БИЛИМ БУЛАГЫ

KR

Кыргыз адабияты: Адабият галереясына саякат

Туулган жердин топурагы – алтын. Кыргыз акын-жазуучулары кайсы жердин кулуну болду экен? Картадан карап көрөлү. Андагы белгиленген чекиттен кимдин кайсы жерде төрөлгөнүн билип алса болот.

AJakypbekov.png

Ашым Джакыпбеков

Жазуучу, котормочу Ашым Джакыпбеков Талас облусунун азыркы Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1935-жылдын 12-августунда колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. «Жаралуу көгүчкөн» аңгемелер жыйнагы 1961-жылы басмадан чыккан.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Murza Gaparov.jpg

Мурза Гапаров

Жазуучу, драматург, кинодраматург Мурза Гапаров (1936 – 2002) Ош облусундагы Ноокат районунда Нойгут айылында 1936-жылы 22-мартта колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1950-жылдары чыгармачылык менен алек болуп баштаган. Алгач 1963-жылы «Мейман” деген повести өзүнчө басылып чыккан. Ал – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, көркөм сөз зергери, кыргыз адабиятында бараандуу орду бар жазуучу.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Kubatbek Jusubaliev.jpg

Кубатбек Джусубалиев

Жазуучу Кубатбек Джусубалиев Ош облусунун Алай районундагы Кердегей айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө 1941-жылдын 30-октябрында туулган. «Күн автопортретин бүтө элек» аңгмеелер жыйнагы 1967-жылы жарык көргөн. «Толубай сынчы» китеби жазуучунун чыгармачылыгында көрүнүктүү орун ээлейт. Бир катар көркөм жана даректүү фильмдердин сценарийин жазган.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)]

Sooronbai Jusuev.jpg

Сооронбай Жусуев

Акын Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Совет районунун Кызыл-Жар кыштагында туулган. Ал – Кыргыз Республикасынын Баатыры (2007), Кыргыз эл акыны (1981), Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси (1998). 2016-жылы 4-февралда Бишкекте каза болгон.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Jolon Mamytov.gif

Жолон Мамытов

1940-жылдын 1-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында туулган. Ал – кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири, сүйүү акыны. Анын “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буруул таңдын жомогу”, “Суунун өмүрү”, “Жарышкан суулар”, “Атка токум салгыла”, “Жүз жашка тол кылым”, “Башат жана Мухит” аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыккан. Акын 1988-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында каза болгон.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Mendi Mamaz.jpg

Менди Мамазаирова

Акын, публицист Меңди Мамазаирова Ош облусунун Кара-Суу районунун Коңур-Жаз айылында 1943-жылы 1-майда туулган. «Нөшөр» деп аталган алгачкы аңгемелер жыйнагы 1975-жылы жарык көргөн.1993-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наамга татыктуу болгон. 2007-жылы мамлекеттик «Даңк» медалы ыйгарылган.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Toktogul.jpg

Токтогул Сатылганов

Улуу акын, комузчу жана ойчул Т.Сатылганов 1864-жылы Кетмен-Төбөдөгү Саз-Жийде (азыркы Токтогул району) деген жерде төрөлгөн. Токтогул “Манас”, “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, “Шырдакбек”, “Кедейкан”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Саринжи Бөкөй” деген элдик дастандарды аткарган. Токтогул “Жаш кыял”, “Эмне кызык”, “Гүлдөп ал”, “Насылкан”, “Күлүйпа” деген обондорду, “Токтогулдун тогуз кайрык”, “Токтогулдун кербези”, “Чоң кербез”, “Арман кербез”, “Токтогулдун ботою” ж. б. күүлөрдү жараткан.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Joomart Bokonbaev.jpg

Жоомарт Бөкөнбаев

Жоомарт Бөкөнбаев (1910-1944) Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Мазар-Сай айылында туулган. 1927-жылы “Жер алган кедейлерге” аттуу туңгуч ыры жарыяланган. 1939-ж. “Токтогул” пъесаларын, ошондой эле Жусуп Турусбеков, Кубанычбек Маликов м-н бирге “Айчүрөк” операсынын либреттосун (1937-жыл) жазган. “Алтын кыз” (1935), “Добулбас” (1935), “Жоомарттын ырлары” (1936), “Комуз” (1938), “Өчпөс өмүр” (1939), “Өмүр” (1940) ж. б. ырлар жыйнактары чыккан.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Barpy.jpg

Барпы Алыкулов

Барпы Алыкулов (1884-1949) Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ачы кыштагында туулган. Барпы – кыргыз эл акындарынын эң мыктыларынын бири,чыгыш философиясын өз боюнча сиңирген даанышман-ойчул.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Jenijok.jpg

Женижок

Женижок (Өтө) Көкө уулу (1860 – 1918) Талас өрөөнүндөгү азыркы Манас районуна караштуу Покровка кыштагында туулган жана 1918-жылы Аксыдагы Кара-Суу деген жерде каза тапкан.Төкмө акын Жеңижок деген лакап аты менен кыргыз элине кеңири белгилүү болгон.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Kasymbekov Tologon.jpg

Төлөгөн Касымбеков

Кыргыз эл жазуучусу, тарыхый романистика чебери, коомдук ишмер Төлөгөн Касымбеков 1931-жылдын 15-январында азыркы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. 2011-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында каза болгон.1980-жылдары айрым чыгармалары үчүн Кыргызстан Компартиясынын идеологдору тарабынан жазыксыз кодуланган.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Temirkul Umotaliev.jpg

Темиркул Үмөталиев

Акын Темиркул Үмөталиев (1908 – 1991) азыркы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Тоо-Жар айылында кедейдин үй-бүлөсүндө 1908-жылы туулган. Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина фронтторунда болгон, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрияны фашизмден бошотууга катышкан.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Mar Baijiev.jpg

Мар Байжиев

Жазуучу, драматург Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында туулган. Ал – Кыргыз Эл жазуучусу. Кыргыз кино академиясынын академиги. Искусство институтунун профессору. КСРБ кинематографиясынын отличниги. «Манас» орденинин ээси.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Казыбек

Кыргыздын чыгаан акыны Казыбек Мамбетимин уулу (1901-1936) азыркы Нарын облусундагы Ат-Башы районунда Келтебек (азыркы Казыбек айылына жакын) деген бөксө жайлоодо жарык дүйнөгө келген.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Boogachy.jpg

Боогачы Жакыпбек уулу

Боогачы Жакыпбек уулу (1866-1936) - кыргыздын даңазалуу акыны жана обончусу. Кыргызстандын Нарын аймагындагы Ат-Башы жергесиндеги АК-Муз айылында туулган. Ак таңдай акын катары таанылган.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Duisheev.jpg

Шайлообек Дүйшеев

Акын Шайлообек Дуйшеев Нарын облусунда Ат-Башы районундагы Ат-Башы кыштагында 1950-жылы 23-февралда туулган. Анын чыгармалары 1968-жылдан бери жарыяланып келе жатат. 1985-жылы «Аптап» аттуу биринчи поэзиялык жыйнагы чыккан. Ал – Кыргыз Эл акыны. 2010-жылы декабрда III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. Байдылда Сарногоев атындагы Эларалык сыйлыктын ээси. 2012-жылы "Эки дөөнүн күрөшү" чыгармасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)]

Kalykakiev.jpg

Калык Акиев

Калык Акиев (1883-1953-жылдын 3-ноябры) - кыргыздын атактуу акыны. Жумгалдын Кара-Ой деген жеринде кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Биринчи ырлар жыйнагы «Калыктын ырлары» 1936-жылы чыккан. Анын айтуусу боюнча «Жаныш-Байыш», «Курманбек» өңдүү элдик дастандар 1938-жылы жарыяланган. Өмүр жолун баяндаган «Баскан жол» деген көлөмдүү китепти эскерме катары жазып калтырган. Ал –Кыргыз ССРинин эл артисти.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Midin.jpg

Мидин Алыбаев

Мидин Алыбаев (1917–1959) - акын-сатирачы, драматург. Нарын облусунун Жумгал районунда Чаек айылында 1917-жылы туулган. 1937-жылы М.Алыбаевдин «Бактылуу жаштык» деген биринчи ырлар жыйнагы чыгат. «Акчүч» аттуу сатиралык жыйнагы жарык көргөн. «Курорттогу окуя» аттуу комедиясы Кыргыз Мамлекеттик драма театрында коюлган. Акын А.С.Пушкиндин, М.Ю.Лермонтовдун, Г.Гулямдын, В.Саяновдун, В.Маяковскийдин бир катар чыгармаларын которгон.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Shatman.jpg

Шатман Садыбакасов

Акын, жазуучу Шатман Садыбакасов Нарын облусунун Жумгал районундагы Дыйкан айылында 1932-жылдын 25-майында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. «Ала-Тоо» журналынын редактору болуп иштеген. «Пейил» аңгемелер жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Жазуучунун чыгармачылыгында «Күндөр» романы көрүнүктүү орун ээлейт.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Молдо Кылыч

Молдо Кылыч Шамыркан уулу (1866-1917)-жазгыч акын. Азыркы Нарын облусунун Кочкор өрөөнүнүн Бугучу деген жеринде төрөлгөн. Кылычтын өз атасы Шамыркан – атактуу баатыр Төрөкелдинин тун уулу. Чыгармалары: “Чүй баяны”, “Керме тоо”, “Канаттуу”, “Кол казал”, “Кара Кочкор”, “Кыз-жигит”, “Мал казал”, “Жатакчылар”, “Чүй канаттуулары”.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Ninakan.jpg

Нинакан Жүндүбаева

Акын Нинакан Жүндүбаева 1917-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Үкөк айылында туулган. Чыгармачылык ишмердиги 1957-жылы башталып, ырлар жыйнактары китеп болуп жарыкка чыгып, пьесаларынын көпчүлүгү театрларда коюлган. 60тан ашуун ырларына обон жазылып, музыканын алтын фондусуна алынган. Ал – Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Togolok moldo.jpg

Тоголок Молдо

Кыргыздын алгачкы жазма акындарынын бири, манасчы Байымбет Абдракман уулу / Абдыракманов (Тоголок Молдо) 1860-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районун Куртка айылында туулган. Өз дооруунда сейрек кездешкен сабаттуу адамдардын бири, балдар адабияты үчүн кайталангыс чыгармаларды калтырган жазгыч акын, ошону менен эле бирге төкмө, манасчы Тоголок Молдо 1942-жылы өзү туулган Куртка айылында каза болгон.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Shukurbek.jpg

Шүкүрбек Бейшеналиев

Жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев 1928-жылы 25-октябрда азыркы Ак-Талаа районундагы Куртка айылында туулган. Ал – Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Кыргыз Республикасынын адабият жана искусствосуна эмгек сиңирген ишмер.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Esengul.jpg

Эсенгул Ибраев

Акын Эсенгул Ибраев Нарын облусунун Тянь-Шань районунда Чет-Нура кыштагында 1933-жылы 16-мартта туулган. Биринчи ырлар жыйнагы 1954-жылы “Бөбөгүм” деген ат менен чыккан. Ал – Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери. «Таң шоокуму» (1968), «Закымдар» (1979), «Эңсөө» (1981), «Белес» (1984), «Мөмөлүү дарак» (1985), «Дабан» (1994) ж. б. ыр китептери чыккан. Ибраев Эсенгул кыргыз окурмандарына мыкты сатирик катары таанымал. Акындын «Таң шоокуму” жыйнагында «Качып кетиптир”, «Балпык”, «Эчак толтурмак экен”, «Иттигим бар”, «Антерин го антемин”, «Чала ошого чала”, «Профессор болмок” ж. б. сатиралык ырлары бар.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Kenesh.jpg

Кеңеш Жусупов

Жазуучу, публицист Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Нарын облусундагы Нарын районундагы (мурдагы Тянь-Шань району) Он-Арча айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылында туулган. Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер. Экинчи даражадагы "Манас" орденинин ээси (2016).

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Eraliev.jpg

Сүйүнбай Эралиев

Акын жана котормочу, Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев 1921-жылы 15-октябрда Талас облусунун азыркы Талас районунда Үч-Эмчек айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1942 – 1944-жылдары Улуу Ата-Мекендик согушта согушкан, эки жолу оор жарадар болгон. «Биринчи жаңырык» ырлар жыйнагы 1949-жылы чыккан. 2016-жылы 16-июлда Бишкекте каза болгон.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Baidylda.jpg

Байдылда Сарногоев

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Байдылда Сарногоев (1932–2004) Талас облусунун Талас районуна караштуу Буденовка айылында 1932-жылы туулган. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгынын, Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпир» («Золотой мост») сыйлыгынын, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)]

Ch.aitmatov.jpg

Чыңгыз Айтматов

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) – Талас облусунун азыркы Кара-Буура районунда Шекер айылында туулган. Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Karagulova.jpg

Роза Карагулова

Акын Роза Карагулова Талас шаарында 1946-жылы 30-июлда туулган. Р.Карагулова 1982-жылдан бери китепканачылык кесипти аркалап келет. Анын «Кыз дүйнөсү», деп аталган алгачкы китеби 1975-жылы жарык көргөн. Айрым ырларына обон жазылган.Р.Карагулова Р.Тагордун прозадагы ырларын которуунун үстүндө да алектенген.“Кыз дүйнөсү”, “Көл тынышы”, “Жолдо”, “Тынчы жок талаа” ырлар жыйнактары жана “Капчыгай” поэмасы жарык көргөн.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Momunova.jpg

Гүлсайра Момунова

Акын Гулсайра Момунова Талас облусунун азыркы Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында 1937-жылы 30-декабрда туулган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык кыргыз тилиндеги жыйнактардын, эки орус тилине которулган жыйнактардын автору, бир топ жамааттык котормолордун авторлошу. Ал Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Shukurbekov.jpg

Райкан Шүкүрбеков

Акын, драматург Райкан Шүкүрбеков 1913-жылдын 23-майында Талас облусунун Кара-Буура районунда Ак-Чий айылында туулган. Кыргыз драма театрында артист, филармонияда адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Көптөгөн көркөм китептердин автору. Сатиралык, лирикалык жана башка чыгармалары кеңири белгилүү. 1962-жылы дүйнөдөн кайткан.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Kazat Akmatov.jpg

Казат Акматов

Казат Акматов (1941 – 2015) — Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук ишмери, жазуучу, драматург, публицист. 1941-жылдын 23-декабрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна Бостери айылында туулган. Ал – Кыргыз эл жазуучусу. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

K.tynystanov.jpg

Касым Тыныстанов

Касым Тыныстанов (1901–1938) – кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору. Ысык-Көл облусундагы азыркы Ысык-Көл районундагы Чырпыкты кыштагында туулган. Ата-энеси жөнүндө маалымат жок.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Bayalinov.jpg

Касымалы Баялинов

Жазуучу Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл облусунун ысык-Көл районунда Көк-Мойнок айылында туулган. К.Баялиновдун чыгармачылыгы 1922-жылдан башталат. Анын биринчи ырлары казак, татар тилдеринде басылып чыккан. «Ажар» повести 1926-жылы жарык көргөн.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

J.turusbekov.jpg

Жусуп Турусбеков

Акын жана драматург Жусуп Турусбеков Ысык-Көл облусунда Тоң районуна караштуу Күн-Батыш айылында 1910-жылы туулган. 1932-жылы «Жусуптун ырлары» деген биринчи ырлар жыйнагы басылып чыккан. «Ажал ордуна» драмасы, «Айчүрөк» операсынын либреттолору 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасында көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татый алган. Улуу Ата Мекендик согушта 1943-жылы Калинин облусундагы фронтто курман болгон.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

M.elebaev.jpg

Мукай Элебаев

Акын, жазуучу Мукай Элебаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Чоң-Таш айылында 1906-жылы 15-январда кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. 1924-жылы «Зарыгам» аттуу ыры «Эркин Too» гезитине басылып чыккан. 1931-жылы биринчи ырлар жыйнагы, 1936-жылы «Узак жол» автобиографиялык романы жарык көргөн. Улуу Ата Мекендик согушта согушуп жатып 1944-жылдын 15-майында Псков облусунда курман болгон.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

B.jakiev.jpg

Бексултан Жакиев

Драматург, кинодраматург, жазуучу Бексултан Жакиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Бөкөнбаев айылында 1936-жылы 16-январда туулган. Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974), Кыргыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1989), Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы эл аралык сыйлыгынын (1994), Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыгынын (1996) лауреаты.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Tenti.jpg

Адышева Тенти

Адышева Тенти 1920-жылы Ысык-Кол облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айлында дыйкандын бүлөсүндө туулган. 1984-жылы Бишкек шаарында көз жумган. Чыгармаларында Ата мекен, тууган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылган. Эски жана жаңы заманды, элдин турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көбүнесе кыз-келиндердин тагдырлары аркылуу чагылдырган.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

O.sagymbai.jpg

Сагымбай Орозбак уулу

Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930) - улуу манасчы. Ысык-Көлдүн азыркы Сары-Ой айылында туулган. Сагымбай Орозбак уулунун айткан "Манастын" эң негизги артыкчылыгы - анын бийик көркөмдүгү - эч бир талашсыз аксиома.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

S.karalaev.jpg

Саякбай Каралаев

Саякбай Каралаев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын 7-сентябрында туулган. 1939-жылдан Кыргыз ССРинин Эл артисти. С.Каралаев «Манас» эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

T.sydykbekov.jpg

Түгөлбай Сыдыкбеков

Түгөлбай Сыдыкбеков (1912 –1997) – кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери, Кыргыз Эл баатыры. Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылдын 14-майында азыркы Ысык-Көл облусунун Түп районунда Кең-Суу айылында туулган.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Saspaev.jpg

Аман Саспаев

Жазуучу Аман Саспаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында 1929-жылы 15-октябрда туулган. Аман Саспаевдин чыгармачылык ишмердиги 1947-жылдары башталып, казак тилинде ырлар, уйгур тилинде прозалык чыгармаларын жазып, мезгилдүү басылмаларда жарыялап турган. 1966-жылы туңгуч аңгемелер жыйнагы «Гүлкайыр» деген ат менен «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн. Ал – Караколдогу К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун профессору. 2015-жылдын 15-июнунда каза болгон.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Jantoshev.jpg

Касымалы Жантөшев

Жазуучу, драматург Касымалы Жантөшев 1904-жылы Ысык-Көл облусунун азыркы Түп районундагы Тепке айылында туулган. 1938-жылы «Эки жаш» биринчи повести басмадан чыккан. «Каныбек» романы, «Курманбек» баатырдык драмасы, «Өч» драмасы, «Элдик ырчы» пьесасы бар.«Каныбек» романы жана «Курманбек» драмасы кыргыз улуттук маданиятынын алтын фондусуна кирген.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Sooronbaeva.jpg

Зуура Сооронбаева

Жазуучу, акын, драматург Зуура Сооронбаева 1924-жылдын 15-августунда Ысык-Көл облусундагы Түп районунда Жолколот айылында туулган. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, КРнын Эл жазуучусу. "Чоочун киши", "Астра гүлү" аттуу чыгармалары эл арасына кенири жайылган.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Молдо Нияз Эрназар уулу

Кадамжай району – Молдо Нияз Эрназар уулу – кыргыздын чыгаан жазмачы акыны, ойчулу, философу. 1823-жылы азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Булак кыштагында туулуп, 1896-жылы дүйнөдөн кайткан. Молдо Нияз өз доорунун билимдүү жана араб, фарси жана эски түрк тилдеринде сүйлөй да, окуй да билген адамдарынан болгон.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Ermatov.jpg

Эгемберди Эрматов

Акын, драматург, котормочу Эгемберди Эрматов (Жетимиш Алиев) азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Пум айылында 1951-жылы 10-июлда колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. «Ак дил» ырлар жыйнагы 1979-жылы басмадан чыккан.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

K.sabyrov.jpg

Курбаналы Сабыров

Курбаналы Сабыров 1942-жылдын 17-апрелинде азыркы Баткен облусунун Лейлек районундагы Гордой айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. «Кыргызстан» басмаканасынын редактору болуп иштеген. «Козу Баглан» ырлар жыйнагы 1974-жылы жарык көргөн. Орус тилинен И.Токмакованын ырларын, вьетнам жазуучулары Буй Дык Ай жана Нгуен Туандын роман жана повесттерин, И. Гетенин, Д. Кугультиновдун чыгармаларын которгон.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

A.osmonov.jpg

Алыкул Осмонов

Алыкул Осмонов (1915 – 1950) – кыргыз адабиятынын классик акыны. Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

A.Tokombaev.jpg

Аалы Токомбаев

Акын, жазуучу, драматург, котормочу, публицист, журналист, академик Аалы Токомбаев (Балка) – Кыргыз эл акыны, Социалисттик эмгектин баатыры. 1904-жылы 7-ноябрда азыркы Чүй облусунун Кемин районундагы Кайынды айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

S.akmatbekova.jpg

Сагын Акматбекова

Акын Сагын Акматбекова Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Арык айылында 1949-жылы 16-февралда туулган. Анын алгачкы ырлары 1968-жылы жарык көргөн. Биринчи ырлар жыйнагы 1970-жылы «Жамгыр» деген ат менен чыккан. Ырлары орус, украин, латыш, түркмөн, түрк, немис ж.б. тилдерге которулган.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Toktomushev.jpg

Абдырасул Токтомушев

Акын Абдырасул Токтомушев (1912–1995) Чүй облусунун Кемин районунда Төрт-Күл айылында туулган. Акындын балдарга арналган «Хан жана Жуматай», «Тынчтык үнү», «Достук» ж.б. чыгармалары бар.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

M.abylkasymova.jpg

Майрамкан Абылкасымова

Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. Ал – Кыргыз эл акыны (1980), Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы (1970) жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1984) лауреаты.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Malikov.jpg

Кубанычбек Маликов

Акын, драматург Кубанычбек Маликов (1911 - 1979) Кант районуна караштуу Үч-Эмчек айлында кедейдин үй-бүлөсүндө 1911-жылы туулган. 1928-жылы анын "Жазгы талаа" деген ыры "Эркин Тоо" газетасына басылат. Буга удаа эле "Курбулардын арманы", "Күзгү талаа" аттуу ырлары жарык көрдү. Анын биринчи жыйнагы "Кубанычбектин ырлары" деген ат менен 1933-жылы жарык көргөн. Сандаган очерктер, макалалар жазган. Пушкин, Толстой, Шевченко, Стальский, Горький, Маршактын ж.б. чыгармаларын которгон.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Turar.jpg

Турар Кожомбердиев

Акын Турар Кожомбердиев (1941 – 1989) Чүй облусунун азыркы Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1961-жылы “Көлчүктөгү ай” деген ат менен акындын тунгуч ырлар жыйнагы басмадан чыккан. “Биз турган жер бийик”, “Кызыл алма”, “Тоо үстүндөгү күн”, “Таңкы симфония”, “Күн, жер, жүрөк”, “От өчпөгөн коломто”, “Кызгылтым кеч”, “Нурлуу терезе”, “Токтогул ГЭСи”, “Таңкы жылдыз”, “Ай тийген тоо”, “Базарлык”, “Ыр булак”, “Калптар”, “Кыл чокулар” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактары окурмандардын жана поэзия сүйүүчүлөрдүн сүйүктүү чыгармаларына айланган.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Subaiylda.jpg

Субайылда Абдыкадырова

Акын Субайылда Абдыкадырова 1935-жылы Чүй облусунун азыркы Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. Ал – Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери. 1959-жылы «Булак» деген 1-китеби чыккан. «Кыз кыялы» (1961), «Калыйпа» (1963), «Чырак» (1966), «Чыгыш кызы» (1969), «Аппак гүлдөр» (1972), «Алтын бешик» (1976), «Мекеним» (1979), «Өмүр күүлөрү» (1989) ж.б.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Sokuluk.jpg

Муса Жангазиев

Муса Жангазиев 1921-жылдын 23-мартында Чүй облусунун Сокулук районундагы Кара-Сакал айылында туулган. «Балалык» деген биринчи ырлар жыйнагы 1950-жылы жарык көргөн. Ал – Кыргыз эл акыны. Көптөгөн орден, медалдардын, сыйлыктардын ээси болгон.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Nurkamal.jpg

Нуркамал Жетикашкаева

Акын жана актриса Нуркамал Жетикашкаева (1918 – 1952) Чүй облусунун Сокулук районундагы Жыламыш айылында 1918-жылы туулган. 1949-жылы анын «Жанган жалын» поэмасы китеп болуп чыккан. 1953-жылы ал дүйнөдөн кайткандан кийин ырлар жана поэмаларынын толук жыйнагы, 1958-жылы орус тилинде «Я дочь Октября» деген ырлар жыйнагы чыккан.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Alymkan.jpg

Алымкан Дегенбаева

Акын, котормочу Алымкан Дегенбаева 1941-жылы 12-майда Чүй облусунун Москва районунда Беловодск айылында туулган. Ал –Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери. “Кызыл мончок”, “Түйүн”, “Күдөр”, “Чоң эне менен небере”, “Бозунач”, “ Шамшыкал”, “Суусаган тамырлар” ыр жыйнактары жарык көргөн.

Автор боюнча кенен маалымат (шилтеме)

Kg-map-fon.png

«Көркөм сөз» деген эмне?! Анын адам турмушуна таасирин тийгизген кудурети эмнеде?! Жашоону кооздукка бөлөп, эчен түрлүү сезимдерди жаратып, бирде кайгыртса, бирде кубанткан, келечекке шыктандырып кайрат-күч берген көркөм сөздүн күчү тууралуу кенен билгибиз келсе бул бөлүм жардамга келет. Ар бир автор жараткан көркөм дүйнөнү аралап, андагы каармандарга аралашып саякат жасоону кааласак кыргыз адабиятынын ааламына баш багалы!

Алыкул Осмонов - кыргыз поэзиясынын таң чолпону

Алыкул Осмонов
Алыкул Осмонов


Адабият галереясына саякатыбызды кыргыздын улуу акыны, элибиздин кайталангыс таланты Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгынан баштайбыз. Алыкул ΧΧ кылымдагы кыргыз поэзиясынын алп акыны экени талашсыз


  • slide 1
  • slide 2
  • slide 3
  • slide 4
    Алыкул – мыкты котормочу
    
  • slide 5
  • slide 5
     Алыкул акындын үйү турган аймак  Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы паркка айланды
    
  • slide 5
  • slide 5
  • slide 5
     Алыкулдун үй-музейинде учурда эки миңден ашык экспонат бар
    
  • slide 5
     Учурда аталган үй-музей Бишкек мэриясына карайт. Ал кайрадан оңдоп-түзөөгө муктаж
    
  • slide 5
  • slide 5
     Алыкулдун мезгилиндеги саркеч сумка
    
  • slide 5
     Алыкул акындын үйү турган аймак  Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы паркка айланды
    
  • slide 5
     Токмоктогу балдар үйүндө, Алыкул экинчи катарда, оңдон биринчи. 1928-жыл
    
  • slide 5
     Алыкул акындын үйү турган аймак  Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы паркка айланды
    
  • slide 5
     Алыкул театр ийримин жактырган
    
  • slide 5
     Жалындуу жаштык жылдар
    
  • slide 5
     Алыкул жана Райкан. Чабуул журналында иштеп жүргөн мезгил
    
  • slide 5
     Алыкул калемдештери менен
    
  • slide 5
     Алыкулдун калемдеш устаттары.Жусуп, Кубанычбек, Аалы, Жоомарт
    
  • slide 5
    Алыкул калемдештери менен
    
  • slide 5
     Койсары курортунда, 1948-жыл.Алыкул аскер кийимчен
    
  • slide 5
     Акын биринчи кызы Жыпар 15 күн жашап каза болгондон кийин ажырашып кеткен жубайы Зейнеп Сооронбаева
    
  • slide 5
    Бул комузду үй-музейге Ысык-Көлдүн Кырчын айылынын жашоочусу Эсенбай Мамыркул уулу 2002-жылы белек кылган
    
  • slide 5
    "Алыкул үй-борборунун" туусу
    

Алыкул Осмоновдун ырларын окушат

“Окурмандардын ар бир мууну Алыкулдун жан дүйнөсүн өзүнчө ачат, табат. Ушунун өзү эле өлбөстүк, сөз касиетинин ажар, кемелин ача билгендик эмеспи. Демек, акын дайым эли менен.» (Омор Султанов, Кыргыз эл акыны)



Жылдыздар Алыкулдун ырларын ырдашат

Алыкул Осмонов – таланттуу акын гана эмес, чебер котормочу да болгон. Ал дүйнөлүк адабияттын туу чокусун түзгөн чыгармаларды кыргыз тилине которгон. Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасы, А.С.Пушкиндин "Евгений Онегин" романы, У.Шекспирдин "Отелло" пьесасы кыргызча Алыкул Осмоновдун калеминен которулуп чыккан. Алыкулдун аркасы менен Александр Сергеевич Пушкиндин, Шарль Перронун жомокторун, Иван Крыловдун тамсилдерин, Корней Чуковский менен С.Маршактын ырларын кыргыз тилинде окуй аласыңар.

Алыкулдун сүйүү темасындагы эң белгилүү ырлары

"СУЛУУГА"

Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда,
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген - сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген - от чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бакча миваларың келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен,
Сүйүү деген - сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген - сүзүп өтүү деңизден.

Сен бир жүзүм бышып турган мына бу,
Арманда эмес, бирок сенден кур калуу,
Сүйүү деген ырдоо эмес бал ууртап,
Сүйүү деген сүйүү уусуна уулануу.

Таттуусуңар, ачуусуңар сулуулар,
Алдайсыңар бизди опоңой кургурлар,
Канча болсо сенин жибек көйнөгүң
Дал ошончо жүрөгүңдө сүйүү бар.

Бирок менин махаббатым бир гана,
Бирок ал жок, эгер болсо ал гана?
Мага ишенбе, элес кылып бардыгын,
Күлүп жүрөм өзүңө окшоп алдана.

"СҮЙҮҮ ЖАНА МЕН"

Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту!
Ансыз анан алтын өмүр толукпу?
Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү
Бермет, жакут, каухар кийип жолукту.

Кучактадым, өптүм, кыстым боорума,
Бул турмушта өлгөнчө бир болууга.
Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен,
Кош деди да от карматты колума.

Экинчиси: андан сулуу, андан жаш,
Жалынына жана турган жансыз таш,
Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш,
Мен андыктан: кайра кумар, кайра мас.

Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда,
Ант бериштик өмүр байлап көп жылга,
Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен,
Жашырынды, жылаан таштап мойнума.

Менде айып жок... төмөнсүнбөйм эч кимге,
Андай болсо, «күнөө өзүңдө» деп билбе,
Бирок сүйүү уудан бүткөн нерсе экен,
Үчүнчүсү, заар чачты бетиме.

Жылаан таштап, заар төгүп, чачып от,
Эрк сеники, шылдың кылмак, ойномок,
Бирок, түшүн, акылың кем жаш сүйүү,
Ошентсе да сенден көңлүм калган жок!

Билем, анын туш тарабы терең жар,
Өзү зоока, куш жете албай болгон зар...
Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн,
Мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар.

"СҮЙДҮМ СЕНИ"

Сүйдүм сени, көзүм түштү көркүңө,
Бир күндө эмес, бирге жүргөн көп күндө.
Мындай иштен унут калган жанымды
Салдың кайра махаббаттын өртүнө.
Эгер шоолам, мени аясаң азыраак;
Сүйбө мени, мага бетиң өптүрбө.

Сүйдүм сени, сүйүү эрки бар чакта,
Азга жетпей, көптөн куру калсак да.
Алда качан унут калган нерсени
Алек кылып, алсыратып чарчатпа.
Эгер күнүм, мени аясаң азыраак:
Жакындатпа жаш колуңду карматпа.

Түшүн эркем мааниси бар булардын,
Неге сенден сүйбөгүн деп сурандым?
Эгер сүйсөң: көргө башым кирсе да,
Кол алдыңа кулдук уруп турармын.
Ошондуктан сүйбө дедим жалынып,
Сүйүп калсаң кимге менин убалым?

"СҮЙҮҮ КЫЯЛ"

Сүйүү деген: келбет эмес, көрк эмес,
Өлчөөсү жок, аз эмес да, көп эмес.
Арбыныраак ысыгынан суугу
Толкун эмес, бороон эмес, өрт эмес.

Мүнөзү жел, тең жүрө албайт, бөлүнөт,
Жүрөгү суу, көңүл калат, төгүлөт.
Сүйүү деген: арзан, кымбат баасы жок,
Тек гана бир кыял нерсе көрүнөт.



Автор менен баарлашуу

Кыргыз эл жазуучусу, драматург, Кыргыз эл Баатыры профессор Бексултан Жакиев менен баарлашуу ушул бетте анын ар кайсы учурдагы сүрөттөрү, интервьюлары, макалалары аркылуу жүрөт.

Бексултан Жакиев
Бексултан Жакиев

Б. Жакиев коомчулукка «Атанын тагдыры» (1959) аттуу алгачкы драмасы менен таанылган. Анын адам турмушунун ар кыл жагдайларына арналган курч көйгөйлүү «Миң кыял» (1964), «Алтын аяк» (1967), «Өкүм» (1972), «Эртең – жаңы жыл» (1975), «Жолугушуу» (1979), «Күттүргөн жаз да келер» (1981), «Саадак какты» (1982), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (1989), «Жаза» (1990) жана башка драмалары бар.
Бексултан Жакиевдин биринчи эле драмасы “Атанын тагдыры” аттуу чыгармасы менен өз ысмын адабият тарыхынын барактарына дароо жана биротоло жазды. Эгерде Б.Жакиев өз чыгармачылыгында жалгыз эле ушул драманы жазган күндө да, “таланттуу” деген баалоо сөзүнүн ээси болуп калмак эле.
Бул драмада автор өзүнүн турмушуна, жүрөгүнө жакын, көңүлүн өйүгөн нерселер тууралу сөз козгогон. Бул чыгарма автордун тунгучу болсо да анын чыгармачылыгын да гана эмес, кыргыз драматургиясында өзүнчө көрүнүш, - деп айтышат. “Атанын тагдыры” Кыргыз драма театрынын сахнасында 500 жолу коюлган. Андан тышкары Оштогу өзбек, Жалал-Абад, Алма-Атанын борбордук театрында, Корея театрында, ТЮЗда, Жамбул, Караганда, Гурьев Чимкент областтык театрларында, Түркменстанда Ашхабад Академиялык театрында, Ташауз областтык театрында, Тажикстанда Дүйшөмбү Академиялык театрында, Нукуста Кара-Калпак театрында коюлган. “Атанын тагдыры” дрмасынын көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алышына эмне себеп?

  1. Бексултан Жакиевдин “ Атанын тагдыры” драмасы жөнүндө он факты
  2. Бексултан Жакиев “Атанын тагдыры” драмасы
  3. “Бексултан Жакиев жана театр”
  4. Бексултан Жакиевдин өмүр баяны
  5. Бексултан Жакиевдин 80 жылдык юбилейи
  6. Драматург, кино драматург Б.Жакиев жөнүндө
  7. Бексултан Жакиев “Презиентке ишеним тууралуу” интервьюдан
  8. Бексултан Жакиев маданият жөнүндө айтканы
  9. “Бексултан Жакиев 80 жашта” телеберүүдөн үзүндү
  10. “Б.Жакиев: Мага маараке эмес, маданият керек”
  11. “Бексултан Жакиевдин китеп-көргөзмөсү өтөт”]
  12. “Бексултан Жакиев 80 жашта” макала
  • JakievSL.JPG
  • JakievSL1.JPG
  • JakievSL2.JPG
  • JakievSL3.JPG
  • JakievSL4.JPG
  • JakievSL5.JPG

Жакиевдин театр, кино коом жөнүндөгү ой толгоо макалалары гезит-журналдарда жарыяланып турат.
Б.Жакиевдин «Бороондуу жолдо» (1965), «Встреча в городе ветров» (1969) жана башка китептери чыккан. «Атанын тагдыры» драмасы боюнча опера (В. Гусев), «Саадак какты» драмасы боюнча балет (Э. Жумабаев) коюлган. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда. Б. Брехттин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун драмаларын кыргыз тилине которгон.

Бексултан Жакиев – бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин, «Азамат Алтай» повесть-эссенин автору.


Галереяны аралап ...

Бизге тааныш каармандардын сүрөтүн, айкелин, таеатрдагы, кинодогу образын көрүү кандай кызык! Ал тургай алардын балеттеги бийлегени, операдагы ырдаганы бизге чексиз кубаныч тартуулаары бышык. Кейипкерлер менен көркөм чыгарма окуган учурда таанышып, өз алдыбызча элестетебиз, ал эми анын искусствонун башка түрүндөгү «кайра жаралышы» биз үчүн дагы бир көркөм ачылыш болот. Өзүбүз үчүн көркөм ачылыш жасагыбыз келсе, өзүбүзгө жан дүйнөнүн ырахатын тартуулагыбыз келсе, анда адабият галереясын аралап чыгалы!

Gallery1.jpg

Балдар, силер галереяда болдуңар беле?! Улуу, белгилүү сүрөтчүлөрдүн кооз сүрөттөрүнө суктанып, кайталангыс буюм-теримдерди карап кызыгып кыдырып жүрүп, убакыттын өткөнүн билбей, кыялыңар алда кайда чабыттап алып учту беле? Айрымдарыңарда мындай мүмкүнчүлүк болбогон чыгар?! Анда кыргыздын “Манас” улуу эпосу менен таанышып, “Манас” боюнча тартылган сүрөттөрдү жана фильмдерди көрүп, скульптураларга суктанып, анын биздин коомдогу жашоосуна назар салып чыгууга адабий галереяга чакырабыз!

Manas page.jpg
Manas page.jpg

“Манас” – искусстводогу көркөм булак

“Манас” – кыргыз элинин улуу эпосу. “Манас” ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын шедеврлеринин тизмесине, ошондой эле Гиннестин рекорддор китебине дүйнөдө эң көлөмдүү эпос катары киргизилген. “Манасты” уккандар үчүн манасчы бир эле мезгилде театр, бир эле мезгилде актёр болуп аткарат; ошондо теребел бүт жанданып күн күркүрөп, шамал болуп, Манастын чоролору минген тулпарлардын дүбүртү угулуп, Манас өзү келип калгандай сезилет дешет. Манас дүбүртү кылымдарды аралап, бүгүн да биздин жашообузда ...


"Манас" эпосу жөнүндө кызыктуу 14 факты


start=1

1. Арбак даарыган процесс. Бул манасчылыкты аркалагандардын кабылдоосунда өң-түш түрүндө болот. "Манас" эпосун айткандардын дээрлик бардыгы арбак дааруу процессинен өтүп, бир катары буга түшүндө, бир катарлары өңүндө кабылган. Ушундан кийин гана алар бул өнөргө баш-оту менен кирет. Бул манасчылык өнөрдү коштогон негизги көрүнүштөрдүн бири катары эсептелет.

start=1

2. Ыргагы. Азыркы мезгилге чейин бир да эпос "Манас" сыяктуу ыргакта айтылбайт. Бул кыргыздын салттуу элдик поэзиясы түрүндө сакталып келет. "Манас" эпосунун бардык варианты 6-7 муундан турат.
3. Чет жерлерде Манас сөзүнүн кездешүүсү. Кытайда Манас шаары, Манас булагы, Японияда Семетей шаары, Испанияда Манас шаары, Казакстанда Манас жайлоосу, Кореяда Манас чокусу, Венгрияда Манас айылы бар. Ааламга аты кеткен Манас, аны жараткан кыргыз эли кандай гана бактылуу! Бул саптар "Аскада калган аңчынын ыйы" деп аталган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китебинде айтылат.

start=1

4. 40 саны – эпостогу ыйык сан. Кырк уруу кыргыз, кырк чоро, кырк күн, кырк кыз ж.б. түшүнүктөр менен коштолот. Андан сырткары 3, 5, 7, 9, 12 сакралдык сандар катары эсептелет.

start=1

5. Эпостун 80ге чукул варианты бар. "Манас" эпосунун китеп болуп басылып чыккан варианттарынан сырткары, КРдин Улуттук Илимдер Академиясында жана манасчылардын өздөрүндө, бала-чакасынын колунда жалпысы болуп 80ге чукул вариант сакталып келет. Негизгилери Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков, Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов, Шапак Рысмендеев, Ибраим Абдрахманов, кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын айткандары. Андан сырткары, түрк таануучу Василий Радлов жана жазгыч акын Тоголок Молдо эпостун вариантын жазып калган.

start=1

6. "Манастын" мотивинде бир топ музыкалык, документалдык жана көркөм чыгармалар жаралган. Эпос боюнча режиссерлор Болот Шамшиев, Евгений Котлов жана Мелис Убукеевдер тарткан бир нече илимий-даректүү тасмалар бар. Ал эми 30-жылдары эле кыргыздын алгачкы опералык чыгармасы катары "Айчүрөк" операсы, андан кийин "Манас" операсы сахнага чыгарылып, "Манас-Алмамбет" драмасы, "Манас, Семетей, Сейтек" үчилтиги, "Теңири Манас" романы жазылган.

start=1

7. Эпосто алты жүздөн ашуун каарман сүрөттөлөт "Манас" эпопеясында 40 чородон тарта эсептегенде, бери дегенде эле 600дөн ашуун каарман катышат. Эң көп образ Сагымбай Орозбаковдун вариантында айтылат. Албетте, башкы каармандар Манас, Бакай, Чыйырды, Каныкей, Алмамбет, Жакып, Кошой, Айчүрөк, Күлчоро, терс каармандардан Коңурбай, Нескара, Канчоро, Жолой ушинтип кете берет. Ал эми жер-суу аттары 800гө чукул. Дүйнөлүк адабияттагы ири чыгармалардын бири — Лев Толстойдун "Согуш жана тынчтык" роман-эпопеясында 500дөн ашуун каарман катышат. "Манаста" каармандар бул чыгармадан да көптүк кылат.
8. "Манас" жарым миллион саптан ашык. Эң көлөмдүүсү беш жүз миңден ашык саптан турат. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы вариант 500 553 сап, анда Манас, Семетей, Сейтек, Кенен, Алымсарык, Кулансарык деп беш муунга чейин кетет. Андан сырткары, манасчы Мамбет Чокморовдун айтуусундагы эпостун көлөмү 397 миң, ал эми Сагымбай Орозбаков айтып калтырган "Манас" бөлүгү 180 миң сапты түзөт. Жусуп Мамай эпосту башкы каармандын сегиз муунуна чейин жеткире айткан, анын вариантында чыгарма 500 миң саптан турат.
9."Манас" эпосундай көлөмдүү чыгарма дүйнөдө жок! Көлөмү жагынан тең келе алган эпос азыркыга чейин кезиге элек. "Манас" көлөмү жагынан гректердин "Илиада" менен "Одиссеясынан" 20 эсе, парсы элдеринин "Шахнамесинен" 5 эсе, индиялыктардын "Махабхаратасынан" 2,5 эсе көптүк кылат. Дүйнөдөгү бардык эпосторду чогултуп келгенде да, бир эле Саякбай Каралаевдин айткан вариантынын көлөмүнө жетпейт.
10. "Манас" эпосуна бери дегенде 1020 жыл болду. "Манас" эпосу качан пайда болгон? Бул жаатта көз караштар арбын. 1995-жылы бул улуу эпостун 1000 жылдыгын дүйнөлүк масштабда белгиленгендигин эске алсак, анда азыр ага 1020 жыл болду. Ал эми илимде анын пайда болушу жөнүндө чындыкка жакын негизги өзөк болгон гипотеза үчөө. Алар — 1. Мухтар Ауэзов менен Александр Бернштамдын вариантында IX к. Кыргыздардын Енисей доору, улуу кыргыз дөөлөтү мезгили, Барсбек каган учуру; 2. Болот Юнусалиевдин пикиринде IX-XI к. Караханиддер доору. Кара кытайлардын кыргыздардан жеңилүүсү, кыргыздардын Ала-Тоого көчүшү. 3. Виктор Жирмунскийдин пикири боюнча XV- XVIII к. Жунгар доору менен байланыштырып келет.

start=1

11. "Манас" алгачкы ирет Санкт-Петербургда жана Лейпцигде басылган. Эң биринчи ирет 1885-жылы академик Василий Радлов кагазга түшүрүп кеткен варианты Санкт-Петербург шаарында кириллица ариби менен кыргыз тилинде басылып чыккан. Ушул эле жылы немис тилиндеги котормосунун бир бөлүгү Германиянын Лейпциг шаарында жарык көргөн. Демек, ошол жылдары эле түрколог Радлов эпосту Европага таанытыптыр. Совет доору башталгандан кийин, 1925-жылы алгач ирет Тыныбек манасчынын варианты боюнча жарык көргөн. Ошондон тарта эле бөлүк-бөлүгү менен улам басылып отурган. Акыркы жолу, 2015-жылы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы 180 миң сап тогуз томдук болуп жарык көрдү. Ал эми Жусуп Мамайдын айткан варианты Кытайда 18 том менен чыккан. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча жарык көргөндөрү да бар.
12. Изилдөө иштери. Учурда "Манас" эпосун изилдеген Кыргыз Илимдер Академиясында Манас таануу бөлүмү бар, ал жерде бардык кол жазмалар сакталат. Ишеналы Арабаев атындагы университетте Манас таануу институту, Кыргыз улуттук университетинде Манас таануу кафедрасы иштейт.
13. "Манас" көп тилге которулган. Окумуштуулардын айтымында, дүйнөдөгү ири делгендеринин ичинен араб жана испан тилинен башка, негизги тилдердин баарына которулган. Алар орус, кытай, англис, немис, француз, япон, фарс, монгол, чех, болгар, венгер, уйгур, казак, өзбек сыяктуу бир топ тилдер.
14. Дүйнөлүк мурастардын катарында турат. "Манас" эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан катталган.


  • Manassl1.JPG
  • Manassl2.JPG
  • Manassl3.JPG
  • Manassl4.JPG
  • Manassl5.JPG
  • Manassl6.JPG
  • Manassl7.JPG
  • Manassl8.JPG
  • Manassl9.JPG
  • Manassl10.JPG
  • Manassl11.JPG

“Манас” эпосу сүрөт искусствосунда

Силер дөңсөөлөрү көп өрөөндү элестетсеңер, ал эми ошол дөңсөөлөрдү маданияттын кубулушу катары белгилесек, анда биз үчүн эмнеликтен тоолор укмуштай сонун экени түшүнүктүү болмок.Кыргызстан – тоолуу өлкө, ар бир чоку – кимдир бирөөнүн таланты. Ушул таланттардын кыркасындагы эң бийик чокулардын бири - Теодор Герцендин таланты.

Анын “Манас” эпосу боюнча жасаган опол тоодой эмгегине назар салалы.

  • Teodor.gercen.JPG
  • Teodor.gercen1.JPG
  • Teodor.gercen2.JPG
  • Gercen1.jpg
  • Gercen2.jpg
  • Gercen3.jpg
  • Gercen4.jpg


Видео,аудио жыйнактар

Мар Байжиев. "Манас" тууралуу


Кыргызстандын эң жогорку сыйлыгы – “Манас” ордени

“Манас” ордени – Кыргызстандагы мамлекеттик жогорку сыйлык. Ал 1996-жылдын 16- апрелинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" мыйзамы менен уюштурулган. “Манас” ордени менен мамлекетти, демократиялык коомду жана элдин биримдигин сактоодо жана чыңдоодо, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык күч- кубатын арттырууда залкар салым кошкон жарандар сыйланышат. “Манас” орденинин үч даражасы бар: Ι даражадагы, ΙΙ даражадагы, ΙΙΙ даражадагы “Манас” ордени. Кыргызстандын Президенти ΙΙΙ даражадагы, ΙΙ даражадагы ордендери менен сыйлана элек жаранды деле Ι даражадагы орден менен сыйлоого укугу бар. "Манас" ордени менен сыйлангандар

  • start=13
  • start=12

“Манас” эпосунун басылмалары

  • Basylma1.JPG
  • Basylma2.JPG
  • Basylma3.JPG
  • Basylma4.JPG
  • Basylma5.JPG
  • Basylma6.JPG
  • Basylma7.JPG


Даанышман ойлор казынасы

Макал-лакаптардын мазмуну, санат-насыят ырлардын кантип жаралгандыгы, кыргыз элинин рух казынасы болгон эпостордогу даанышман ойлордун маңызы эмнеде экендиги бизди кызыктырбай койбойт. Мына ошондуктан бул бөлүмдө эл оозеки чыгармачылыгындагы даанышман ойлордун өлбөс-өчпөстүгүнүн сырын иликтемекчибиз.

KLlogo.png

Силер менен бирге эзелтен бери эл оозунда сакталып келе жаткан акылман ойлордун, сөз берметтеринин тереңдигине, таамайлыгына, кооздугуна, курчтугуна, элестүүлүгүнө суктанмакчыбыз. Эл чыгармачылыгынын азыркы адабият менен кантип байланыша тургандыгы да бизди ойлондурбай койбойт.

Жомок артынан жомок

Жомоктордун түрлөрү менен таанышабыз:

Gif big 1897.gif
Айбанаттар жөнүндө жомоктор(Мисалы, “Мышык, түлкү, аюу, карышкыр”, “Айбандардын достугу”, “Кыргый менен үкү”, “Дөөтү уста менен ителги”, Түлкүнүн жуучу болушу”, “Торгой”)

Кереметтүү жомоктор (Мисалы, “Төштүк”, “Жоодарбешим”, “Алтын куш”, “Алтын балык”, “Өнөрлүү бала”, “Муңдук менен Зарлык”, “Ажыдаар”)
Турмуштук жомоктор (Мисалы, “Акылдуу кыз”, “Зар менен Мээр”, “Сары таз”, “Кыдыр, акыл, ырыс”, “Кан менен вазир”, Амалдуу кедей”, “Акылдуу дыйкан”, “Бала өзүнүн шаарын кантип сактап калды?”, “Айлакер бала”, “Ырыс алды – ынтымак”)
Анекдоттук, сатиралык жомоктор (Мисалы, Апендинин жоруктары, Алдар Көсөнүн жоруктары)
Жомоктордун жанрдык өзгөчөлүктөрүн билип алабыз:
Жомок өзгөчө тил менен айтылат.
Жомоктордо кыймыл-аракеттер көп жолу (көбүнчө үч жолу) кайталанат.
Ар бир жомоктун башталышы менен аякталышы башка жомокторго окшош болуп айтылган композициясы болот. “Илгери-илгери ...” деп башталып, “Ошентип, ... жыргап-куунап жашап калыптыр” деп бүтөт.
Сюжетинин майда-чүйдөлөрү (айрыкча кереметтүү жомоктордо) “аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, айтор ...” же “аз өттүбү, көп өттүбү, белгисиз...” деп кайталанат.
Каармандарга тиешелүү туруктуу эпитет алар тууралуу жомоктордун аттарына айланган, образ катары калыптанган: “Акыл Карачач”, “Жээренче чечен”, “Толубай сынчы”, “Акылдуу кыз”, “Аккөңүл менен Каракөңүл”, “Акылдуу дыйкан”, “Алдар көсөө”, “Жаныбек кан”.
Жомоктор өзгөчө интонация менен айтылат. Жомокту жөн гана аңгеме окуган сыяктуу окууга болбойт.

  • Турмуштук жомоктордо каарманга тиешелүү туруктуу эпитет ал каарман тууралуу жомоктордун аттарына айланган, образ катары калыптанган. “Акылдуу кыз” жомогу– турмуштук жомоктордун жаркын үлгүсү.]

    Турмуштук жомоктордо каарманга тиешелүү туруктуу эпитет ал каарман тууралуу жомоктордун аттарына айланган, образ катары калыптанган. “Акылдуу кыз” жомогу– турмуштук жомоктордун жаркын үлгүсү.
  • '“Апендинин жоруктары” – эл арасында өтө кеңири тараган анекдоттук, сатиралык жомоктор.

    "Апендинин жоруктары” – эл арасында өтө кеңири тараган анекдоттук, сатиралык жомоктор.
  • “Карышкыр менен түлкү” - айбанаттар жөнүндө жомоктордун бири. Мындай жомоктордо айбанатттардын образы аркылуу адамдардын кылык-жоругу, кыялы,сапаттары көрсөтүлгөн.]

    "Карышкыр менен түлкү” - айбанаттар жөнүндө жомоктордун бири. Мындай жомоктордо айбанатттардын образы аркылуу адамдардын кылык-жоругу, кыялы,сапаттары көрсөтүлгөн.
  • '““Алтын куш” жомогу – кереметтүү жомоктордун ичинен алдыңкы сапты ээлеген жомок, ал өзгөчө тил менен айтылат. Уккан сайын уккуң келет. Окуган сайын окугуң келет.

    "Алтын куш” жомогу – кереметтүү жомоктордун ичинен алдыңкы сапты ээлеген жомок, ал өзгөчө тил менен айтылат. Уккан сайын уккуң келет. Окуган сайын окугуң келет.

Жомок айтууда бул структураны колдонобуз.

Jomok.jpg

Жомоктуу оюн

Билип алгыла! Жомоктор – элдик оозеки чыгармачылыктын кызыктуу жанрларынын бири.
1939-жылы – Алгачкы “Балдар жомоктору” жыйнагын Ы.Абдырахманов түзгөн.
1944-жылы – Кыргыз жомокторун биринчи жолу орус тилине Н.А. Мучник которуп жарыялаган.

Эпостор

“Эпос” деген сөз грек тилинде “сүйлөө, аңгеме, баян” дегенди билдирет. Эпостор көлөмү жагынан ири, кенже болуп экиге бөлүнөт, мазмуну жагынан баатырдык, турмуштук болуп бөлүнөт.

Epos.jpg
Epos.jpg

Видео жыйнактар



Пайдалуу шилтемелер

Спутник Кыргызстан. Маданият. "Манас" эпосу CD жана DVD дисктерге чыкты”(дата обращения 22.09.2017)
Көркөм фильм. Айдай Чотуева.“Мезгил жана Алыкул”
Уильям Шекспирдин “Отелло” пьесасынын кыргыз тилиндеги Алыкул Осмоновдун котормосун бул шилтеме менен окуй аласыздар
“Алыкул Осмонов Чыгармалар жыйнагы”
“Санжыра” кинокомпаниясынын “Рождение Манаса как предчувствие”документалдык фильми
Мелис Убукеев.“Вселенная Манаса”
Канат Есенамановдун фильми “Дорога людей: М.Ауэзов и эпос Манас”
“Мир ТВ” телеканалы 2011-жылдын 22-январында “Манас” эпосу боюнча м/ф жөнүндө(04.27)
"Саякбай"киносу эмне үчүн тартылган?
Саякбай Каралаев. “Манастан” үзүндү “Алманбеттин арманы”(узактыгы 26.04.)
Саякбай Каралаев. “Манастан” үзүндү “Каныкейдин жомогу” (43.58.)
"Манас" эпосу. Саякбай Каралаев. Толук варианты
“Манас” инстаграм стилинде
Саякбай Каралаев. “Манастан” үзүндү “Семетей менен дөөнүн күрөшү”(узактыгы 15.27.)
“Улуу манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө” Жаштар сүйлөйт(узактыгы 13.42.)
“Бишкекте улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели ачылды” Видео
Жаш манасчы Үмөт Болотбек уулу “Манас” айтат
КТРК. Жаңылыктар. Маданият. макала.“Легендарлуу “Айчүрөк”операсынын жаңыланган варианты коюлат”
“Айчүрөк” операсынан үзүндү Азаттык үналгысы. Өзгөчө пикир. Макала. Сапар Орозбаков. “Сөз өнөрүнүн төрөсү - төкмөлүк”.
Кыргыз эл жомогу. “Эр Төштүк” 1-бөлүмү
Кыргыз эл жомогу. “Эр Төштүк” 2-бөлүмү
Кыргыз эл жомогу. “Эр Төштүк” 3-бөлүмү
Атайын репортаж “Эр Төштүк” мультфильми жөнүндө URL (узактыгы 14.29.)
Калык Акиев, Касымалы Жантөшев. “Курманбек” (баатырдын арманы)
Тууганбай Абдиев “Курманбек” дастанын айтат
Роза Аманова “Курманбек” дастанын айтат
Мирлан Бектурсунов, Рустам Садыков."Токтогулдун тагдыры". Даректүү фильм. (узактыгы 49.50) 2-бөлүмү
Сүрөтчү Д.Н.Флекман. Комузчунун портрети
Уикипедия. Макала. Барпы Алыкулов
Режиссер Бакен Кыдыкеева, койгон режиссер Балташ Каипов,“Алымкан” көркөм фильми, автору Төлөгөн Касымбеков Фрунзе, 1964.
Мирлан Бектурсунов, Рустам Садыков. "Токтогулдун тагдыры". Даректүү фильм. (узактыгы 49.50) 2-бөлүмү
Мирлан Бектурсунов, Рустам Садыков. "Токтогулдун тагдыры". Даректүү фильм. (узактыгы 50.22.) 3-бөлүмү
Токтогул Сатылганов жөнүндө телеберүү. (узактыгы 20.38.)
Токтогул менен Барпынын жолугушуусу (узактыгы 14.15.)
Бексултан Жакиев передал 10 тысяч экземпляров книги «Манас»
Кыргыз радиосу Б.Жакиев жөнүндө уктурат
Бексултан Жакиев мектептердеги бирдиктүү форма жөнүндө
Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев: "Манас" кимдики? Бексултан Жакиевдин “ Атанын тагдыры” драмасы жөнүндө он факты
Бексултан Жакиев “Атанын тагдыры” драмасы
“Бексултан Жакиев жана театр”
Бексултан Жакиевдин өмүр баяны
Бексултан Жакиевдин 80 жылдык юбилейи
Драматург, кино драматург Б.Жакиев жөнүндө
Бексултан Жакиев “Презиентке ишеним тууралуу” интервьюдан
Бексултан Жакиев маданият жөнүндө айтканы
“Бексултан Жакиев 80 жашта” телеберүүдөн үзүндү
“Б.Жакиев: Мага маараке эмес, маданият керек”
“Бексултан Жакиевдин китеп-көргөзмөсү өтөт”
“Бексултан Жакиев 80 жашта” макала



Библиография

Уикипедия. Макала. Алыкул Осмонов. (дата обращения: 20.09.2017)
“Алыкул Осмонов – өмүр баяны” (дата обращения 22.09.2017),(жаңыланган 16:07 26.11.2016)
В Национальной библиотеке КР открылся музей поэта Алыкула Осмонова
Ак боз атчан Алыкул: табышмагы жана жандырмагы
Алыкул Осмоновго 100 жыл
Алыкул Осмонов. Чыгармалар жыйнагы. 1964-ж. 1-том. (ырлар) “Акындын элеси” “Кыргыз адабияты” энциклопедиялык окуу куралы. Бишкек – 2004-ж. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.
Уикипедия. Макала. Санат-насыят ырлары.
Кыргыз маданият борбору. Жомоктор
Балдар фольклору: / А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. Түз. Г.Орозова; Кырг. Улут. И.А. ж.б. – Б.: Шам, 1998. – 430 б. (“Эл адабияты”).
Санат, насыят жана эмгек ырлары. /А. Акматалиевдин жалпы ред. астында. Түзгөндөр Р. 3. Кыдырбаева, Н. О. Нарынбаева, С. Егимбаева. Кырг. Улут. И. А. ж. б. - Б.: «Шам», 2003. - 364 б. («Эл адабияты»).www.bizdin.kg




Osmonov caap baratyp.jpg
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?


Osmonovensiklopedia.jpg
Алыкул Осмоновдун мааракесине карата энциклопедия жарык көрдү.
"Алыкул Осмонов энциклопедиясы" – чыгармачыл кишилерге арналып чыккан экинчи энциклопедия. Биринчиси – Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата "Токтогул" деген ат менен 2014-жылы басмадан чыккан.


111osmonov.jpg
Буга чейин Алыкул Осмоновду 1915-жылы туулган деп келгенбиз. Бирок, архивден акындын профсоюздук билети, аскер билети табылып, ал жакта Алыкул Осмонов 1914-жылы туулганы тастыкталды.

Балдар, Алыкул Осмонов улуу У.Шекспирдин “Отеллосун” кыргызча сүйлөткөнүн билесиңерби?

Отелло: Уктар алдында кудайга келме келтирдиң беле, Дездемона?

Дездемона: Ооба, жыргалым, ооба.

Алыкул Осмонов энциклопедиясы

Филология илимдеринин доктору, профессор жана "Алыкул Осмонов энциклопедиясын" түзүүчүлөрдүн бири Абдылдажан Акматалиев белгилүү классик акын Алыкул Осмонов 1914-жылы туулганы архивдик материалдар менен тастыкталганын маалымдады.
"Буга чейин Алыкул Осмоновду 1915-жылы туулган деп келгенбиз. Бирок, биз энциклопедияны түзүп жатканда, архивдик материалдарды карап, акындын профсоюздук билетин, аскер билетин таап, ал жакта акындын 1914-жылы туулганын документтер менен тастыктадык", - деди ал.

Алыкулдун аркасы менен кыргыздар дүйнөлүк адабияттын туу чокусун түзгөн Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыры", Пушкиндин "Евгений Онегини", Шекспирдин "Отеллосу" менен таанышкан. Балдар Пушкиндин, Перронун жомокторун, Крыловдун тамсилдерин, Чуковский менен Маршактын ырларын өз эне тилинде окуй алышкан.

Москва шаарындагы "Исолог" басмаканасынан "Нева кылымдар бою Ысык-Көлдү сүйөт…" ("Навек Иссык-Куль полюбила Нева…",) аттуу Осмоновдун поэзиялар жыйнагы жарык көргөн.

start=1

“Манас” инстаграм стилинде

Урмат Мырзабеков “Манас” эпосуна кызыктырат
Урмат Мырзабеков “Манас” эпосуна кызыктырат



Графикалык дизайнер Урмат Мырзабеков

Графикалык дизайнер Урмат Мырзабеков бир нече ирет борборубуздагы “Ала-Тоо” аянтын башкы майрамдарга карата кооздогон. Муну менен чектелбей, Урмат Мырзабеков азыр кыргыз элинин байыркыдан келе жаткан мурасы болгон “Манас” эпосун, Манас баатырды компьютердик технология менен ΧΧΙ кылымдын эрежелери боюнча жандандыруу максатын көздөйт. Анын планында бир нече маданий-таанып билүүчү иш-чараларды өткөрүү каралган. Ал иш-чаралар “Манас” эпосуна арналган: EPOS-MANAS.COM порталын ачуу, сүрөтчү Теодор Герцендин “Манас” эпосу боюнча гравюраларынын көргөзмөсүн уюштуруу жана ошол иллюстрациялар түшүрүлгөн китепти презентациялоо. Урматты бул иштерге шыктандарган негизги булак – Теодор Герцендин элге кеңири белгилүү гравюралары болду, аларды компьютердин жардамы менен андан да жандуу кылгысы келет. Социалдык тармактарда “Манас эпосу” көргөзмөсүнүн эскиздерин жарыялагандан кийин Урматка анын эмгектери жөнүндө дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарынан көп мекендештерибиз өздөрүнүн оң ой-пикирлерин билдире башташты


Саякбай Каралаев

“Кыргызда жакшы салт бар: өзгөчө чоң жумуш баштаардын алдында элден бата сурайт, бул өтө маанилүү. Адамдардын берген батасы көп кубат берет жана ишти алдыга жылдырууга кызыгуу жаратат”, - дейт Урмат. Ал жаштарга “Манас” эпосун инстаграм стилинде тааныштырат. “Манас” инстаграм стилинде


start=1
Урмат Мырзабеков Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнүн 24 жылдыгына карата “Ала-Тоо” аянтын кооздогон.


«Манас» эпосу сүрөттөрдө

Жапон манги жанрындагы иллюстрациялары менен кыска тексттер түзүлүп, «Манас сүрөттөрдө» деген китеп чыкты. Бул китеп орус тилинде жарыяланды. Китеп 23 главаны жана 380 сүрөттү, ошондой эле глоссарийди камтыйт. Текст Бексултан Жакиевдин калемине таандык. Сүрөттөрүн, композициясын сүрөтчү Замир Илипов даярдаган.


«Манас» эпосу  сүрөттөрдө
«Манас» эпосу  сүрөттөрдө



«Манас» эпосу  сүрөттөрдө
«Манас» эпосу  сүрөттөрдө



“Манас” биздин айланабызда

Кыргыздар жашоону “Манассыз” элестете албайт, жашай да албайт. Муну биз “Манас” деген аталыштын канчалык деңгээлде өзүбүздүн жашообузда эле эмес, чет өлкөлөрдө да тараганынан улам айта алабыз. Ысымы биздин жүрөгүбүздөн эбак орун алган болсо, эми дүйнө жүзүндө да белгилүү, бул ат башка өлкөлөрдө көлдөрдүн, көчөлөрдүн аты катары айтылат. “Манас” деген аталыштардын галереясына кош келиңиздер!


Бишкек шаарындагы “Манас” аэропорту

Бишкектин аэропорту “Манас” эл аралык аэропорту” деп аталат. Ал шаардан 23 км түндүк-батышта Чүй облусунун аймагында жайгашкан. Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен, аэропортубуз Манас баатырдын атына коюлган. Эң биринчи ирет 1974-жылдын октябрында СССРдин Министрлер Советинин Председатели А.Н.Косыгин Ил-62 деген учак менен келип конгон. Үзгүлтүксүз биринчи рейс болсо Москванын “Домодедово” аэропортуна 1975-жылдын 4-майында учкан. 2001-жылдын апрелинде “Манас” эл аралык аэропорту” ААК (ачык акционердик коом) түзүлгөн.

“Манас” аэропорту
“Манас” аэропорту



“Манас” аэропорту
“Манас” аэропорту



Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатры

“Манас” кинотеатры
“Манас” кинотеатры



“Манас” кинотеатры
“Манас” кинотеатры



Бишкек шаарындагы “Манас” университети

“Манас” университети
“Манас” университети



“Манас” университети
“Манас” университети



Кара-Балта шаарындагы “Манас” стадиону

“Манас” стадиону
“Манас” стадиону



“Манас” стадиону
“Манас” стадиону



Санат-насыят ырлары

Санат, терме ырлары кыргыз элинин ойчулдугун, акылмандыгын, чечендигин билдирген. Санат-насыят ырларынын тематикасы кеңири. Мындай чыгармалар адамдардын мүнөзүндөгү оң жана терс кыял-жоруктарын белгилеп, адамды жүрүш-туруш эрежелерине үйрөтөт, абийирдүү, чынчыл, эмгекчил, кичи пейил, адамкерчиликтүү болууга үндөйт. Анда өмүргө, жашоо-турмушка арналган философиялык ойлор өтө жыш. Санат – кыргыздын төл сөзүнүн, сүйлөө кебинде туруктуу сакталган учкул сөздөрдүн, макал-лакаптардын, акылман сөз айкалыштарынын, элдик моралдын, философиянын адабий формага айланган бир түрү.


Башта десең санаттан,
Башынан айтып берейин. (Элден)

Ырчылар ырдап отурса,
Санаттан чери жазылат. (Барпы)

Ырдагандын баарысы,
Санат болот турбайбы. (Тоголок Молдо)

Сакалын кардай агартып,
Санат ырды көп айтып. (Элден)

Күн жүгүрүк канатты айт,
Күйгөн элде санатты айт. (Элден)

Насыят – кыргыз эли кабыл алган араб сөзү. Насыят араб тилинен кирип, кыргыздын төл сөзү “санатка” синонимдеш колдонулат. Санат-насыят маанилеш кош сөздүн ролун аткарып, кыргыз фольклорундагы дидактикалык поэзиянын бир түрүн аныктайт, алар бири-биринен ажырабаган түгөйлөштүк сапатынан ажырабайт.


Санат-насыят термелерди жаратуучулар, өнүктүрүүчүлөр жана элдин сүймөнчүлүгүнө жеткиргендер негизинен төкмө ырчылар, ошондуктан аларды элде “нускоочу”, “насаатчы” ырчылар катары урматтап аташат, ырчылык өнөрдүн атактуу өкүлдөрү Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Барпы, Коргол, Алымкул, Осмонкул, Чалагыз, Бала ырчы Сыдыктын акындык жүзү, чыгармачылык даңкы эл арасына санат-насыят, термелерди жаратуу менен белгилүү болгон. Ырчылык өнөрү легендага айланган Кет Бука, Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчылардын айрым мурастары толугу менен санат-насыят үлгүсүндө бизге келип жеткен.


Макал-лакаптар

Кеңешти акылдуудан сура.

Өзүн билбесең, билгенден ук.

Карынын сөзүн капка сал.

Укпайт деп, ушак айтпа,
Көрбөйт деп ууру кылба.

Сокурдан сакчы койсоң,
Элиңди чаптырасың.

Жаман атка жал бүтсө,
Жанына торсук байлатпайт.

Ушинтип, макалдар турмуштагы көрүнүштү баяндап келип, тыянак чыгарат. Болгон шартты айтып, андан келип чыгуучу жыйынтыкты берет. Демек, макал – кыска, ритмикалык жактан чың уюшулуп, осуятчыл маанайда айтылган элдик оозеки поэтикалык чыгармачылыктын жанры.


  • Makallakap1.JPG
  • Makallakap2.JPG
  • Makallakap3.JPG
  • Makallakap4.JPG
  • Makallakap5.JPG

  • Eldik1.JPG
  • Eldik2.JPG
  • Eldik3.JPG
  • Eldik4.JPG
  • Eldik5.JPG
  • Eldik6.JPG
  • Eldik7.JPG
  • Eldik8.JPG
  • Eldik9.JPG

Тестти өтүңүз
Тестти өтүңүз