн талдайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Өлүмдөн бетер алдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Мөмөлүү дарак шактайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жетпеген кактайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Алмач өркөч лөктөйсүң,
Кетериңде, дүнүйө,
Тулпар минсең жетпейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Аргымак минип ойнойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Айланып учкан торгойсуң.
Келериңде дүнүйө,
Адырдан соккон желдейсиң,
Кетериңде, дүнүйө,
Кол жетпес аска белдейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Ай менен күндөй жарыксың,
Кетериңде, дүнүйө,
Таманы түшкөн чарыксың.
Келериңде, дүнүйө,
Кош тегирмен ноодойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Көз жетпес бийик зоодойсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Алтын жагоо куштайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Кышкы чилде, муздайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Алтын така тулпарсың,
Кетериңде дүнүйө,
Артынан кууса жеткирбес,
Айланып учкан шумкарсың.
Келериңде, дүнүйө,
Урууда күлүк дулдулсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Уясын бузган булбулсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Ташкын дайра селдейсиң.
Кетериңде, дүнүйө,
Карматпас бороон желдейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Алтын тутка түркүксүң,
Кетериңде, дүнүйө,
Туурдан учкан бүркүтсүң.
Келериңде, дүнүйө,
Кебелбес эрдин мүлкүсүң.
Кетериңде, дүнүйө,
Керүүдөн качкан түлкүсүң.
Келериңде, дүнүйө,
Байгеден чыккан аттайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Мөмөсү түшкөн шактайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Көңүлүң курсант болорсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Көк шумкар алган коёнсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Курбулуу тоодо уларсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Куйругун жанчкан жылансың.
Келериңде, дүнүйө,
Көк болот шамшар-канжарсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Көксөө болгон чалдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Жоо качырган эрдейсиң,
Кетериңде, дүнүйө,
Кейиген менен келбейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Кериде жайык конушсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Капкагы сынган комузсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Чытырман калың токойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Жыртылган тери чокойсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Ак үйгө салган айнексиң,
Кетериңде, дүнүйө,
Туткасы сынган чайнексиң.
Келериңде, дүнүйө,
Ала кар жаткан бийиксиң,
Кетериңде, дүнүйө,
Мергенден качкан кийиксиң.
Келериңде, дүнүйө,
Көкөлөп өскөн чынарсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Шамалдан качкан тумансың.
Келериңде, дүнүйө,
Толкуган көлдө шардайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Томугу түшкөн тайдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Жыйырма беш жаштайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Жыдыган кара чачтайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Караңгы тамда чыраксың,
Кетериңде, дүнүйө,
Карышкыр жеген улаксың.
Келериңде, дүнүйө,
Айчыгы алтын туудайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Соолгон кудук суудайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Булутсуз тийген күндөйсүң,
Жанаша чыгып ыргалган
Жазгы талдай бүрдөйсүң.
Кетериңде, дүнүйө,
Булут баскан түндөйсүң,
Карарып алса көңүлүң,
Кармаса, колго кирбейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Түнкүсүн жарык айдайсың,
Адамдын көөнүн сергиткен
Жашыл гүлдүү жайдайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Кайрылып карап койбогон
Кайыры жок байдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Жайкалган ыраң чөптөйсүң,
Жашылданып буруксуп,
Туш-туш жакка көктөйсүң.
Кетериңде, дүнүйө,
Эшиктен төргө өтпөйсүң,
Жардылыкка таянып,
Жакыныңды өрттөйсүң.
Келериңде, дүнүйө,
Бир туугандан ынаксың.
Караңгыда жарк эткен,
Кавхар, жакут чыраксың,
Кетериңде, дүнүйө,
Душманымдан ырааксың.
Келериңде, дүнүйө,
Жаз бүрдөгөн терексиң,
Жагалдантып көңүлдү
Жаш, карыга керексиң.
Кетериңде, дүңүйө,
Түбү түшкөн челексиң.
Келериңде, дүнүйө,
Бүр алган кырчын талдайсың,
Таттылыгың тамшантып,
Шекер менен балдайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Азыткыдай алдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Жасалгалуу үйдөйсүң.
Кетериңде, дүнүйө,
Жакыныңды сүйбөйсүң.
Келериңде, дүнүйө,
Ташып чыккан булаксың
. Кетериңде, дүнүйө,
Желсиз өчкөн чыраксың.
Келериңде, дүнүйө,
От жакпай оргуп кайнайсың,
Күн тийгендей жаркырап,
Күлө багып жайнайсың.
Дүнүйө чиркин ушундай,
Колуңдан качкан кушундай.

  • Kaarmandarsl1.JPG
  • Kaarmandarsl2.JPG
  • Kaarmandarsl3.JPG
  • Kaarmandarsl4.JPG
  • Kaarmandarsl5.JPG
  • Kaarmandarsl6.JPG
  • Kaarmandarsl7.JPG
  • Kaarmandarsl8.JPG

Азыркы мезгилдеги кыргыз адабиятындагы лирикалык ырлардын каармандарына көңүл буралы.
Кызыл өрүк – каарман катары боло алабы? Карап көргүлө. Кызыл өрүктүн көркүнө көргөндүн көөнү түшөрү анык эмеспи, анын жыпар жытын искеп, сагынышыңар да мүмкүн. Демек, эмне үчүн ушундай кызыл өрүк ырдын каарманы боло албайт дейсиңер?!

Нинакан Жүндүбаева
Нинакан Жүндүбаева

Нинакан Жүндүбаева
Жазда келгем айлыңа, кызыл өрүк,
Түштү көөнүм көркүңө сени көрүп.
Күндө отуруп түбүңдө, искеп жытың,
Карай берем кайталап, көңүл бөлүп.
Ого бетер күлүңдөп сени карап,
Болгонсуйсуң өмүргө өзүң шерик.
Күндөгүдөй күлүңдөп мени карап,
Коштошууга кол берип келдим сага.
Жыпар жытың жыттайын, аябачы,
Белек болсун өзүңдөн ошол мага...
Неге мынча бук болом камыккансып,
Ысыйт денем алоолоп күйүп-жана.
Жазда келгем айлыңа, кызыл өрүк,
Түштү көөнүм көркүңө сени көрүп.
Күндө отуруп түбүңдө, искеп жытың,
Карай берем кайталап, көңүл бөлүп.
Ого бетер күлүңдөп сени карап,
Болгонсуйсуң өмүргө өзүң шерик.



Адабий каармандардын экинчи өмүрү

  • SLLAIFHAK.JPG
  • SLLAIFHAK1.JPG
  • SLLAIFHAK2.JPG
  • SLLAIFHAK3.JPG
  • SLLAIFHAK4.JPG
  • SLLAIFHAK5.JPG
  • SLLAIFHAK6.JPG
Каармандар чыгарманын чегинде гана жашашпастан, өзүнүн экинчи өмүрүн искусствосунда башка түрлөрүндө сүрүшөт. Кинонун сыйкырдуу күчү баарыбызга белгилүү эмеспи! Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча 23 көркөм тасма, жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө ондон ашык даректүү фильм тартылган. Каалаган тасмаңды көрүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Акбара менен Ташчайнар
Акбара менен Ташчайнар

Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романындагы каармандар – Акбара менен Ташчайнар карышкырларды киного тартуу жөнүндө кызыктуу фактыларды билгиңер келеби?
Карышкырлар каарман болгон "Акбаранын көз жашы" кинотасмасы жөнүндө Дүйшөн Байдөбөтовдун айткандары
Режиссёр Д.Садырбаевдин “Акбаранын көз жашы” көркөм тасмасы
“Ак кемедеги” баланын ролун аткарган Нургазы Сыдыгалиев киного тартылгандан кийин музыкага кызыгуусу ойгонгон. Ал – музыкант. “Ак кеме” көркөм тасмасына тартылышын өз жашоосундагы эсте каларлык таасирдүү учур катары эсептейт.
Чыңгыз Айтматов – кылым адамы. Презентация



Глоссарий

Каарман (англ. character, кээде "көркөм чыгарманын каарманы" (англ. fictional character) катары кездешет) - искусствонун кайсы бир чыгармасынын (роман, пьеса, телевизиондук сериал же тасма) эң негизги ролду ойногон адам же башка бир жандык. Каармандар реалдуу же ойдон чыгарылган болот, ушундай учурларда "ойдон чыгарылган" менен "реалдуу" каармандардын айырмачылыктары мүнөздөлүп берилет. XIX кылымдан бери актёрлордун каармандын ролун ойноосу же жазуучулардын каарманды сүрөттөшү "мүнөздөмө" деп аталат.
Прототип (грек сөзүнөн – “образга негиз болгон” деген мааниде), прообраз – чыгарманын каарманынын жаралышы үчүн негиз болгон, турмушта жашаган адам.
Редиф – араб тилинен келген, сөзмө-сөз которгондо “атка учкашып алган” деген мааниде. Чыгыш поэзиясындагы ыр саптарында уйкаштыктан кийин кайталануучу сөз, сөздүн тобу редиф деп аталат.
Антитеза. Адабий каармандын мүнөзүн даана көрсөтүү максатында эстетикалык күчтүү таасирге жетишүү максатында кескин карама-каршы түшүнүктөрдү, туюнтмаларды бир сүйлөмгө, бир фразага же бир абзацка орду-орду менен жайгаштырат. Натыйжада антитеза пайда болот.

Пайдалуу шилтемелер

Токтогул Сатылганов — өмүр баяны
Токтогул Сатылганов
“Күнөстүү арал” көркөм фильми
О героях произведений Чингиза Айтматова - «Джамиля», «Первый учитель» и «Материнское поле».
Урок по повести Ч.Айтматова “Белый пароход” по теме “Главное в человеческой жизни”.
“Асан Кайгы - көчмөндөрдүн философу” Чыгарманын каарманы – дүнүйө болгонун Токтогулдун “Дүнүйө” деген ырынан окуп көрөлү.
“Кеп казына. Сөз дулдулун таптаган тоо булбулу Токтогул”
Черногория мамлекетинин канбийкесин эмне себептен атын Алтынай деп аташкан
““Гүлсарат” повестинин каармандары Танабай менен Гүлсары ”
Ч.Айтматовдун каармандары жөнүндө
Көлгө көрк берген каармандар
Ч.Айтматовдун чыгармаларынын каармандарынын эстеликтери
Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын каарманы Найман эненин айкели. (скульптор Базарбек Сыдыков)

Библиография

  • “Токтогул” чыгармаларынын эки томдук жыйнагы. 1-том. Ырлар. (Баш сөзүн жазган О.Султанов) Фрунзе, «Адабият», 1989-жыл.
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б.
  • Токтогул: чыгармаларынын эки томдук жыйнагы / түз.: Ж.Таштемиров. - Ф.: Адабият, 1989. т. 1.: ырлар. - 1989. -263 б.; т. 2: ырлар. - 1989. - 246 б.;
  • Токтогулдун замандаштарынын эскермелери / түз.: С.Тургунбаев. - ф.: адабият, 1990. - 246 б.;
  • Таштемиров Ж. Токтогулдун айтыштарынын өзгөчөлүгү. - Ф.: Адабият, 1989. - 102 б.;
  • Танабай менен Гүлсарат – Шекерге барсаң тосуп алат
  • С.К.Рысбаев., К.Миңбаева. “Кыргыз балдар акын-жазуучуларынын чыгармаларындагы педагогикалык идеялар” Бишкек, 2015-ж.


Ч.Айтматовдун каармандары маркада

Gulsarat Karanaar.jpg

Kaarmanmarka.jpg
«Гүлсарат»


Kaarmanmarka1.jpg
«Биринчи мугалим»


Kaarmanmarka2.jpg
«Делбирим»


Kaarmanmarka3.jpg
«Ак кеме»


Kaarmanmarka5.jpg
«Эрте жаздагы турналар»


Kaarmanmarka6.jpg
«Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт»


Kaarmanmarka4.jpg
«Жамиля»


Ч.Айтматовдун каармандары монеталарда

Kaarmanmoneta.jpg
«Жамиля»


Kaarmanmoneta2.jpg
Kaarmanmoneta3.jpg
«Ак кеме»


Kaarmanmoneta4.jpg
«Чыңгыз Айтматов»


Kaarmanmoneta5.jpg
«Гүлсарат»


Kaarmanmoneta1.jpg
«Биринчи мугалим»


Ч.Айтматовдун чыгармаларынын каармандарына арналган эстеликтер

Laifhakkaarman.jpg
“Гүлсарат” повестинин каармандары Танабай менен Гүлсары

Черногория мамлекетинин канбийкесин Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинин каарманынын атынан Алтынай деп аташкан.
Черногориянын мураскор канзаадасы Никола II Петрович россиялык бир гезитке берген интервьюсунда өз кызынын атын Алтынай деп койгону жөнүндө айтып берген. Ал Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повести боюнча Андрон Кончаловский тарткан фильмди көргөндөн кийин аябай таасирленип, Алтынай деген ат көңүлүндө сакталып калыптыр. Анан кыздуу болсом, кызымдын атын Алтынай коём деп кыялданыптыр. Кийин үйлөнүп, кыздуу болгон кезде кызына ошол жактырган атты койгон экен.
Улуу даражалуу падыша кызы Алтынай Петрович-Негош 1977-жылдын 27-октябрында Францияда төрөлгөн. Алтынай – Черногориянын князынын жалгыз кызы. 2009-жылы Алтынай орус скрипачы Антон Мартыновго күйөөгө чыккан. Азыр жубайлар 7 жашар уулу Николаны тарбиялашат.

  • Adabiikaarman.jpg

    Черногория канбийкеси Алтынай Петрович-Негош

  • Adabiikaarman1.jpg

    Черногория канбийкеси Алтынай үй-бүлөсү менен


Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз