БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Кыргыз адабияты: Жазуучунун өнөрканасы

Айтматов балдар менен
Айтматов балдар менен

Жазуучунун өнөрканасы. Акын, жазуучу деген ким? Көркөм чыгарма кантип жаралат? Каармандардын образын ачууда же, табиятты укмуштуудай келиштире сүрөттөөдө жазуучу сөздү кайдан табат? Кандай сөздөрдү пайдаланат? Чебер жазуучу болуу үчүн эмне зарыл? Мына ушул өңдүү табышмактуу көптөгөн суроолорго жооп табуу үчүн ушул бөлүмгө кайрылсак, балким жооп аларбыз…

Aitmatovlogo.jpg

Аталган бөлүмдө улуу жазуучу Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсү менен таанышабыз. Ч.Айтматовдун көркөм чеберчилиги, изденүүлөрү, табылгалары, кыргыз жана дүйнөлүк адабияттагы орду сыяктуу кызыктуу маселелер орун алган.

«Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу» Ч.Айтматов

Китептин аты баяндайт

"Жамийла” – Ч. Айтматовдун атын алгач алыска тааныткан повести (1958). Повесть алгач "Обон” деп аталып, кыргызча ушул ат менен жарык көргөн. Орус тилинде "Новый мир” журналына (1958, № 8) "Жамийла” деген ат менен жарык көрүп, дүйнө элдеринин тилдерине ушул ат менен белгилүү болгон.
Автордун өз чыгармасын адегенде «Обон» деп аташы бекеринен эмес, анткени обон повесттин бүткүл сюжеттик-композициялык курулушунда чоң роль ойноп, анын негизги идеялык-көркөмдүк табиятын аныктап турат.
Ошол эле учурда чыгарманы баш каармандын атынан «Жамийла» деп атоо да оңунан чыгып, чыгармага өзгөчө ажар тартуулап, өзүнө тартып турат.
Китептин аталышы анын ички мазмунун ачып берүүдө, окурмандарга жайылтууда өзгөчө мааниге ээ.

Жамийла
Жамийла

БИЛЕСИЗБИ «Жамийла”- август айынын бестселлеры.Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести Улуу Британянын эң ири WATERSTONES китеп сатуу тармагы тарабынан август айынын эң мыкты китеби катары табылды. Waterstones тармагынын салтына ылайык айдын китеби наамы жаңы жана келечекте бестселлер боло турган китептерге ыйгарылат. Француздардын улуу жазуучусу Луи Арагон “Жамийла” повестин – “дүйнө жүзү боюнча сүйүүнүн мыкты тарыхы” – деп атаган. Арагондун дал ушул сөздөрүн британдык китеп чыгаруучулар наам ыйгарууда мисалга алышкан. “Гүлдөп турган Таластын кыска бирок, улуу повести. Адамдын жүрөгүнөн түнөк тапкан, бир дагы ашык сөзү жок сүйүү тууралуу повесть”, - деп, Луи Арагон жаш Айтматовдун чыгармасын биринчи ирээт 1959-жылы жарыялаган.

Тест

Ошибка в виджете Iframe: unable to write file /var/www/html/extensions/Widgets/compiled_templates/wrt6644f938c19c08_62687045


Сюжет тандайбыз

Syujet.jpg

Чыгармага сюжет тандоо машакаттуу, чыгармачылык изденүүнү талап кылган татаал процесс. Бул бөлүмдө Ч.Айтматовдун чыгармаларынын сюжеттерине кайрылуу менен бирге көркөм чыгарма жазуу үчүн кантип сюжет тандоого болот?, - деген суроого жооп издемекчибиз.

Мар Байжиев. Чыгармалары башка элдердин сахналарында.

Төмөнкү эпизоддорго таянып кандай сюжет курууга болот?
Сенин алдыңда Ч.Айтматовдун ар кайсы чыгармаларындагы каармандардын сүрөттөрү турат. Берилген каармандардын тагдырын Ч.Айтматовдон айырмаланып, сен кандай сюжет аркылуу чагылдырат элең?


Көркөм чыгарманы кантип жазууга болот?


1) Эгерде оюңузга келечектеги чыгармаңыз үчүн кызыктуу, адаттан тышкары бир идеялар келсе дароо эле жаза баштабастан, бирок кийинкиге калтыруунун да зарылчылыгы жок. Бир нече күн сюжет, каармандардын мүнөзү, боло турган окуялардын үстүндө ойлонуп-толгонуудан кийин ишти баштаган оң.
2) Натыйжалуу башталыш - ийгиликтин ачкычы. Окуялардын түйүндөлүшү стилдик жагынан кынтыксыз, биринчи барагынан тартып эле окурманды өзүнө багындырып ала турган болсо абдан жакшы
3) Кызыктуу сюжеттин формуласы: түйүндөлүшү –> окуянын өнүгүшү –> кульминация –> чечилиши. Жазуу процессинде кыймыл-аракттин динамикасы акырындык менен өөрчүп отурушу зарыл. Текстте бериле турган сюжет, каармандардын жоруктары себептик-мезгилдик байланыштар аркылуу биригет.
4) Сюжет акырындык менен өнүгүшү зарыл: сүрөттөлө турган окуяларды ар тараптан, ар кайсы көз караштан баяндагыла. Ал үчүн бир нече каарманды колдонуш керек. Биздин баяндообузда бир эле план эмес, паралелль өнүгө турган башкалары да болушу мүмкүн.
5) Диалогдорду, окуяларды жана монологдорду ирет-ирети менен берүүнү унутпагыла.
6) Татаал баяндоолордон качыңыз. Динамика көбүрөөк болсун!
7) Баяндоого турмуш-тиричиликти кошуңуз, өзүңүздүн кичинекей көркөм дүйнөңүздү деталдар менен толуктаңыз.
8) Чыгармаңызга окурман баш катыра турган табышмактуу ойлорду кошуңуз. Кээде, астыртан ишаара кылыңыз, бирок баарын толук ачпаңыз. Окурман өзү тапсын.
9) Чыгармаңыз окурманды өзүнө тартып ала тургандай болсун: идея, кубулуш, юмор, каармандардын ички дүйнөсү.
10) Курчап турган дүйнөнү боёктор менен тарткыла. Эң жакшысы – башкы каармандын көз карашы менен тартуу оң.
11) Чыгарманын идеясын дароо эле ачыкка чыгарбагыла. Окурмандын өзү издей тургандай кыймыл-аракеттер же диалогдо ишаара кылсаңыз болот.

Мар Байжиев. Чыгармачылык тууралуу.

Тест

Ошибка в виджете Iframe: unable to write file /var/www/html/extensions/Widgets/compiled_templates/wrt6644f938cc63e1_91064401


Көркөм сөз жаратабыз

Korkomsoz.jpg

Көркөм чыгарма талыкпаган изденүүдөн, чаалыкпаган эмгектен улам жаралат. Ч.Айтматов дүйнөгө чебер, талантуу жазуучу катары таанылганга чейин чыгармачылыктын көптөгөн түйшүгүн башынан кечирген. Жазуучу жараткан көркөм дүйнө кыргыз элинин руханий байлыгы болуп саналат.

Воланд: "Кагазга түшкөн нерсени өрттөп да жок кыла албайсың"
М. Булгаков "Мастер жана Маргарита.


Каармандын сырткы кейпин чагылдыруу
Сырткы кейпи. Көзүнүн, чачынын, терисинин түсү, салмагы-бою, дене түзүлүшү, бет түзүлүшү, баскан-турганы – бүкүрөйүп, какайып басканы. Кошумча элементтер-кулагынын же оозунун өзгөчөлөнгөн формасы, чач жасалгасы, көз айнеги, калы, сакал- муруту, сепкилдери ж.б.
Сырткы кейпи – бул белги. Ал эми биздин аң сезимибиз белгилерге гана көңүл бура турган стереотиптерге толтура. Мисалы, «алма» деген сөздү укканда жемиштин образы элестеп, даамы эске түшөт. Каармандын тышкы кейпин сүрөттөөдө анын мүнөзүнүн негизги белгилери менен байланыштырабыз.
Маселен, бою кыска, толук адам - кең пейил, бир аз сылтып баскан, бетинде тырыгы бар адам – каракчы же кылмышкер. Биз каармандын көзүнүн, чачынын түсүн тандап атып, өзүбүздүн оюбуздагы идеалды чагылдырбастан, бейаңсезимибизде анын мүнөзүнүн белгилерин да камтыйбыз. Ошол эле учурда, бетинде тырыгы бар, көз карашы сестенте тургандай каарманга ак пейил мүнөз берип окурманды ойго салса да болот.
Тышкы кийимдери
Адатта, адам мүнөзүнө жараша кийим (күнүмдүк кийиле турган), шартка карап (сезон же жумушка байланыштуу), мода, улуттук өзгөчөлүктөргө карап тандайт. Каармандарды да ушул принциптер аркылуу кийинтебиз. Адамдын кийими жана анын түсү мүнөзү, ички сезимдери тууралуу астыртан айтып турат.
Ар бир адам – тышкы кейпин ички дүйнөсүнө айкалыштырып сүрөттөй турган чыгарманын даяр каарманы.

Тест

Адабиятты канчалык сүйө турганыңызды байкап көрүңүз

Ошибка в виджете Iframe: unable to write file /var/www/html/extensions/Widgets/compiled_templates/wrt6644f938d179d2_83569627




Глоссарий

Кассандра – грек мифологиясында Троянын падышасы Приамдын жана анын жубайы Гекубанын кызы.
Луи Арагон - белгилүү француз жазуучусу, акыны жана сынчысы
Раухвергер М. – композитор, 1961-жылы Ч.Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Жамийла" аттуу лирикалык опера жазган.
Сюжет – (фр. предмет, мазмун) көркөм чыгарманын мазмунун түзө турган окуялардын тутуму
Сюжеттин элементтери – экспозиция, түйүндөлүү, өнүгүү, кульминация, чечилүү
Конфликт - (лат «кагылыш», «күрөш») көркөм чыгарманын сюжетинин өнүгүшүнө негиз болуп кызмат кылган кагылыш, күрөш.
Роман – Роман (француз, итальян, португал ж. б. роман тилдеринде жазылган чыгармалар) – эпикалык түргө кирүүчү, турмушту ар тараптан кеңири жана жай баракат сүрөттөөгө алган, каармандары көп жана алардын негизгилеринин образдарын ачуу үчүн бир канча эпизоддор киргизилген, композициялык түзүлүшү жана сюжети көп пландуу чыгарма.
Кульминация (лат. culmen – чоку, бийиктик) – көркөм чыгармадагы окуянын өсүп, өнүгүп жеткен жогорку чекити.

Адабияттар

Ч.Айтматовдун өмүр баяны.
Ч.Айтматов тууралуу портал.
Кыргыз совет адабиятынын тарыхы – Ф., 1987, 1-том
Артыкбаев К. Кыргыз совет адабиятынын тарыхы – Ф., 1982
Асаналиев К. Тандалмалар – Ф.: Кыргызстан, 1983
Айтматов Ч. Чыг. 5 томдугу, 1-т., – 1999
Асаналиев К. Шекер айлы жана Аалам.:К-те. Тандалмалар – Ф.,1983
Гачев Г. Чингиз Айтматов (в свете мировой культуры) – Ф., 1989
Борбугулов М. Адабият теориясы – Б.,1996
Асаналиев К. Тандалмалар – Ф., 1983
Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы – Б.,2004
Шериев Ж., Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. – Б, 1994
http://students.com.kg/archives/342

Пайдалуу шилтемелер

Айматовдун Шекер айылы
Ч. Айтматов менен интервью. 2008, март.
Ч.Айтматовдун 85 жылы
Кинобаян: «Жамийла».
Кинофильм И.Поплавская Жамийла.
Замандаштары Ч.Айтматов тууралуу.
«Кылым карытар бир күн романы» боюнча сабактын презентациясы.
Кинобаян: «Бетме-бет»
Кинобаян: «Ак кеме»
Кинобаян «Биринчи мугалим»
Кинофильм Б.Шамшиев «Ак кеме»
Кинофильм Т.Океев «Кызыл алма»
Кинофильм Д.Садырбаев «Ак баранын көз жашы»
Кинофильм Д.Садырбаев «Махабат дастаны»
Геннадий Базаров. "Саманчынын жолу" ("Материнское поле")
Кинофильм А.Сахаров Перевал («Кызыл жоолук жалжалым» повестинин негизинде
Кинофильм. А.Йылмаз Кызыл жоолук жалжалым
Кинофильм А.Кончаловский «Биринчи мугалим
Пишем книгу: как “оживить” персонажа.
Пишем книгу: ошибки первых глав
Пишем книгу: о персонажах, образах и героях
Пишем книгу: как создать героя или элементы образа
Ч.Айтматовдун 85 жылы
Ностальгия. СССРде төрөлгөндөр. Ч.Айтматов (интервью)
Ч. Айтматов – Манас биздин руханий байлыгыбыз
Айтматов менен коштошуу
Ч.Айтматовдун үй музейи
«Ата-бейиттеги» Ч.Айтматовдун комплекси
Айтматов күнү
Ч.Айтматов – кыргыз элинин феномени
Ч.Айтматов кыргыз элинин улуу руху
Ч.Айтматовдон кийин
Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун философиясы
Айматовдун Шекер айылы



Китептин жаралуу тарыхынан

start=2



start=2


start=2

Ч Айтматовдун жарык көрө элек романы табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучунун кызы Ширин Айтматова билдирди. “Жер жана флейта” романынын кол жазмасын Айтматовдун үй-бүлөсү жазуучунун иш бөлмөсүндөгү кагаздарды иреттеп жаткан учурда табышкан.



Ч.Айтматовдун романдары

start=2

"Кылым карытар бир күн" романынын негизинде тартылган "Махабат дастаны"(режиссер Д.Садырбаев) тасмасынан үзүндү



start=2
"Ак баранын көз жашы"


start=2
"Тавро Кассандра"


start=2
"Тоолор кулаганда"

Ч.Айтматовдун
атактуу «4 баласы»
Nurgazy.jpg
Бала-Нургазы

«Жаңы башталган өмүрүндө али дагы канча окуяны башынан кечирерин, жакын жерде алын сураар жан болбой, бул ээн дүйнөдө китеп кабы экөө гана калар күн да башына түшөрүн бала али билбейт. Андай каранкүндун болмогу да Мүйүздүү Бугу-эне туурасында өзү жакшы көргөн жомоктун айынан...
Бүгүн кечте да ошол жомокту аябай уккусу келди. Момун чал да өзү кошо жүргөнсуп, өз көзү менен көргөнсүп, ар качан айтканда бир үшкүрүп, бир ыйлап, кээде бир топко ойлонуп и отуруп калып айтып берчү эле…» «Ак кеме»


Seiit.jpg
Сейит

«- Жамийла, Жамийла! - деп, жаш балача шолоктоп, мен өзүмдүн эң жакын көргөн кымбаттуу кишилерим менен коштошуп жаттым. Мына ушунда гана, жерде ыйлап жаткан учурумда, мен өзүм дагы Жамийланы сүйгөнүмдү түшүндүм. Ооба, балким бул балалык кездеги менин эң таза, наристе сүйүүм болгон чыгар! Бетимди көз жашыма сууланган жеңиме катып, дагы көпкө чейин ыйладым. Көрсө, мен ушул учурда, жеке эле Жамийлалар менен коштошпой, өзүмдүн балалык чагым менен дагы коштошуп жаткан экем…». «Жамийла»


Sultanmurat.jpg
Султанмурат

«Ууурулардын алыс кеткен дүбүртү акырындап өчүп баратканын солуктаган Султанмурат жерге кулагын төшөп угуп жатты. Дүбүрт уламдан улам жердин туюк тереңинен араң угулуп, анан биротоло өчтү да, кара жер тынчып жатып калды.
Мына ошондо Султанмурат кыңкыстап ордунан турду, үн сала муңкана ыйлап, кайра артына темселей басты. Сооронор алы да, айласы да жок, же бул каран түн түшкөн Аксайда аны сооротор жан жок…» «Эрте келген турналар»


Kirisk.jpg
Кириск

«Баланын кубанар жөнү бар эле. Бу жолку ууга чыгыш да аны аңчылыкка оозандырышка болгон атайы тушоо кести сапар. Ошол үчүн Кириск чулдуктун балапанынан бетер эки жагын эелеңдей карап, көргөнүнө көзү тойбой, кызыгы артып, чыдамы чыйпылыктап келатат…Аны ойлоп Кириск ич толкунун билдирбеске тырышып келатат. Ага болбой кара тору өңү албырып, ич толкуну билинип калып жатты. Баарынан да көзү жайнайт… Алдыда чоң деңиз, алдыда чоң уу жатканына кантип толкундабасын!» «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт»


Ч. Айтматовдун чыгармаларынан улам атактуу болгон жаныбарлар
Gulsary.jpg
Гүлсары

«Гүлсарат аягы адеп шилтенгенден жорго чыгып, баралы келгенде даңкы дабан жарып, өмүрүндө жакшылыкты да, жамандыкты да көп көрдү. Гүлсары, улсары болуп турган тушунда арабага чегиш үч уктаса түшкө кирбес эле… мына бүгүн акыркы жолунда баратканда көктөгү күн козголуп, бут астында жер чайпалып, көзү тумандап, дүйнө чаар-ала тартканда илгерки өткөн ошол жай закым болуп көз алдына тартылды… «Гүлсарат»


Karanary.jpg
Каранар

“- Эй, эй, Каранар! Жиндебегин, каранар! Жиндебе дейм! Бу мен! Сен эмне, кашайып калгансыңбы? Менмин деймин! Каранар ээсинин кыйкырыгынан сестенип коёр кейпи жок. Кош өркөчү селкилдеп, далдайган чоң кара айбан канталаган көзүн акшыйтып, жапырып кирип келгенде Эдигейдин эси чыга жаздады. Малакайын баса кийди да, шапалагын тарсылдата шилтеди”. «Кылым карытар бир күн»


Akbara.jpg
Акбара менен Ташчайнар

«Бул малда бөрүлөр –Акбара менен Ташчайнар - Башат капчыгайын беттеп, тоону карай кетип баратышкан болчу. Алардын кош карааны бирде кырдан көрүнө калып, бирде караңгылыкка сөңүп жок болуп жатты. Бөрүлөр кыйналган, жүдөгөн, баштарын ылдый салып желип баратышат – балдардан айрылып, түнү бою теңирге үндөрү жетип улуп отуруш буларга оңойго турбады» «Кыямат»


Айымдардын образы дүйнөлүк адабиятта

Белгилүү каармандарга дүйнөлүк исскуствонун ар кайсы жанрларынан окшоштуктарды издөө кызыктуу ойлорду жаратып, каармандын образын терең ачууга көмөктөшөт. Ал эми Ч.Айтматовдун Жамийласын кимдер менен салыштырышат? Жамийланы атактуу Мона Лиза, Беатричелер менен салыштыруу анын образынын көркөм-эстетикалык бийиктигин далилдеп турат эмеспи

start=2
Мона Лиза

Кайра жаралуу доорунун улуу өкүлү, италиялык сүрөтчү, скульптор, теңдеши жок талант Леонардо да Винчинин «Мона Лизасына», (же «Джокондасы») окшоштурушат. Мона Лизанын турмуштагы жана искусстводогу жашоосу да Жамийланын тагдырына окшош


start=2
Беатриче

Атактуу «Кудайлар комедиясынын» автору Италия акыны Данте Альигеринин музасы Беатриче сулууга Жамийланын көркөм чыгармадагы жаркын образын да, турмуштагы прототибин да салыштырууга болот.


Korkomsoz laifhak.jpg
Мырзагүл

Жазуучунун түмөн түйшүгүн өз жан-терибиз менен сезип көрөлү. А балким жан дүйнөбүздүн түпкүрүндө ойгоно элек жаткан талантты ойготуп, таланттын үрөнүн өстүрүүгө шарт түзөрбүз…
Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз